Кыргыз гезиттери



  Учурмаек

Аликбек ЖЕКШЕНКУЛОВ, "Акыйкат" партиясынын лидери:
"Шайлоодо коррупция менен криминал жеңди"
- Аликбек мырза, кепти учурдун актуалдуу темасы болуп аткан "Ата-Журт" партиясынын лидерлеринин бири Камчыбек Ташиевдин үйүндөгү кагылыштан баштасак. УКМК айтып атат, "биздин кызматкерлер башка операция жүргүзүп аткан" деп, Ташиев өзү "мага кол салганы келишти" деп атат? Деги кимисиники туура?
- Азыр бул боюнча ар кандай маалыматтар тарап атат. Андыктан, шашылып, бир тараптуу баа берүү эртелик кылат. Бул маселени биздин Улуттук конгресс талкуулап, калыс билдирүү жасадык. Билдирүүдө бул окуядан криминалдык, деструктивдүү күчтөр пайдаланып, саясый кырдаал курчуп кетүү коркунучу турганын баса белгиледик. Инцидентти териштирүү үчүн атайын коомдук комиссия түзүлүшү керектигин айттык. Комиссиянын курамына саясый партиялардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн киргизүү керек. Бул окуянын калыс териштирилишине шарт түзмөк. Ошондо гана эл чындыкка ишенет.
- Бул окуя болору менен "Ар-намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов чуркап барып, дароо эле "Ата-Журт" партиясын колдоо иретинде "УКМК төрагасы отставкага кетиши керек" деген пикирин билдирди. Анын кадамын кандай бааладыңыз?
- Мен Куловдун эмне максатта чуркап барганын түшүнгөн жокмун. Дегеле мен бардык саясый күчтөрдү бул окуя боюнча шашылыш баа бербей турууга чакырат элем.
- Улуттук конгрессти түздүңүздөр, бул кандайдыр бир саясый күчкө ээ боло алабы?
- Карап көрсөңөр, элдин теңинен көбү шайлоого келген жок. Муну кандай бааласа болот? Биринчиден, саясатчыларга эл ишенбейт. Экинчиден, эл саясаттан тажады. Анткени, ар кандай кооз убадалар гана берилип, аягында эч нерсе чыкпаганынан эл түңүлгөн. Бир дагы партия 10%дан ашык добуш ала албады. Бүгүнкү күндө бир дагы саясый күч "мен таасирдүүмүн" деп айта албайт. Биз болсо, 5%дык чектен өтпөй калган партиялар баарыбыз бириккенде чоң күч болуп атат. Биздин билдирүүлөрүбүздү байкасаңар, чындык үчүн күрөшүп жатабыз. Бул парламенттик шайлоодо өтө одоно мыйзам бузуулар болду. Шайлоо участокторунун 50%дан ашыгында участкалык комиссиялардын протоколдору менен райондук шайлоо комиссиялардын маалыматтары дал келбей калган. Андан сырткары, көптөгөн протоколдорго участкалык комиссия төрагаларынын, катчыларынын колу коюлган эмес. Айрым партиялар коркутуу-үркүтүү, добуштарды сатып алуу ыкмаларын колдонушту. Буга каршы бийлик эч кандай чара көргөн жок. Айтор, мындай мыйзам бузуулар четтен табылат. Ошондуктан, биз жыйырмага жакын партия биригип, "шайлоону негизсиз деп табуу керек" деген билдирүү жасадык. Шайлоо болгон жок.
- Эл аралык коомчулук Кыргызстандагы шайлоону "өттү" деп таанып, эл аралык байкоочулар дагы "таза өттү" деген баа берип атпайбы?
- Эл аралык коомчулукту деле түшүнсө болот. Алар дагы "Кыргызстанда эптеп эле тынчтык болсун" деген максатта ушундай баа берип жатышат. Бирок, биз "ачык-айкын шайлоо болмоюнча тынчтык болбойт" деп ойлойбуз. Ошон үчүн өзүбүздүн кемчилигибизди өзүбүз моюнга алып, бардык саясый күчтөр бир пикирге, ынтымакка келип, таза шайлоо өткөрүү керек.
- Сиз айткандай шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылса, коомдо кооптонуу болуп турган учурда дагы бир шайлоо өткөрүүнү, ызы-чууну Кыргызстан көтөрө алабы?
- Эгерде таза шайлоо өткөрбөсөк, кооптонуу мындан да күчөйт. Биздин эл -акыйкатты сүйгөн эл. Акыйкат, чындык болбосо, ызы-чуу боло берет. Бүгүнкү жеңип келген саясый партиялар мамлекетти оңдоп кетерине сиз ишене аласызбы? Эч ким ишене албайт. Ошондуктан, бийликке эл ишене турган саясый күчтөр келиши керек. Эгерде, коррупцияга малынбаган, криминалга аралашпаган, таза инсандар келсе, эл ишеним артмак.
- Революциячыл партиялардын артта калып, эски бийликте активдүү доор сүргөндөрдүн партиялары алдыга озуп чыкканынын себеби неде?
- Биринчиден, биримдик жок болду. Экинчиден, көптөгөн кемчиликтерди кетирип алышты. Элдин турмушу начарлап кетти, коопсуздук маселеси дагы курчугандан курчуду, Ош-Жалал-Абад кандуу окуялары орун алды. Булардын баары революциячыл партияларга залакасын тийгизди. Эгерде ошол эски бийлик өкүлдөрүнүн партиялары таза шайлоодон жеңип чыккан болсо, анда элдин пикирин сыйлоо керек. Бирок, азыр шайлоо таза болбой атпайбы, коррупцияга малынган адамдар криминалдык күчтөрдү пайдаланган шайлоо болуп атпайбы?..
- Айрым партиялар элди Түндүк-Түштүккө бөлүү менен упай топтоого жетишкени дагы ачык эле көрүнүп турат. Мына сиз дагы саясатчысыз, эмнеге саясатчылар элди ойлобой, бөлүп-жарышат?
- Башка нерсеге акылы жетпеген саясатчылар элди Түндүк-Түштүккө бөлүп, саясат жүргүзүп атышат. Эгер чын эле элим деп күйсө, тескерисинче, элди ынтымакка чакырбайт беле? Түндүк-Түштүк деп элди бөлүп-жарган саясатчылар тарых алдында жооп берет.
- Башка шайлоолордон айырмаланып, административдик ресурстар колдонулган жок деген пикирге кошуласызбы?
- Административдик ресурстар дагы колдонулду. Бирок, мурункудай өтө одоно мыйзам бузуп, ыпластыкка алдырышкан жок.
- Азыр добуштарды кайра саноо жүрүп атат, мунун жыйынтыгында айырмачылыктар, өзгөрүүлөр болоруна ишенесизби?
- Кайра саноонун жыйынтыгында чоң өзгөрүүлөр болот. Мисалы, Сузак району боюнча эле канча жасалма протоколдор чыгып атат. Азыркы астына чыккан партиялар кайра түшүшү мүмкүн.
- Кайра саноонун жыйынтыгы менен "Акыйкат" партиясы 5%дык тосмодон өтүшү мүмкүнбү?
- "Акыйкат" партиясы бул тосмодон өтпөсө дагы жакындамак.
- Шайлоо алдында Улуттук каналдан дебатка чыккан учуруңузда "Ата-Журт" партиясынын лидерлеринин бири Садыр Жапаров сизди "Каркыраны казактарга берүүгө мени үгүттөгөнсүз" дегендей кеп айтты. Чын эле ушундай болду беле?
- Өзүңөр ойлоп көрсөңөр, 2006-жылы мен министр болчумун. Анан Садыр Жапаров менин досум же сырдашым болбосо, же ошончолук деңгээли ашып түшкөн саясатчы болбосо, анын кулагына шыбырагыдай ким ал? Ошол дебат учурунда мен аябай таң калдым. Жигит дагы ушундай жалаакеч болобу? Муну менен өзүнүн адамдык сапатынын төмөн экенин, бети жоктугун көрсөттү. Эл кимдин-ким экенин жакшы билип турат.
- Мына шайлоонун жыйынтыгы боюнча "Акыйкат" партиясы парламентке өтпөй калды. Эми сиздин мындан аркы саясый ишмердүүлүңүз кандай болот?
- Дагы деле активдүү саясат менен алектенүүнү токтотпойбуз. Чындык үчүн күрөшө беребиз.

Дилбар АЛИМОВА





Байзаковдун кадыр-баркы 30 миңге бааланды
Эски "менттердин" арасында "Шурик" деген каймана аты бар, азыркы ГУИНдин жетекчиси Шейшенбек Байзаковду ким билбесин? Бу киши жыл башында "УЧУРду" сотко берген. Бильярдчы Каныбек Сагынбаевдин интервьюсун чыгарып ийгенибиз боюнча. Ал маекте Каныбек эркин сүйлөп, Ш.Байзаковду жакшы эле сынга алган. Анан каарманыбыз чычалап кетип, "ар-намысыма, кадыр-баркыма шек келтирди" таризинде гезитти 1 миллион сомго айып тарттыруу үчүн ашыгып, сотко сүйрөгөн эле. Мына эми соттошуу процессинин жыйынтыгы чыкты. Натыйжада, Октябрь райондук соту Г.Оморова "УЧУРдун" айланасындагы чырга чекит коюп, гезитке 10 миң сом, интервьюну алган журналистке 10 миң сом, о.э. К.Сагынбаевге да 10 миң сом айып салып, Ш.Байзаковдун кадыр-баркын коргогондой ишарат кылды. Шейшенбек жалпы жонунан 30 миң сомдук кирешеге маарыды. "Буюрсун" дегенден башка не дейбиз?


А.Бекназаров "Ата-Журтка" боор тартууда
Айрым маалыматтарга караганда, утурумдук вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров УКМК менен "Ата-Журттун" чатагы боюнча акыл калчап, күнөөлүү тарап катары Кеңешбек Дүйшөбаевдин кызматкерлерин айтып атыптыр. Кайсы негиз менен? Таңгаласың, Камчыбек Ташиевдин жасоолдору көчөдө турган УКМКнын из кубарларын үйгө сүйрөп кирип, сабап атышса, анан кандайча жабыркап аткандар күнөөлүү болот? Түшүнүксүз. Же Азике жалалабаддык үкасына боор тартып, жердештик ышкысы козголуп кеткенин көрсөтүүдөбү?..








кыргыз тилиндеги гезит "Учур"