Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Көздүү мончок

Гүлназ Беделбаева:
"Кыздарды
сыйлай билген мырзалар жагат"
Кыргыздын чыгаан кыздарынын бири болууну эңсеген Гүлназ Беделбаева учурда модель. Кесиби экономист болсо дагы, моделдикти аркалап, андан сырткары бош убактысында курбу-досторуна ырдап берүүнү жактырат.

- Гүлназ, өзүң жөнүндө айтып берсең?
- 19 жаштамын. Ош шаарында төрөлүп, өскөм. Учурда борборубуздагы ЖОЖдун биринде экономика факультетинде окуйм. Убактымдын көбү сабак окуу менен өтөт. Бош убактымда досторум менен сүйлөшүп отурганды жакшы көрөм.
- Кесибиң экономист болсо, модель мектебине окушуңа эмне себеп болду?
- Чынын айтсам, кокустан эле модель болуп калгам. Бир жолу сулуулук салонунда отуруп, бир журналды барактап калдым. Журналдын арткы бетинде модель агенттигинин телефон номери бар экен. "Керек болуп калар" деп номерди жазып алгам. Кийин чалсам, "эртең сабак башталат, келип калыңыз" деди. Ошентип, ал жактан сабак алып, иштеп калдым.
- Моделдиктен сырткары ырдайт дагы экенсиң...
- Ооба, кээде ырдап калам. Кичинекей кезимде ырчы болгум келчү. Сыналгыга кыргыз көйнөк кийип чыгып, ырдаган ырчыларды көрүп, мен да аларды туурайт элем. Апамдын юбкасын кийип, этегимди жайып, оюмдан ыр чыгарып, ырдай берчүмүн. Азыр болсо досторум менен отурганда ырдасам, "сенин үнүң аябай жакшы" деп мактап калышат. Кээде үйдө жалгыз калганда бугумду чыгарыш үчүн үнүмдүн болушунча кыйкырып ырдасам, өзүмдү жакшы сезип калам.
- Майрамдарда кандай белек алганды жактырасың?
- Мен белек тандабайм. Көңүлдөн чыкса болду. Ата-энем Ошто жашагандыктан, Жаңы жылды гана ата-энем, бир туугандарым менен тосом. Калган майрамдарды досторумдун курчоосунда өткөрөм.
- Сүйлөшкөн жигитиң барбы?
- Бул тууралуу айтпай эле койсом кантет? Жеке турмушту элге шардана кылганды анча жактыра бербейм. Андыктан ички сырым ичимде эле болсун. Жалпы жонунан чечкиндүү, ата-энени, кыздарды сыйлай билген, сөзү менен эмес, иши менен мактана алган мырзаларды жактырам.
- Жашоодогу башкы максатың?
- Эл керегине жараган чыгаан кыздардын бири болуу.
- "Ар бир адам өз турмушун өзү курат" дегенге кошуласыңбы?
- Ооба, кошулам. "Кудай маңдайга эмне жазса, ошону көрөбүз" деп айтабыз. Бирок, ар бир адам өз турмушун өзү куруш керек.

Айсалкын Самсалиева




Мукам үн

Айбек САРАЛАЕВ:
"10 көрүүчүгө алтымыш артист кызмат кылат"

Айбек кыргыз операсындагы жаш ырчылардын бири. Бирок, башка жанрда да өз чеберчилигин далилдеп келет. Жакында эле Айбек Чымкентте өткөн романстар сынагында экинчи орунга татып кайткан.


- Кыргызстандан 8 ырчы барган элек. Үчөөбүз алдыңкы үч орунду ээлеп кайттык. Марат Ибраев биринчи орунга татыды. Ийгиликке жетишкенибизге концертмейстер Нуржан Токтобекова эжебиздин эмгеги зор. Алты мамлекеттен 50дөн ашуун конкурсант катышты. Эми кайрадан Астанада өтө турган ири сынакка да катышууну көздөп турам. Жалпы тогуз чыгарманын үстүндө иштеп, даярдык көрүп атам. Ариялар аткарылат, романстар ырдалат. Негизинен, сынакка катышууга алгач ирет жасаган аракетим ушул.
- Эмнеликтен, чыгармачылыктын дал ушул түрүн тандап алгансыз?
- Мектепти аяктаганда музыкалык-педагогикалык окуу жайга тапшырдым. Ал жерде ыраматылык Жанат Атаев деген казак агайым бар эле. Ал киши үнүмдү угуп эле опералык вокалга ылайык экенин айткан. Ошол агайымдын аракети менен опералык вокалга көнүгө баштадым. Консерваторияда да ошол агайымдын түрткүсү менен окуп калдым. 2007-жылы аталган окуу жайдын опералык вокал бөлүмүн бүтүрдүм. Азыркы тапта А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында хордун артистимин. Биздин жанрда жандуу коштоо, жандуу үн менен ырдоо талап кылынат.
- Опера ырчысы элге кеңири дайын эмес. Башка багытка же эки багытты айкалыштырууга аракет кылып жүрөсүңөрбү?
- Туура айтасыз. Биздин театрда мен-мен деген эл артисттери, эмгек сиңирген артисттер бар. Бирок, алар анык бир чөйрөгө гана белгилүү болушпаса, көпчүлүк эл тааныбайт. Жакын, дос-тааныштарымдын суроосу менен эстрадалык-классикалык багытта иштеп аткан кезим. Укканыбыз боюнча, маселен, Николай Басков камералык үнгө ээ, ал эстрадага да киришкен шартта гана популярдуулугу өстү. А бирок, андан алда канча артык артисттер арбын, бирок, көпчүлүк эл билбейт.
- Театрда сиздерге чек жокпу?
- Эч кандай чек коюлбайт. Бирок, биротоло эле эстрадага ооп кетүүгө өзүм жол бералбайм. Мамлекеттик эки-үч мекемеде иштейм. Негизги жумушум катары Опера жана балет театрын санайм. Чоң-чоң операларды ырдап, чоң-чоң ырчылардын катарына кошулсам экен деп тилек кылам.
- Эстрадага баш койгондо стиль, табит өзгөрүп кетпейби?
- Андай да болушу ыктымал. Бирок, жан дүйнөңө жакыны баары бир оор салмак басып турат. Эстрадага батыл аралашсаң, каржылык маселелериң чечилип калып атпайбы. Бул жол менен деле кеткендер да бар. Эстрада менен алектене берсең, үн да ошол тарапка ооп кетиши ыктымал. Бирок, андан мен чочулабайм. Себеп дегенде, ар бир күнү 10дон түшкү бирге чейин хор класста иштейм. Агайым - Эл артисти Керим Орозбаев. Ал киши менен күндө үндү калыптандырып турабыз.
- Шоу-бизнес өз "мыйзамын" орноткон заманда жашап аткан биз үчүн кыргыз операсынын келечеги бүдөмүк эмеспи?
- 70-80-жылдары бизде опера аябай дүркүрөп өскөн экен. Азыр запистерин көрүп таң калабыз. Болот Миңжылкиев, Кайыргүл Сартбаева, Сайра Кийизбаева, ошондой эле композиторлор Абдылас Малдыбаев, Насыр Давлесов деген залкарлар чыккан. Албетте, алардын убагында мамлекеттик деңгээлде колдоо болгон. Азыркы тапта, эң жөнөкөй эле афиша жок. Залда 10 көрүүчү, ал эми сахнада 60 киши опера коюп жүрөбүз. Бул эң жагымсыз көрүнүш. Көрүүчү аз болсо, үнүң да ачылбайт. Бирок, эгемендикти алганы бизде деле чоң өсүштөр болоорунан үмүт үзбөйбүз. Кудай буюрса, келечек бар.
- Сабак бересизби?
-Өзүм аяктаган музыкалык-педагогикалык окуу жайда сабак бердим. Жакшы студенттерим бар. Убакыттын тардыгынан быйыл гана окутуучулукту токтотуп турам.
- Сураганым, жаштар арасында операга кызыккандар арбынбы?
- Өтө көп дебейм, бирок, жок эмес. Албетте, ошол кызыккандарды да биротоло кызыктыруу зарыл.

Айым НУРЖИГИТОВА








кыргыз тилиндеги гезит "Учур"




Яндекс.Метрика