0(778) 23-99-46; СМС жаз!
Акмат байке, сиз менен таанышсам болобу?..

4486. Салам "Учур"! Макс бекеринен кыргыздарды "мал" деп атабаптыр. А.Мадумаров саясый шантажын кайра баштады. Бул кишини колдогондордун уяты жок экен. Кыргыздар тынчтык жолуна түшүп, саясый сойкулукка чекит койбойлубу? Келечекке тоскоол болуп, жамандыкка түртүп жатышат. Мен буларга каршымын!
Марат

4487. Шайлоонун жыйынтыгы жакын арада чыкпай калды өңдөнөт. Баары бир чоң чырга айланганы калды. Кыргыз эли эмнеге татаал тагдырга туш болуп атат? Биз качан тынч жашайбыз? Дүйнө элине уят болуп бүттүк. Муну карапайым элдер да түшүнө баштады.
7723 абоненти

4488. Сагыныч катым жетпеди, элесиң көздөн кетпеди. Сагындырбай көп мени, эркелеп жаным келсеңчи!
Жаным

4489. СМС жазган Азем, сенин акыл-эсиң ордундабы же мээңдин ичи көгөрүп кеткенби? "Ата Мекен" партиясы сенин эмнеңди уурдады эле? "Ата-Журт" партиясынын жугундусунан даам татып калсаң керек...
7630 абоненти

4490. Мүзүр менен Азем! Экөөңө окшогон сатылган маңкурттардын азабынан элибиз дагы 5 жыл "итке минет".
7630 абоненти

4491. Жаным десем жашоом жарык болчудай, жүрөк аста, кээде ылдам сокчудай. Жетпей жүргөн махабаттын сереси, жакын жерден мага колун созчудай!
Айпери

4492. "Ата Мекен", СДПК, "Республика" партиялары коалиция түзө албаса, Кыргызстанда 3-революция болушуна жагдай түзүлөт. Анткени шайлоодо утулган партияларга добуш берген 63% шайлоочу "Ата-Журт" менен "Ар-намыс" партияларынын өкмөт түзүшүнө 100% каршы болуп жатат.
Шер

4493. Азыркы түзүлгөн кырдаалда Текебаев спикер, Атамбаев премьер, экономика жагын тейлеген биринчи вице-премьер Бабанов болгону түзүк. Ушул өңүттө куралган өкмөт элдин 70% ишенимине арзыйт. Башка коалициялар 30% гана элдин колдоосуна ээ болот. Калайык-калктын маанайы ушундай.
Шер

4494. Шайлоого барбай койгон адамдар өкүнүп жаткандыр деп божомолдойм. Анткени аларды 7-апрелде курман болгондордун арбактары уктатпай жатса керек! Алар "Ата Мекен", СДПК партиялары караандатпай утуп чыгышат деп ойлошкон. Кайра шайлоо болсо, бул партиялар 50%дан ашык добуш аларына шек жок.
6847 абоненти

4495. Бакиевдин "арт" жагын жалап жүргөн партиянын чоңдору эмне эле "антебиз, минтебиз" деп коркутуп жатасыңар? Же өзүңөрдү машаяк көрүп жатасыңарбы? "Биздин аркабызда эл турат" деп коркутуп атканыңарды биз билбейбизби? Алар силердин эле жакын туугандарыңар, мээси иштегендер силердей адамдарды ээрчибейт! ИИМдин чоңдору, силер эмнеге коркуп атасыңар? Куйруктарын бурап туруп, "обезьянникке" тыгып салгылачы, сураныч. Кыргыздар "Мекен шейиттерин" ар убак колдойт!
Чагылган

4496. "Мекен шейиттери", силер "Ата-Журтка" асылганыңарды токтоткула!
0132 абоненти

4497. Уулум Темирланды туулган күнү менен куттуктайм. Кыргыздын керегине жараган мыкты азаматтардан болушуңа тилектешмин.
1843 абоненти

4498. Тайырбек Сарпашев менен Ишенбай Кадырбековдун тонолгон акчалары кандай жол менен келсе, ошондой жол менен кетти окшойт. Анткени табияттын мыйзамы ошондой эмеспи. Жеп-ичкен чиновниктер, силер дагы көп мыкчыңдабай, "ошондой" акчаңарды жакыр жашаган элдерге таратып берип, алардын алкышын алып койсоңор жакшы болот эле. Каяктагы маскачан зөөкүрлөргө коротпой.
7630 абоненти

4499. Адахан Мадумаров, кайсы бетиң менен митингге чыгып жатасың? Сен кадырыңды, уятыңды Каркыра менен кошуп саткан жок белең? Же андай эмеспи?
1334 абоненти
4500. "Ата-Журт" партиясындагы адамдардын көпчүлүгү 7-апрелде элге ок аткан Бакиевдин адамдарынан эмес беле? Анда эмнеге эми "элди биз башкарабыз" дегендей түр көрсөтүп жатышат? Мындай болбош керек! Мен буга каршымын!
Жайчыбек, Талас

4501. Мен бардык "оняктыктарды" шайлоодогу жеңиштери менен жалпы көлдүктөрдүн атынан куттуктайм! Эми Бакиевиңерди алып келип, президент шайлап алышыңарды каалайм!
6319 абоненти

4502. Бир казак кыргызга айтат: силер бир эмес, эки президентти кууп жибердиңер. Биздин Нуракени деле кетирип бергилечи - дейт. Анда кыргыз: кетиребиз, качан баралы? Анда казак: канча киши келесиңер? Бизден 20 киши барса жетет. Силердин Нуракени айдап отко салат - дейт. Жоок баатыр, силердин 20 кишинин алы келбейт. Андан көрө 100 киши жибергиле десе, кыкең: 100 киши жиберсек, өлкөңөрдө мародерлук болуп кетет деген экен.
6319 абоненти

4503. Салам "Учур"! Ыймандуу, Түндүктүн сулуу, жашы 23-29 жаштагы кыз-келиндери менен турмуш куруу максатында таанышам. Өзүм 29 жаштамын. Маякка жооп бербейм.
Тел: 0779-02-89-44

4504. Сени аябай сагындым. Ыйлагым келет. Кээде улутунуп коем. Сени көрүп кала тургансып, элеңдеп, ар тарапты карай берем. Канчалык унутам деген аракетим оңунан чыкпады. Сени көргүм келет күн сайын. Мени аячы, эгер таш боор болбосоң?
3182 абоненти

4506. Эшикте жамгыр төгүп жатат. Сени ойлоп, терезени тиктеп турам. Үшүгөндүрсүң? Сууктан эки бетиң тамылжып, мурдуңду шуу-шуу тартып, бакыракай көздөрүңдү жайнатып, азыр жумуштадырсың?
3182 абоненти

4507. "Ата-Журт" партиясына көп асыла бербегилечи? Жеңилгениңерди мойнуңарга алгыла да.
8826 абоненти

4508. "Бирөөгө ор казсаң тайыз каз, өзүң түшүп калба" деген кыргызда макал бар. Адахан Мадумаров менен Марат Кайыпов өздөрү 2007-жылы "Ата Мекенди" ЖКга өткөрбөш үчүн шайлоо кодексине киргизген беренелер менен өздөрү тебилишти го? Келме-кезек деген ушу белем.
Шер

4509. Элмурза Сатыбалдиевге "адам өлтүрүүгө катыштыгы бар" деген айыптын коюлушу туура эмес. Бул жөн гана бийликтегилердин популизимге сугарылган аракети болуп атат. Элмурза эч кандай адам өлтүргөн эмес. Уят болосуңар, туугандар!
7845 абоненти

4510. Равшан Жээнбеков мырза, сиз мени "сүйөм" деп, неге алдап кеттиңиз?
Б...

4511. "УЧУР" гезитине баракелде! "Атактуу айымдардын махабаты" деген сериалды куп гана жазып атасыңар. Темирбек Курманбеков "Саякатта" эмне кылып жүрөт болду экен?..
Окурман

4512. Э.Сатыбалдиевге карата прокуратуранын кысымын кандайча түшүнөбүз? 7-апрелде курман болгондорду аттыргандар качып кетишти да. Бийлик, сен калыс тергөө жүргүз!
Жалал, Ош шаары

4513. Пери, мен сени сагындым...
Жигит

4514. Элмурза эми кыйын болсо, соттон акталып чыксын! Аны азыр киши өлтүрдү деп айыптоо эрте дечи, бирок, өзүнүн таза экенин көрсөтсүн да...

4515. "УЧУРду" окуп отуруп, ушундай жыргадым. Азаматсыңар, гезиттин жамааты!
Бактыбек

4516. Акмат Келдибеков байке, сиз менен таанышсам болобу? Сизди сүйүп калдым. "УЧУРдун" бир журналистине телефонумду таштадым. Мага чалып коесузбу? Гезитке ачык жазайын деп, аялыңыздан корктум...
Алтынай

4517. Протоколдорду эмес, бюллетендерди кайра санап чыгуу керек. Бирок, Түштүктө, Бишкекте жана Нарын облусунда шайлоонун жыйынтыгын бурмалоо үчүн алар эчак эле жок кылынган дешет. БШКнын төрагасы "Ата-Журт" партиясынын лидеринен 2 миллион доллар алганы чынбы?
Шер

4518. Кыргыз элим! "Ата-Журт" партиясын кайсыл бетиңер менен шайладыңар? Алар бизге эч качан жакшылык кылбасын билбейсиңерби? Ал Бакиевдин партиясы эмес беле. Ал бийликтен араң кутулдук деп сүйүнүп жатсак, кайрадан аларга берип койдукпу? Булар саткынчылар экенине дале ишенбей турасыңарбы? Азыр да болсо кеч эмес. Ойлонгула!
Мика, Кант шаары

4519. Адахан Мадумаров менен Марат Кайыповго Бакиев акча берген окшойт... Ушул экөөсүн биздин СНБ аңдып койсо жаман болбос эле. Адахан, начар адам экенсиз. Сиз үчүн ачкачылыкка чыккан адамдарга убал жок. Сизге окшогондорду Лев Толстой, иш жүзүндө ... простой дейт. Эмнеге тырмышып жатасың?
Чаке

4520. Салам "Учур"! Нарындык, көлдүк 20-21 жаштагы сулуу балдар менен таанышам. Чалгыла күтөм.
Тел: 0779-30-51-56

4521. Эгер Адахан Мадумаров 2007-жылы шайлоодо Бакиевдин "Ак жолу" таза эмес шайлоо өткөнүнө карабай, төрага болуп, "Ак жолду" бир атанын баласындай болгула" деп чыкпады беле. 90 баланы аттырган Жаныштын тоюнда баалуу, кыргыздын кызыл китебине кирген сүлөөсүн тебетей кийгизип, үстүнө чапан жаап, "кыргызды сиздей кеменгер жана Түштүк эли башкарыш керек" деп чоң камчы колуна карматып, кучактап, куттуктаганын эл көрбөйт деп жүргөн го? Же аны да жасалма деп чыгабы? Деги бакиевчилер байлык, бийлик үчүн эмнелерди жасашпады? Бакиевдин тушунда эле элдин канын соруп, шапар тебишпеди беле? Эми элге тынчтык берсе боло?!
Зарылбүбү

4522. Жамгыр карга айланып кетти. Үстүм суу болуп үшүп, плитканын жанында жылынып отурам. Сен эмне кылып жатат болдуң экен? Сени сагынганда ушуларды эстеп кыйналдым. Жаным, мен сени эч качан унутпайм. Унутууга да акым жок. Билип жүр!
3182 абоненти

4523. 4585 абоненти, жеткен сайпана экенсиң. Аялыңдын жоолугун салынып алчы. Бирөөнүн ата-тегине асылгыдай сен кимсиң деги? Андай кыйын болсоң, бир-бирге чык мага. Таза болбосо, катын менен кармашкан "баатыр" болуп тарыхта атың калат.
Феминистка

4524. Ороо казып, ар бир улуттун өкүлдөрүн салып койсо, баары чыгып кетиптир. Бир гана кыргыздар калып калыптыр. Бул икаяны баарыңар билсеңер керек. Ошол нерсе чындык окшойт. Жеңилгендер "жеңилдик" деп макул болушса...
0193 абоненти

4525. Элмурзага куугунтук башталганы качан? Дале бүтпөйт. Ой, бул жигиттин жүрөгү таза!..
Патриот

4526. Жашым 23тө. Кыз-келиндер менен таанышам. СМС жазгыла.
Тел: 0700-701-220

4527. Эй, кыргыздар! Эмнеге эле экиге бөлүнүп жатасыңар? Алакандай эл болсок! СМС жазарда, ойлонуп жазгыла! Өзгөчө 2223, 9106 абоненттери. 90 эр-азамат кыргыздын балдары, бейкүнөө окко учту! Азыркы учурда каңырыгыбыз түтөп турат. Ошондой эле Ошто, Жалал-Абадда болгон тополоңдо кырчындай балдарыбыз ала допучандардын колунан ажал таап турат. Табылбай жатканы канча? Буларга жоопту ким берет? Кыргызга күйсөңөр, чогуу күйгүлө. Силерге жаккан партия артта калса эле ызы-чуу боло бербей. Кыргызстандын келечегин ойлойлу туугандар!
4984 абоненти

4528. Кандайсың Арлен? Кабарыңды билдирип кой! Мен мында.
Т...

4529. К.Бакиев эки жыл жакшы иштеди. Баарына оппозиция жана Түндүк эли күнөөлүү. Колдоп, сыйлап, даңазалап турганда Н.Назарбаевдей иштемек.
Тараза

4530. Жөөттөр өз кызыкчылыгы үчүн тарбиялап өстүргөн Эдил Байсалов деген жараныбыз, өзү билип туруп, атайын жасаган ишинин шылтоосу менен чет өлкөгө качып кетти эле. Саясый упай топтош үчүн. Эми келип алып, теле менен гезиттердин бетинен түшпөйт. Чет мамлекетте кайсы каражаты менен жашап жүрдү экен? Жөөттөрдөн үйрөнгөн өнөрүн, саясый аферасын элдин кызыкчылыгына жумшаса, анда Эдилге ийгилик каалайбыз! Эгерде дагы бир фокус көргөзө коюп, өз элиңден качарда айтып койчу, биз деле чет мамлекетке жөөттөрдүн эсебинен бекер барып келели.
Мукаш

4531. Ар бир мезгилди, ар бир убакытты туура пайдаланса болот. Жазында жарышып, күзүндө күрөшүп. Жайкысын көк шиберде чалкалап, кышында аппак карды кыртылдата басып. Жашоодогу ар бир күндүн кызыгына батып. Нөшөрлөгөн жаан алдында жалгыз калып, алтын күн астында кактанып, анан сапырылып, себелеген жалбырактан букет терип берген жүрөгүңдүн жарымы менен кычыраган кыштын суук күнүндө жылуу үйдө ысык чай ичип жатсаң эмне деген рахат!!! Мага Кыргызстандагы ар бир мезгил жагат.
Жылдыз

4532. Назик үнүң жүрөгүмө кадалып, Боталакка сезимдерим арбалып. Сага рахмат, сезим болуп мен үчүн. Келгениңе бул дүйнөгө жаралып.
Мукаш

4533. Кыргыздар! 7-апрелде баласы өлгөн эне менен атанын ордуна өзүңөрдү койгулачы. Алардын көзүнүн жашы кургабай, ичтеринен кан өтүп, кан жутуп турат. "Ата-Журт" өз элине ок аткандардан, бийлик дегенде кашык каны калганча салгылашкан кайбарлардан куралган партия. Же андай эмеспи? "Ата-Журт" силердин ордуңар бийликте эмес! Эгерде бийликке келүү жагын ойлонуштуруп атсаңар, анда чоң жаңылышасыңар. Закиржандай тагдырды күтө бергиле. Эл күлүңөрдү көккө сапырат!
1594 абоненти

4534. Биз өмүрү оңолбойбуз. Себеби, жердешчилик, ака-үка, тууган-туушкан каныбызга сиңип калган. Бизге чала! Кайран 7-апрелдеги жигиттер!.. Бизде намыс жок!
1923 абоненти

4535. Жүрөк сыздайт, жүрөк ыйлайт, ылгайт, иргейт. Укмуш күндөр өттү го чиркин!
Рахул

4536. Кимде-ким канкор Бакиевдин "куйруктарынан" куралган партияларды колдосо, шейит кеткен 90 баланын арбагы урат!
Патриот

4537. СДПКга добуш бердим. Анан шайлоонун экинчи күнүнөн кийин Атамбаев Москвага чуркап кетти. Бул эмнеси, мен түшүнбөй калдым? Менимче уят эле иш болду.
Сомбек

4538. "Ар-намыс" менен "Ата-Журт" партияларынын көз караштары дал келбейт. Экөөсү тең эски коррупционерлер болсо керек эле?
Жоламан

4539. Элдияр менен Айгерим, бактылуу жана ата-энеңерди сыйлаган жаштардан болгула!
Мика, Кант

4540. "Мекен шейиттеринин" лидери Өскөнбек, атыңды "Өспөгөнбек" деп өзгөртүп алгын. Ал эми фамилияң ошо боюнча эле калсын.
0132 абоненти

4541. Кыргызымдын кыздары менен таанышам.
Тел: 0700-00-88-62

4542. Бабанов сага айтарым, "Ата-Журт" менен бириксең, анда сен экинчи Талас элинен ишеним алам деп ойлобо! Сен Атамбаев менен бирге болушуң керек. Анткени Талас эли ушуну күтүп жатат. Талас элинин намысы менен ойнобо!
3500 абоненти

4543. Сүйүктүү актерубуз Темирлан Сманбеков агайыбыздын жаш келинчеги уул төрөп бергени анык эмеспи? 25 жаштагы жубайынан чарчаганбы? Айтор, агайыбыз "Кош жылдызда" чогуу ырдаган Нурзат Садыкованы жандап калыптыр го? Эркектер шумдук эле калк болобуз.
0947 абоненти

4544. Ташиев элди ойлогон мыкты жигит! Чагылган, сен ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө!
Шумкар

4545. Темирлан Сманбеков, сиз Феликс Куловго аябай окшошсуз. Таланттуу, темпераменттүү адам катары баалайм. Бирок, наристеңиз тууралуу сурасак жооп бербедиңиз. 1-төрөт үйүнөн өзүңүз чыгарып баратканыңызды көргөнбүз. Менин аялым мага уул төрөп берсе, сизге окшоп жашырбастан, дүйнөгө жар салмакмын. Ушу туурасында чындыкты билгибиз келет.
Доха брат

4546. Кыздар! Акүйдөгүлөр менен артисттерге ишенбегиле. Төрөтүп туруп, таштагандар да ушулар. Андан көрө мага окшогон жөнөкөй эле жигиттер менен сүйлөшсөңөр бактылуу болосуңар! Акча менен креслого кызыкпагыла!
Доха брат

4547. Толкун болот көлдүн жээги,
тоодон бийик кыргыз эли.
Баатыр кыргыз бөлүнсүн деп,
төрөбөгөн сени, мени.
Ала Тоосун кыргызымдын
сактайлычы суранам.
Кыргыз жерин кырча-кырча
сатпайлычы суранам.
Оо Жараткан, Аллах, кыргызыма
тынчтык бер, ыйман бер, ынтымак бер!
Кыргызхан

4548. 7171 абоненти, "каражолчулар" бийликке таза келген жок. Сага окшогондорго акча берип жана криминалдын аркасы менен келди. Кайсы бетиң менен уялбай ушуларды мактап жатасың?!
9106 абоненти

4549. Мадумаров үчүн ачка отургандар канча күнгө чыдайсыңар? Ким көп чыдаса, Мадумаровдун "чоң" сыйлыгына ээ болот!
9106 абоненти

4550. Россияга барган лидерлер! Силерде уят деле жок экен. Эмне башыңардан сыладыбы же чекеңерди жылытарлык бирдеме айттыбы?
1720 абоненти

4551. "Ата-Журт" партиясын колдогондорго чоң салам! Силер Кыргызстандын келечеги үчүн эң мыкты инсандарга добуш бердиңер. Көрө албастардын сөзүнө маани бербегиле!
Аида

4552. Текебаев 20 жылдан бери эле бийликке оппозиция болуп келе жатат. Кыргыз эли үчүн эмне иш кылып койду? Аны эмне эле мактап жатасыңар? Мен ушуга түшүнбөй жатам.
Аида

4553. Бакиевдин командасынын ичинен Элмурза Сатыбалдиев эң тазасы болчу. Бул жигит "моралдык күнөөм бар" деп, саясатка аралашпады. Эми бийлик асылып атат. Күнөөсү болсо, адилет сот чечсе дейбиз...
7371 абоненти

4554. Кыргыз калкым, эр-жүрөк мырзалар, ата, апалар! Келечегибизди жана урпактардын эртеңин ойлоп жашайлычы!
Бакыт

4555. Салам Жакут Сыдыков! Дайыныңыз чыкпай калды. Мага чалып койсоңуз жакшы болот эле. Сөзсүз түрдө күтөм.
Тел: 0770-26-76-85

4556. Пианино сатам. Абалы жакшы. Күүлөнгөн.
Тел: 0770-26-76-85

4557. Ыймандуу кыздар менен турмуш куруу максатында таанышам.
Тел: 0778-71-61-08

4558. Ташиев утуп чыгып, ала допучандар туш-туш жакка качып, Оштон чыгып баратат. Азаматсың Ташиев! Бизге сиздей улуттук лидер керек болуп жатат. Оштогу окуя болуп жаткан кезде кайсыл партия басып барды? Ошон үчүн ичиңер күйсө туз жалагыла. Ташиев кыргызга күйгөндүктөн, Ош шаарындагы кан күйгөн согуштун үстүндө эл менен кошо болду. Камчы сага даңк!
2126 абоненти

4559. Миң доллардан иномарка машина алгыңар келсе Ош шаарына келгиле. Өзбектердин "Лексус" деген кымбат унаасын кыргыздарга 1000 доллардан эле алып беребиз. Өзбектер кымбат машина мине албай калды.
Легионер

4560. Оштун мэри Мелис Мырзакматов, эгер сиз сак жүрөйүн, өмүрүмдөгү коркунучтардын алдын-алайын десеңиз, анда жаныңызга кеңешчи кылып Камбаралы Бектемировду алыңыз. Сизди көп жерден сактайт. Себеби, сиз Ош шаарына керек адамсыз. Акыркы күндөрү сизден чочулап турабыз.
2126 абоненти

4561. Мамлекет, "мамиле" деген сөздөн чыкса керек. Бул жакшы сөз. Ал эми "кет" дегеничи? Ушул сөздү калмак лингвисттери киргизген жок беле биздин сөздүккө? Кыргыз окумуштуу-тилчилерибиз кайдасыңар?
5777 абоненти
4562. Элибиздин куту - бул биздин ынтымагыбыз! Айкөлдүгүбүз - акылыбызда! Ал эми Манасыбыз жүрөгүбүздө болуш керек!
Улутман

4563. 4411 абонети, антип "Ата-Журтту" Түштүк эли колдойт" дегендин ордуна, "кыргыз эли "Ата-Журтту" колдойт" деп эле айтсаңыз эмне болот эле? Ушунун айынан "Түндүк-Түштүк" деген пикир келишпестиктер болуп жатат.
8144 абоненти

4564. 4473 абоненти, Бабанов "Ата-Журтка" кошулса эмне болуптур? Кайра жакшы эмеспи деп ойлойм. Анткени, Түндүк менен Түштүк биригет. Сизге окшогон кыска ойлуулардан Түндүк-Түштүк деп бөлүнүп, бири-бирине жек көрүү пайда болуп жатат. Кыргызстандык экенибизди унутпайлы!
8144 абоненти

4565. Мен Түштүктөн болом. Бирок, "Республиканы" тандадым. Келгиле бөлүнбөйлү. Андан эч пайда жок экенин өзүңөр деле түшүнөсүңөр да. Кыргызстан эч качан бөлүнбөсүн!
6814 абоненти

4566. Салам кыргыз элим! Бардыгыңарга ден-соолук, ынтымакта болушуңарды каалайм!
Көлдүк жигит

4567. Көлдүн аккуу кыздары менен таанышам. Жашы 20-25ке чейин болсо жакшы болот эле. Чалгыла, сүйлөшөлү. Мен жакшы баламын.
Тел: -552-94-10-28

4568. Ысык-Көлдүн ыймандуу, билимдүү, түшүнүктүү кыздары менен таанышам. Өзүм Караколдо турам. Телефон чалгыла, баарлашалы.
Тел: 0779-49-20-28

4569. Жададым, жанга баткан жалгыздыктан.
Жүдөткөн, жүрөктөгү кусалыктан.
Шооладай жарык берген жан дүйнөмө,
Качан келет мен күткөн ошол адам?!
7691 абоненти

4570. Кудайым жаратты, жашасын деп,
Жашоонун ачуу даамын билсин деп,
Жашагын бир келген дүйнөгө,
Кудайга ишенип шүгүр деп.
7691 абоненти

4571. Кыргыз элим ынтымактуу болсок, чоң жеңишке жетебиз. Ушуну унутпайлы жана эстен чыгарбайлы.
3769 абоненти

4572. Кайсы партия парламентке өтпөсүн, баары эле жешет. Эч кимиси убадасына турбайт!
3769 абоненти

4573. Султан Садыралиев, мен сизди абдан сыйлайм. Сизге албан-албан ийгиликтерди каалап кетмекмин!
1376 абоненти

4574. Ат-Башыда жашаган Майрам, 5-ноябрь туулган күнүң менен куттуктайм! Сага жаштыктын гүлүн, сүйүүнүн тунугун, жашоонун узунун каалайм!
Айтунук

4575. Закиржандын "куйруктары", "Ата-Журтчуларды" көргөндө жиним келип, өзүмдү араң карманам. Минтип отурса нервди сакташ кыйын болуп калат го?
9106 абоненти

4576. Элмурза Сатыбалдиевдин таза адам экенин билем. Аны өзүнүн ишин билген адам катары сыйлайм. Бакиевдин заманында да эл үчүн мыйзамдуулукту сактаган кызматкер болчу. Мындай адамдар биздин коомдо чанда кезигет.
Тилек

4577. Сүйдүм сени, аны кантип жашырам! Бул оюмду кантип ишке ашырам? Сүйүү таттуу дешет, даамы барбы? Сүйүү күчтүү дешет, алы барбы?
Алсызгүл

4578.Токтогулда күндүз деле түнү деле свет өчөт. Бакиевдин заманы кайра келдиби? Токтогулдуктар, буга чара көрөлүбү, светтин начальнигин кетирелиби?
1720 абоненти

4579. Ташиев! Жөн эле догуруна бербечи. Сенин кимге керегиң бар?
5215 абоненти

4580. Элмурза аке, сиз үчүн намыска жарай турган жигиттер бар. Кап этпеңиз. Бул мезгил да алмашат...
Сапар