Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Бийлик "куйруктарга" эмес, кыргыздын жигиттерине...
Экс-депутат, экс-замминистр Кубанычбек Кадыров ушул күндөрү саясаттан оолактап, убактылуу тыныгып атыптыр. Кубаныч мырзанын мындай жайчылык турмушка өткөнү, өткөн-кеткенге көз чаптырганы реалдуу көрүнүш экен. Себеби, кыйын кезеңде, былтыркы президенттик шайлоодо Курманбек Бакиевдин үйбүлөсүнө жалгыз ушул жигит каршылык акциясы менен чыгып, Ысык-Көлдөн токмок жеп, камалып, андан соң айыгышкан куугунтукта калганын коомчулук билет. Мына ошондо "ой, бул да кыргыздын баласы, койгула, колуңарды тарткыла?!" деп адилеттик сөздү айткандар чанда болду го! Кыргыздар ушундайбыз, эр жүрөк уулдарын тепсендиге салып берет. Бирок, К.Кадыров да оңой жигит эмес болчу, ал убактылуу болсо дагы Швецияга кетүүгө аргасыз болуп, кыйын тагдырдын жолун таап кетти. Ошентип, оор күндөр артта калды... Ал эми бүгүнкү бийликке умтулгандарды карап отуруп, кайрадан бакиевчилер доору келатканына жаның кашаят! Анда неге 7-апрель окуясы болду (?) дейсиң эрксизден. Таңгаласың, бүгүн бийликке Бакиевдин "куйруктары" эмес, мына ушул К.Кадыровго окшогон жигиттер суурулуп чыкса кана?


Эл тараса да, А.Шадиевдин кеткиси жок
Экс-"акжолчу" депутат Аскарбек Шадиев парламенттик шайлоого чейин "Республика" партиясынын штабын башкарган эле. Анан шайлоо бүттү. Партия лидери Өмүрбек Бабанов штабын таратып, активисттерди жай-жайына жөнөткөнүн эшиттик. Бирок, эл тараса да, негедир А.Шадиев штабдан кетпей, "республикачыларды" тажатып атыптыр дейт. Өмүрбек мырза да "эми ишиң бүттү, жакшы бар" деп айта албай атабы? Балким, акчаны сүйгөн Аскар акең Ө.Бабановдун чөнтөгүнө кызыгып аткандыр...


Чыныбай унду неге кымбаттатты?
Мурун Акаевдин "Алга, Кыргызстанына", кийин Бакиевдин "Акжолуна" кызмат кылган бизнесмен Чыныбай Турсунбеков жакында эле бийликке келген КСДПга өтө качып, шайлоого аттанып чыкканда эл жерге түкүрүп, "500 миң доллар бериптир" деп кеп кылышкан. Ошол чын окшойт, шайлоо бүтөрү менен өзүнүн "Акун" фирмасынын унун кымбаттатып жиберди. Шайлоого кеткен чыгашасын карапайым калктын эсебинен жабайын деп жанталашып жаткандай. Анткени, анын "Казакстанда буудай кымбаттады" деген шылтоосу өкмөттүк органдар Казакстанга кайрылып текшерип көрсө, калп чыгыптыр. Казакстанда буудайдын кымбатташы жөнүндө сөз болуп жатыптыр, бирок, кымбаттай элек экен. Анда Чыныбай унду неге кымбаттатты? Карапайым элдин кусурунан коркпойбу?


Мелис Карыбеков казак кызга баш кошсо...
Эсиңерде болсо, казактын бир ашкан сулуусу парапсихолог Мелис Карыбековду сүйүп калганын гезитке жазган элек. "Казак кыздын махабат дастаны" деген аталышта. Анда казак сулуусунун М.Карыбековго болгон сыйы, арзуусу жарыяланган. Бирок, Мекең ага болгон сезимин билдирген эмес. "Унчукпай кутулган кишиде бир мандем жокпу?" дегендей шек саноо менен кала бергенбиз. Эми болсо кызыктын баары чыкчудай болуп туру. Жакынкы күндөрү парапсихолог Казакстанга барганы жатыптыр. Болду-болбоду ошол Карлыгаштын колун сурап, төшөк жаңыртууну көздөп калганбы? Дал ушул боюнча Мелис Карыбековдун өзүнөн сурасак, "Казакстандан кайтып келейин, анан баарын ачыкка чыгарам" деп жылмайып койду. Эми чыдай туралык, би-ир тамашанын үстүнөн чыкканы калдык окшойт...


"Водолаз" түрмөдөн чыгабы?
Коомчулукта криминал күч. Буга дейре ММКларда төрт-беш кримтоптор бар экени каңкууланып келген. Мына ошолордун бири, айтылуу Рысбек Акматбаевдин жигиттеринин көрүнүктүүсү "Водолаз" түрмөдө жатканы белгилүү. Айрым маалыматтарга караганда, жакынкы күндөрү кримчөйрөдө күтүүсүз өзгөрүүлөр болуп, кыл чайнашкан кырдаалга жол чабылары айтыла баштады. Мына ошол "Водолаз" "воляга" чыгып, ким бирөөлөрдүн катыгын берет имиш. Мындай соккуга кайсы саясый күчтөр кабылары белгисиз. Бирок, кыйын кезең жакынкы күндөрү көрүлчүдөй. Бул боюнча санаага баткан адамдар арбын экен. Кудай деп тургула...


Улуттук конгресс саясый күчкө ээ болот
Парламенттик шайлоонун айрым мыйзам бузууларынан жабыркаган партиялар биригип, Улуттук конгресс аттуу уюм түзүшүп, анын башына Аликбек Жекшенкуловду дайындашканы коомчулукка маалым. Бул бирикмедеги партиялар тазалыгы менен башкалардан айырмаланып, алдыдагы саясый күрөштөргө активдүү иш-чарада болору күтүлүүдө. Эскерте кетсек, коомдук пикир түзө турган, ошондой эле саясый күчкө ээ боло турган да ушул кыймыл экени тастыкталууда. Азырынча жаңыдан арымы башталды, ийгилик каалап коелук!


Т.Мадылбековду кимдер аңдып атат?
Бу байкебиз кайсы жыландын куйругун басканы белгисиз. Ушу тапта Турат Мадылбековдун артынан белгисиз бирөөлөр аңдууга алып атканы кабарланууда. Кызык, Бакиевдин деле заманы өттү го, ким аңдыйт азыр?.. Баса, Турат мырза криминалдарга аеосуз күрөш ачууга белсенип, "Ата Мекен" партиясынын 11-тизмесине катталуу менен депутаттыкка аттанып туру. Эми Тукең депутат болсо, балээнин баарын баштап, уюгушкан бандиттердин сырын ачат (!) дегендей коркунучтар жаралып атыптыр. Мына ушунун натыйжасында полковниктин айласын табууга аракеттер көрүлө баштадыбы? Айтор, курч суроолор арбын. Таңгалычтуу десең, Т.Мадылбековду бийлик күчкө салып, саясый аренадан жоготкону атабы, же бандиттердин да "сценарийи" барбы? Мындай табышмак аз күндө жарылчудай...






кыргыз тилиндеги гезит "Учур"




Яндекс.Метрика