Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Күч берен

Асыл АБДЫЖАПАР:
"Каспаров менен бир тактада ойноону самайм"
Асыл 5 жашынан шахматка кызыгып баштаган. Алгач 3-класста окуп жүргөндө өлкөнүн өспүрүмдөр арасында чемпиондукту жеңген. Атактуу Борис Гендлерде машыгып жүрүп, арышын кеңейтип, шахматтын көп сырларына чөмүлгөн. Азыркы күндө FIDEнин чебери даражасына жетишип, эл аралык мелдештерден да уучу кур эмес.

- Асыл, шахматка канча жаштан баштап кызыкса болот?
- Менимче кичинекей кезден эле башташ керек го. Мисалы, мен 5 жашымда өз алдымча жакшы ойноп калгам. "Досторум менен топ тээп көчөдө дардаңдап жүргөндөн көрө, акыл-эсти өстүрө турган оюн менен алек болуу керек" деп шахматка кызыгуум арта баштаган.
- Бул оюнду алгач ким тааныштырган?
- Атам. А киши да шахматты "катырбаса" да бир топ эле жакшы ойноп коет. Партиялардын башталышын жакшы талдай билет. Менин биринчи устатым десем да болот.
- Биринчи мелдешке кандай куракта аттандың?
- 9 жашымда биринчи жолу мелдешке катыштым. Кыргызстандын биринчилиги болчу. Өзүм курактуулардын арасында биринчи орунду жеңип алдым.
- Ал жеңишиң таттуу болсо керек?
- Ооба. Чечүүчү турда ар бир жүрүштү көпкө эсептеп, тариздеп, кылдат ойногон болчумун. Атам мелдешке кошо келип, мени сүрөөнчүлөп турду. Санаага батып атканын сезип турдум. Натыйжада, күч аракетим акталып, жеңишке жетиштим. Атам жаныма келип, мени кучактап, сүйүнүчүн койнуна баткыза албай, көз жашылап да кетти окшойт. Ал абалды эч качан унутпайм.
- Шахматка кызыккан адамдын кандайдыр бир жөндөмү болуш керек го?
- Ансыз болбойт. Мисалы, ар бир адамга табият белгилүү мерчемде талант берет. Аны өз убагында жакшы деңгээлге жеткирүүдө талыкпай эмгек кылуу зарыл. Эмгектенбесе бир нерсеге болгон жөндөмү өөрчүбөй калат. Табияттан берген талантын өчүрүп алат. Мен ушундай деп түшүнөм.
- Белгилүү шахматчылар математика илимин жакшы өздөштүргөн дегенге кандай карайсың?
- Оюндун маңызы ушунда жатат. Жүрүштөрдү эсептөөдө математика илими зор кубат берет. Кээде алдын-ала жүрүштөрдүн бир нече вариантын так эсептеп чыкпасаң, ийгиликке жете албай каласың. Анүчүн математиканы "чага" билүү керек.
- Ушу кезге чейинки ийгиликтериңди санай кетсең?
- Кыргызстандын 6 жолку чемпиону болдум. Анын ичинде өспүрүмдөр, жаштар жана чоңдор арасында болуп. Бир жолу Азия чемпиондугун жеңгем. Ал турнир Бишкекте өтүп, жашы 18ге чейинкилер менен ат салышкам.
- Спортто жүргөн адам күн сайын машыгып туруу зарыл. А сен шахматка күн сайын канча убакыт бөлөсүң?
- Ар кандай. Мисалы, бир режимди кармап туруу кыйын. Кээде башыңа бир нерсе "тык" дей түшсө, бир күнкү убактыңды бөлүп, такта үстүндө үңүлүп кечке отура бересиң. Кээде эки күн катары тактаны көргүң келбей калат. Колдон келсе күн сайын жок дегенде 4-5 саат убактыңды чегерип койсоң жаман болбос эле. Табыңа келип турганга.
- Бир нерсени айтчы, кандай учурда күүңө, табыңа келип, бардыгын утуп, кандай учурда колуңан эч нерсе келбей калат?
- Мелдеш учурунда маанайың көтөрүңкү болуп, атаандашыңдын ойноо ыкмаларын күн мурунтан талдап, даярданып койгон болсоң, анда ийгилик коштоп турат. Эгер ошо күнү маанайың пас же бир жериң ооруп турса, анда мындай эле ойноп кое бересиң. Анда жакшы жыйынтык бере албай калышың мүмкүн.
- Дүйнөдө атагы чыккан шахматчылардан сага кимиси жагат?
- Гарри Каспаров менен Михаил Ботвинник. Бул адамдар шахматта көп эмгектенип, жакшы көрсөткүчтөргө жетише алган. Алардын ойноо ыкмалары да кызыктуу. Каспаров такта үстүндөгү таштарды бир маселеде карманган жолду тандап алып, атаандашка күтүүсүздөн чабуул кое билгендиги менен берки шахматчылардан айырмаланып турат. Анын ушундай көз карашта оюн көрсөтүүсү мага абдан ынанымдуу. Эгер мүмкүнчүлүк болуп калса ушу киши менен бир тактада ойноону самайм.
- Кыргыз шахматчыларынын келечеги барбы?
- Келечеги бар. Анүчүн азыркы өсүп келаткан жаш муундарга жакшы машыктыруучу керек. Марк Дворецкийге окшогон.
- Сени азыркы учурда ким машыктырып атат?
- Азыр машыктыруучум жок. Мурун Борис Гендлер деген адам эле. Ал кишиде машыгып жүрүп ушундай даражага жеттим. Жакында агайымдын көзү өтүп кетти.




  Теннис

Данияр менен Жамила
Өткөн апта аягында Кыргызстандын биринчилиги аяктады. Эркектер арасында финалдык мелдешке Данияр Дулдаев менен Денис Сиротин теннис талаасына чыккан. Данияр өз атаандашын буйдамга келтирбей "жайлап", өлкөнүн чемпиондугун жеңип алган. Андан соң, кыз-келиндер арасында финалдык таймаш болгон. Анда Жамила Дүйшеева атаандашы Нелли Буюклянованы да аргасыз абалда калтырып, таймашты утуп, чемпиондук наамды багындырганы маалым болду.

Саида боордош кыздарды "жанчып"...
Алматы шаарында болгон эл аралык мелдешке Саида Кудусова аттуу жердеш кызыбыз катышып келди. Ал жерде Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан республикаларынын 20дан ашуун күчтүү кыздары "карсылдашкан". Бир гана мелдештен алдырганы болбосо, калган боордош кыздарды "жанчып" салган. Жыйынтыгында бардыгынан көп упай топтоонун негизинде турнирдин жеңүүчүсү аталган.

Кол кармаш уруш
Өлкөнү багындырган кыз-жигиттер
Республика биринчилиги эки күнгө созулуп, анда эркектер жана кыз-келиндер өз ара күч сынашты. Мында эркектер арасында Сулайманкул уулу Турат (52 кг), Рыспек уулу Эрлан (56 кг), Рустам Ибрагимов (60 кг), Субанбек Божоев (65 кг), Рафаэль Физиев (71 кг), Нурлан Азимбаев (78 кг), Чыңгыз Нусупов (86 кг), Урмат Жумабеков (95 кг). Ал эми кыздардан болсо, Төлөкүн Абдуллаева (52 кг), Алина Карасартова (56 кг), Наргиза Даутова (65 кг), Гүлзат Мусабаева (71 кг) жеңишке жетишкен.

Бокс
Советтер Союзунун Баатырын эскеришти
Чымкент шаарында Советтер Союзунун Баатыры Каракозу Абдалиевдин жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш өттү. Биздин жердештерден алтоосу аттанып, анын ичинен Асыл Назаралиев (49 кг) алтын медалды мойнуна таккан. Өмүрбек Малабеков (56 кг) күмүшкө илинген. Сергей Паренко (91 кг) болсо коло медалды багындырган. Калганы куржалак кайтышты.

Футбол
Көзачык Паулдун күнү бүттү
Немистердин Оберхаузен шаарында жайгашкан "Зеелайф" аквариумунда жашаган атактуу көзачык осьминог Пауль бул дүйнө менен кош айтышты. Болгону эки жыл өмүр сүргөн. Анткени менен Түштүк Африка Республикасында өткөн футбол боюнча дүйнөлүк биринчиликте кайсы команда чемпион болорун так аныктагандыгы менен атагы жер жүзүндө калды. Эми анын ордун артында калган жалгыз "уулу" ээлеши ыктымал экенин аквариум ээлери жар салып ийишти. Анын да өнөрү "атасынан" кем калбайт имиш.







кыргыз тилиндеги гезит "Учур"




Яндекс.Метрика