Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Тайкы тагдыр

Үшкүрүк, үмүтсүз күндөр, үч түп алма
7-апрель ызасы, көз жашы дале тыйыла элек. Акыркы шайлоо алардын ызасын жаңырткандай болдубу, айтор, кайра ый, ыза, кусалык... Баястан Дооталиев да жубайын, уулун кусага салып, ошол күнү бул дүйнө менен ок жеп кош айтышкан.

Баястан менен Венера 2004-жылы баш кошушкан. Венера эскергендей, Баястан дайым "жакында баары жакшы болот, баары өзгөрөт" дечү... Баястан Дооталиевди жубайы Венера көз жашын дале тыя албай, төмөнкүчө эскерет:
...Эки жыл мурун далай батирлеп жүрүп, Кочкор районундагы Дөң-Алыш айылына көчүп барганбыз. Боюмда болуп, доктурга көрүнгөнү февралда келдик эле. "7-апрелден кийин кетебиз, ага мен сөзсүз катышам" деп болбой атканынан айылга кайра кайтпай жүргөнбүз. Тайманбаган, оюндагысын тартынбай айта берген, айтканынан кайтпаган адам эле. "Оппозицияга көп барасың, сени да бийликтин кишилери бирдеке кылып кетишпесин" десем, "Мен эч нерседен коркпойм, өлүмдөн да коркпойм" дей берчү.

***
7-апрель күнү саат жетилерден өтүп күйөөм Кара-Жыгач конушунан Форумга жөө кеткен. Балдар телефон чалып аткан эле. Ошол кезде ата-энемдин үйүндө болчубуз. Теледен Данияр Үсөнов сүйлөп аткан. Үч-төрт саат өтпөй, аянттан түз алып көрсөтүлүп, алдыда алгалап кыйкырып аткан Баястан анда-санда көрүнүп калып жаткан. Телевизордун алдынан чыкпай отуруп калдык. Жамандык эч ойдо жок. Бир милийсаны элдер сабайбыз деп атканда ага болушуп, анын колун көтөртүп, "Эл менен" деп атканы бир көрүндү. Бир маалда теледен "эл жеңди" деп көрсөтүп калышты. Кайра-кайра алаксытып телефон чала бербейин деп жөн койгом. Кеч болуп кеткенинен бир чалсам, телефону өчүк болчу, "жеңишти белгилеп жүрсө керек" деп дарбазаны ачык калтырып уктап калыптырмын. Эртеси да жок, жаман ой түк келбеген. Өлөрүн билсем, ошол жакка жиберет белем?! Телефон чалсам, айылдаш иниси жооп берип, Баястанга ок тийгенин кабарлады. Өлгөнүн айталбай, "больницадабыз" деп коюптур. Республикалык ооруканага келсек, ал жакта жок. МОРГго жөнөтүштү. Көрсө, саат 4төрдө оң жамбашына ок тийип, 7-апрель күнү кечинде эле эки жолку операциядан соң үзүлүптүр. Биринчисинде огун алып, экинчисинде врачтар бутун кесе тургандыктарын айтышса, башын ийкеп, бирок, эч нерсе деп сүйлөй албаптыр. Жаңы ок тийгенде көтөрүп келген төрт бала менен сүйлөшсөм, ок тийгенден кийин алардын жанына аксап басып келип: "мага ок тийди" деп эле артын көздөй жыгылган дешти. Титиреп, аларга деле башка эч нерсе айталбаптыр.

***
Азыр мага жашоонун деле кызыгы түгөндү. Эч нерсенин кереги жок болуп калды. Дайыма түшүмө кирет. Өткөндө бир түшүмдө "кетпечи, мага жардам кылчы" деп жалдырасам да болбой, мени кучактап, "жок, мен кетишим керек" деп узап атыптыр. Жакында уулум бешке чыгат. Нурсултаным атасыз, мен жаштайыман жесир калдым. Боюмда да бар болчу эки айлык. Баястан каза болгондон кийин, 21-апрелде боюмдан түшүп, өзүм да өлүмдөн калдым. Айла жок, не кылабыз, бирок, Баястанды эрте алып кетти ажал. Баласынын окуганын, үйлөнүп-жайланганын көрүп, анан кетсе эмне?! Өзү да жарык дүйнө менен эрте кош айтышып, мени да бактысыздардын арасына кошуп кетти. Бактым колдон учуп кетти. Жашоого да үмүтүм жок, жашагым да келбей калды. Өзүмдү да өлүмгө кыйгым келет... Мени аябай жакшы көрчү Баястан. Дайым жакшы сөздөрүн айтып, "мен жашабайм, кетем" деген күндө да жакшы нерселерден үмүткөр кыла берчү. Башкы прокуратура менен аянттын жанынан маршрут менен өткөн сайын балам: "Ата "тах" дей берет, ошол жактан өткүм да келбей калды.

***
Баястандын атасы да, агасы да 90-жылдары киши колдуу болуп бир күндө каза табышыптыр. 2005-жылы кайын эжем автокырсыкка кабылып, арабыздан кетти. Баарынан да 80 жаштагы кайненеме кыйын болду. Азыр жанында күйөөмдүн биринчи келинчеги бар. 9-апрелде аны таап, алып келишкен. Ага жолуктум, ал мага эч нерсе дебеди, мен ага унчуккан жокмун. Талаша турган Баястан жок. Буту кесилсе да, тирүү калганы мага тирек болмок. Баястан өлгөн жок дейм, артында төрт туягы калды. Биринчи келинчегинен эки эркек, бир кызы бар. Ага да каниет. Канча жапжаш балдар да каза тапты. Мындай күйүткө баткандан көрө, ичтен күйгөндөн көрө, бензин куюнуп өрттөнүп күйүп кеткен жакшы тура.

***
Баястан беш жылдан бери Өмүрбек Текебаев, Алмазбек Атамбаев, Темир Сариевди колдоп, алар уюштурган митингдерге катышчу. Бул кишилерди кысымга алганын угуп, же теледен чыгарбай калгандарына кейип, "көрөсүң, биз баары бир жеңебиз, эми жеңебиз" дей берчү. "Кереги жок, койсоңчу, же айлык албасаң, ошолор менен жүрө беребизби" деп аны урушуп калсам, баары жакшы болоорун айтып, жооткотуп койчу. 2009-жылы оппозиция Таласка барган болуш керек эле, анда Баястан да балдарды чогултуп жөнөткөн. Ошолордун алдында жигиттерди намыска чакырып сүйлөгөн окшойт. Үйгө келгенде бир топко толкунданып, көпкө айтып жетине албай жүрдү. 6-апрель күнү Таластын көтөрүлгөнүн угуп, эртең катуу күрөш болот. "Кудай буюрса, биз жеңебиз" деп күндүн жаңырышын күтүп аткан. Эртеси өлөрүн билгенсип, ошол күнү үч түп алма алып келип, ата-энемдин үйүнө катарынан отургузган. Көрсө, ошол үч түп алма анын уулум экөөбүзгө калтырган мурасы тура.

***
Баястан да "Бакиев бийлигин кулатсак, жакшы жашоо келет" деп ойлочу. Уулум чоңойгондо жашоо оңолсо экен, атасы көрбөгөндү уулу Нурсултан көрсүн. Ден- соолугумдун начардыгынан иштей да албайм. Кыргызча никеге туруп, ЗАГСка да турган эмеспиз. Курулуп аткан үйдөн бир бөлмөнү уулума жаздырып беришсе дейм, метиркасы турат. Менин көзүм өтүп кетсе, бирөөгө кор болуп, турмуштун катаалына кабылышын каалабайт элем. Жок дегенде чатыры болсун деген гана ой келет. Балам азыр беш эле жашта, өзү акча таап, иштегенге жараганча дагы кеминде 15 жыл бар. 7-апрелде оппозицияны эл колдоп, бири уулун, бири инисин, бири агасын жоготуп, кан жутуп атса, кайра бакиевчилер бийликке келгенин кантип көтөрөбүз?.. Ошончо баланын өмүрүн алып кеткен күрөш менен келген бийлик элдин баарын ыраазы кылат дедик эле. Тилекке каршы, бакиевчилерге кенен-кесир шарт түзүп берип атканы кандай?! Биздин минтип ичибизден өрттөнүп атканыбыз аларга бир тыйын болуп калгандай сезилип атат...

Жазып алган
Айым НУРЖИГИТОВА






кыргыз тилиндеги гезит "Учур"




Яндекс.Метрика