Кыргыз гезиттери



  Жар-жар...

Виртуалдык дүйнө реалдуу турмушка айланганда...
Сакадай бою, жагымдуу авазы бар ырчы Айпери СЫДЫКОВА ушул айда ак жоолук салынды. Шоу-бизнестин дагы бир күйөө баласы аскер, тагыраак айтканда, чек ара кызматкери. Экөөнү социалдык түйүндөгү "Мой мир" баракчасы табыштырган. Анда кеп эки жашта...


Айпери СЫДЫКОВА: - Менин баракчамда 5 миңге чукул адам катталган эле. Мейл-агенттен досторума жооп бергенге үлгүрбөйт элем. Бир күнү Мирзамир Сыдыков аталган баракчада достук сунуштады. Мейл-агенттен жаза баштады. Адегенде тоготкон жок элем, көңүлүн калтырбайын деп жооп жазып жүрүп, кандайча ортодо жылуу мамиле жаралып калганын байкабай калыпмын. Бирок, агезде ырчы экенимди билген эмес.
- Ошондо "Мой мир", башкача айтканда, виртуалдык дүйнө да акыры кол кармашууга алпарат экен да...
- Ооба, буга биз экөөбүз күбөбүз. Эгерде виртуалдык дүйнөдө кандайдыр бир өзгөчө мамиле пайда болуп, аны өз убагында реалдуу турмушка өткөрсө, аягы баш кошууга алып келет экен.
- Ырчы экенин укканда, Мирзамир, кандай кабыл алдың?
Мирзамир СЫДЫКОВ: - Сүрөттөрүнө карап, фотомодель деп ойлогом. Ырчы экенин билгенимде, мени менен карапайым сүйлөшкөнүнө таң калгам.
- Айпери чыгармачыл жан, аны түшүнүү аскер адамына кыйын болсо керек... Же андай эмеспи?
- Келинчегимдин чыгармачылыгын түшүнүү менен кабылдайм. Анткени, бала чагымдан музыкага жакынмын. Андыктан, Айперини түшүнүү жана анын ырчылык потенциалын ачууга мүмкүнчүлүк берүү мен үчүн кыйынга турбайт. Ырдаганына эч каршы эмесмин, бирок гастролго чыкпайт.
- Ош окуясы маалында, угушумда, Мирзамир кызмат үстүндө, сен Ошто - окуя курчуган райондо болгонуңдан кабардарбыз. Балким, ошондо бири-бириңер үчүн баркыңар ансайын арта түшкөндүр...
Айпери: - Ошол окуяга чейин Мирчик Баткенден Ошко которулуп, бирок, приказ чыга элек болчу. Кандуу кагылыш башталгандан тарта экөөбүз бири-бирибизге сарсанаа болуп, телефондон тынбай кабар алышып турдук. Экөөбүз бири-бирибизге жете албай, мамилебиз ого бетер бекемделди. Окуя басаңдап калганда гана Ошко келди.
- Фамилияңардын окшоштугу кызык...
Айпери: - Менимче, тилегим орундалды окшойт. Себеби, турмушка чыксам да фамилиямды эч өзгөртпөйм дечүмүн.
- Айпери кандай келин, Мирзамир кандай күйөө бала болуп берди?
Мирзамир: - Айперинин кызганчаактыгы эле болбосо, ойдогудай жар. Апама ойдогудай келин.
Айпери: - Мирчик ата-энемдин үчүнчү күйөө баласы. Арасынан орус пейил, салтты анча жакшы биле бербеген күйөө бала. Мен эрке болгон соң, Мирзамир дароо эрке күйөө балага айланды окшойт.
- Катуу тартипте жүргөн жигит сени да катуу кармаган жокпу, Айпери?
- Мирзамир катуу тартипте жүргөн менен мүнөзү жумшак. Мага аяр мамиле жасайт, эгер бирдеке жакпай калса, көзүнөн эле байкап, убагында оңдоого аракет кылам. Бардык адамдарга тегиз, сылык мамиле жасайт.
- Эми пландар кандай? Ырчылык кандай өнүгөт? Же үйбүлө кутун кармоо көбүрөөк мааниге ээби?
- Мен үчүн үйбүлө биринчи орунда. Андан ашкан убакытты гана ырга бөлөм. Себеби, ырчылык мага хобби. Бирок, албетте, чыгармачылыкты калтырбоого тырышам.

Айым НУРЖИГИТОВА




Ит агытып, куш салмай

Улуттун улуу мурас өнөрү сизди күтөт

Кыргыз эли өз алдынча мамлекет, эгемен өлкө болуп кайра жаралып, түптөлө баштаганы кылым карыткан улуу мурастарыбыз көөнөргөнсүп мунарыктап, башкалардын түбөлүк энчисине ооп кетип жаткандыгына күбө болуп ичтен сызып, аны да сабырдуулук менен көтөрө билгенсип келебиз. Болбосо Айкөлүбүз Манасты ЮНЕСКОдон башкалар каттоодон өткөргөнү, ак калпакка, боз үйгө, бозого башкалар ээлик кылууга далалаттанып жатканын ким билбейт?
Өзгөчө акыркы жылдары элдин ашкере саясатташып, башкаларга финансылык жактан көз карандылыгыбыз улам тереңдеп, өз алдынча мамлекет болуу колунан келет-келбейт деп турган чакта, "кыргыз элине бүгүн эмне керек, кантебиз?" деп ойлонгондору бар болсо, баарынан керектүү, баарынан ыйык, өзгөчө зарыл нерсе - бул элдик бекем ынтымак, ынтымак алып келчү улуттук ырыскы дегибиз келет.
Албетте, азыр элдин көңүлүн башка нерселер өзүнө буруп турат. Кантсе да эл өзү баалап, билип, эл болуп сакталып калуу үчүн саясат дагы, кайсы бир лидер дагы эч нерсе кыла албастыгын, байлык менен бийлик көч узай электе жок болуп кетчү бир күндүк нерсе экендигин өз көзүбүз менен көрүп келебиз. Ошентсе да, кыргыз элинин канына сиңген кайдыгерлик, азыркы учурда мүнөз болуп бара жаткан, түшүнүп-түшүнбөй эле бирөөнүн таламын талашып, топтолуп алып ар кай жерде чындык издегенсип жүргөнүбүз улуттук каада-салттын абийирсиз бир жаңы түрүнө ээ болгонубуздун далилиби (?) деп тунжурап кетесиң.
Быйылкы жылдын жазы далай эр азаматтардын канына забын болду. Мамлекеттик аянт канга жуулса да, элибиз октон жалтанбай бийликти өзү кулатты. Ошол шейит кеткен жигиттер кыргыз элинин шерлери, баатырлары, алар ушул аянтта элге майрам тартуулап, жорголорду - кыргыз жылкысын ат жабдыктардын асылдары менен жасалгалап, улуттук кийимдерди кийип алып, колуна кондурганы бүркүт, шумкар, ээрчиткени кыргыздын тайганы болуп даң салып, улуу Ала-Тоого көрк кошуп, эл алдында оюн салып турса болбойт беле? Биз ошондо ким болмокпуз? Кылым карытып, түгөнгөн сайын түтөгөн, өлгөн сайын тирилип шердиги, баатырдыгы менен бирге айкөлдүгү бабасы Манастан калган, алабарман ак көңүл, башкаларга өзүндөй ишенген, бийлик күчүндө, байлыгы чексиз, башкаларга өлсө да көз каранды болбогон кыргыз элинин тукуму болмокпуз.
Болмокпуз, болорбуз. Биз дагы эле кыргыз деген ат менен, "кырып бүткүс" деген ошол сөз кадырын түшүнгөн эрдиги бар эси жок эмес, эрдиги бар ырыскылуу журтка айланалы деген түшүнүк ниет менен "Санат-Кумай" федерациясынын "Ынтымак" фестивалын уюштуруп, бардыгыңыздарга тартуулап турабыз.
Адам атанын баласы алгач бекеринен жан-жаныбарлар аркылуу бул дүйнөнү өзүнө баш ийдиргиси келбегендир. Ошол жан-жаныбарлардын алгачкысы жылкы тукуму, андан соң ит тукуму болуп улана берген делет уламышта. Башкаларга караганда кылымдарды карыткан кыргыз эли ушул сапаттардан кур эмес, жылкыны таптап, тайганды барктап, куш үйрөтүп, аң уулап, далай сырдуу дүйнөнүн эшигин ачкан эмеспи. Аны ошол сырдуу дүйнөгө баш багып, ошол сырдуу дүйнө адамга эмне бере турганын сезе билгендердин аңгеме уламыштарын угуп олтуруп, күн батып, таң атканын сезбей улуу көчтүн жүрүшүн улап келген кыргыз элинин өзүнө таандык каада -салттарынын калыбы бузулбасын, калкыбыз кайрылып, өзүнүн жаралуу башаты аркылуу баш-аламан бул дүйнөдө жоголуп, жоюлуп кетүүдөн сакталып калсын (!) деген түбөлүктүү милдетти моюнга илип, бул улуу дагы, оор дагы жолго түшүп алдык.
Сакталып калалы дедик, эл болуп биригип, ынтымак менен калабалуу кырсыктарды жеңип, урпактарыбыз үчүн Манас дүйнөнү, кыргыз дүйнөнү таанытып, унутулуп калбастын камын көрүп сакталып калалы дедик. Мына ушинтип турганда ким колдойт, ким коргойт (?) дегенде эл бар эмеспи, биз башкаларга көрүнө турган улуу сапаттарыбыз бар эмеспи, эл ичинде жүрөгү эл деп соккон атуулдар бар эмеспи дедик. Бул улуу өнөр дүйнө, бул кайра жаралуунун башаты, бул биз менен сиздин эртеңкибиздин тунук булагы. Дүйнөнүн калыбынан жазылбай сакталып турушу, мына ушул түбү тереңдерге кеткен, өрнөктүү элдин улуу мурастарына айлана турган элдик өнөрлөрдө деген ой бекемделип барат.
Эмесе окурман ой бөлүштүк, эми биз тартуулап турган "Ынтымак" фестивалына келип жорго салыш- жарышына, алгыр куштардын оюн-тамашасына, тайгандардын карышкыр, түлкү алышына күбө болуп, кыз-куумайды кубаттап, кан кызытып шамалга жарышып, өзүңүздү Ала-Тоонун бийик аскасында турган кыргыздын мергениндей сезип, бир жанданып, жанга күч-кубат берип, ырахат алып кетиңиз. Бул учур сизге кыргыздын уулу болсоңуз, чынында башкача сезим калтырып, көп нерсеге үмүт жаратып, шыктантып, шердентип кетерине ишениңиз. Анткени бизге, сизге бул нерселер абдан керек, ынтымак артып, улуу журт калыбынан жазылбай алдыдагы жакшылыктын ырыскысына жетели.

Бар бол, кыргыздын улуттук улуу өнөрү!
Кана эмесе, замандаш! Элибиз ынтымакка келип, "кулаалы таптап, куш салган" улуу чеберчилигибиз калыбынан кетпесин, көөнөргүс улут өнөрү башкаларга кетпесин, дүйнөгө кыргыз болуп жаралып, дүйнөнү кыргыз болуп таанып, кыргыз дүйнөсүн барктап, баалап өтөлү десек, Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданында 30-октябрь күнү, 12.00 дө башталуучу "Ынтымак" фестивалы сизди күтөт, төргө өтүп, оюнга кумарланып, бир чер жазып кетиңиз.
Фестивалды ак таңдай төкмө акындар, комузчу, дастанчы, ырчылар коштоп, көркүнө чыгарып, атуулдук ырлар ынтымакка чакырып турат.

Уюштуруу тобу




кыргыз тилиндеги гезит "Учур"