Көшөгө артынан

Розаны тиштегендер...
Айтылуу "Титаник" киносунда ажайып кыздын, махабаттын ролун даңазалаган Роза аттуу сулуу бар болчу. Бүтүндөй дүйнө жүзүнө ал периште өзүнүн жан сырын ачып берген. Биз андай махабатка суктанганыбызча, кыргыз коомчулугунун ичинде деле саясый Роза, тил табышуу машакаты болуп атыптыр. Мына кепти ушул жагынан козгойлу дедик.

Саясат ушундай кызык экен. Парламентке өткөн партия лидерлери өздөрүн жигиттин гүлү сыяктуу сезишип, кыйла эле амбицияларын ашынтып турушту. Өкмөт курамын түзүүгө баш оорутушуп. Акыры оң-солго кетип атышып, СДПК менен "Республика" партиялары кол кармашары айкындалды. Бул эки саясый күчкө "Ата Мекен" партиясы чиркешери сокурга да көрүнө баштады. Мына ушул кыргыздын келечегин түзүү вазийпасына, коомчулукту чыр-чатаксыз кармоого Өмүрбек Бабановдун салымы бар экени айтылат. Себеби, "Республика" лидерине берки партиялар көз каранды болгондой ишарат жасашып, бийлик "устукандарын" бөлүшүүгө аргасыз болгонун тана албайбыз! А эң негизгиси, Ө.Бабанов президент Роза Отунбаева менен сүйлөшүп, кыргыз элинин тагдырын колго алууну макулдашкан сыягындай. Андыктан, бүгүнкү күндө Өмүрбектин жылдызы жанып, башка оппонентерине үстөмдүк кылып атканы ачык көрүнүүдө. Бул профессионалдуулук менен ийгиликке карай чыйыр. Чын эле мындай болсо, Ө.Бабанов премьерликке көтөрүлүп, Кыргызстандын кыйырын башкарып калабы? Анда СДПК менен "Ата Мекенге" кыйын болчудай...
О.э. президенттик шайлоону утуп чыгууга Ө.Бабановдун реалдуу шансы бар экени айтылат...

Албан УЛАН






PDF формат