Былгытмадан

К. Байболов кимдерге коркунучтуу?
Өткөн жумада Башкы прокуратура К.Бакиевдин жакындарынын мүлкүн камактан чыгарган прокуратуранын айрым кызматкерлерине кылмыш ишин козгогондугу тууралуу маалымат тараткан. Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура К.Бакиевдин үйбүлө мүчөлөрүнүн, жакындары В.Белоконь, М.Надель, Т.Турдумамбетов, Е.Гуревич жана башкалардын мүлкү менен банк эсептерине коюлган камак айрым прокуратура органдарынын жооптуу кызматкерлери тарабынан негизсиз алынган деп аныктаган. Натыйжада, мындай чечимдердин кесепетинен мамлекетке ири суммада зыян келтирилген. Мунун негизинде Башкы прокуратура тарабынан 12-октябрда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып менен прокуратуранын айрым кызматкерлерине кылмыш иши козголуп, Башпрокурор Кубатбек Байболовдун буйругу менен алар ээлеген кызматынан бошотулган. Ошентип, Кубатбек мырза былыктарды тазалап баштаган болчу.
Байболовдун мындай аракеттери айрымдарга жакпай калды көрүнөт. Анын артынан эле мурунку Башпрокурор Байтемир Ибраев маалымат жыйын өткөрүп, бир сыйра чычалап алгандай болду. Ал азыркы Башпрокурор Кубатбек Байболовдун ишмердүүлүгүндөгү чекиликтерди иликтөө боюнча комиссия түзүү тууралуу демилге козгоп атканын айтты. Мындай комиссия түзүү боюнча катты президент Роза Отунбаевага да жөнөтүптүр. Б.Ибраевдин айтымында, Кубатбек Байболов мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жан-жөкөрлөрүнүн айрымдарынын иштерин жеңилдетип аткан имиш. Таң каласың, бакиевчилердин мүлктөрүн камактан чыгарып атышкандарга кылмыш козгоп, кызматынан алып атса, алардын иштерин жеңилдетип аткан болобу? Мындай шартта Байтемир Ибраевдин коюп аткан дооматтары суу кечпей атпайбы?
Башка Башпрокурорлор келери менен зам-памдарын кошо ыргытып, тазалай баштаган өнөкөтү бар эмес беле бизде? Байболов башкалардан айырмаланып, эч кимисин куугунтуктабай, "таза иштесеңер мен баарыңар менен иштешүүгө даярмын" деп айтканы эле көп нерсени түшүндүрүп атпайбы? Башпрокурордун эки орун басары - Р.Бактыбаев менен аскер прокурору Айбек Тургамбаев азырынча өз ордуларында иштеп атканы буга далил. Эскерте кетсек, бул орун басар прокурорлорду Байтемир Ибраев коюп кеткен.
Ал эми Байтемир Ибраевдин 7-апрель окуясына байланышкан кылмыш иштери боюнча койгон дооматы дагы негизсиз. Анткени, бул иш Байболов келгенге чейин эле тергелип бүтүп, сотко жиберилген болчу. Ал кылмыш ишине ылайык, Бакиевдин тушундагы айрым чиновниктерге "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып коюлган болчу. Жакында эле Байболовду элге, анын ичинде ошол айыпталып аткан экс-чиновниктерге жаман көрсөткүсү келген прокуратуранын айрым өкүлдөрү "киши өлтүрүүгө катыштыгы бар" деген айыпты кошуу максатында, соттон ишти кайтарып алышкан. Эми бул Байболовдун эмес, ошол Ибраевдин жандоочуларынын иши болуп атпайбы?
Көрсө, таза иштеген адам эч кимге жакпайт көрүнөт. Азыр прокуратуранын айрым өкүлдөрүнө кылмыш козгоп баштаса, бул иштин изи менен барып, балким, ошол Байтемир Ибраевдердин, же балким Бекназаровдордун кулагы чыгып калат деп коркуп жатышкандай...
Бул боюнча прокуратура органынын тергөө бөлүмү менен байланышсак, бул маалыматты тактап беришти.
Көрсө, 25-октябрда апрель окуясы боюнча сот процесси өтө турган Спорт сарайынын даяр эмес экенинде эмес, ишти прокуратура органдары соттон суратып алышып, кайра тергеп, Малеванаяга, Жороевге, Сатыбалдиевге жана Турсункуловго адам өлтүрүү боюнча кошумча айып койгону жатышыптыр. Анан бул боюнча жаңы тергөө тобу түзүлүптүр. Эми кайрадан башаламандык башталат экен да.
Мындан жыйынтык чыгарууга болот. Демек, прокуратура органы каалаганда соттон ишти суратып алып, каалаганда кайра жөнөтүп кое берсе, ишенимдин кеткени да. Ал эми бул жерде жабырлануучулардын укугу тебеленип кала береби? Же болбосо, Спорт сарайы даяр эмес экен деп күтүп жатыша береби?

Акыл Бактыбеков

P.S. Дал ушул Башкы прокуратуранын "ички оюндары" туурасында кызыктуу кеп кийинки саныбызда.




  Маңкуртизм менен ташизмден арылабызбы?

Кулов менен Ташиев 7-апрелге сыйынса...
"Жалганда акыйкаттык болобу?" - бул адамзаттын жер каймактагандан бери башын катырып келаткан түбөлүк суроосу. Бирөө иштейт, экинчиси анын эмгегинен жан багат. Бирөө курат, экинчиси аны талкалап баса берет. Бирөө адилеттик деп жанын курмандыкка кыят, экинчиси жылуу коңулдан чыга келип, такты талашат...

Мындай мисалдар ушул эле алакандай Кыргызстанда толтура. 2005-жыл. Эл толкуп, көпкөн жекебасар бийликти кулатты. Кайдан-жайдан Барыктабасов келе калып, "келе мага бийликти?" деп талашып жатып калганы.
2010-жыл. Эл толкуп, көпкөн хандык бийликти кулатты. Барыктабасов кайдан-жайдан жетип келип, "келе мага бийликти?" деп талашканы.
Тагдырдын тамашасын карабайсыңбы, ошол апрель күндөрү жылуу коңулда бугуп жаткандар түштөн кийин чыга келип, "келе мага бийликти?" деп жатканы. Ал аз келгенсип, хандык бийликти түптөшкөндөр түштөн кийин "бүт жумурай журттун тагдырын биз чечебиз" деп жөөлөп турганы.
Чакан ГЭСтер боюнча дирекциянын башчысы Феликс Кулов 62ге дээрлик пайгамбар жашка чыкты. Акаевдин кордугун тартып, түрмөдө жатты, "абийир туткуну" аталып. Биз, журналисттер менен укук коргоочулар "ал кишини бошот, эл-журтка баш-көз болчу инсан ушу" деп артынан канча чуркадык? 2005-жылы Бакиев менен тандемге барып, премьер болду. Ошондон тарта бул кишинин биз билбеген сапаттары, чабал жактары көрүнө баштады. Айтылуу Рысбек: "Эй, Кулов, эркек болсоң, чык бери, бир-бирге сүйлөшөбүз" деп турду го, майданда. Генерал-премьер үн дебей башын катып отурду. Ошондо бир эсибиз ооду, эгер эл башчылары коён жүрөк болсо, биз эмне кылабыз (?) деп.
2006-жылы демократиялык оппозиция Бакиевди парламенттик Конституцияга кол коюуга мажбурлап, бийликтин жарымын Кулов премьерге алып берсе, ал киши аны жиреп кетпей, өзүнөн башка эч ким түшүнбөгөн оюн ойноп жатып алганы. Бакиев кайра эски Конституцияны калыбына келтирип жатканда "эми бир гана Кулов каяша айтат, анын артынан эл ээрчийт" деп күттүк. Ал киши "лам" деп койбоду.
Андан көп өтпөй Бакиев жекебасар бийлигине биртике жолтоо болуп жаткан тандемдешинен кутулуу үчүн "желим генерал-премьерди" ЖоКенин колуна салып берип, эки жолу, кыргызча айтканда, "күлгө оонатып" туруп, Акүйдөн акырын сыртка чыгарып койду. Башканы билбейм, Кулов дегенде ичкен ашымды жерге койгон менин көз алдымда генералдын погонундагы улам бир жылдызы түшүп отурду...
Анан Фекем (биз бул кишини эркелетчүбүз) апрелде "бийликти тынч жол менен өткөрүп алуу" акциясын баштады. Бүт дүйнө "бийликти алуунун өмүрү көрүп-билбеген бул жолу кандай болду экен?" деп кызыгын салып карап турду. Бакиев ага бийликти өз сыйы менен бермек түгүл, ар жерден ташып келген колдоочуларын туш-тушка чачыратып кууду. Генералыбыз бир же эки жолу эл алдына көрүнүп коюп, жылт койду. Ошондо милийсадан качып бараткан бир аялдын "Кулов деп катын башыбыз менен келсек, бизчелик да жүрөгү жок неме турбайбы" деп каргаганы бар. Фекебиздин апрель авантюрасынын айынан аз жерден Түндүк-Түштүк кагылышы чыгып барып токтогон...
Анан эле "Ар-намыстын" лидери намыстанбай эле, улуу сөздө уят жок, богу менен тең Максимге барып, кичи ГЭСтерди сурап турганы. Ошондон кийин ал кишинин партиясынын намысы да, генералдык акыркы жылдызы да мен үчүн өчтү.
Азыр бу киши апрелде кан жуткан балдарыбыздын арты менен кайрадан бийликке келгени жатат. Таянганы - Орусия. Добуш бергендери - аз улуттун өкүлдөрү. Бу кишини мамлекеттин жана кыргыздардын тагдыры эмес, бийлик гана кызыктырарын бечара кыргыздар аңдап калышты. 20 жылда эне тилин (эне тили экенинен кээде күмөн да санап кетет киши) үйрөнө албай же үйрөнгүсү келбей койгон саясатчы каяктан кыргызга күйөт эле, чынбы? Шайлоо бүтөрү менен Москвага тызылдаган бойдон жөнөгөн Кулов эртең эгемендигибизди Орусияга сатып жиберсе эмне болот (?) деп суроо салгандар андан көп? Азыр журт ичинде Кулов премьер болсо, ал Кыргызстандын арын да, намысын да сатып, Орусиянын Маңкуртия автономиясын түзөт деп кабатыр боло башташты...
Эмки кеп Камчы Ташиев жөнүндө болсун.
Туура, бул кыргыз деп күйгөн жигит. Бирок, Лейлекте "биз Бакиевди алып келебиз" деген сөзү үчүн жооп бериши керек, анткени, ал саясатчы. 2006-жылы парламенттик Конституцияны ЖоКе бекитип болуп, Гимн ойноп жатканда "позор эле позор" деп көшөкөрлөнгөнү көпчүлүктү ойго салып койгон. Кийин ӨКМдан кубалап, артына кылмыш ишин калбыр кылып илишти - башкалар эмес, дал ушул Бакиевдер. "Ата-Журт" ушундай чырбаш, элди ары-бери бөлүп жиберүүгө жөндөмдүү саясатчыдан арылмайын (!) парламентте жана анын тегерегинде тынчтык болору арсар. Тили заар орус журналисттери "Ата-Журт" алдыда келери менен "Кыргызстанда ташисттер бийликке келди!" деп жазып жиберишти. Азыр ойду-тоону сүйлөгөн, жоопкерсиз, жалаң жылаңач улутчулдук жана жердештик маанайды күчөтүү менен упай топтогон Ташиев эми бүт жумурай журтту башкарабы (?) деп жүрөгүбүз түшүп отурабыз.
Эгер апрель революциясы болбогондо, Бакиевдер Куловдун "Ар-намысын" биротоло тебелеп, кичи ГЭСин оюнчук кылып карматкан бойдон, эки жылда пенсияга кетирип салышмак. Ошо эки жылда "желим генералыбыз" Максимдин кабинетинде "ал качан кабыл алат, отчет берет элем" деп отурганын көрмөкпүз.
Эгер апрель революциясы болбогондо, Ташиев май сатуу менен шугулданган катардагы коммерсанттардын бири бойдон калмак да, чоң саясатка бет алды дегиче, Бакиевдер артындагы калбырын чыгарып, кайра кынына киргизип коюп турмак. Апрель болбогондо "Ата-Журт" деген партия болмок эмес.
Айтор, азыр Кулов менен Ташиев апрелде курман болгондордун эстелигине ар бейшемби күнү куран түшүрүп турса, Кудайга жагарлык иш, адамгерчилик болор эле. Эгер кырчындай кеткен ал жигиттерибиз болбогондо экөө тең чоң саясатка кайра тирилип келмек эмес.

Адилет КеҢеш уулу