Күч берен

Эл аралык чеберлерин такшалткан Ратбек
Ратбек Мамбетов 20 жылдан ашуун грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу болуп иштеп келет. Бул мезгилде дүйнөнүн чаңын сапырган балбандарыбыз Данияр Көбөнов, Ренат Усупжанов, Азиз Бейшалиев дагы толуп аткан чеберлерди даярдаган. Ратбек өлкөнүн жаштар арасында грек-рим күрөшүнүн балбандарынын устаты. Жакында дене-тарбия күнүнө арналган салтанаттуу иш мааракеде Кыргыз Республикасынын президенти Роза Отунбаеванын өз колунан "Даңк" медалын сыйлыкка алды.


- Ратбек, мына азыр эле Роза Отунбаева өз колу менен "Даңк" медалын сага тапшырды. Кандай сезимдер көкүрөгүңдү аралап атат?
- Аябай толкунданып атам. Жон териме батпай. Бир четинен күтпөгөнмүн. Бирок, бир жума мурун кулак какты кылып айтышканда, кубанып алган элем.
- Машыктыруучулук ишти качан баштагансың?
- Дене-тарбия институтун 1990-жылы аяктап, алгач Талас жергесинен баштагам. Айылдагы балдарды такшалтып, алардын арасынан келечектеги чемпиондорду даярдоо үмүтүндө. Аңгыча Союз ыдырап кетти. 1996-жылы баш-учту жыйыштырып, ордо калаадагы Республикалык олимпиада атлеттерин даярдоочу окуу жайга келип алдым.
- Бул жумушка өтөрдөн мурда, өзүң да күрөшүп жүргөнсүң да?
- Күрөшүп жүргөн маалда олимпиада чемпиону болбосом да, студенттер арасында 1985-жылы бүткүл союздук мелдеште биринчиликти жеңип алгам. Жыйынтыгында СССР спортунун чебери наамын беришкен. Ал кезде мындай көрсөткүчтөргө жетишүү кыйын эле. Эмне дегенде, 15 союздук республиканын эң кыйын атлеттери менен күрөш килемине чыгып, анысы аз келгенсип СССРдин 52 килограмм салмак ченинде чемпиону болуу сыймыктуу нерсе болчу.
- Балбан болуу кыйын бекен же балбандарга машыктыруучу болгонбу?
- Машыктыруучу болуу кыйын. Бул жерде бир кыйла жоопкерчилик мойнуңа жүктөлөт. Карамагыңдагы ар бир балага атасындай мамиле кыласың. Ар бир балага жеке көз-карашта машыктыруу жол-жобосун таап, иштөө кажет. Аларды мелдешке даярдоо учурунда көздүн карегиндей кароо керек. Ден-соолугу, маанайы жана курсагы токпу же ачпы(?) дегендей маселелерди тыкыр баамдап турасың. Жада калса таймаш учурунда да балбаныңа таамай кеңештерди берип, кай жерден ката кетирип атканын жана кай жагына ык коёрун айтып туруу зарыл. Көрө билип, сезип... Ал эми балбандын иши салыштырмалуу жөнөкөй. Машыктыруучунун айтканын так жана таза аткаруу. Жеке керт башыңа жооп бер. Мелдеш учурунда устаттын койгон режиминен жаза тайба.
- Кол алдыңдагы балбан балдардын жараткан ийгиликтеринен айта кетсең?
- Окуучуларымдын арасынан эң бийик деңгээлге жеткендерден Данияр Көбөновду айта алам. Эки жолу Азияны утту. Эки жолу Азия оюндарында бир күмүш, бир коло медалды жеңген. Жакында эле дүйнөлүк чемпионатта да коло медалды багынтып келди. Ренат Усупжанов аттуу балбаным жаштардын дүйнөлүк биринчилигинде коло медалга татыган. Азиз Бейшалиев да ушундай көрсөткүчкө ээ болгон. Азат Эркинбаев Азия оюндарына катышып, бир да жолу куржалак келгени эсимде жок. Байгелүү орундардан уучу кур эмес дегеним. Жаш балдардан да бар. Быйылкы Азия чемпионатында эки окуучум барып, чемпион болуп келишти. Аманбек уулу Аскат, Самат Эркинбеков.
- Балдар менен иштөөдө бардык шарттар каралганбы?
- Биздин эң көйгөйлүү маселебиз ушунда жатат. Сырт жакка барганда башка өлкөнүн балдарынын машыга турган жерин көрүп, билип, арданып да кетем. Шарттары сонун. Бардык жагынан заманбап ылайыкталган. Базалары мыкты. Бир эле жерде машыгып, бир эле жерден тамактанып, медициналык көзөмөл, эс ала турган жерлери чогуу. Бизде андай деңгээлде эмес. Бирок, "кыргыз кабырга менен эт туураган" деген кеп бар эмеспи. Чыга турган, жыйынтык бере турган бала аки-чүкүсүнө карабайт. Бүгүнкү күндөгү жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөткөн балдардын жоон тобу РУОРдо тарбияланган. Ал жерде салыштырмалуу түрдө шарт каралганга байланыштуу Канат Бегалиев, Руслан Түмөнбаев, Данияр Көбөнов сыяктуу балбандар чыгып атпайбы. Эгер бу балдар айыл жергесинен чыкпай машыкканда, мындай жетишкендиктерге жетет беле(?) деген суроо туулат. Кичине болсо да шарт болгондугунан биздин балбандардын ийгилиги ушундай болуп аткансыйт. Мүмкүн өлкөбүздүн экономикасы көтөрүлүп, бай жашаган учурда төрт тарабы төп келген жерлерде машыгып каларбыз. Ал күндөр деле алыс эместир. Үмүт этип туралы.
- Данияр Көбөнов бир жылдан ашык Америка жергесинде болуп келди. Сиздин баамыңызда кандай өзгөрүүлөрдү байкай алдыңыз?
- Кичине өзгөрүүлөр бар. Албетте, жакшы жагына. Себеби, ал жерде жөн эле жүрбөстөн машыгууну күчөтүп, табынан чыкпаптыр.
- Лондон олимпиадасына күчү жетеби?
- Аны убакыт көргөзөт. Азыртан айтуу эртелик кылат. Бирок, экөөбүздүн максатыбыз ал жерде кыргыздын желегин желбиретип, багынтуу болуп саналат.





Футбол
"Дордой" чемпиондуктан кол жууйбу?
КРнын биринчилигинин сапары карыды окшойт. Бу жолу чемпиондук наам Кочкор-Атанын "Нефтчи" курамынын мурдунун учуна келип калды. Анүчүн акыркы турда Бишкектин "Шер" клубун жанчып алса болду. Анда, жер каймактагандан бери так талашта карсылдашып келген "Дордой" менен "Абдыш-Ата" клубдары күмүш медаль үчүн салгылашат. Эгер ал күнү "жер астын-үстүн" болуп кетпесе. Бүгүнкү күндө "Нефтчиде" 40 упай, "Дордой" менен "Абдыш-Атада" 39дан упайлары бар.

Кикбоксинг
Евразия чемпиондугу Алексейде
WBKF жааты боюнча кесипкөй мушташтын турнири Благовещенск шаарында өттү. Кыргызстандык Алексей Федосеев бул таймашта финалга жергиликтүү мушкер Анатолий Потиенкого чыгып, буйдалтпай утуп алган. Өз кезегинде Леша 2008-жылы Европа чемпиондугун алган.

Бильярд
Каныбекке эч ким туруштук бере алган эмес
Эркин пирамида түрүнөн дүйнө биринчилиги өттү. Ал Германиянын Виллинген шаарында болгон. Биздин жердешибиз Каныбек Сагынбаев да бул мелдешке катуу даярданып барган. Анын акыбети кайтып, финалда атаандаш катары чыккан Россия шар аткычы Павел Кузьминди 7:2 эсебинде "өпкөсүн үзгөн". Ошентип аякка мөрөй талашканы барган сүрмө топтун ичинен Каныбекке эч ким туруштук бере алган эмес.

Жеңил атлетика
Сатымкул Жуманазаровду жаркын элесине арналып...
Ордо калаанын Спартак стадионунда Москва олимпиадасынын коло медалынын ээси атактуу жөө күлүк Сатымкул Жуманазаровдун жаркын элесине арналган жеңил атлетика боюнча эл аралык турнир өттү. Бу жерге Тажикстандан Казакстандан жана өлкөбүздүн булуң-бурчтарынан атлеттер билектерин түрүп, шымалана байгеге "жүткүнө" жетип келишкен. 3 күнкү таймашта жеңүүчүлөр аныкталды. Анын кээ бирлеринин аттарын атай кетели. 5 км. аралыкта Виктория Полюдина, 1000 м. Татьяна Борисова, 1000 м. Илья Мухин, 400 м. Артем Быков, Юлия Ходыкина, 100 м. Алексей Аюкасов, Анна Буланова, 10000 м. Артем Косинов.