Башкы ролдо

Эрнияз Анарбай уулу, скульптор:
"Устанын тогосу жок"
Бизде замандын талабына ылайык, кыргыздын колоритин, каада-салтын чагылдырып, кооз эстеликтерди жасаган жаш скульпторлор саналуу гана. Ошого карабастан, алардын эмгеги бааланбай келет. Бир топ жылдан бери "ЭРН АРТ" дизайн студиясын жетектеп, мамлекеттик деңгээлдеги статуя, эстеликтердин автору аталган жаш скульптор Эрнияз Анарбай уулун кепке тартык.

- Эрнияз, мындай өнөрдүн ээси болуп калышыңызга ким түрткү болгон?
- Бала кезимде достор менен ойноп калганда ылайдан, чоподон ар кандай фигураларды жасаганды жакшы көрүп кызыкчумун. Жайлоого чыкканда таш чогултуп, жыгачтардын жакшысын иргеп, өзүнчө эле жаратылыштын баласындай болуп ага жакын өстүм. Мындайча айтканда, баладай болуп оюнчук менен ойнобостон, таштардын коозун, жыгачтардын сулуусун, ылайдын коюусун издеп эле жүрчүмүн. Аларды бир нерселерге окшоштуруп, өзүнчө ат коюп алчумун. Албетте, "жалгыз дарак токой болбойт" деп коёт го. Менин балалык таза талантымды байкап, азыркы деңгээлге жеткирген атам Анарбай, апам Рабы чоң салым кошту. Мага багыт берип, керектүү каражаттар: пластилин, аппликация, боёкторду алып берип, бул өнөргө кызыгып калышыма чоң түрткү болушту. Азыркы тил менен айтканда, ата-энем мени моралдык-материалдык жактан колдоп келаткан продюсерим десем болот. Турмушума чоң жаңылык киргизип, окуу жайга окутуп, талантымды таптаган атама өмүр бою ыраазымын. Менин ийгиликтеримдин жаралышына Тургунбай Садыков атындагы Улуттук Көркөм сүрөт Академиясынын мугалимдеринин салымы чоң. Себеби, мен беш жыл бою академиянын скульптура факультетинде билим алдым.
- Скульптордун эмгегин көпчүлүк түшүнө бербесе керек?
- Скульптура - катылган музыка деп айтылат. Музыканы - музыканттар үн менен беришет, сүрөтчүлөр - боёк менен чагылдырышат, актерлор - жараткан образын көрсөтүшөт. Ал эми скульпторлор - обонду, музыканы, сүрөттү, образды - форма аркылуу жасап беребиз. Элге жеткириш үчүн анын чырайын чыгарып, ошол катылган музыканы таап чыгышыбыз керек.
- Сиздин эмгектериңизде жылкы жаныбары көп экен...
- Туура байкагансыз. Эмгек жасап жатканда, эң негизгиси, кыргыздын нукура колоритин, салт-санаасын бекем сактап, ар бир жасаган буюмума кошуп кетем. Ат адамдын канаты дегендей өзүм бала кезимден атка абдан жакынмын. Адамдын анатомиясын окуп үйрөнгөндөй эле, аттын да анатомиясын үйрөнбөсө өтө татаал. Бардык эле скульпторлор оңой менен аттын формасын жеткире чагылдыра албайт.
- Скульпторлор арасында симпозиумдар өткөрүлүп турабы?
- Жаш болсом да көп эмгек жасадым десем болот. Майда-барат белекке берилүүчү сувенирлерди кошпогондо мамлекеттик деңгээлде эл аралык симпозиумдарга бир нече ирет катыштым. Кыска сөз менен айтканда, Кыргызстандын ар бир жеринде менин чоң иштерим бар. Биз жасаган буюмдарды көбүнчө башка улуттун өкүлдөрү сатып алышат. Азыркы күндө жасаган иштерибизди көрүп, жогорку суммадагы акчаларын сунуштап, чет өлкөлөргө чакырган каттар интернет аркылуу да көп келип жатат. Кандай гана болбосун өз элимдин "ултаны" болууну каалайм.
- Кыргызстандын аймагында эмгектерим бар дебедиңизби. Сиздер жасаган эстеликтерге мамлекет тарабынан гонорар төлөнөбү?
- Биз буга чейин чыгармачылыгыбызды көрсөтүш үчүн бир топ эмгектерибиз үчүн гонорар алган эмеспиз. Мамлекет үчүн заказдар берилип калса, аларга эмгек акы төлөнөт. Ошто жайгашкан Алымбек Датканын эстелигин жасаш үчүн толук бир жыл эмгектендим. Албетте гонорар төлөнгөн. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айтсам, азыркы күндө скульпторлордун эмгегине мамлекет эч кандай маани бербей, керек болсо биздин бар экенибизди билбегендери өкүнүчтүү. Биз жасаган кыргыздын унутулуп бараткан сонун буюмдарын, керемет колоритин баалабай, аларды коңшу мамлекеттер сатып алып, биздин нукка окшоштуруп идеябызды уурдап жаткандарына ичим күйөт. Учурда дагы деле кыргыздын колоритин сактаган эмгектерди жаратып, "Кыз куумай", "Көк бөрү", "Ат чабыш", "Мөөр" ж.б бир топ улуттук оюндарды чагылдырган чакан скульптураларды жасоодомун. Биздин оюндар казактардыкына окшошуп кетет го, ошон үчүн алар дайыма мага заказ берип турушат.
- Чыгармачылык эргүү болбосо, оюңардагы буюм жасалбаса керек?
- Эми ар кандай болот. Мисалы кээде уктап жатып чоочуп ойгонуп, бир нерсе жасагың келип кетет. Ар бир чыгармачыл адамда эргүү болот да. Атайын кол кычышып турган маалда жасаган жумуштар өзгөчө, көрктүү башкага окшошпогон композициялар болуп өзүңө аябай жагат. Ал эми азыркы базар экономикасына ылайык казактардан, башка улуттардан заказдар келгенде өзүңдү кыйнап жасаган учурлар болот. Демек, булар чын көңүлдөн чыккан идеяга окшошпойт. Сүрөтчү бир күндө бир сүрөт тартпаса, ал сүрөтчү эмес дешет го, же болбосо спортсмендер машыкпай койсо, алардын күчү кеткен өңдүү биз да ар дайым изденип, күнүгө жок дегенде эскиздерин түзүп турбасак, өнөрүбүздү жоготуп коюшубуз ыктымал. Бир эстеликти ондон ашык адам жасагандыктан, кемчилик кетирбегенге аракет кылабыз.
- Скульптурага керектелүүчү материалдарды кайсыл жактан алып келесиз?
- Сапаттуу мрамор таштарды Өзбекстандан өзүм алып келем. Кыргызстанда деле таштардын бир нече түрү бар. Бирок, аларды кесип, тазалап, даяр кылуучу техникалар жок. Ошондуктан, даяр таштарды чет жактан алып келебиз. Андан сырткары Пекинде иштеген достор менен келишим түзүп, чоң долбоордун үстүндө иштейин деп, Кытайдан скульптурага керектелүүчү жабдыктарды, аппараттарды алып келейин деген пландарым бар. Келишимдерди иш жүзүнө ашырып алсам, буюрса, шаардын борборуна скульптура боюнча өзүмдүн жеке фирмамды ачам. Чет өлкөлүктөр биздин улуттук оюндарга, каада-салтыбызга, улуттук буюмдарбызга абдан кызыгышат эмеспи.
- Ар бир жасаган эмгектериңизди кантип сактап каласыз?
- Жасаган эмгектерди бирден сактап койгонго эмнеге болбосун? Бирок, тилекке каршы, менин андайга азыр шартым жок. Анткени, бир скульптуранын баасы болжолдуу түрдө беш миң доллар турат. Ошондуктан, азырынча ар бир жасаган композицияларымды жөн гана сүрөткө тартып алуудамын.
- Эми учурдун талабына аба менен суудай керек болгон дизайндык иштериңиз тууралуу айтсаңыз?
- Скульптурадан тышкары дизайн тармагында да иштеп келем. Дизайн деген сөздүн мааниси ыңгайлуулук, көркөмдүк, сулуулук, жаңылоо, кыскасы жаңы идеяны берет да. Азыркы күндө скульптура боюнча заказ жокко эсе болгондуктан, дизайн жагына өтүп, элдин ишеничине кирип, жарнама иштери боюнча иш алып барам. Өзүмдүн "ЭРН АРТ" аттуу дизайн студиям бар. Он бешке жакын адам эмгектенет. Андан сырткары академиянын студенттерине тажрыйба катары үйрөтүп, бир жагынан акча төлөп берем.
- Жаштар департаментинин мамлекеттик сыйлыгына илиндиңиз беле?
- Азыр ал сыйлык Чыңгыз Айтматов атындагы болуп калбадыбы. Өзүмдүн эмгектеримди карап отуруп, эки жыл катары менен документтеримди тапшыргам. Эч кандай жыйынтык болгон жок. Менимче, жасаган эмгегиңди көрсөтпөй эле, акча берип, ортого тааныш-билиш салсаң алат окшойсуң. Анткени, колунда бар адамдар, анан да мурунку жылы алгандар кайра алып жаткандарына караганда. Ошентсе дагы, быйыл дагы аракет кылып, мамлекеттик сыйлыкка эмгектеримди көрсөтүп жатам.
- Дизайнердин үйү кандай болду экен?
- "Устанын тогосу жок" дегендей, бул суроону досторум да тийишип көп беришет. Анан үйгө келип көрүшкөндө "дизайнердин үйү ушундай эле болуш керек эле да" деп күлүп калышат. Эки бөлмөлүү үйүбүз, чыгыш стилинде жасалган. Кыскасы, кайсы буюм кандай туруш керек, үйдүн жасалгасы кандай болуш керек экени менин табитиме ылайыкталган. Келинчегим менен жаңы төрөлгөн кызыма колумдан келишинче мыкты шарт түзүп бергем.

Айнура Касымова