Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/1014_9.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/1014_9.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/1014_9.htm on line 2


п»ї
  Добул

Аликбек Жекшенкулов, "Акыйкат" партиясынын лидери:
"Биз утканда да шайлоону тааныбайт болчубуз"
Шайлоодо утулган айрым партиялар анын жыйынтыгын жокко чыгаруу аракетин көрүүдө. "Акыйкат" партиясынын лидери А.Жекшенкулов "Азаттыкка" маек курду.

- 10-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы белгилүү болуп калды, сиздин партия шайлоонун жыйынтыгын тааныйбы?
- Жок, биз тааныбайбыз. Анткени шайлоонун кандай өткөнүн элдин бардыгы билет. Бул жерде эң негизги өксүк - бийликтин алсыздыгы болду. Экинчиден, акча менен добуш сатып алмай, участкалык жана райондук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн сатып алмай көрүнүштөрү шайлоого терс таасирин тийгизди.
- Эл аралык байкоочулар, барктуу уюмдардын өкүлдөрү, ири державалар Кыргызстандагы шайлоо болуп көрбөгөндөй тунук жана демократиялуу өткөнүн, атүгүл Борбор Азияга үлгү болорун айтып жатышат. Сиз аларга каршысызбы?
- Мен кошула албайм. Анткени алар айсбергдин үстү жагын гана көрүп, ылдый жагын көрүшкөн жок. Албетте мурунку шайлоолорго салыштырмалуу бир топ эле жылыштар болду, каттоо жана даярдык маалында. Ал эми шайлоого эки күн калганда паракорчулук жана криминал жанданды.
- Эгерде сиздин партия бул шайлоодо жеңишке жетип, парламентте бир канча орунга ээ болсо, жогоруда айтып жаткан фактыларды келтирип, "бул шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолду, шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз" деп айтып чыгат белеңиз?
- Албетте. Анткени баары жакшы деп атып мына ушул абалга келдик. Мындан ары саясый абал дагы курчуйт. Анткени эл арасында нааразычылык аябай көп. Анткени, кечээ күнү эле бийликке таза, жаңы адамдар келсин деп, кайра эле эски саясатчылар, элдин кызыкчылыгын саткан, коррупцияга малынган адамдар келди.
- Сиз эми шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну көздөйбүз деп жатасыз. Бул максатыңарды кандай жол менен жүзөгө ашырасыңар? Көчөгө чыгып, акцияларды уюштуруу мененби же мыйзам чегинде, сот органдарына кайрылуу жолу аркылуубу?
- Баары мыйзам чегинде болот. Өзүңүздөр билгендей мен кыйналып жүргөндө да мыйзам чегинде иш кылгам, азыр да мыйзам чегинде иш кылабыз.

Эдил Сапарбек, "Азаттык"




  Көкбөрү

Ишенбай Абдыразаков, коомдук ишмер:
"Орун талаш болсо эл үмүтү акталбайт"
Коомдук-саясый ишмер И. Абдыразаков уткан партиялар баягыдай эле тытышып, орун талашып отурса, анда эл үмүтү акталбайт деп эсептейт.

- Ишенбай мырза, айрым бир саясатчылар бул шайлоонун жыйынтыгы өтө күтүлбөгөндөй болуп калганын, "Ата-Журт" партиясы, же болбосо кечээ эле бийликтен кулаган Бакиевдин тарапкерлери башкалардан озуп чыгып, кайра бийликке келип атканын айтып чыгышты. Сиз кандай ойлойсуз, "Ата-Журт" партиясына шайлоочулардын басымдуу бөлүгү эмне үчүн добуш берди?
-Менин оюмча, аларды бакиевчилер же андай эместер деп кесе айтууга болбойт, анткени азыр Бакиевдин убагында жогорку кызматтарда иштеген адамдар жүрөт. "Ата-Журт" партиясында көбүрөөк. Бирок ошентсе да аларды бакиевчилер деп айтуу туура эмес болуп калат. Менимче, бул шайлоонун мындай жыйынтыгы күтүлүп деле аткан. Биринчиден, кыргыз элинин арасында аймактык, кландык аң-сезим азыркыга чейин эле күчтүү, экинчиден июнь окуясынан кийин булар түштүктө өздөрүн информациялык-пропагандалык жактан көрсөтүп алышты. Бул канчалык туура болгонун ким билет, бирок бул дагы партиянын кадыры үчүн чоң роль ойноп кетти. Үчүнчүдөн, бул шайлоонун жыйынтыгына эки-үч чоң фактордун мааниси чоң болду.
-Мисалы?..
- Биринчиси, албетте шайлоо өнөктүгүн өткөрүүдө маалыматтык уюштуруу иштери, үгүт чоң роль ойнойт. Бул шайлоодо дал ушул маалымат, өзгөчө сырт жактан келген маалыматтар чоң роль ойноп кетти. Бизде шайлоочулар өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө көбүрөөк ишенбей, сырттан келген маалыматтарга ишенип кеткен учурлар көп болот. Мына ушул азыр бизде абдан таамай көрүнүп калды. Дагы бири - каржылык ресурстар. Реклама, барган жеринде ар кандай шоуларды жасоо, дагы башка каржыга таянган аракеттер элге таасир бербей койгон жок, муну да эске алышыбыз керек. Жалпысынан айтканда мурдагы шайлоолорго караганда бул жолу административдик ресурс азыраак колдонулду, ошондуктан биз бул шайлоо мурдагыга караганда ачыгыраак, калысыраак өттү деп айтсак болот.
- Айтсаңыз, көп жылдардан бери оппозицияда жүргөн, апрель окуясына чоң салымы бар "Ата Мекен" партиясы аз добуш алып калышына эмне себеп болду? Кээ бирөөлөр аларга үгүт өнөктүгүнө чет мамлекеттердин кийлигишүүсү түрткү болду деп атышат?
- Чет мамлекеттер шайлоого түз кийлигишип, каржылык жактан жардам бергенин айта албайм, бирок кыйыр түрдө кийлигишкени -факт. Анткени шайлоо өнөктүгү жүрүп жатканда айрым өлкөлөрдүн башчылары ачык эле кайсы партияны колдоорун, кайсынысына каршы болорун кыйыр түрдө, бирок элге жетерлик кылып айтып койду. Экинчиден, "Ата Мекен" партиясы өзүнө көбүрөөк ишенип кетти окшойт, өз мүмкүнчүлүктөрүн жогорураак баалап алышты. Мындай учурда тескерисинче сак болуп, ар бир айткан сөзүн, жасаган кыймылын, койгон максатын элге кененирээк, тереңирээк айтып берүү жагы солгунураак болуп калды. Бул бир жагы. Негизинен бул жолу чет жактан үгүт, ал эле эмес, саясый үгүттүн таасири күчтүү болду.
- Менин айтайын дегеним, "2007-жылы апрель окуясынан кийин кадыр-баркы түшүп кеткен "Ар-намыс" партиясын Орусия улам үгүттөп жатып, кулагынан тартып чыкты, ошол эле учурда кайсы бир телеканалдар аркылуу "Ата Мекен" партиясынын лидерин каралоо аракеттери болуп жатканы чоң роль ойноп кетти," деген пикирлер бар.
- Эл баарын көрүп жатат. Эл кээде абдан кыраакы көз менен карап, баасын берет. Сиз айтып жаткан ойлорду да "андай эмес" деп айтуу да кыйын. Мында көп чындык бар.
- Үстүбүздөгү жылдагы апрель окуясына же мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бийликтен кулашына көп салымын кошкон лидерлердин партиялары көп добуш ала алышкан жок. Мисалы, Темир Сариевдин, Азимбек Бекназаровдун, Жекшенкуловдун дегендей... Булардын чачырап кетиши буга түрткү болдубу же дагы башка себептер барбы?
- Туура айтасыз, менимче да ошондой болду. Булар мурдагы президентке каршы болобуз деп биригишкен эле. Бирок апрель окуясынан кийин бийликке келгенде алар ар кимиси ар кандай позицияда экенин көрсөтүп коюшту. Экинчиден, булар ушундай өткөөл кезде баары биригип, сөз табышып, бир фронткобу же лагергеби биригип, бир топ болуп чыгышса, чоң ийгиликтерге жетишмек. Андай болгон жок. Мындан тышкары убактылуу өкмөттүн кээ бир мүчөлөрү өздөрүн эл алдында терс жактан көрсөтүп койду.
- Айрым байкоочулар "Ата-Журт" партиясынын алдыга озуп чыкканын да дал ушул убактылуу өкмөттүн кемчилигине таяп, бул элдин убактылуу өкмөттүн жасаган ишине берген жообу деп баалап жатышат...
- Бул жагынан алганда убактылуу өкмөт да өздөрүн эң мыкты кылып көрсөтө алган жок. Бирок азыр эң негизгиси - биздин саясый багытыбыз кандай болот, мына ушул. Президенттик башкарууну кайрадан ордуна келтирели деген менимче, туура эмес, анткени эки жолу көрдүк, болбойт экен. Мына азыр парламенттик жолго баралы деп атабыз, мунун да кыйын жактары, татаал жактары көп, аны моюнга алыш керек. Бирок ушунун негизинде азыркы шайлоонун мурдагыдан көбүрөөк ачык, калыс болгону - жаңы жолго баратканыбыздын натыйжасы болуп жатат. Азыркы саясый лидерлер өздөрүнүн баягы илгерки оорусун карматпай, биринчи элди ойлошу керек. Мамлекеттин стратегиялык курсу кандай болот, аны саясый жактан кантип алып барабыз деген суроолор менен улуттун келечеги, улуттун кызыкчылыгы, намысына көбүрөөк көңүл бөлүп, ушул жагынан тил табышып, иштеп кетет го деген менин үмүтүм бар. Эгер баягыдай эле тытышып, бири-бирин жамандап, орун талашып отурса, анда элдин үмүтү акталбайт.
- Мына алдыга озуп чыкты деген партиялар парламентке келген учурда коалиция түзүү деген маселе бар. Бирок СДПК менен "Ар-намыс", ошол эле учурда "Ата-Журт" менен "Ата Мекен" партияларынын лидерлеринин "башы бир казанда кайнабастыгы" айтылууда. Кандай болушу ыктымал, сиз кантип боолголоп жатасыз?
- Булардын саясый деңгээли ушундан көрүнөт. "Ата-Журт", "Ар-намыс" партиялары СДПК менен "Ата Мекенди" бийликтин партиясы деп көп сындашты да. Ошондуктан, алардын булар менен түздөн-түз биригип кетиши кыйыныраак болот, бирок "Ата-Журт" менен "Ар-намыс" бириксе деле парламенттин көпчүлүгүн түзө албай калат. Ошондуктан, азыр СДПК менен "Ата Мекен" бир канат, ал эми "Ата-Журт" менен "Ар-намыс" экинчи канат болуп турат. Булардын ортосунда "Республика" кайда барат, бул дагы көп мааниге ээ. Эгерде булар мен жогоруда айткандай, өлкөнүн келечеги жөнүндө көбүрөөк ойлосо, булар деле келишпес душман эмес, жалпы, ортодогу калыс, элге кызмат кыла турган саясый багытты таап, ушул боюнча иштейли десе, дагы бир вариант болот.

Замира Кожобаева, "Азаттык"





кыргыз тилиндеги гезит "Учур"









??.??