Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/1014_8.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/1014_8.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/1014_8.htm on line 2


п»ї
Асыран Айдаралиев Финляндияда!
Кыргызстандан муунтулган сөз эркиндигинин азабын жеп, чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болгон журналисттер арбын. Ошолордун көч башында Асыран Айдаралиев турат. Бул байкебизге учурунда кылмыш иши козголуп, бакиевчилер үйүнө чейин издеп барып, камакка алууга аракет кылышкан. Бактыга жараша, Асыран мырза андай өкүм зордуктан кутулуп чыккан. Бирок, ал кийин "УЧУР" гезитине баяндамачы болуп (2009-жылы), дагы да кысымга кабылган эле. Анан акыры "тойдум байдын кызына!" дедиби, айтор, чет өлкөгө баш паанек сурап кетүүгө мажбур болгону чындык. А.Айдаралиев кыйла эле кыйынчылыктарды көрүп, былтыр өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Азыркы тапта ал Финляндия өлкөсүнөн башпаанек алып, үйбүлөсү менен ошол жакта. Азырынча Кыргызстанга кайтууга ниети жок. Ал кыйналууну ушунчалык баштан өткөрдү, эми да Кыргызстанга келип, сазга сорулгусу келбейт экен...




К. Бакиев: "Айрым партиялар менден колдоо сураган"
Бул тууралуу "Азаттыкка" берген маеги учурунда билдирген мурдагы президент Курманбек Бакиев партиялардын аттарын атоодон баш тартты. Ал коомчулукта айрым партияларды колдоп жатыптыр деген сөздөрдү четке какты жана Кыргызстанга жакында келүү оюнда жок экенин билдирди. "Эң биринчиден, Кыргызстанды тынчтыкка алып келген, элдин камын көргөн коалиция түзүлсө жакшы болмок. Эгер партия лидерлери бир үстөлгө отуруп, сүйлөшө албаса анда кайра эле элдин шору", - деди экс-президент К.Бакиев.


Темике жакында катуу кеткени калды...
"Акшумкар" партиясынын лидери Темир Сариев добуш сатып алуу менен жеңишке жеткен оппоненттерине жини келип, куйкасы катуу курушканы байкалды. Ал таза шайлоо үчүн күрөшкөнү, элдин эрки менен тандоо болот дегени жаңылыштык катары көрүлдү. Дал ушул шайлоодо Темике 7 миллион доллар сарптаганы айтылууда. Мынчалык чоң акча адамды капага батырат, өзгөчө жеңишке жетпей калса кыйын да. Бирок, табиятынан өжөр Т.Сариев алдыдагы саясый күрөштөргө катуу киришери, реваншисттерге карата катуу таасир берип, алардын жолун бөгөй турганы байкалды. Албетте, Түндүк катмар Темикени ээрчип кетери ажеп эмес. Эмесе, жакында бакиевчилерге дагы бир сокку жаралат дейлиби? Күтө туралык. Т.Сариевдин маанайы өтө жаман болууда...


Данчиктин үйбүлөлүк сырларынан...
"Булбул" деген сайтта Данияр Үсөновдун баласынын үйлөнүү тоюнда тартылган видео жүрөт. Той жомоктун негизинде сахналаштырылып, кайран Данчик актерлук шыгын көрсөтүптүр, эй! Өзү королдун, аялы Динара Исаева королеванын кийимин кийип. Баштарында таажы. Уул-келини да ушинтип жасанып алган. Кыскасы үлпөт тойду өткөрүүгө оңой эмес каражат жумшалгандай. Кызыгы, бу маалда карапайым кыргыз эли "свет кымбаттайт" деп жүрөкзаада болуп, Даниярды каргап жатышпады беле? Айтмакчы, Динара Исаева Даниярдын экинчи аялы. Белгилүү адамдардын айтымында, Данияр баласын үйлөп жатканда, баланын өз энесин ал жерге жолотпой койгон имиш. Сыягы, Динара таарынат десе керек. Бирок, той бүтөр замат уул-келинин үйүнө алып барбай, биринчи аялынын үйүнө кийрип коюп кетип калыптыр. Мына мамлекетти башкаргандардын чыныгы жүзү. "Үйбүлө чакан мамлекет" дечү беле? Үйбүлөгө ушундай мамиле кылгандар, мамлекетти жыргатабы? Акыры булардын таз кейпин көрдүк го...


Бул парламент көпкө узабайт...
Беш партия жаңы парламентти толуктаганы турат. Бирок, булардын амбициялары, о.э. так секирмей адаттары бар эмеспи. Парламентке келе турган "Ата-Журт", СДПК, "Ар-намыс", "Республика", "Ата Мекен" партиялары бири-бири менен башынан чабышып келишкен. Булар ич ара келишип, коалиция түзгөн күндө да, чатак ырбайт. Бири-бирин теңсинбейт. Акыры өздөрүн-өздөрү жеп, чилдей тараганга шарт түзүлөт. Албетте, бул бир жарым жылдын аралыгында боло турган көрүнүш. А эң негизгиси, "Ата Мекен" менен СДПКдан бөлөктөрү (шайлоодо жеңгендерден) түптүү партия катары саналбайт. Алардын туруктуу колдогон электораты жокко эсе. Ошондуктан, бул Жогорку Кеңештин тамыры бош болот. Бир катуу шамалда, элдин күтүүсүз толкунунда омкорулуп түшөт. Кудай буюрса, ал күн да алыс эмес...


Ө.Суваналиев элге нааразы
"Комиссар Каттани" атыккан Өмүрбек Суваналиев парламенттик шайлоодон жеңилгенине катуу өкүнүп, шок абалында калганы каңкууланды. Ал ушул жеңилиши менен бир топ убакытка саясатка кайрылбасын кыйытыптыр. Биздин коомго, элге нааразы болгондой кейип жаратып. Адилетсиздикке баш чайкап. Бирок, баары бир Өмүрбек мырза саясаттан сүрүлбөйт го. Жакынкы күндөрү "УЧУРга" интервью берүүгө ниетин билдирди...


"Окопто" жаткан генералдын тактикасы
"Ата-Журттун" анабашысы Мыктыбек Абдылдаев эми чындап чээнден чыкты көрүнөт. Бу байкебизди убагында экс-ажолор жакшы эле эркелеткен. Майталкан орундарга кондуруп. Бирок, ал эки бийлик менен тең тил табыша албады. Акаевдин убагында Мыкени биринчи леди өгөйлөгөнүн уккан элек. Кийин КурСалиевич бийликке келип, Мыкенин жылдызы жанган эле. Президенттик администрацияны калчап. Тилекке каршы, ал жерди деле көпкө байырлабады (Угушубузга караганда, ЖанСалиевич экөөнүн ортосун кара мышык аралаган). Ушундан кийин Мыкенин бийликтен көңүлү калып, далайга маанайы пас жүргөнүнүн билебиз. Кайсы бир атактуунун тоюнда ордун тартып алган Медет Садыркуловду столду айланта кубалап, "охрана" деп кыйкыртканы болбосо көрүнбөй калган. Атургай белдүү азаматтарыбыз камалып, сабалып, куулуп-сүрүлүп жатканда да калыс сөзүн айтканга жараган эмес. 7-апрелде чырактай балдар атылганда да "лам" деп ооз ачканын көрбөдүк. Кечээ Ош окуясында Өмүрбек Суваналиев, Кубат Байболов, Курсан Асанов, Исмаил Исаков өңдүү "погончондор" жаманбы-жакшыбы, күндүр-түндүр эл үчүн башын сайып жүргөндө, ал үндөбөдү. Кимдир-бирөөдөн корккондой сактанды. Эми болсо бир кезде өзү теңине албай жүргөн "акжолчулардын" башына келип, аларды жетектегени жатат. Көрсө, бу генералдын тактикасы ушундай тура. Согуш жүрүп атканда окопто жашынып атып, согуш бүткөндөн кийин баатыр болуп чыга келген. Деги Мыкебизди шерденткен ким? Балким Кремль болуп жүрбөсүн? Кайын-журт күчтүү болсо ушу да…





кыргыз тилиндеги гезит "Учур"









??.??