Чамгарак

Шайлоо бүттү, ким эмне дейт?
"Той болот, тойдун эртеси да болот" демекчи, көптөн күткөн парламенттик шайлоо аяктап, Кыргызстан парламенттик башкарууга аттанып турат. Эл шайлоонун тынч өткөнүнө кубанып турган чагы. Ал эми жыйынтыктары болсо башка кеп. Дал ошол шайлоонун кандай өткөнүнө байкоочулар, ар кандай саясый топтор өз бааларын беришти. Саресеп салып көрүңүз.


Кыргызстан демократия курууга даяр экенин көрсөттү
ЕККУ байкоочулары "парламенттик шайлоо Кыргызстандын элине тарыхтын жаңы барагын ачып, стабилдүү жана натыйжалуу демократия курууга даяр экенин көрсөттү" деп билдирди. Алардын айтымында, активдүү жана плюралисттик парламент демократиянын турукташына негиз болду. ЕККУнун байкоочулар миссиясы шайлоо учурунда айрым техникалык мүчүлүштүктөр, тизмеге көп жарандардын кирбей калышына байланыштуу кемчиликтер болгондугун да айтышты.

"Ата Мекен" шайлоо жыйынтыгын тааныды
Бул тууралуу партиянын тараткан билдирүүсүндө айтылат. Анда 10-октябрдагы парламенттик шайлоо негизинен тынч, мурдагы добуш берүүлөргө салыштырмалуу ачык жана акыйкат өткөнү белгиленген. Ошондой эле эски адаттарды бир заматта жок кылуу мүмкүн эместиги, айрым жерлерде майда-барат мыйзам бузуулар болгону, бирок, ал шайлоо жыйынтыгына таасир этпегени айтылат. "Тилекке каршы шайлоодо криминалдык, финансылык ресурстарды колдонуу кеңири жайылып, атаандашкан партиялар менен шайлоочуларга тыштан саясый жана маалыматтык басым да болгону байкалды, бирок буга карабай шайлоо болду", - деп белгиленет билдирүүдө. "Ата Мекен" партиясы ошондой эле Кыргызстандын жаңы тарыхында эми бийлик Убактылуу өкмөттөн жаңы шайланган парламентке мыйзамдуу жол менен өтөөрүн белгилеп, добуш берүүдөгү анча-мынча терс жагдайларга карабай шайлоо жыйынтыгын таанырын айткан.

КМШ байкоочулары: "Шайлоо таза өттү"
КМШ мамлекеттеринин байкоочулар миссиясы айрым бир маанисиз катачылыктарды эске албаганда, 10-октябрда Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоо тынч жана таза өткөнүн билдиришти. Алардын айтымында, айрым шайлоо участокторунда байкоочулар бюллетендер салынуучу үкөктөрдөн алыс отургузулганын, кээ бир добуш берүү түйүндөрүнө жакын жерде үгүт кагаздары чапталып турганын, көпчүлүк шайлоо участокторунда саясый партиялар тууралуу маалымат жоктугун билдирди.

ENEMO: "Шайлоо демократиялык жол менен өттү"
Мындай бүтүмүн эл аралык байкоочулардын уюму ENEMO билдирди. Аталган уюмдун байкоочулары 297 шайлоо участогунда добуш берүүнүн жүрүшүнө көз салышкан, мунун ичинен байкоочулар 35 шайлоо түйүнүндө шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолгонун маалымдашты. ENEMO байкоочулар миссиясынын башчысы Иван Ивкович жалпысынан шайлоо демократиялык жол менен өткөндүгүн айтып, Кыргызстанда сөз эркиндиги жакшы жагына өнүккөнүн белгиледи. Иван Ивкович шайлоонун тынч өтүшүнө ага катышкан саясый партиялардын "Жүрүм-турум кодексине" кол койгону да себеп болду деп эсептейт.

Мурдагыдай кысым болгон жок
"Демократия жана атуулдук коом үчүн" коалициясынын жетекчиси кечээки шайлоодо байкоочуларга мурдагыдай кысым-басым болбогонун, бейөкмөт, эл аралык уюмдардан, саясый партиялардан байкоочулардын көп болгону шайлоонун акыйкат өтүшүн шарттады деп билдирди журналисттерге. Ал мурдагы шайлоолорго караганда алдыга карай чоң кадам ташталды деп белгилеп, ошентсе да Ош, Нарын облустарында добуштарды сатып алуу аракеттери болгонун, ал эми Ошто шайлоочуларды ташып алып келүү фактылары катталганын кошумчалады.

"Таза шайлоо" БШК менен макул
"Таза шайлоо" ассоциациясы 10-октябрда өткөн шайлоо революциялык өзгөрүүгө жетпесе да, мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу акыйкат өттү деп эсептейт. Ассоциация бүгүн маалымат жыйынында кечээ шайлоочуларды добуш берүү түйүндөрүнө ташып келүү, добуштарды сатып алуу аракеттери катталганын маалымдады. Байкоочулар мындай аракеттер "Республика", "Бүтүн Кыргызстан", "Ар-намыс" партиялары тарабынан жүргөнүн белгилешкен.

Карусель ыкмасы колдонулду
"Жарандар коррупцияга каршы" укук коргоо борбору 10-октябрда өлкөдөгү шайлоонун жүрүшүнө мониторинг жүргүзгөнүн кабарлады. 25 участкада жүргүзүлгөн мониторингдин натыйжасында орчундуу мыйзам бузуулар катталган эмес. Байкоочулардын баамында парламенттик шайлоо мурдагы шайлоолорго караганда алда канча тунук өттү, административдик ресурс көп кийлигишкен жок, шайлоочулар акыл-эстүү добуш берип жатышты. Нарын жана Ысык-Көл областтарында аял шайлоочулардын жогорку активдүүлүгү байкалды, ал эми Ош шаарында жайында болгон кайгылуу окуяларга карабастан, шайлоочулар добуш берүүгө активдүү катышты. Ушундай оң көрүнүштөр менен катар дээрлик бардык байкоочулар шайлоочуларды ташып келүү, талапка жооп бербеген документ менен добуш берүү, карусель технологиясын колдонуу жана айрым учурда шайлоочуларды сатып алуу көрүнүштөрүнө жол берилгенин, айрым жерлерде административдик ресурстун кийлигишкен учурлары болгонун белгилешүүдө.

А.Жекшенкулов: "Амбицияларыбыз ойноп, убагында бириге албаптырбыз"
"Замандаш", "Акыйкат", "Каганат", "Ак санат", "7-апрель жаштар кыймылы партиясы", Кыргызстан союз элдери, "Республикалык элдик партия", "Эгемен Кыргызстан" партиялары Жалпы улуттук конгресске биригишти. "Акыйкат" партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов муну "жаңы саясый күч пайда болду" деп айтты. "Амбициялар ойногон, убагында бириге албадык, көп жагдайды жакшы түшүнбөптүрбүз, албетте, чоң ката, чоң кемчилик кетиргенбиз. Бирок, бул саясый өнүгүүнүн дагы бир көрсөткүчү", - деди Жекшенкулов.

Т.Сариев: "Кээ бир партиялар шайлоочуларды сатып алууга барды"
"Акшумкар" партиясынын лидери Темир Сариев Кыргызстанда болуп өткөн шайлоо тууралуу билдирүү жасады. Анда ал "Акшумкар" партиясы шайлоого мамлекет жана эл үчүн болгон жоопкерчиликти толук билип барды" деп айтты. "Шайлоодо кээ бир партиялар одоно мыйзам бузууларга, шайлоо күнү шайлоочуларды сатып алууга жана бюллетендерди "ыргытууларга" барышты. Биздин партия прогресстин жана биримдиктин партиясы болуп эсептелет. Биз шайлоо жыйынтыктарын талашпайбыз жана нааразычылыктын кайсы бир формаларын колдонбойбуз. Биздин ыкма - өлкөнүн келечеги, анын бүтүндүгү жана тынчтыктын кызыкчылыгындагы цивилдүү маек. Бирок эгерде биз кайрадан мурдагы режимди кайра жаратуу аракеттери, жүздөгөн адамдардын өлүмүнө күнөөлүү "белгилүү" адамдарды кайра алып келүү же актоо аракеттерин көрсөк, өзүбүздүн бекем "жок!" деген сөзүбүздү айтабыз. Мындан сырткары, электораттын келиши өтө жогору болбой, парламентке өткөн партиялар шайлоого келген элдин 35% добушун гана алып калышты. Ошондуктан биз бийликтеги партияларды эйфорияга түшүүдөн сак болгула дейбиз. Силердин алдыда оор жана жоопкерчиликтүү жумуш турат. 7-апрелдеги элдик революция кээ бир жерлеринде өзүнүн аягына чыга электиги эсиңерде болушу керек", - деп айтылган билдирүүдө.

Акыл БАКТЫБЕКОВ