Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/1014_6.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/1014_6.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/1014_6.htm on line 2


п»ї
Шейит кеткендердин жакындары нааразы
Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын маңдайына 7-апрелде курман болгондордун жакындары митингге чыгышып, "Ата-Журт" партиясынын жеңип чыкканынан күмөн санап атканын билдиришүүдө. Курман болгондун жесири Жылдыз Исаеванын айтымында, "Мекен шейиттери" жана "Айкөл Ала-Тоо" бирикмелери БШК ишин токтотуп, добуштарды кайра эсептөөсүн талап кылышууда, анткени алардын ою боюнча, шайлоо таза болгон эмес жана "Ата-Журт" партиясына мынчалык адам добуш бермек эмес.

"Трибуна" гезитинин башкы редактору камалды
Биринчи май РИИБинин кызматкерлери тарабынан "Трибуна" гезитинин башкы редактору Ырысбек Өмүрзаков камалды. Бул тууралуу "Вечерний Бишкек" гезити жазып чыкты. Маалыматка ылайык, ал чындыкка төп келбеген материалдарды жазгандыгы үчүн сот аркылуу чечим чыгарылган моралдык зыяндын ордун толуктап берген эмес. Ал эми Ы.Өмүрзаков болсо аны ИИМге каршы сын айтканы үчүн куугунтуктап жатышат деп эсептейт.

Абдусатар Шаятовдун үйү тинтүүгө алынды
Кара-Суу районунун акиминин мурунку орун басары Абдусатар Шаятовдун үйү бүгүн түштө тинтүүгө алынганын "Азаттыкка" Уюшкан кылмыштуулукка каршы аймак аралык башкармалыктын кызматкери Таалай Калилов билдирди. Анын айтымында, тинтүү июнь айындагы окуяларды тергеп-иликтөөгө байланыштуу жүргүзүлдү. Иликтөө учурунда бир катар күбөлөр, жабырлануучулар А. Шаятовдун тополоңго тиешеси бар экенин билдиришкен. "Тинтүү жүрүп жаткан маалда А. Шаятовдун 200гө жакын коңшу-колоңу чогулду, тартип коргоо органдары иш-аракеттери тууралуу түшүндүрүп айтып бергенден кийин тарап кетишти" дейт Т. Калилов. Июнь тополоңунда Нариман айылына сүйлөшүүгө барган Кара-Суу районунун милиция башчысы Адылбек Султанов мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. А. Султановдун туугандары бул кылмыш ишине А. Шаятовдун да тиешеси бар экенин айтып, сот жообуна тартууну талап кылышкан. Качып кеткен А. Шаятовго издөө жарыяланган.

Президент премьер-министрдин талапкерлигин көрсөтүүнү өзү тандаган партияга сунуштайт
Адилет министри Аида Салянова журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, өкмөттү түзүү боюнча нормалар Конституциянын өзүндө каралганын билдирди. Парламентте көпчүлүктү түзүү үчүн фракция 65 мандаттан кем эмес алуу керек жана премьер-министрдин талапкерлигин сунуштайт. "Бирок өзүңөр көргөндөй анча мандат алган фракция болгон жок, ошондуктан Конституцияга ылайык бул учурда президент өзү каалаган Жогорку Кеңеште болгон фракциялардын бирине премьердин кандидатурасын киргизүү укугун сунуштайт жана ал премьер өкмөттүн курамын, программасын киргизиши керек. "Эгерде 15 күндүн ичинде ал фракция аталган иштерди жасай албай калса, анда президент экинчи фракцияга сунуш кылганга мажбур болот. Президенттин өзүнүн укугу, кайсы фракцияны белгилейт. Ал фракция дагы өкмөттү түзүш керек. Эгерде ал фракция премьерди сунуштай албаса, же премьер өкмөттүн курамын жана программасын киргизе албаса, анда президент жаңы шайлоо жарыялаганга мажбур болот", - деп түшүндүрдү министр.

Таласта түндүк-түштүк маселесин козгогон кат алышты
Таластагы массалык маалымат каражаттарына "Революцияны коргоо" кыймылынын өкүлдөрү кайрылып, аларга "Түштүктүн патриотторунун атынан" деген аталыш менен кат келгенин, анда түндүк-түштүк маселеси козголуп, каттын ээлери кадр саясатына нааразылыгын билдиришип, 7-апрелде аянтта окко учкандардын өлүмүнө азыркы бийликти күнөөлөшкөнүн айтып, мындай чагымчыл маанайдагы катка нааразылыгын билдиришти. "Революцияны коргоо" кыймылынын өкүлдөрү Улуттук коопсуздук кызматы жана жалпы эле тартип коргоо кызматкерлери 10-октябрда эле чыккан бул катка кош көңүл мамиле жасап жатат деген пикирде. Жергиликтүү тартип коргоо кызматкерлери мындай катты коомчулукка жарыялабастан кылдат мамиле жасоо керектигин белгилешти.


Кимдерге иш козголду?
Башкы прокуратура К.Бакиевдин жакындарынын мүлкүн камактан чыгарган прокуратуранын айрым кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура К.Бакиевдин үйбүлө мүчөлөрүнүн, жакындары В.Белоконь, М.Надель, Т.Турдумамбетов, Е.Гуревич жана башкалардын мүлкү менен банк эсептерине коюлган камак айрым прокуратура органдарынын жооптуу кызматкерлери тарабынан негизсиз алынган деп аныктаган. Натыйжада мындай чечимдердин кесепетинен мамлекетке ири суммада зыян келтирилген. Мунун негизинде Башкы прокуратура тарабынан 12-октябрда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып менен прокуратуранын айрым кызматкерлерине кылмыш иши козголуп, Башпрокурордун буйругу менен алар ээлеген кызматынан бошотулган. "Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат жана жакынкы күндөрү канча прокуратура кызматкери жоопко тартылары маалым болот", - дейт К. Сабыров.


Тарифтер көтөрүлбөйт
Кыш мезгилинде жылуулук системасына карата жана ысык сууга болгон тарифтердин баасы өспөйт. Бул тууралуу энергетика министри Осмон Артыкбаев билдирди. Анын айтымында, тарифтердин баасы ушул эле боюнча калат. Ал эми бардык оңдоо иштери үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында бүткөрүлөт.


Жогорку Кеңеште депутаттардын орундары кандай болот?
ГАС "Шайлоонун" жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңешке 5 партия өттү: "Ата-Журт", КСДП, "Ар-намыс", "Республика" жана "Ата Мекен". Алынган добуштар боюнча орундар сакталса, партиялар Жогорку Кеңеште төмөндөгүдөй жайгашышы мүмкүн:
- "Ата-Журт" - 28;
- КСДП - 26;
- "Ар-намыс" - 25;
- "Республика" - 23;
- "Ата Мекен" - 18.




кыргыз тилиндеги гезит "Учур"









??.??