Марат КАЗАКПАЕВ, саясат таануучу:
"Реваншисттер жеңди"
- "Парламенттик шайлодо реваншисттер астыга чыкты" дегенге кошуласызбы?
- Ошондой эле болду. Мен дагы бул пикирге кошулам. Анткени, "Ата-Журттун" тизмесин карасак, чын эле Бакиевдин кишилери да. Мындай карап көрсөк, "Ата-Журт" гана эмес, "Ар-намыс", "Республикалардан" деле эски эле адамдар келип атпайбы. Бул шайлоонун жыйынтыгы Кыргызстан үчүн жаман эле болду. Анткени, бүт эле коррупцияга аралашкан адамдар кайрадан келип атат.
- Эми түзүлө турган коалициялар боюнча сиздин прогнозуңуз кандай?
- Бийлик керек болсо, президент өзү башка партияларга, "Ар-намыска" же "Республикага" байланышка чыгып, бийликтеги партиялар менен коалицияга биригишин сунуш кылышы керек. Ошондо, бул бийликтин коалициясы болуп, "Ата Мекен" менен СДПК реформаларын улантууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Азыр "Ата-Журт" баарыбыз эле бир коалицияга биригели деген сунушун айтты. Бирок, бул вариантта чыр чыгат, келишпестиктер болот.

Акыл БАКТЫБЕКОВ
Саясый сереп
Марс Сариев, саясат таануучу:
"Москванын чабуулу
"Ар-намыска" күч берди"
Саясат таануучу Марс Сариев Орусиянын маалымат чабуулу Кыргызстандагы шайлоодо партияларга таасирин тийгизди деп эсептейт.

- Шайлоонун жыйынтыктары дээрлик аныкталып, 5 пайыздык көрсөткүчтү аттаган алдыңкы беш партиянын аты аталууда. Ушул партиялар өз добуштарына кандай жолдор аркылуу ээ болуп жатышат?
- Биздин регионалдык кландардын күчү пайда болду. Азыр биздин байкообузга караганда, "Ата-Журт" Түштүк жактан аябай көп добуш алып атат. Муну деле түшүнсө болот, Кыргызстанды билесиздер, партия болгону менен элиталарда кызыкчылык бар да. Ошон үчүн мен муну реванш катары көрөм. Буга Ош окуялары таасирин тийгизди. Ош жакта эл аябай биригип, кыргыздын Түндүк-Түштүк деп бөлүнгөнү азыр көрүнүп калды. 0,5 пайызды да караганда байкап калабыз, Түштүк жакта түндүктүк партиялар, Баткен, Жалал-Абадды айтсак, азырак болуп калат, барьерден өтпөй калышы мүмкүн. Ал эми Түндүк жакта, Талас, Нарын, Ысык-Көлдө "Ата-Журт" азырак алып калат.
- Бул шайлоонун жыйынтыгына тышкы күчтөрдүн таасири болдубу?
- Таасири аябай эле болду. Билебиз, НТВ каналынан Орусиядан маалымат чабуулу болду. Ошол чабуул "Ар-намыска" аябай көп күч берди. "Ар-намыс" "Ата Мекендин", СДПКнын электоратын өзүнө аябай тартып алды. "Ата-Журт", "Республика" партияларына андан такыр зыян болгон жок. Ошондуктан, Орусиянын маалымат чабуулу Кыргызстандагы партияларга таасирин тийгизди.

Эдил Сапарбек, "Азаттык"




Карыбек БАЙБОСУНОВ, саясат таануучу:
"Ата-Журт" акчасы көп үчүн утту"
- Шайлоонун жыйынтыгы мындай болот деп көпчүлүк күткөн жок болчу. Же бул атайын түзүлгөн сценарийби?
- Мен ушундай жыйынтык болорун мындан эки ай мурда Кыргыз телевидениесинен интервью берип айткам. Мен айткандай жыйынтык болду. Биринчиден, шайлоочулардын 53,9%ы добуш берүүгө катышты. Калган 44,1%ы катыша алган жок. 53,9%дын 37,5%ын уткан партиялар ээледи. Ал эми 20%га жакынын утулган партиялар ээледи. Эсептеп көрсөңүздөр, добуштардын 29 партияга кандай чачылганын. Эки ай мурда мен беш же алты партия марага чыгат, калган добуштар болсо өтпөй калган партияларга чачылат" дегем. Шайлоого катышпай калган шайлоочулар кимге добуш бермек эле (?), бул жагы табышмак. Анын ичинде 12-15% шайлоочулар такыр добуш бербей тургандар болуп саналат, бул дүйнө жүзүнө белгилүү көрсөткүчтөр. Ал эми калгандарынын көпчүлүгүнүн шайлоого барууга колу бошобой калды, анткени, алар базар күнү соода, той-топур менен алек болуп жүрүштү. Анан дагы көпчүлүктүн бийликтегилерге дагы, бийликте эмес саясатчыларга дагы нааразы болуп, "шайлооңо тойдум" деп келбей койду. Тизмеге кирбей калгандар да болуп атты. Жеңген партиялардын пайыздары дагы бирдей болуп калганынын себептери бар. Баары эле 50%дан өйдө добуш алабыз деп ойлошту. Алардын пландары неге орундалбады? Себеби, баары тең атаандаштары менен эсептешкен жок. Бири-бири менен цивилдүү жол аркылуу күрөшпөй, кызганып, карасанатайлык ыкмаларды колдонуп жиберишти. Эми жеңилген партиялар "туура эмес болду" деп ар кандай кыймыл түзүүгө аракет кылып жатышат. Ошону менен бирге эле шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну каалаган күчтөр да бар экени айкын болуп калды. Эмне болгон күндө да, жыйынтыкты жокко чыгарбоо керек, болбосо, өлкөдөгү стабилдүүлүк бузулат. Утулган партиялар Темир Сариев сыяктуу болуп, уткан партиялардын колун кысып, куттуктаганды үйрөнүү керек. Анткени, жашоо ушул шайлоо менен эле бүтүп калбайт да.
- "Ата-Журт" партиясынын озуп чыгышына чынында нааразы болгондор көп. Анан алар кантип астыга чыкты (?) же Өмүрбек Текебаев айткандай, акча таратуу, криминалдык топтордун кийлигишүүсү сыяктуу факторлор ойноп кеттиби?
- "Ата-Журт" партиясынын озуп чыгышынын эң биринчи себеби, бийликте турган үч партияга элдин ишениминин кетип калганы болду. Бул партиянын жеңип чыгышынын эң башкы себеби, акчанын көп болгону. Үгүтчүлөргө жакшы төлөп берди, жергиликтүү жарнамаларды, үгүт иштерди жакшы жүргүздү. Эгерде Камчы Ташиев "Бакиевди алып келебиз" деген сөзүн айтпаганда, бул көрсөткүч мындан да жогору болушу мүмкүн болчу. "Оюмду айтам деп сырымды айтып алдым" дегендей эле болду да. Ошон үчүн азыр элдин көпчүлүгү чочулап турат. Бакиевди алар алып келе албайт. Алып келебиз деген күндө деле Бакиев өзү келбейт. Аны алып келем дегендин өзү иллюзия болуп саналат.
- Бул кептин түз маанисинде эмес, Бакиевдин башкаруу системасын алып келүүнү каалаган реваншисттер келди деген ойлор айтылып атпайбы?..
- Реваншисттер деп мурда Бакиевдер менен иштеп калган кишилерди айтып атышпайбы. Алардын деле көз карашы кырдаалга жараша өзгөрдү деп ойлойм. Көздөрү ачылды.
- Эми алдыда жеңген партиялардын коалицияларга биригиши күтүлүүдө. Сиздин прогнозуңузда кайсы партиялар биригиши мүмкүн?
- Менимче, "Ата Мекен" өмүрү келишпеген "Ата-Журт" жана "Ар-намыс" партияларына кошулушу мүмкүн.
- Андай дейли десек, "Ата-Журт" менен "Ар-намыс" президенттик башкаруу системасынын тарапкерлери да?
- Алар ошентип айтышканы менен парламенттик шайлоого катышып жатышпайбы? Анан кайсы бети менен "биз парламенттик башкарууга каршыбыз" деп айтышат. Антсе өздөрүнө өздөрү балта чаап алышат. Дүйнөлүк коомчулук азыркы учурда Кыргызстанды "эмне болуп кетер экен?" деп карап турган учуру да.
- Сиз ушул үч партияны биригет деп кайсы негиздерге таянып айтып жатасыз?
- Орунду алтымыш мандаттан ашыруу керек болуп атпайбы. Жанагы өкмөттүн курамын түзүүгө демилгечи боло турган коалиция болушу керек. Болбосо, "Ар-намыс", "Ата-Журт", "Республика" болуп кетиши мүмкүн. Мындай болсо, булар көпчүлүктү түзүп калат.
- "Ата Мекен", СДПК, "Республика" деген вариантчы?
- Ушундай вариант деле болушу толук мүмкүн.

Дилбар АЛИМОВА