Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/1014_3.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/1014_3.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/1014_3.htm on line 2


п»ї

  КАРЫШКЫР САЙ

Третьим будешь?
Ошентип, 2010-жылдын 10-айынын 10-күнүнө белгиленип, астрологдор айрыкча маани берип, кыргыз коомун катуу үмүттөндүрүп келген шайлоо да болуп өттү. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча "Ата-Журт", СДПК, "Ар-намыс", "Республика", "Ата Мекен" партиялары (бешөө) 5%дык тосмодон өтүп, алтынчысы ("Бүтүн Кыргызстан") жол тосуп, "мен да өттүм, мен да кирем Жогорку Кеңешке" деп чыр салууда. Алдыга озот деген "Ата Мекен" партиясы артта калып, "атажуртчулардын" марага биринчи келишинен коомчулуктун шок болуп турганын айтпаганда, жеңишке серепчилер айтып келген эле партиялар өттү десек болот. Шайлоого чейинки дээрлик баардык сурамжылоолордо парламентке өтөт делген партиялардын катарында жогорудагы аты аталган партиялар менен бирге "Акшумкар", "Акыйкат", "Замандаш" партияларынын аты да аталып келгени белгилүү. Тилекке каршы, бул партиялар жетиштүү добуш ала алган жок. Эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар шайлоонун жыйынтыгына таасир берүүчү мыйзам бузуулар болбогондугун айтышууда. Бирок, берки үч партиянын добуштарын уурдагандар жеңишке жеткенин кантип танабыз?
Айтор, коомдо маңкурттук катуу өрчүп, элибиз материалдык кызыкчылыкка сатылаары дагы бир ирет далилденгендей. Башкача айтканда, же сатылганды күнөөлөөнү, же сатып алганды күнөөлөөнү билбейсиң. Мурун "коррупционер чиновниктер курутуп жатат, ошолордон арылсак эле оңолобуз" дечү элек. Эми эмне дейбиз? "Элибиз жалпысынан ушундай сатылмайга жакын болгондуктан, коррупционерлерден башкасы чыкпайт тура, кимисин алып келсең да, баары бир азгырылып кетет" дешибиз керекпи? Же, оштук туугандар айтмакчы, "жөн эле кыргыздар үч тамга экенбиз да" деп коюшубуз керекпи? Билбейсиң. Антпегенде кантебиз? Кыргызстанда канды суудай агызган канкорду "кайра алып келебиз" дегендерди колдоп добушун салып берип, ачык, калыс, адилет шайлоо өткөрүүгө шарт түзүп, жаңы заманга карай жол салып жаткандарды тизеге чаап жатсак.
Ал эми жеңүүчүлөр менен жеңилген­дерге көз салсак, шайлоодо озуп келген "Ата-Журт" партиясы негизинен регионалисттердин колдоосу жана акча каражаттарынын кенендигине таянып, жеңишке жетүүнү көздөгөнү белгилүү эле. Анан шайлоого эки күн калгандагы партиянын штабына кол салуу "атажуртчулар" үчүн асмандагы Кудайдан түшкөн белектей эле болду десек жаңылышпасбыз. "Чыга албай турган көз эле, чыгып кетти өзү эле" демекчи, "Ата-Журттун" штабына кол салуу болуп жатканын теледен көргөн түштүктүк регионалисттер "ой, кокуй кырып атыптыр, өрттөп жатышат, Чүй боорунан кууп жатышат" деп жар салышып, натыйжада, түндүктүктөргө салыштырмалуу, уюштургучтугу менен жердешчилиги катуу туугандарыбыздын "намысы менен биримдиги" чыйралып катуу күч алып кеткендей. "Бакиевди кайра алып келебиз" деп жатышат, "тыйсаңар боло" деп ЖКнын алдына барган шейиттердин туугандары менен жарадарлардын өкүлүбүз деп жүргөн топту Көкүйдөгү бир УӨнүн Эмикеси көкүтүп, Киев-Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Ата-Журт" партиясынын кеңсесине карай айдактаганы айтылууда. Натыйжада, кеңсени өрттөгөн шейиттердин туугандары менен жарадарлардын өкүлдөрүнүн, аларды тукурган "акылмандын" "атажуртчуларга" "иттей" пайдасы тийди десек, куп жарашчудай. Ой, буларга тимеле "Ата-Журт" партиясы сыйлык бербесе болбойт дегиң келет.
Ал эми "Ата Мекен" партиясынын рейтингинин шайлоонун астындагы 3-4 күн ичинде кескин төмөндөп кетиши да Түштүктөгү регионализмдин кескин өөрчүшүнө, кара пиардын кесепетине, каражаттын тартыштыгына байланыштуу болгондугу, ошондой эле үгүт иштеринин акыркы жумасындагы түштүккө болгон сапарында Өмүрбек Текебаев туугандарын кекете сүйлөгөнү, анан ошо, туура дечү эле кепти Адаханча опурулуп айтуусу тескери эффект бергендиги айтылууда. Ал эми акча маселесине кайрыла турган болсок, "Ата Мекен" партиясы карапайым элдин партиясы катары эсептелгендиктен, чогултулган чакан каражат үгүт иштери менен жолугушууларды уюштурууга сарпталып, добуш сатып алуу, акча таратуу маселеси принцибине туура келбегендиктен каражат жагынан каржалганы ачык байкалды. "Ата Мекен" партиясынын артта калуусунун дагы бир себеби, катары партиянын "проамерикалык" деген статуска ээ болушуна байланыштуу дегендер да бар. Түрктөрдүн төбөлдөрү менен жолугушуудан кийинки "Америка тараптык" деген жабышкакты Маскөөгө каттаган оппоненттер Кремлге ишенимдүү жеткире салып, натыйжада-орусиялык медиа айдың "атамекенчилерге" каршы иштегени маалым. Кеп чынында "Ата Мекен" партиясын бир жактуу америкалык дегенге деле болбойт, нукура кыргыздык эле партия. Анан ушул кырдаалдын кесепетин алдын-ала сезип, каршы чараларды көрбөй, көз жаздымда калтыруу, албетте, партиянын жетекчилигинин күнөөсү экендиги талашсыз.
Ошентип, кандай десек да шайлоо болду. Эң башкысы, ар ким өз эрки менен (же акчага сатылыппы), айтор, добуштарын берди, илгеркидей массалык түрдө пачкелеп бюллетень таштоо, өлгөндөр менен келбегендердикин бүт салып жиберүү менен 90%га жеткирүү, урнадагы бюллетендерди уурдап качып алмаштыруу, ар түрдүү протоколдорду жазуу, бийликтикинен башка партиялардын өкүлдөрү менен байкоочуларды уруп-согуу сыяктуу жосундар дээрлик жокко эсе болуп, шайлоо тынч өттү десек болот. Айтор, бул маселе бир жаңсыл болуп, бир кырды ашкансыдык. Алдыбызда жаңы маселе турат, өкмөттү курашыбыз керек. Өкмөттү түзө турган көпчүлүк бирикмени (фракциялардын коалициясы) куруу оңойго турбайт сыяктуу. Азыр бизде даана утуп чыккан жеңүүчү жок, эки тараптын биригүүсү да жетишсиз, үчөө бирикмейин эч нерсе жок деген жагдай түзүлүп калды. Мыйзамга ылайык, мындай жагдайда маселени бир жаңсыл кылуу президентке жүктөлөт. Үч жолку аракеттен өкмөт куралбаса, парламент таркатылып, жаңы шайлоо жарыяланышы мүмкүн. Окуянын мындай багытта өнүгүүсүнө кызыкдар тарап катары азыркы техникалык өкмөттү, президенттин администрациясын, президенттин өзүн айтсак болот. Албетте, эбегейсиз каражаттарды чачып, шайлоодон жеңген партиялар андай ишке жол бере койбос, анын үстүнө шайлоонун чыгымдарын казынадан кайра-кайра каржылоо мүмкүн эмес. "Бюджет" деген мүшөктү күбө жеп, түбү оңурайып тешилип калган. "Арга жок биригиш керек" дегенди карап көрсөк (такыр кошула албас "Ата Мекен" менен "Ата-Журтту" эске алуу менен), бир нече кошулманын сөлөкөтү байкалууда.
Бир вариант боюнча СДПК, "Ата Мекен", "Республика" бириксе, дурус болуп, оозунан алдыргансып турган эл дагы "өхх" дейт беле дегендер көп. Экинчи жол, "Ар-намыс", "Ата Мекен", "Республика" деп айтылууда. Бул эки вариант тең, Атамбаевдин Бабанов менен да, Кулов менен да мамилесинин начардыгына такалууда. Серепчилер, бул амбициялар менен антипатиялардан турган баш ооруну чечкен күндө деле, мындай "любовный треугольниктердин" кремльге түк жакпасын айтышууда. Ал жактан "Ар-намыстын" айланасында биригүү сунушталып, "проамерикалык" делинген "Ата Мекенге" жолобогула деген буйрук бар имиш.
Үчүнчү вариант боюнча Маскөө менен кудалашкан "Ар-намыс", "Республика", СДПК айтылууда. Бири Нарышкинге, бири Путинге, бири Медведьевге жолуккан орусиячыл партиялардын биригиши Кремлге да ылайыктуудай. Кайра эле баягы антипатиялар, компромисске келүү маселесинин кедергиси байкалууда. Натыйжада, бул маселеде Бабанов менен Кулов бир пикирге келип, бири өкмөт башчысы, бири спикерликти алып, Алмаз мырзанын бир нече министирликтерге куратор болуу макулдугун гана күтүп жатышкандай. Мындай мажбурлоого Атамбаев көнбөй турган болсо, "өз убалың өзүңө" деген берки экөө төртүнчү вариантка өтүп, "Ата-Журтту" кошуп алышып, "Ар-намыс", "Республика", "Ата-Журт" коалициясын түзүшөөрүү да айтылууда. "Ата-Журт" партиясы үчүн бул жалгыз вариант эмес, СДПК, "Республика", "Ата-Журт" бириккен бешинчи вариант тууралуу да кеп бар. Мындай вариантты болот дей турган болсок, анда СДПКнын "Ата-Журтту" БШКдан мыйзамсыз каттатууга жардам берген деген сөз чындыкка чыгабы? "Третьим будешь?" дегендей жагдайда бала баатыр Бабановго баарынын күнү түшүп, жаш кайбардын күнү тууганы байкалып атпайбы. Ал эми анын өз алдынча эрки барбы, же чет жактагы кожоюндардын буйругунан чыга албайбы (?), ал жакынкы аралыкта билинет.
Эгерде орустардын долбоору ишке ашып, чындап эле, "Ар-намыс", "Республика", СДПК биригип, бийликти алса, анда күндөштөрдөй болуп бири-бирин жек көргөн "Ата Мекен" менен "Ата-Журт" партиялары (экөөсү тең Түштүктүн партиясы деп айтылат) ар кимиси өз алдынча кетип, биригип оппозиция болуп жыргатпайт дешүүдө. Мындай жагдай, Түштүктүн жулунган регионалисттери үчүн да катуу сокку болуп, Түштүктүктөрдүн саясаттан катуу четтетилишине алып келери шексиз.

Сабыр МУКАНБЕТОВ








кыргыз тилиндеги гезит "Учур"









??.??