Дасторкон ажары

Келчи, "Акациядан" кездешели?..
"Акация" кафесинин ашпозчулары Нурбек Ноорузбаев жана Азамат Ибраев актер Нурдөөлөт Копоевге чучук жасаганды үйрөттү. Шарт боюнча чучукту эки адам жасаш керек экен. Нурдөөлөт мырза буга чейин чучуктун кандай жасаларын көрүп жүргөнү менен, өз колу менен жасап көрбөптүр.


"Акация" бейиштин төрү!
Бишкек шаарынын Шабдан баатыр менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги айлампадан 200 метр тоо жакка жогору карай "Акация" кафеси жайгашкан. Кафеде сиз каалаган бардык тойлор, "Үйлөнүү той", "Бешик той", "Кыз узатуу" ж.б. жакшылыктар капчыгыңызга туура келгендей арзан баада өткөрүлөт. Андан сырткары 20-25, 35-40 кишилик фуршеттерди VIP залдардан өткөрсөңүз болот. Эң чоң зал 150-200 кишиге ылайыкталып, жандуу музыканын коштоосунда өзүңүз каалаган бардык тамактын түрлөрүн заказ кылсаңыз болот. "Акация" бейиштин төрү!


Азамат Ибраев, ашпозчу:
"Чучуктун даамдуусун биз жасайбыз"
- Өзүм мал догдур болгонго байланыштуу 1982-жылдан бери чучук жасап, мал союп, эт бышырып келатам. Ата-бабадан келаткан кыргыздын сыйлуу тамагы чучуктун үч түрүн жасап жүрөм. Кабырга чучук, түндүк чучук, узун чучук деп аталат. Азыр биз узун чучукту үйрөтөбүз. Жылкы союлгандан кийин казыны 1-2 саат коюп, катырабыз. Анткени, казы бир аз катыса, кескенге оңой болот. Жука кесип, ичегиге салып, 2-3-саат маринаддайбыз. Маринад канчалык жакшы болсо, чучук ошончолук даамдуу болот. Чучуктун маринадын ар ким ар кандай жасап жүрөт. Кээси жалаң туз менен, кээси жашылча, калемпир кошуп дегендей. Биз болсо сарымсакты майда туурап, даамына жараша кара мурч, туз кошобуз. Маринаддалган казыны ичегиге салып, оозун жибек жип менен бекем байлайбыз. Жалгыз адамга чучук жасоо кыйынырак. Бирөө ичегини ачып туруш керек, экинчиси казыны салат. Чучукту бышырып жатканда желин чыгарып, ийне менен сайып турабыз. Шорпого туз өтүп кетпеш үчүн, чучукту ичеги-карын, эттен өзүнчө бөлүп, бышырган ыңгайлуу. Баш аягы жети саатта даамдуу чучук алдыңызда даяр болот.


Нурбек Ноорузбаев:
"Чучук ден-соолукка пайдалуу"
- Нурдөөлөт аябай аракет кылды. Ичегиге казыны салганда эбин таба албай бир аз кыйналды. Чучуктун оозун байлай албай жатты окшойт. Бышырып баштаганда "чучукту сайып, желин чыгарып турганга ийне таап кел" десем, чоң темене көтөрүп келиптир, кайра өзүм барып, кичинекей ийне алып келдим (күлүп). Мындан кийин биздин жардамыбыз жок эле, өзү чучук жасай алат деп ишенем.
- Чучуктун ден-соолукка кандай пайдасы бар?
- Чучуктун майы организмдеги курттарды түшүрөт. Өзгөчө жаңы бышкан кезинде жесең, пайдасы көп. Бирок, диета кармап жаткан адамга күчтүүлүк кылат.

Нурдөөлөт КОПОЕВ:
"Чучук жасоо, түшүмө кирген эмес"
- Ар бир ишти өзүнүн адиси жасаган жакшы болуш керек. Бала кезде үйдө жылкы союлганда эки жагын кармашып, карап отурчумун. Бирок, чучук жасаган эмесмин. Минтип, ашпозчу жардамы менен чучук жасап, гезитке чыгам деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Азамат байке мага көрсөтүп бергенде оңой эле көрүнгөн. Ичегинин оозун байларда жибим улам чыгып кетип жатты. Бышырып жатканда дагы акырын оодарбаса, жарып алышың мүмкүн экен. Ашпозчу байкелердин колдору көнүп калыптыр. Аларга ийгилик, бекем ден-соолук каалайм. Мага сыйлуу тамакты үйрөткөндөрү үчүн рахмат айтам.

Айнура Касымова