Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/1014_22.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/1014_22.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/1014_22.htm on line 2


п»ї
  Жанкумардан…

Атактуу айымдардын махабаты
Аңгеме
(1-сериясы)
Мен кайран отузга чыкпай жатып, катынпоздук деген ооруга чалдыктым. Мунун өзү жүрөктү эзген кумар дагы, ошондой эле тулку бойду эргиткен кереметтүү сезим экен. Кээде ойлоном, эгерде тубаса энергиямды ач кенедей асылган асылзаадаларга алдырбаганда, ай ким билет (?), тоону томкорот белем? Балким, ашыкча сарптаган күчүмдү саясатка бурганымда, анда Текебаевге тең тайлаша чыга келмек окшойм. Саясый талаада буркан-шаркан түшүп. Бирок, жараткандын буйругу мага башкача даремет бериптир: жылт эткен, аккуу сымал кыз-келиндерди имере чалып, аларды ой-боюна койбой эзип да, моокумун да кандырып, натыйжада, артыман чуркатып алган ийгиликке жетишип. Чын да. Бул дагы өнөр. Кылымдар бою келаткан жигитчиликтин улуу парзы. Анда эмесе, келгиле, дал ушул теманы тереңдетип көрөлү.
Менин мындан аркы жаза турган махабат баяным жалаң атактуу айымдар жөнүндө болмокчу (атагы чыкпаганын жазбай койдум). Тек гана алардын төшөк дүйнөсүн ачып берейин дедим. Алдын ала кечирим сурайм, эгерде менин калемимен тамган сүрөттөөлөр ким бирөөнүн ички турмушуна окшоп калса, анда кап этпегиле! "Кокустук" деп деле койсоңор болот. Себеби, бул жалган жашоонун кумары. Айрым айымдар өзүңөрдүн прототибиңерди сезип калсаңар, унчукпай эле ичиңерден сүйүнгүлө эй! Ушинтип кеңеш айтам. Неге дегенде, силер мени секске шыктандырып, "кайбарыма" каруу бердиңер го. Айтмакчы, менин айрым ойношторум суранып калчу, "биз унутта калгыбыз келбейт, төшөгүбүздү жазбайсыңбы?" деп. Далай жанеркем айтты! Мына ошол сулуулардын суранычын кыя албадым, жазайын дедим. Албетте, каармандардын аттары өзгөртүлүп берилет. Баса, мен колдон келишинче көркөм сүрөттөөлөрдү кошуп, турмуштагы чыныгы каармандардын ажайып дүйнөсүн ачууга басым кылдым. Эми кеп оролуна келели, биздин махабат жайыбызга ортоктош бол, окурман!


Күтүүсүздөн телефонум шыңгырады. Чыныгүл экен. Сүйүнүп кеттим. Дароо телефонду алдым:
-Алло…
-Саламатсыңбы, Айдар!
-Саламат! Кандайсыз, эжекеси?-дедим негедир эркелете.
-Жакшы, кечиндеги жолугушууну унуткан жоксуңбу?-деп ал буйрук бере сүйлөгөндөй болду.
-Сиз айткан жерде тогузда болом.
-Сүйлөштүк анда.
-Жарайт!-дедим өзүмчө шердене үн чыгарып.
Сезилди мага, экөөбүздүн тең жүрөгүбүз алып-учуп жанып баратканы. Эми кеч кирмек балээ да. "Не кылсам?" деп саамга ойлоно калып, анан дароо эле жаш баладай сүйүнүп кеттим. Түз эле Айымай эжемдин үйүнө барууну туура көрдүм. Анан ага телефон чалдым:
-Кандайсыз эжекеси? Үйдөсүзбү?-дедим энтиккенимди баса албай.
-Ооба. А сенчи?-деди назик үнү менен жүрөккө чок салып.
-Сизге баратам…
-Хорошо. Мен чай даярдап турам…
Машинемди зуулдата айдап, Айымайдын үйүн көздөй бет алдым. Жарыктык эже кырк жашка чукулдап калса да, сымбатынан жанбаган жан го чиркиндики (!), жалган дүйнөнүн көркү болуп. Анын үйүнө жеткиче жүрөгүм дегдеп, удургуй бардым... Эшиктин босогосунан эле эжейим менен өбүшө учурашып, андан ары токтоно албай кеттим. Чапталышкан көйнөк кийип алыптыр, денеси чымырап, кучагыма толо түштү. Мындай асылзааданы кантип колдон чыгарайын? Соорусунан сыга кучактай так көтөрдүм да, түз эле аркы бөлмөгө өтүп, дивандын үстүнө имере чаптым. Айымайдын алкымы кетти созулуп, мен болсо үстүнө чабандестей так секире минип, "ишке" кириштим. Чыңалган денесине чапталышкан 1000 долларлык көйнөгүн шыпыра чечип, бюстгальтерин үзүп ийдим эх! Ылдыйкы жагын өзү чечип жиберди (анысы да кымбат да, айрып ийет деди го)… Анан көрүп ал, кирген суудай эле сапырып кирдим. Улам катуулаган сайын эжейимдин денеси албырып, онтогон үнү катуулап, жуурканды апчып, айтор, какшыган ысык казанга салып ийгендей эле элес жаратып атты. Мен болсо мындай эрдигиме эрдемсип, ансайын дүңүрөңдөп, тарсылдата уруп-уруп, өзүмдүкүн бүтүрүп атсам, өнөктөшүм да катуу-катуу дем тартып алды. Улутунган сымал. Ушу маалда экөөбүз тең көшүп жатып калдык. Айымай тим эле сүзүлүп баратат, мени сыга кучактап алган. Бир маалда кумары жазыла энтиге дем алды да, мени акырын бошото баштады кучагынан. Ордуман жыла туруп, жуунганы жөнөдүм…
Жашоонун кереметин карачы! Экөөбүз эч нерсе болбогондой бири-бирибизге сырдуу жылмайып, чай ичип отурдук. Өзгөн күрүчүнөн пловду сонун кылып басыптыр, ансайын тамшанам…
-Тамак сонун болуптур!
-Рахмат! Кубанычтамын…-деди Айымай кыздан бетер кылыктанып.
-Сизге мен жагамбы?-дедим тамаша чалгандай.
-Менин жүрөгүмсүң да, сен жок, менин жашоом кызыксыз…
-Коюңузчу?
-Өзүң сурадың го?
-Билип коеюн дедим да…-жүзүнө тигиле карадым.
-Сен кечинде эмне кыласың?
Дал ушул суроосуна байланып калчудай болуп, негедир шаша жооп бердим:
-Айылга барып келиш керек. Туугандар чогулуп атыптыр.
-Жайчылыкпы?
-Бука союп атышкан, бөлүк кылып алганы. Барбай койсоң дагы жаман көрүшөт, "бул эмне керсейип калган?" дешет да ичтеринен. Барып келиш керек,-дедим олуттуу мүнөзүмө салып.
Ошентип, кайырмактан жеңил чыгып кеттим. А болбосо үйүнө алып калып, согумду соруп алганча айламды кетирет да. Ой-мүдөөмдүн баары эле Чыныгүлдүн чырайына байланып атты... Негизи кандай гана периште сымал асылзаада болбосун, аны менен бир төшөк кумарына баткандан кийин, Кудай акы, баштагы сулуулугу, азгырыгы түккө арзыбай калат тура. Мына ушундай уйгу-туйгу сезимдерге батып баратканымда Айымайдын суроосу селт эттирди:
-Эмне ойго чөгүп кеттиң?-деди жылмая карап.
-А-а… Жөн эле, өткөн-кеткендерди эстеп…
-Сен калчы? Экөөбүз сүйлөшө турган сөздөр бар…
-Эмне сөздөр?
-Мен бир жумага больничный алып алгам, күндө эле окшош күндөр, жумуштан да тажадым.
-Анан?
-Экөөбүз Кытайга барып, эс алып келбейлиби?
-Качан?
-Эртең түнкүгө билет бар экен.
-Жакшы идея.
-Сен калсаң, экөөбүз сонун пландарды түзүп, сүйлөшөт элек,-Айымай жалбара карады.
-Эртең жообун берейинчи?
Ушул арада эжей ордунан туруп, моюнума колдорун арта салып, желкемен жыттады. "Дагы эмне балээни баштаган турат?" деген ой мээме кылт этти. Аңгыча болбой эле телефонум үн салып, экөөбүздүн эзилишүүгө болгон мүнөттөрүбүз үзгүлтүккө учурады. Чыныгүл экен:
-Айдар, кандайсың?
-Жакшы, иштериңиз бүттүбү?
-Ооба. Кайдан жолугабыз?
-"Саякаттан"… А мен беш минутадан кийин чалайынчы?-дедим Айымайдын сурданган каректеринен айбыгып.
-Макул.
Телефонумду чөнтөккө салып атып, шашылыш айттым:
-Мен кеттим, жакшы калыңыз. Кытай боюнча эртең айтайын…
-Токточу?
Кумарлашым маңдайыма басып келип, жакамды түздөдү да, бетимен өптү. Жагымдуу жыты каңылжаарды өрдөп кетти. Мен да анын жүзүнөн сүйдүм. Аялдык жылуулугу арбап атканын сездим… Бирок, ичимен "Чыныгүлгө барыш керек" деген азгырык ала качып турду. Балким, анын даамын тата элек үчүн азгырылып аткандырмын. Мына ушундай ой чамгарагынан суурулганымча Айымай үн катты:
-Чыныгүлгө шашып атканыңды билем, андан абайласаңчы…
-Жо-ок, а эмне болду?-деген суроо чыгып кетти оозуман.
-Анын историясын уккан эмес белең?
Аңгыча телефонум кайра шыңгырады. Айымай экөөбүз бири-бирибизди тиктеп калдык…

(Уландысы бар.
Гезит кийинки жуманын 4-күнү, 21-октябрда чыгат)

Гүлойрон




кыргыз тилиндеги гезит "Учур"









??.??