"Ата-Журттун" "Акжолдон" куралганын унутпагыла!
4323. Канчалык жанталашпасын, кыргыз эли Куловду колдобойт. Биринчиден, улутка күйдү беле? Экинчиден, кыргыз тилин билбейт. Үчүнчүдөн, ислам дининен христианга ооп кеткен дешет. Төртүнчүдөн, Бакиевдердин "куйругун" жалап жүгөн. Бешинчиден, азыртан эле Дима менен Володяга жагына баштады.
6847 абоненти

4324. Дос катары билимдүү 20-27 жашка чейинки чүйлүк, көлдүк жигиттер менен таанышам. Атым Айзада.
Тел: 0779-41-94-37

4325. Өмүрбек Текебаевди жамандагандан көрө, өзүңөр Өмүкедей элге кызмат кылып бербейсиңерби? Интернетке чыгаргандан уялбайсыңарбы? Өмүкени жамандагандардын аялдары төрөбөсө, гезитке телефонуңарды жазып жибергиле! "Приемуна" киргизип берейин. АИБАнын бокс боюнча эл аралык даражадагы калысы.
Мукаш Ырсалиев, тел: 0552-54-57-77


4326. Мен "Ата-Журтка" каршымын. Себеби, ал партияда эң начар адамдар чогулган. "Ата Мекенди" астыдагы жеңиши менен куттуктайм!
Бакы, Ат-Башы

4327. Атым Айзат, 20 жаштамын. 22-26 жашка чейинки жигиттер менен таанышам.
Тел: +7701-68-11-70-81

4328. Мен биринчиден, жалпы Кыргыз элиме салам айтам! Андан сырткары, Аксы жериме да ысык салам жолдойм.
6726 абоненти

4329. "Ата Мекен" мыйзамдуу жашоо үчүн, криминалсыз жашоо үчүн кам көргөн партия. Мен бул партияга добуш бергем. Текебаев азаматсың. Сизден башка бир да партия "криминалды жок кылам" деп айта алган жок!
3354 абоненти

4330. Кылым карыткан Улуу кыргыз элим! "Мен кыргызмын, улутум кыргыз" деген ар бир жаран тилибиз, дилибиз бир кыргыздарды жамандагандан алыс бололу. Жөөттөрдүн чырагына май тамызбай. Улут десек, эл душманы Курманбек Бакиев сөзсүз түрдө өзүнүн жазасын алыш керек! Улут десек, Курманбек Бакиевдин үйүн өрттөгөндөрдү жазалашыбыз керек! Мунун баардыгын кыргыз улутун сыйлабаган, бийлик менен байлыкты ажырата албаган жарандарыбыз кылып жатышат. Медет Садыркуловдун сөөгү жайына жуулбай коюлду. Качкын президенттердин үй-жайы өрттөлдү. Кыргызстанда өз жерибизде жашап туруп, улутубуздун бетине көө шыбаш - бул айбанчылыктын жеткен чеги! Аскар Акаев, Үзөңгү-Кууш кайда? Закиржан Бакиев, Каркыра кайда? Ушу ыплас көрүнүштөр улутун, элин ойлобогондон келип чыккан. Айкөл Манасыбыз биздин заманда төрөлсө, көп жөөтөрдүн сазайын бермек! Баштарын жулуп, колуна карматмак!
Мукаш

4331. Убактылуу өкмөт канчалаган эр азаматтардын убалына калды? Ойлонбойбу?
4787 абоненти

4332. Кымбаттуу менин кыргыз калкым! Биз акылдуу калкпыз. Түндүк-Түштүк дебей, "Ата-Журтту" колдойлу.
Азем

4333. Бул шайлоодо "Ата-Журт" жеңишке жетээрине ишенем. Эгер "Ата Мекен" добуш уурдабаса!?
Азем

4334. Текебаевдин "Т" тамгасын укканда каным кайнайт. Анткени, Оштогу окуяда өзбектерге жардам берген болсо керек?
1507 абоненти

4335. Чүй районунун Онбир-Жылга айылынын 92-жылкы кыз-балдардына ысык салам!
7362 абоненти

4336. Урмат, кыргыздар июнь коогалаңында, элибиз биримдик көрсөтүп, Түштүк эли кыйын абалда турганда, бөлүнбөй-жарылбай колунан келген жардамын аяган жок. Ал эми "Ата-Журт" партиясы муну көрө албай, ичтери күйүп, кыргыз элин экиге бөлүп жатат. Бул шумпайларга ишенбегиле. Буларга өздөрүнүн байлыктары гана керек. Бакиевдин "куйруктары" экенин өздөрү теледен айтышпадыбы. Аны көргөнүң жокпу? Анүчүн алданбагыла! Кыргыздар бөлүнбөгүлө, бөлүнсөңөр "ала допучандар" аңдып турушат. Сак бололу!
Кыргыз

4337. Урматтуу кыргыздар! Коркмазов, Шин, Д.Үсөновдун катыны жана башка "кара жолчулар" бизге бир тыйын жакшылык каалашпайт. Ушул шумпайлар менен С.Жапаров, Н.Түлеев деген шылуундар түзгөн "Ата-Журт" партиясын колдобогула. Булар элди алдап, жыйнаган байлыктары үчүн жанталашып жатышат.
Кыргыз

4338. О 78 70 R сериялуу машиненин номери жоголгон. Таап алгандар болсо, бизге кайрылгыла! Сүйүнчүсү болот.
Тел: 0779-17-04-17, 0778-75-32-76

4339. "Акыйкат" партиясындагы өзбекче алдей ырына кандай түшүнсө болот? Келечекте баарыңарды өзбек кылабыз дегениби?
1507 абоненти

4340. Текебаев, Сариев, Атамбаевдер мага жакпайт! Буларды колдогондорду чыккынчылар деп түшүнөм.
1507 абоненти

4341. Кымбаттуу партиялар! Бири-бириңди жамандабай тургула. Тагдырыңар аз күндө чечилет.
Саясатчы

4342. Кочкорлук, ыймандуу, жашы 23-29 жаштагы кыз-келиндер менен турмуш куруу максатында таанышам. Өзүм 29га келдим.
Тел: 0779-02-89-44

4343. "Ата-Журтка" чогулган Бакиевдин "куйруктарынын" элге кылган кыянат иштерин айтса түгөнбөйт. Чогулуп алып, "Түлеевдин күнөөсү жок, депутат кылабыз" дейт. Күнөөсү жок болсо, эмнеге качты? Жебесе кайдагы акчага чет элде жашап келди? Кайдагы акчага жан сакчыларды жалдап, "джип" минип жүрөт? "Эми элге кызмат кылам" деп, элди жана азыркы өкмөттү шылдыңдагансып, жылмаңдап, күлүп, "жепутат" болом дейт. Бекназаров болсо, "Түлеев качып жүрөт, кармайбыз" деп күпүлдөбөдүбү беле? Эми өзү келсе да унчукпайт. Бакиев "атасы" экөө Манас атанын душмандарынын эстелигин тургузуп, элге шерменде болбоду беле? Бул экөө тең Манастын арбагынан коркпогон немелер окшойт?
Зарылбүбү

4344. Текебаевдин изине Бакиев тең келбейт. Бакиев качкын. Элин, жерин канга боёп салып, эч нерсе болбогондой, жер үстүндө жүргөн чыгар. Кыргыздын тагдырына күйсө ушундай абалга түшүрөт беле?
Ырыскул, Аксы

4345. 4193 абоненти, өзүң кай жерденсиң? "Таластыктарды жапайы экенсиңер" деп, таластыктардын балакетин аласыңбы?
2081 абоненти

4346. СДПКнын курамы саясатчылар эмес эле, артисттерби? Рекламасында жалаң артисттер жүрөт.
Кычык

4347. Камчыбек Ташиев, бизге Курманбек Бакиевдин кереги жок. "Канкор Бакиевди алып келем" деп кайсы бетиңиз менен айттыңыз? Кыргыздын жинине тийбей, Белорусияга кетип калыңыз. Бакиев сизди сагынса керек?
3354 абоненти

4348. Нариман Түлеев, сен "Ата-Журтуңа", Бакиевге салам айтып кой.
Боха

4349. "Ар-намыс" партиясы, көп добуш алгыңар келсе, "биздин лидерибиздин ар-намысы жок, бети темир калкандай калың жана катуу" десеңер көп добуш ала аласыңар.
Найзада

4350. Кубанычбек Исабеков, эгер сиз депутат болуп калсаңыз, кайрадан төшөк жаңыртасызбы?
Кошунаң

4351. Уулум Алихандын 17-октябрь туулган күнү менен куттуктайм! Келечекте элинин керегине жараган, ысык-суукту жарып өткөн намыстуу уулдардан болушун каалар элем. Ошону менен бирге кызым Венераны жакшы көрөм. Мен үчүн үйбүлө ыйык нерсе.
Апаңар Жазгүл

4352. Таластын Бакыян айылындагы Бакыт! Кыздардын башын айлантпай жөн жүрчү! Сен биринчи сүйүү деген эмне экенин билип алчы. Балит сөздөр менен сөгүнгөндү кайдан үйрөнгөнсүң? Сенин мындай "иттигиңди" билбептирмин. Уятың жок экен.
3582 абоненти

4353. Кыргыздар! Мадумаровдун теледебатта калчылдаганын көрдүңөрбү? Ушундай неадекватный адам депутаттыкка талапкерлигин коердон мурда дарыланса болмок беле?
5215 абоненти

4354. Кунакуновдун жашабай жатып эле "косяктары" көп окшойт? Бу жигит баралына келгенде, кыргыздарды потрахами атып салбайбы?
5215 абоненти

4355. Чыңгыз Мырзаев, сени эстүү бала десем, нервиң бузула баштаган көрүнөт? Мадумаровду элдин баары көрүп жатпайбы...
Эжең

4356. Кылым карыткан Улуу Кыргыз элин сокур, дүлөй, келесоо деп ойлогон атка минерлер! Мен кыргызмын деп жүрөгүңөр соксо, келечекти ойлосоңор, казыла элек Жетим-Тоону милдеттүү түрдө улутташтыргыла! Андагы кен-байлыктын ээси, мыйзамдуу түрдө израилдик бир жөөттүн жана кытайлык бир ишкердин менчиги дейт! Ал кайдан чыккан мыйзам болуп кетти? Элибиздин кызыкчылыгына иштебеген, келечегибизге балта чапкан! Кайсы шылуун элдин, мамлекеттин байлыгын, эл менен кеңешпей туруп сатып жиберген?! Минтип тапкан байлыгыңарды аркы дүйнөгө ала кеткиле! Кумтөрдү, Үзөңгү-Куушту, Каркыраны, Жетим-Тоону, дагы толуп аткан ыйык жерлерибизди саткан мамлекеттик кызматкерлерди, депутаттарды кыргыз жеринен тазалаш керек! Бул адамдарды жондорунан сылап-сыйпап туруп, Жетим-Тоону ашырып, "жакшы баргыла" деп айдап ийиш керек!
Улутман

4357. 7171 абоненти, Курсан Асанов эмес эле өзүң чыккынчы окшойсуң? Экс "ак жолчулардан" көп акча алдыңбы?
9106 абоненти

4358. Кыргызстандын келечеги үчүн "Ата Мекен" партиясына добуш берсек болмок элим...
Бурул

4359. Мүзүргө жооп: "Ата-Журт" партиясын эл колдобойт. "Жаман катын кетем деп коркутат. Жаман эркек өлөм деп коркутат" дегендей, сен эмне жаман эркексиңби? Ушу партия үчүн "өлөм" десең, анда сен айныган неме турбайсыңбы? Өлсөң, кыргызды душмандардан коргоп же 7-апрелде Акүйдүн астында өлсөң, түбөлүк атың калмак. Анан болбогон немелер үчүн "өлөм" дегениңе жол болсун!
Кузя

4360. Баягы "Кара жол" партиясына "Ата-Журт", "Бүтүн Кыргызстан", "Республика", "Содружество" партиялары кирет!
Ош

4361. Бакиевчилер айласы кетип үчкө бөлүндү. Булар: "Ата-Журт", "Бүтүн Кыргызстан", "Ар-намыс". Ушуларды колдогондор эсиңерге келгиле! Өлкөбүз жыргаса эчак жыргап кетмекпиз. Кана?! 7-апрелди унутпайлы. Ушулардын азабынан жана ушуга окшогон "куйруктардын" айынан келип чыккан жамандыктар...
9106 абоненти

4362. "Ата Мекен" үчүн добуш берели. Кыргызстан баарыбыздын Ата Мекенибиз. Алгалай бер "Ата Мекен"! Текебаев жаша! Силерди Кудай колдосун! 7-апрелден кийин чыккан Бакиевдин "куйруктарына" алданбагыла!
Жыргал

4363. Жүрөгү эл деп соккон таза партиялар: "Ата Мекен", СДПК, "Акшумкар", "Акыйкат", "Замандаш"! Силерге эл ишенет. Ишиңерге ийгилик каалайм.
5910 абоненти

4364. Анык кыргыз - тубаса демократ! Бизде канча көп партия бар? Демек, элибизде ошончо көз караш бар. Эл аралык саясатта кыргыздын деңгээли өтө бийик турарын түшүндүрөт. Кайсы эл, башчысы жок эле атылган окко, колундагы таш менен бийликти алып түштү эле? Буга жоокер кыргыз гана жарайт!
4585 абоненти

4365. 4984 абоненти, сен эмне мынча тупойсуң? Мээң калбыр болуп калганбы? Мурдуңдан бүт баары агып түшүп калса керек?
4144 абоненти

4366. Мүзүр жана Мүзүр салыкчы, силер эки кишибиз деп башты оорутпагыла! Силер "нактасыңар". Же андай эмеспи? Жанды кашайтпагылачы, болбосо... "Кащей бесмертный" болуп кетсеңер да!
4144 абоненти

4367. Балдар-кыздар менен таанышам, достошом. Атым Жумагүл.
Тел: 0779-16-93-95

4368. Кара кыргыздарды кул кылыштын эки эле жолу бар. 1) Этностун өрчүшүнө тиешеси жок идеологияда тарбиялоо, жогорку билим берүү. 2) Кыргыз тилине, дилине сексти, аракты, наркоманияны киргизүү жолу. Бул эки жолду Арон Шухья 19-кылымда айткан.
Улутман

4369. Биздин үйбүлөдө шайлоого катышууга жашы жеткен 10 адам барбыз. Баарыбыз "Ата Мекен" үчүн добушубузду беребиз!
Jurnalist kyz

4370. Дүйнө жүзүндө эки эле улут жашашы керек! Биринчиси еврейлер, экинчиси еврейлердин алмазы! Бул сөздү Дов Левит айткан.
Улутман

4371. Текебаевден башка татыктуу талапкер жок. Кыргыз элибиздин келечегин ойлосоңор, "Ата Мекен" партиясын колдогула туугандар! Башкалары таза эмес адамдар.
5184 абоненти

4372. Кыргыздар! Биз эмне эле Акаев менен Бакиевдин кадрларын чалчактатып жатабыз. Апрелде эле аянтка алып чыгып, жазалаш керек болчу. Эми революция болсо, чиновниктерди Спартакты дарга аскандай асып салыш керек. Эл журт, кана, ким сот жообуна тартылды? Кыргызстанды ушу акыбалга ким алып келди? Жалаң ушу "куйруктар"! Карапайым эл бул вирустарды өрттөп салсак жакшы болмок. Кыргыздар үчүн, кыргыз күйгөн!
Чагылган

4373. Сагынычымды карегиме катып, ойлуу тиктеп коем бирөөнү. Жүрөгүмдө кусага толгон кымындай боштуктун дабасын, эч качан таба алчудай эмесмин. Ичке каткан сырларымды, сени менен гана бөлүшкүм келет. Сени сагындым!..
3182 абоненти

4374. 7171 абоненти, "Ата-Журттун" "Ак жолдон" куралганын унутпа! Бизге душмандар экенин билбейсиңби?
4434 абоненти

4375. Бакиев жүздөгөн миллион долларды Кыргызстандан чыгарып кетти деген жөн эле каралоо сөз окшойт? Эгер менде ошончо акча болсо, мага жамандык кылгандардын күлүн асманга сапырмакмын. Акча үчүн "жасап берем, аткарам" дегендер толтура да.
2916 абоненти

4376. Текебаев, сен элге зыяныңдан башка эч бир пайдаң жок байкуш экенсиң. Акаевге "жасалма" оппозиция болуп, элдин башын айлантып, бийлигин узартып бергенсиң. Сен болбосоң, эл эрте эле аны кубаламак. Үзөңгү-Куушту карап атканда, кирип квота кылып берип, Кытайга бердирдиң. СНБнын жертөлөсүндө жашынып алып, элди канкор Бакиевге бутага коюп бердиң. Сен каражолтой адамсыңбы? Сен барда Кыргызстан оңолоруна көзүм жетпей калды. Акаев менен Москвада жолугуп сүйлөшкөнүң чынбы?
2916 абоненти

4377. Жаагыңар жабылды окшойт. Каяктагы калптарды урдуртуп жаттыңар эле. Силерден элдер жийиркенип, "мына, урдурткучтар келатат" деп калганбыз. Кулак мурдубуз тынчып эле калды.
7630 абоненти

4378. 5715 абоненти, сага чоң рахмат! Мен сизге жакканыма аябай кубанычтамын!
Куба

4379. Баарыбыз эле адамбыз. Бирок, адамда адамдык касиет болуш керек. Бирок, Бакиевди алып келебиз деп Ташиев мырза, сиз катуу жаңылдыңыз!
Самаган-Сопу

4380. Мухтар Өмүракуновдун экинчи аялы Айжан Акылбекова экенине эми ишендим.
9003 абоненти

4381. Урматуу шаар мэри Иса мырза, сиз жашаган үйдүн жанындагы көчөлөрдү асфальтатып, жаркыратып койдуңуз. Мунуңузга каршы деле эмесмин. Бирок, сизден бир өтүнүчүм бар эле. Чапаев көчөсүн качан оңдойсуз? Лев Толстой менен Ахунбаев көчөлөрүнө чейинки тилкемде машине жүрө албай калды. Жарым жылдын ичинде машинемдин ходовкаларын эки жолу жасаттым. Укмуштуудай акча каражаты короду. Мага окшогон карапайым адамдар үчүн кыйын эле болуп калат экен. Же сөзсүз түрдө эле жолду жаап, митинг уюштуруп, элди ызы-чуу кылыш керекпи? Бир жарым айдан кийин кар жаап, кыш мезгили келет. Ал жагын өзүңүз сезип тургандырсыз. Сураныч, Чапаев көчөсүн тезинен ымалага келтирип коюңуз!
Эркин

4382. Шайлоого бутум үзүлгөнчө чуркадым. Беш бакандай партияга. Аттарын атабай эле коеюн. 200 миң сом шабашка түштү. Бу жолу жакшы болду. Партиялар мени жыргатты. Биринин шапкесин бирине кийгизген жагынан таланттуу экем. Менин кызматымды пайдалангысы келгендерге дайым даярмын.
Жулик

4383. Кыргыздар, кечээги светке акча төлөй албай кыйналганыңарды, жериңердин налогун төгө албай каржалганыңарды унуттуңарбы? Эми ошо күндөрдү самап, "Ата-Журтка" добуш бердиңерби?
Күйгөнбай

4384. 4585 абоненти, адегенде феминизм эмне экенин билип туруп, жооп жазбайсыңбы? Сендей чала сабат, караңгы эркектердин айынан өлкөбүз туңгуюкка кептелди. Феминисткалар, эркектерди орусча айтканда "признавать" этпейт, кыргызча айтканда, жанына жуутпайт. Айрыкча сага окшогон деңгээли төмөндөрдү. Аман бол!
Феминистка

4385. "Ата Мекендин" кызыл байрактарын көрүп, ыйлагым келди. "Шайлоодо көп добуш алат" деп үмтөткөм. Чынында, бул партиянын эмгеги зор болчу. Элибиз дагы деле трайбализм дартынан арылбаптыр. Кечээги Акайды, Закиржанды колдогондор парламентке келгени жатат. Ташиевчисинен айтканда "позор"!
Шапалак

4386. 10.10.10до бакыт кушу конуп, үйбүлө кургандар бактылуу болгула! Ылайым кармашкан колуңар түбөлүк ажырабасын. Турмуштун ысык-суугуна туруштук берип, бала-бакыралуу, короо-жайлуу, түтүн булаткан, кадырлуу бүлөлөрдөн болуп, атагыңар ай-асманды сапырсын!
1777 абоненти

4387. Ой Кулов, эми кашык-чөйчөктөрүбүздү сатасыңбы? Андан башка темир деле калган жок бизде! Үймө-үй кыдырган жасоолдоруң "темир калкан жасайбыз" деп казан-аягыбызды тартып алып, кууратпаса болду?!
6980 абоненти

4388. Адахан Мадумаров, сен Жаныш Бакиевдин 50 жылдыгына барыпсың. Видеоң "Булбул" деген сайтта жүрөт. Жагалданып, жакшы эле ийилипсиң. Эми кайсы бетиң менен саясатка жулунуп атасың же "16га жаңы толгон" Жаныш акаңдын ордун басайын деп атасыңбы?
8124 абоненти

4389. Мен "Замандаш" партиясына добуш бердим. Биздин эле айылдан 20дан ашык киши добуш беришти.
Акыл

4390. Жөөтөр бизге жолдоду, жол көргөзүп колдоду.
Демократияны таңуулап, геноцид кылды кордоду.
Канга тойбой канкорлор, кан жуткузду тойбоду.
Нур төгүлгөн кыргызды, Улуу Теңир колдосун.
Эркин шайлоо тынч өттү, элибизге Кут консун.
Мукаш Ырсалиев

4391. Урматтуу "Учур" гезити! СМСтеги Күйдүмчок менен Сүйдүмчокту үйлөнтүп койбойсуңарбы? Же силердин колдон келбейби? Эгер мен ушуларды тааныганымда экөөсүн баш коштуруп коймокмун. Анан экөө бири-бири менен айтышып жата бермек.
5615 абоненти

4392. СМСчилер, силердин байкооңор боюнча өлкөдөгү шайлоо таза өттүбү? Менимче идеалдуу өткөн жок. Кээ бир нарушениелер болду го? Келгиле, ким эмне байкагандарын элге жар салабыз. Алар да билүүсү керек.
5615 абоненти

4393. Кыргыздар, биз эмне болуп калганбыз? 100 грамм арак менен 500 сомго абийириңерди саттыңарбы? Кимдерди тандап алдыңар? Туй ата, ушундай да болобу? Силерге айла жок экен. Эми чыдап жүрө бергиле. Бир көзүңөрдөн кан, бир көзүңөрдөн жаш агызып. Арам акчаны чачып жатып бийликке келгендер кайра жонуңардан кайыш тилгенде эсиңерге келесиңер. Бирок, кеч болуп калды.
Чагылган

4394. "Ата-Журт" партиясы жеңишиңер менен куттуктайм! К.Ташиев премьер-министр болсо, жаратылыш кырсыктары токтойт эле. Нурлан Сулайманов жолдордун баарын күзгүдөй кылып жалтыратат. Максимди алып келгиле. Ал жигиттин көзү "сонун". Закиржанды деле алып келгиле. Белорустун арагын ичип ууланып калгыча, өз элинде "Аюнун" арактарын ичип жата берсин.
"Ата-Журчул"

4395. Мурат Суталинов 5 жыл мурда оппозицияга колун көргөздү эле, эми экинчи жолу көргөзө турган болуп калды.
0606 абоненти

4396. Салымбековдор кайда өтө качат? "Дордой" базарын кимге тартуу кылып ийет болду экен? Эмнеси болсо да шашылбай тургула.
Шамбала

4397. Шайлоого чейин асыл ойлорум бар эле. Анын баары талкаланды. Эми мен чет өлкөгө кетем. Өнүгөрүбүзгө ишенбей калдым. Баягы эле кузгундар учуп келди каркылдап.
Келгин куш

4398. Эмнеге "Акыйкат" партиясы шайлоодон өтпөй калды? Мен протест кылам. Сотко берем. Андай болбош керек эле?
4218 абоненти

4399. Байбичем экөөбүз шайлоо болор алдында мелдешкенбиз. Ал "Ата-Журтка" салмак. Мен болсо "Ата Мекенге" деп. Эми биздин тагдыр эмне болот? Байбичем экөөбүз 30 жыл бирге жашап, бактылуу өмүр сүргөнбүз. Буга чейин байбичем мага баш ийип, айтканымдан чыкпай келген. Уттурганымды мойнума алып каламбы? Андай болбош керек. Жардамга келгиле өкмөт!
5439 абоненти