Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/1014_2.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/1014_2.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/1014_2.htm on line 2


п»ї
  Калемдештен кабар

Жеңишбек "Женева трибунасында"!
Курманбек Бакиевдин ыплас, канкор колу далай адамдарга запкы көрсөткөнү белгилүү. Башкасын айтпасак да, сөз эркиндигине эски режим карасанатайлыгын көрсөтүп, эркин журналисттерди бир канчасын сабатып, өлтүргөнүн өлтүрүп, качырганын качырган. Ошолордун арасында Жеңишбек Эдигеев деген калемгерибиз бар болчу. Бул жигит бакиевчилерге каршы туруп, чындыкты жазган үчүн куугунтук жеп, Женевага кетүүгө аргасыз болгон. Эгерде Жеңишбек өлкөдөн чыгып кетпесе, анда бакиевдик криминалдык топ аны өлтүрмөк, же катуу жаракат келтирүү менен адам жарагынан чыгармак. Бактыга жараша, Ж.Эдигеевдин көрө турган күнү али алдыда экен. Ал кандуу режимге сынып берүүгө моюн бербеди, Кыргызстандан чыгып кетип, жаны аман калды...
Таңгалганыбыз, чыгармачыл адам кайсы жерде болбосун, бүчүрүн байлап, мөмө берери айныгыс чындык экен. Маселен, ошол эле Жеңиш мырза Женевада баш калкалап жүрүп, тил үйрөнүп, жыйынтыгында чоочун жерде журналисттик кесипти аркалай баштаптыр. Мындай эрктүүлүктү ар бир адам эле багындыра бербес! Анын соңку убакта "Женева трибунасы" аттуу басылмага французча макаласы чыкканы белгилүү болду. Макалада кыргыз эли Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен "ак карга" болуп атканы, мындай шартта кыргыздарды көздүн карегиндей сакташ керектиги, келечекте кыргыз эли болуп көрбөгөндөй өнүгүү жолуна түшөрү, айтор, Кыргызстандын жаңычылдыкка умтулуусу жемишин берип, улуу бийиктиктер алдыда экендиги чагылдырылган. Бирок, өлкөнүн мындай багыт алуусуна каршылыктар болору да эскертилген. Албетте, ошол эле коңшу өлкөлөр тараптан. Кыскасы, Ж.Эдигеевдин саясый макаласы кыргыз эли үчүн өрт менен жалын болуп жазылганы байкалат. Мекенди сүйгөн уулдарыбыз гана ушундай ишке бара алат эмеспи...
Баса, Жеңишбек ушу тапта Женева университетинин саясат таануу багытында окуй баштаганы да маалымдалды. Ал жакынкы убакта Кыргызстанга келүүсү да арсар экен. Эмесе, калемдешибизге ийгилик гана каалайлы!

Асланбек САРТБАЕВ




А.Жекшенкулов саясый күрөштү улантат
Аликбек Жекшенкулов жетектеген "Акыйкат" партиясы шайлоодон утулду. Бирок, анын духу түшүп, башка лидерлердей болуп ичип кетип, же шок болгон жок. Аликбек мырза башты бийик көтөрүп, шайлоонун эртеси күнү адилетсиздикти, уурулукту, административдик ресурстун ыпластыгын айтып чыкты. Мына ушул боюнча "Акыйкат" партиясынын штабы да ырастап, дээрлик бардык шайлоо участокторунда "Акыйкаттын" добушу уурдалгандыгы, шайлоочуларды сатып алуу өнөкөтү курчуганы, атургай комиссиялар акчага бурулуп кеткени айтылды. Бул - кыргыз элинин шору! Кантсе да, А.Жекшенкуловдун күрөшү муну менен бүтпөйт экен. Алдыдагы саясый кармаштарда "Акыйкат" партиясы кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн күрөшөрү ачык байкалды. Мына ушундай элдик партиялар жандуу болсо, анда Кыргызстандын көтөрүлө турган бийиктиги али алдыда...


Көлдүктөр Бакыт Иманалиевге добуш берди
Редакцияга Ысык-Көлдүн бир канча карапайым тургундары телефон чалышып, "биз шайлоодо партиялар үчүн эмес, Бакыт Иманалиевге добуш бердик" деп билдиришти. Албетте, мындай билдирүүгө алгач түшүнбөй калдык. Анан баам салып көрсөк, Бакыт мырза СДПК үчүн шайлоодо иштегени, бул партиянын ураган аброюн көтөрүүгө салым кошкону ачык байкалды. Жөнөкөй эле талдоо: көлдүк жердештерине Б.Иманалиев башынан эле колунан келген жардамын көрсөтүп келгени белгилүү. Ошого катар Ысык-Көлдүн интеллигенциясынын башын кошкон коомдук уюмду жетектеп келгени да бекеринен эмес. Кыргызда "адам менен адам болосуң" дейт эмеспи. Анын сыңарындай, Бакыт мырза жалпы көлдүктөрдүн астында дайыма адамгерчилик мамиледе жүргөнү, жигиттик парзын аткарганы менен алкышка татыйт экен. Мындай шартта эл өз уулунун сөзүнө, көзүнө карап добушун берет турбайбы. Аброю ураган партия болсо дагы...


К.Бакиев "Ата-Журтту" куттуктады дейт
"Ата-Журт" партиясынын жеңишине Курманбек Бакиев аябай сүйүнүп, өлөрчө арак ичип, катуу майрамдаганы маалымдалды. Анан ошол гүүсү менен Камчыбек Ташиевге телефон чалып, Курманбектин куттуктаганы айтылууда. Ой тоба-а, буга чейин "атажуртчулар" актанып келишти эле, эми эмне дейт болду экен?..


М.Карыбеков кимди "өлөсүң" деди?
Кыргыздын парапсихологу Мелис Карыбеков көрүстөндүн үстүнөн Рысбек аттуу аксакалга жолугуп, "ушу сизди мүрзөнүн үстүнөн экинчи ирет көрүп атам, жакынкы күндөрү өлөсүз!" дептир. Албетте, элдин көзүнчө айткан. Мындай коркутууга Рысбек аксакал: "тилде сөөк жок деген ушул тура. Эй балам, өзүңдү Кудайдан өйдө койбо! Аман болчу!" деп кагыптыр. Анан экөөнүн кер-муру токтоп, өлгөн кишиге бата кылып, жолдоруна түшүптүр. Негедир ал киши аман-соо эле жүрөт го. Бул тирүүлүктөгү сүйүнүч. Эми Мелис мырза эмне дейт болду экен?..




кыргыз тилиндеги гезит "Учур"









??.??