Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/1014_19.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/1014_19.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/1014_19.htm on line 2


п»ї
  Күч берен

Темир канатчан Аскар
Аскар Туташев быйыл 13кө толду. Сабактарын жакшы окуйт. Бош учуру боло калганда мини-байк спорту менен шугулданат. Мындай спортко кызыккан кыргыз балдарынан саналуусу. Бир жылдан бери бул спорттун аркасынан түшүп, ар-кыл мелдештерге катышып калганын көрүп калабыз. Ийгиликтери да жок эмес.


- Аскар айтчы, бул спортко кайдан келип жүрөсүң?
- Бешинчи класска киргенимде атам менен дүкөн кыдырып жүрүп, аябай кооз велосипедди көрүп калдым. Мындай карасам мотору бар экен. Айланчыктап жанынан кетпей койдум. Мага да ылайыктуудай көрүнүп туруп алды. Кыялымда минип алып, учкан куштай ары-бери сызгым келди. Аз өтпөй саттырып алдым. Ошо күн мен үчүн бактылуу күн эле. Бир жума бою ээринен түшпөй, ары-бери айдай бердим. Жада калса мектепке да айдап барып аттым. Анан окуткан эжейим, "мини-байк" деген спорт бар. Ошого катышпайсыңбы?" деп калды. Аны сураштырып, акыр-аягы ушу спортко келип калдым.
- Эмнеси менен сага жакты?
- Кинолорду көрүп, андагы мотоциклди катуу айдаган каармандардай болгум келе берет. Ошолордой болуш үчүн мини-байк спорту менен машыгыш керек да. Андан ары улайм.
- Анан канча болду машыкканыңа?
- Бир жыл болду. Былтыр сентябрдын орто ченинде келгем.
- Кыйын бекен?
- Башында көнө албай, мени менен машыккан балдардан артта калып аттым. Бурулуштардан абдан коркуп, "жыгылып калсам эмне болот?" деп атып, атаандаштарымды алдыга кое берип ийчүмүн. Эми бир-аз көнгөнсүп калдым.
- Кийген кийимдериң атайын ушу спорт үчүнбү?
- Ооба. Бул болбосо жан калчудай эмес. Муну да атайын заказ менен чет элден алдырттым. Бул кийимдүү боло электе машыгуу учурунда 3 жолу жыгылгам. Чыканак, тизелерим тытылып, бети-башымдан жаракат алгамын. Эми коркпой калдым.
- Катуу эле айдап калдыңбы?
- Колумдан келишинче. Бирок, менден да катуу айдаган балдар бар.
- Минген темир тулпарың менен тааныштырчы?
- Баасы 250 доллар турат. Мопед сыяктуу. Бирок, мопеддин бир калыпта кете турган жагдайы болсо, мында жайлатып жана ылдамдата турган мүмкүнчүлүктөрү бар. Бензин менен жүрөт. Бакка 5 литр батат. Бир жолу толтуруп койсоң, далайга жетет. Жүз километр айдасаң араң бир литр сарпталат. Эң катуу кеткенде 120 километр саатына чейин "басса" болот.
- Мелдешке катышып көргөнсүңбү?
- Бир жолу катыштым. Болгону 4 спортчу чыгып, 4чү болуп келгем (күлүп). Анда жаңыдан машыгып аткан элем. Корктум окшойт. Анүстүнө минген темир унаам кашаңдап жакшы чуркабай койгон. Мандемденип.
- Бүгүнкү мелдеште канчанчы келгени турасың?
- Андан бери бир топ эле такшалдым. Эгер мотоциклим бузулбаса, байгелүү орундарды жеңсем керек.
- Эмне, бат-бат бузулуп атабы?
- Тетиктери назик болуп, бат сынып калып атат. Анан оңой менен табылбайт да экен. Мелдеш учурунда ушундай кыянаттык болбосо экен деп тиленип турам.
- Мектепте жакшы окуйсуңбу?
- Отличник болбосом да жакшы окуганга аракет кылып атам. Сабактардан "3" деген баам жок. Жалаң "4", "5" деген бааларга окуйм.
- Бул спортко машыкканыңа ата-энең каршы болгон жокпу?
- Башында каршы болушкан. Башка эле спортту тандап албайсыңбы дешип. Эми алар деле көнүп калышты. Мелдештерге чогуу келишип, мени сүрөнчүлөп турушат.
- Спортту таштап салбайсыңбы?
- Азырынча таштайын деген оюм жок. Тескерисинче мини-байкты өркүндөтсөм, мага окшогон кыргыз балдар көбүрөөк машыкса экен дегим келет.
- Мына, азыр эле мелдеш бүттү. Силердин топтон экинчи келдиң. Биринчиге чыксаң болот беле?
- Болмок. Төртүнчү айлампадан жанымда келаткан атаандашка алдырып ийдим. Ошону менен ага кууп жете албай койдум. Эмдигиде жеңем.

Даярдаган Сурат Жылкычиев







кыргыз тилиндеги гезит "Учур"









??.??