Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/1014_18.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/1014_18.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/1014_18.htm on line 2


п»ї
  Көздүү мончок

Ширинди кумир туткан Айман
Жаш болсо дагы көптөгөн максаттарды алдына койгон Айман сулуу, болочокто Ширин Жумагуловадай журналист, Дилбар айымдай белгилүү дизайнер, болууну самайт. "Жашоодо сулуу адамдар көп болсо" деп тиленет.

- Айман, өзүңдү тааныштырып кетсең?
- Мен азыр КУУда 5-курста окуп жатам. Кичинекей кезимде эле "теле алыпбаруучу болом" деп тилечүмүн. Ошондуктан, мектепти бүткөндөн кийин журналистика факультетине тапшырдым. Үч кыздын улуусу дагы, сулуусу дагы менмин (күлүп). "Эжени көрүп сиңди өсөт" дегендей, сиңдилериме колумдан келишинче жакшы үлгү көрсөткөнгө аракет кылам. Мени ар убак колдоп, жардам берип келаткан ата-энеме ыраазымын. Учурда алар өздөрүнчө чакан бизнес кылышат.
- Чыгармачыл чөйрөгө кандайча аралашып калдың?
- Мага бийлеген аябай жакчу. Сыналгыдан бий топторунун бийлерин, ырчылардын клиптерин көрүп, абдан суктанчумун. Он сегизге чыкканымда "Аян" бий тобуна кастинг жүрүп жатканын угуп, катышып калдым. Ошондон кийин чыгармачыл чөйрөгө аралашып, эстрада ырчылары: Кубаныч Сатаев, Ильяз Андаш, "Кеңеш тобу" ж.б. ырчылардын клиптерине тартылдым. Жарнама роликтерге да түшүп, "Шайтан араба" аттуу фильмде эпизод ойнодум. Кийин КТРдин "Замана" студиясында "Таңкы көнүгүү" деген рубриканы алып бардым. Кудай буюрса, окуумду ийгиликтүү аяктап алсам, кайрадан эле теле жагына ыктап, теле алыпбаруучулукту алып кетейин деген максатым бар.
- Кайсы журналисти кумир тутасың?
- Саясат жана социалдык темаларды чагылдырган журналист Ширин Жумагулованы кумир тутам. "Ширин эжедей саркеч, мыкты журналист болсом экен" деген кыялым бар. Алдына койгон максатына жете билген күчтүү теле алыпбаруучу катары Ассоль Молдокматованы дагы сыйлайм. Ал эми башка улуттун журналисттеринен Андрей Малахов, Тина Канделаки жана Иван Ургантдын даярдаган көрсөтүүлөрүн калтырбай көрөм.
- Өзүң кандай көрсөтүү даярдагың келет?
- Көңүл ачуучу оюн-зоок көрсөтүүлөрдү алып барганды жактырам. Анткени, көрүүчүлөр менин көрсөтүүмдү көрүп, болгон маселелерин унутуп, эс алышса деген ойдомун.
- Кайсы жерде эс алганды жактырасың?
- Досторум менен дискотекага, түнкү клубга барып эс алганды жакшы көрөм. Кандай гана учур болбосун жашоону сүйгөн, дайыма алдыга умтулган оптимист адамдардын жанында болгум келет. Ал эми кыш мезгилинде коньки тээп, аппак кар кечип, эс алганды жактырам. Жыл сайын үйбүлөбүз менен тоого чыкканды адат кылып алганбыз. "Быйыл сноуборд, лыжа тепкенди үйрөнөйүн" деп жатам. Өзүм спортко аябай жакынмын.
- Турмушка чыгайын деген оюң барбы?
- Азыр сүйлөшкөн жигитим бар. Бирок, үйлөнүү тууралуу сөз козгой элекпиз. Анткени, экөөбүздүн кыз-жигит болуп сүйлөшүп жатканыбызга аз гана убакыт болду.
- Сулуулукка сенин оюң кандай?
- Сулуу адамдарды жакшы көрөм. "Сулуулук дүйнөнү сактап калат" деген сөз бар эмеспи. Үйдө отуруп алып, сиңдилеримдин чачын өрүп, аларды боёнтуп, жарашыктуу кийинтип өзүнчө эле стилист боло берчүмүн. Курбу кыздарым да "чачымды жасап берчи, бетиме макияж коюп берчи?" деп үйгө келишчү. Мен жашаган подъезддеги кыздардын көбүн сулуулап, майрамдарга узатып калган күндөрүм да болду. "Дилбар эжедей кыйын тикмечи, дизайнер болсом" деген дагы максаттарым бар. Кыскасы, жаш кезде бардык мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаганга аракет кылуудамын.

Айсалкын Самсалиева





  Нике кайып

Кундуз Казыбек кызы:
"Акбар сүйүүсүн арнаганда..."
Ырчы Акбар Сүйүнбаев менен "Миң кыял FM" радиосунун ди-джейи Кундуз Казыбек кызы 23-октябрда турмуш жолуна аттанышат. Салондорду кыдырып, үлпөт көйнөк тандап жүргөн Кундузду кепке тартып, кызуу маек уладык.


- Кундуз, "турмушка чыгам" деп толкундап жаткан кезиң экен...
- Ооба, жакында эле ата-энелерибиз жолугуп, үйлөнүү тоюбузду 23-октябрга белгилешти. Ал дата жакындаган сайын жүрөгүм башкача согуп, толкундоолор болуп жатат. Сыртымдан дагы байкалып жаткан окшойт, кесиптештерим "сен акыркы убакта көп ойлончу болдуң, өзгөрүп кеттиң?" деп айтышууда. Жумуштан чыккандан кийин курбуларым менен салондорду кыдырып, үлпөт көйнөк тандап жүрөм. Көйнөктү кийип көргөндө бир туруп, ыйлагым келсе, бир туруп сүйүнүп жатам.
- Болочоктогу кайын-журтуң менен таанышкан экенсиң да?
- Акбар эркек эмеспи, уялбастан менин туугандарым менен таанышып чыкты. Мен атайын "сюрприз болсун" деп көбү менен таанышпай жатам.
- Эмнеге буга чейин кыз-жигит экениңерди жашырчу элеңер?
- Чындыгында Акбар гезиттерге интервью бергенде, менин атымды ачык айтчу эмес. Ар бир нерсенин өз убактысы болот дегендей, эми айтчу сааты келди окшойт, ачыкка чыктык. Бир жылдан бери кыз-жигит болуп сүйлөшүп келдик. Акбар "эмнеге биз, мурда эле кыз-жигит болгон жокпуз?" деп күлүп калат. "Азыр мен даяр кадрмын. Окуумду бүттүм, иштеген ишим бар" деп аны чычалатам.
- Эң биринчи жолу сүйүүсүн билдиргенде кандай абалда болдуң?
- Акбар дос катары тамашалап, "Кундуз, сен менин аялымсың, балама йогурт ала келейинби? Аны балабакчадан алдыңбы?" деп телефон чала берчү. Анан сүйүүсүн арнаганда түшүнүксүз ойдо "эми кандай болот?" деп таң калдым. Курбу кызыма айтсам, ал дагы жакшы кеңештерин берди. Акбардын чечкиндүү сүйлөгөнүн жактырчумун. Бара-бара өзүм дагы аны сүйүп калганымды билип, макул болдум. Экөөбүздүн сүйүүбүз буюрса, үйлөнүү той менен коштолгон турат.
- "Артисти күйөөм дебе" деп айтып калышат го?..
- "Ырчыга турмушка чыгам" деп ойлочу эмесмин. Бир күнү радиого ырчылардын үйбүлөсүнө байланышкан программа даярдап калдым. Көпчүлүк ырчылардын аялдары "ырчынын аялы болуш үчүн чыдамкай, кечиримдүү болуш керек. Антпесең, өтө эле кыйын" деп жооп беришти. Ошондон кийин алардын аялдарына боорум ооруп, "ий, жаман турбайбы?" деп ойлоп койгонум эсимде. Эми минтип, өзүм да ырчыга турмушка чыкканы жатам (күлүп). Бул дагы Кудайдын буйругу да. Экөөбүздүн ортобузда ак сүйүү, бири-бирибизге болгон ишеним өтө чоң.
- Байкасам, бири-бириңерди аябай эле эркелетет экенсиңер...
- Акбар мени "балапаным, кичинекейим" деп эркелетет. Мен башында аны кантип эркелетишти билчү эмесмин. Акбар мага эркелеткенди үйрөттү окшойт. Акыркы күндөрү өзүмө-өзүм таң калчу болдум, аны көргөндө эле эркелетким келе берет. "Таттуум, жаным" деп жылуу сөздөрүмдү арнайм. Эки-үч күн көрүшпөй калсак, кадимкидей сагынышып кетебиз. Ал мага караганда кызганчаак.
- Турмушка чыгарыңды уккан ата-энеңдин ичи ачышып жатса керек?
- Ата-эненин балага болгон тилеги жакшы да. Мен беш бир туугандын кичүүсүмүн. Бактылуу болушумду каалап, болгон акыл-насааттарын айтып жатышат. Апам жакында эле келип, "мындай жүгүн, мындай келин бол" деген сыяктуу "мастер классын" өтүп кетти (күлүп). Жеңелерим да болгон кеңештерин берип, "сенден жакшы келин чыгат" деп мактап калышат. Ачыгын айтсам, уй сааганды гана билбейм, калган үй оокаттарын, тамактардын түрүн жасай алам.
- Турмушка чыккандан кийин деле радиодо иштей бересиңби?
- Буюрса, радиодо эле иштейм. Тоюбуз Кочкордо болгон жатат. Тууган-уруктун батасын алып, бир аз жүрүп эле шаарга келебиз. Анткени, ноябрь айында боло турган Акбардын жеке концертине даярданабыз. Андан соң айылга барып, келиндик милдетимди өтөп келем.

Айнура Касымова








кыргыз тилиндеги гезит "Учур"









??.??