Миң бир түн

Казак кыздын
махабат дастаны
(Уландысы. Башы 38-санда)

Карлыгашты тыңдап отурам. Ак Мөөр, Клеопатра...Аны карап отуруп ушул ой кетти. Табият андан сулуулукту аябаптыр. Эгер менин ордумда сүрөтчү болсо, керемет чыгарма жаратат беле? Анда ал сүрөт биздин улуттук байлыгыбыз болуп калмак. Леонардо да Винчинин Мона Лизасындай болуп... Карлыгаш бул "кытмыр" оюмду байкаган жок. Назик үнү ыргагынан бузулбай, кулагыма жаңырып атты...


- Ошол күнү атактуу Эйфель мунарасын ресторан терезесинен тиктеп, ойго чөмүлүп отургам. Бул жерге жылына миллиондогон ашыктар келет. Белгилүү адамдардын көбү ушул жерден сүйүктүү айымынын колун сураган. Париж ошол адамдардын сезими менен көрктүү. Болбосо аябай мерез шаар. Муну мен жакшы билем. Канатым ката электе келип, далай кыйынчылыкты тарткам. Апамдан айрылуу, атамдан, туулган-жерден алыстоо убагында мага оор эле тийген. Адамдардын кайдыгерлигинен, өзүмчүлдүгүнөн көңүлүм калган. Аны мен сөз менен жазып жеткире албайм. Көчмөндөргө таандык асыл сапаттарды бул жерден табуу кыйын...
Ушул жерден Ала-Тоо эсиме түштү. Мелис ага айтып берген табият керемети көз алдыма тартылды. Кол телефонумду алып, ашыгымдын номерин тере баштап, кайра тык токтодум. "Барып эле жолуксам кантет?" деген ойго такалдым. Аны канчадан бери көрө элекмин. Чалган күндө деле "Кандайсың, карындашым?" дегенден башка сөз айтпайт. Ичип отурган кофенин акысын стол үстүнө таштадым да, көчөгө чыгып такси тостум. Ичимден Кыргызстанга барууну чечтим. Мелис аганын алдында күтүүсүз пайда болуп, таң калтыргым келди. Бир гана барганда жолугушуу уюштуруп берүүнү суранып, баягы атамдын таанышы, белгилүү адамга интернет аркылуу кат жолдодум.
Чемоданымды жыйнап, жаңы эле эшикке бет алганда Лоран келип калбаспы.
- Кайда жөнөдүң?- анын адеп берген суроосу ушул болду.
- Мелис аганы издеп, Ала-Тоону көздөй сапар алдым.
- Ал сени күтүп жатабы?
Мен эрдимди тиштей, баш чайкадым. Анан бышактап ыйлап жибердим. Лоран мени кучактап, соорото баштады. Бирок, менин чечимимди ак деп да, көк деп да талкуулабады, кеңеш бербеди. Арманымды угуп болгон соң, аэропортко чейин узатып барды. Курбум атам менен жакшы сүйлөшчү. "Кокус мени издеп чалып калса, Кыргызстанга кеткенимди айтпа" дедим да, жүргүнчүлөрдүн катарына кошулдум.
- Түз эле Бишкекке келдиңби анан?
- Адеп Астанага, анан Алматыга келдим. Ал жерде бир күн түнөдүм. Үйгө барганым жок. Атама бул жоругумду кантип түшүндүрмөк элем? Атамдын таанышы менен кабарлаштым. Анын жиберген машинеси менен Бишкекке эки күндөн кийин келдим. Ал менден конок болуп кетүүмдү өтүнүп, үйүнө чакырды. Макул болгон жокмун. Андан көрө терезелери тоо жакты караган номери бар, мейманкана таап берүүсүн сурандым. Анан "кечинде Мелис аганы мага жөнөтүп жибериңизчи, кездешүүм керек, сөз бар" деп өтүндүм.
Ушул жерге келгенде чый-пыйым чыгып, өзүмдү кармана албай кетип, сөзүн бөлдүм.
- Өтүнүчүңдү ал кандай кабыл алды?
- Билбейм, кандай ойдо калганын. Бирок, эки өтүнүчүмдү тең четке каккан жок. Шаар четиндеги, заманбап мейманканалардын бирине жайгаштырып, кечинде Мелис аганы алып келмей болуп чыгып кетти. А мен жалгыз калдым. Кудум баягы өспүрүм кезимдей. Катуу ооруганда атам Парижге алпарып таштап, кайра Алматыга кеткенде ушинтип жалгызсырадым эле.
Терезеден тоону тиктеп, көпкө отурум. Ажайып көрүнүш. Кыргыз жери Мелис ага айтып бергендей эле кооз экен. Аппапак булуттарга, кыпкызыл болуп батып бараткан күнгө суктанып отурдум. Атам экөөбүз көп эле жолу саякаттап, дүйнөдөгү мыкты деген мегаполистерди көргөнбүз. Байыркы философтор байырлаган Афинанын, гладиаторлор согушкан Римдин, пирамидалар жайгашкан Каирдин, жашоочулары кумурскадай бытылдаган Бээжиндин, көк тиреген үйлөрдөн турган Нью-Йорктун, Европа менен Азиянын көпүрөсү болгон Стамбулдун көчөлөрүн канча таптадык? Бирок, ал жерлер мага жат эле. Анткени, конок экенимди, эртең эле кетеримди билчүмүн. Бул ирет андай сезим болгон жок. Кыргыз жери мени өгөйлөбөдү. Балким кыргыздын энергиясы менде жашап атканы үчүнбү? Ошол касиеттүү күч мени Ала-Тоого алып келди көрүнөт. Балким туз буюруп, бул жерде түбөлүк калаармын? Ушуларды ойлоп отургуча кеч кирип, көз байланды. Саатты карасам, ашыгымдын келер маалы болуп калыптыр.
- Аны күтүп алууга даярдандың да ээ?
- Ананчы. Париждин белгилүү дизайнери белек кылган күлгүн пеньюарды кийип, жыпар жыттуу шамдарды күйгүздүм. Атайын алдырган гүлгө бөлмө ичин толтурдум. Роза желекчелерин үзүп, бөлмө ичине сээп таштадым. Белгилүү француз ырчысы Жо Дассендин "Эгер сен болбосоң" деген ырын коюп койдум. Чачымды жайып, боёно баштадым...
Ушул маалда көз алдыма Карлыгаштын ич кийимчен, чачын жазып алып боенуп жаткан абалы тартыла түштү. Кандай гана керемет сулуулук! Өзүнчө эле Афродита. Аттиң, ушул периште менен Мелис ага баш кошкондо эмне?! Сөөгү таза, акылы тунук сүйкүмдүү уул-кыздар жарык дүйнөгө келип, кыргыздын саны толукталбайт беле! Карлыгаш жылмайган калыбынан жазбай сүйлөп жатты.
- Портьеге атайын заказ кылып, жер-жемиш, шампан, шоколад алдырдым. Бул кечти романтикалуу маанайда өткөргүм келди. Кыз намысымды жыйыштырып, ашыгымдын моюнуна асыла, бир бүтүнгө айланып, сүйүүнүн деңизинде чабак урууну максат кылдым. Эки кишилик керебетте жибек шейшепти мыкчып, көздү жуумп кыялданып жаттым.
- Күткөн турбайсыңбы, анан?
- Бир маалда эшик тыкылдап калды. Ачсам ашыгым турган экен. Кубанычым коюнга батпай, кучагына бой урдум. Экөөбүз көпкө кучакташып турдук. Мен сагынган жыт...Өзүмдү жоготуп, "агатай, сизди сүйөм, сиз болбосоңуз жашай албайм, асылым, ашыгым, жаным" деп жалынып, ыйлап жаттым. Бетинен, моюнунан тынымсыз өпкүлөй бердим. Коридордон ары-бери өткөндөр бизди таң кала карап өтүп жатты. Мелис ага өткөн кеткендерден тартындыбы, мени так көтөрүп бөлмөгө кирди. Мен ыйлап аттым. Бул сүйүнүчтүн, сагынычтын жашы болчу. Экөөбүз көпкө кучакташып отурдук. Бир маалда бири-бирибизди тике караштык. Анан... Эриндер өзүнөн-өзү тийишип кетти. Мурда менден оолактап качып турчу ашыгым, бу жолу негедир антпеди. Кайра сыга кучактап, моюнуман аймалап жатты. Үстүмдөгү үлбүргөн көйнөк өзүнөн-өзү чечилди. Мен өзүмдү жоготуп бараттым. "Ичимде максатыма акыры жеттим" деген ой турду.
Карлыгаштын маеги ушул жерге келгенде чарт үзүлүп, ойлуу тарта үндөбөй калды. Бул мен үчүн күтүүсүз болду. Кызды суроолуу тиктедим. Бул эмнеси? Сурап көрсөм кантет? Үнүмдү жасап, оозумду таптап келе жатканда Карлыгаш өзү сөздү улап кетти.
- Ашыгымды бек кучактаган тейинче көлкүлдөп ээрип бараткам. Ушул маалда "тарс" деген үн чыкты. Чоочуп кеттим, махабатка тунарган көзүм алеки заматта ачылды. Сыртта күн күркүрөп, жамгыр жаап аткан экен. Көрсө кыялданып жатып, көзүм илинип кетиптир. Мелис ага түшүмө кирип аткан экен. Кызык, кээ бир түштөр чын эле болуп өткөн сыяктуу адамдын жан ааламын бир паста бүлүккө түшүрүп салат. Азыркы мен көргөн түш да ошондой эле. Аттиң, өңүмдө кылалбаган нерсе түштө ишке ашканын көрчү?
- Карлыгаш жогорудагы окуяны угуп жатып, мен да катуу ишенип аттым эле. Көрсө түш турбайбы. Айтсаң, ашыгың келдиби?
- Ошол түшкө таң калып, бул эмнеси деп жакшыга же жаманга жоруй албай отурганда, каалга тыкылдап калды. Ашыгым... Карбаластап үстүмө халат жамынып, жүгүрүп барып эшикти ача салдым. Ошол маалдагы менин абалымды көргөн болсоң... Босогодо атамдын таанышынын жардамчысы туруптур. Отузга жаңы толгон сымбаттуу жигит менин кейпимди көрүп кызыктай болуп кетти. Көздөрүнөн аялзатка болгон кызыгууну байкадым. Эмне демек элем. Эркек деген ушу турбайбы. Жарым жылаңач кыз астында турса, карабаганда кантет? Ал мага төрт бүктөлгөн кагаз сунду. Мелис аганын каты экен. Шарт бурулдум да, терезенин түбүнө барып окуй баштадым.
- Ал катта эмне деп жазылганын билсек болобу?
- Мелис ага келе албасын айтыптыр. Көрсө байыркы кыргыздардын мекени Алтайга сапар алуу алдында турган экен. Баатыр Манастын киндик каны тамган жерге табынып келмей болуптур. Анан үйбүлө ал үчүн ыйыктыгын, балдарын мен үчүн таштай албасын, бул жоругу Кудайга жакпасын жазыптыр. Кат аягына "Бакыт сага сөзсүз келет, сен бактылуу болосуң" деп кошумчалаган экен.
Карлыгаш ушул жерге келгенде муңая түштү. Мукактанып, демин ичине тарта саамга токтой калды.
- Телефон чалбадыңбы?
- Чалдым. Аны сагынганымды, көргүм келип жатканын айтып ыйлап жибердим. Жок дегенде беш эле мүнөткө келишин суранып, жалдырадым. Бирок, ал... Катта жазган сөздөрүн кайталап, келе албасын сылык түшүндүрдү. Сөзүн аягына чейин укпай, телефонду өчүрүп таштадым... Ага таарындым. Терезенин жанында туруп алып ыйлап жаттым. Алиги жигит жаныма келип калыптыр. Анын ийнине башымды жөлөп буркурадым. Жигиттин аты Бакыт экен. Чачымдан сылап, ардемени сүйлөп сооротуп атты. Экөөбүз таң аткыча сүйлөшүп отурдук. Эртеси мен Алматыга кеттим. Бакыт мени жеткирип барды. Түз эле атама бардым. Ал мени күтүп отуруптур. Көрсө Мелис ага атама баарын айтып, түшүндүргөн экен. Байкуш атам... Жалгыз кызынын эркелигинин азабын аябай тартты... Бир кезде жапжаш эле. Эми менин айыман чачтарын бубак басты. Атам мени көргөндө жашып кетти. Экөөбүз кучакташып көрүштүк. Анан мен мындан ары атамдын жанында эле болоюн деп, Алматыда калууну чечтим.
- Сени жеткирип барган жигит эмне болду?
- Бакытпы? Аны атам аябай коноктоду. Эртеси Бишкекке сапар тартты. Азыр экөөбүз телефон аркылуу байланышып турабыз. Бош болгондо Алматыга келип кетет. Атам аны жакшы көрөт. Бирдеме болсо эле чакыра берет. Кээде "ушундай күйөө балам болсо, аттиң" деп кыйытып калат.
- Мелис байке айткан "Бакыт" сени өзү издеп тапкан тура, анда?
- Балким. Бирок, ал жигит менен мамилем андан ары уланабы же жокпу аны айта албайм. Ырас, анда мага болгон сезим бар. Ал эми менде... Мен дале ашыгымдан күдөр үзбөй жүрөм. Бир күнү жарк этип, кирип келчүдөй сезиле берет мага. Аны эч кимге алмаштыргым келбейт. Жүрөгүмдө түбөлүк мендик болуп жашай берсе дейм.
(аягы)

Жаркынай Таабалдиева

P.S. Карлыгаш менен болгон маегибиз ушуну менен бүттү. Бул окуяны угуп отуруп, кыргыз экениме сыймыктандым. Кыргыздын кыраан жигиттери барына шүгүр эттим. Канчалаган белдүү азаматтарыбыз бөтөн улуттун кыздарын сүйгүзүп, үйлөнүшкөн. Кыргыз канын тазартып. Анан албетте, акындар жазган ыйык махабат өлбөй жашай берсин дейбиз.