Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/1014_16.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/1014_16.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/1014_16.htm on line 2


п»ї
Филармониянын эшиги ачылды
Замирбек Үсөнбаевдин демилгеси менен 15-октябрда Филармониянын чоң залында сезондун ачылышы өтөт. Иш-чарага Филармонияда иштеген жалпы жамаат: "Карамолдо Орозов" атындагы элдик аспаптар оркестри, Камералык хор, "Камбаркан" фольклордук ансамбли, "Ак марал" бий-ансамбли, Камералык оркестр, "Алымкул Үсөнбай" атындагы Эл шайырлар" тобу, "Эстебес Турсунаалы" атындагы элдик фольклордук топ катышат. Билеттер кассада сатылбастан, ар тармактагы белгилүү адистерге чакыруу баракчасы таратылды. Сезондун ачылышынан кийин ар бир топ өз алдынча концерт тартуулашат.

Ата-бала ыр сунат
Сыймык Бейшекеев жана анын уулу Аваз Акимов 22-октябрдан тартып, "Кыргызстанды сүйөлү" деген аталыштагы концерттик программа менен Москва шаарына барат. Кыргыз ырларын сагынган мекендештерге арналган концертти "Жоролор" тобунун боорду эзген тамашалары коштойт.



Аскат эми таңкы булбул
"Кыргызстан Обондору" радиосунун ди-джейи Аскат Алдашев кызматынан көтөрүлүп, сүйүнүп жүргөн кези. Себеби, буга чейин жалаң гана кечки эфирлерди алып барып жүргөн. Эми Чыңгыз Мырзаев менен "Таңкы тополоң" программасына чыгат. "Мага ишеним кылып, "Таңкы тополоңду" берип жаткандарына караганда, жетекчилик эмгегимди баалашса керек. Себеби, шоу-программаларга ар бир эле ди-джей чыга бербейт. Бул нерсе мен үчүн "кызматтык көтөрүлүү" болду. Эми элдин маанайын көтөрүп, белимди бекем бууп, иштегенге даярмын" дейт Аскат Алдашев.


Гүлнара темир тулпарын жууду
Ырчы Гүлнара Калдарова эми жолдошунун машинесин айдабайт. Себеби, жакында эле ага жолдошу Мырзабек боз түстөгү "Гольф-3" үлгүсүндөгү авто унаа белек кылды. "Быссымылда дегенде эле, машинеме курбу кыздарымды салып, кафени көздөй айдадым. Жакшы каалоо-тилек айтып, темир тулпарымды жуудук" дейт Гүлнара айым бактылуу жылмайып.


Кайрат менен Кыял бала жытына мас
Көптөн бери бала жытын эңсеген жаш жубайлар драматург Кайрат Иманалиев менен диктор Кыял Шаршеева 5-сентябрда кыздуу болушкан. Маңдайы жарыла сүйүнгөн атасы кызына Айтаажы деген ысым ыйгарган. Кайрат мырза "кызыбыздын кыркын чыгардык. Азыр көзгө толумдуу болуп, торолуп калды. Бир карасаң Кыялга, бир карасаң мага окшош" деп сүйүнөт. Наристенин келечеги кең болуп, атына заты жарашкан, бактылуу кыздардан болушун каалайбыз.


Ромео менен Жульетта
Репертуарын улам жаңы чыгармалар менен толуктаган "Кеңеш" тобу "Сирень гүлү" аттуу ырына клип тартып жатат. Клиптин сценарийи режиссер Мырза Айдаралиевге таандык. Клиптин мазмуну Ромео менен Жульеттанын жашоосун чагылдырып, аягында эки жаш тирүү калат. Ромеонун ролун Адилет аттуу мырза, Жульеттанын образын стюардесса Гулира ойногон. Ал эми клипке катышкан каармандардын негизгисин Кыргыз драма театрынын белгилүү актерлору аткарган. Учурда клиптин акыркы сюжеттери тартылып жатат.


Даярдаган Айнура Касымова







кыргыз тилиндеги гезит "Учур"









??.??