Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/1014_15.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/1014_15.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/1014_15.htm on line 2


п»ї

  Коломто

Жарашалы, жанашалы, кечиришели...
Урушкандан кийин кайра жарашуу бир топ кыйынчылыкты жаратары турган иш. Ар бирибиз өзүбүздүкүн туура санап, "эмнеге мен биринчи барышым керек, өзү келсин" дейбиз, ачуубуз келет, же жөн гана кагып коет деп коркобуз. Кандай болгон күндө да, баары бир жарашуу зарыл. Урушкандан кийин кантип элдешүү керектиги тууралуу психологдор кеңеш беришкен.


Жарашуунун мезгили келгенин кантип билсе болот?
Эгер урушар менен кайра элдешкиңиз келип атканын байкасаңыз, анда "кассадан алыстабай" аракет кылып, бир азга унчукпай калуу керек. Башка нерсе менен алектенип, алаксып, өзүңүздү сырттан сындап көрүңүз. Жакын адамыңыздын ордуна өзүңүздү коюп, анын сезимдерин жон териңиз менен сезип көрүңүз. Ушундан кийин жарашуу кадамын таштаңыз. Баланча мүнөттүн ичинде жарашуу керек деп айтуу кыйын, бирок, жарым сааттан бир нече саатка чейин созулушу мүмкүн.

Экинчи жолу кайра урушуп кетсечи?
Эгер сиз элдешүү кадамын "кел жарашалы, бирок сеники туура эмес болчу" дей турган болсоңуз, уруштун экинчи сериясын күтө бериңиз. "Сен өзүң биринчи баштадың, меники туура болчу!" деп чыгышы турган иш. Эгер сиз чын эле жарашууну каалап аткан болсоңуз, аны талкуулап, ким күнөөлүү экенин издөөнүн кереги жок. Бул маселени элдешип алгандан кийин, ачуусу тарагандан кийин деле талкуулап жетишсе болот. Талкуулап аткан учурда, жакын адамыңыздын өздүгүнө асылбай, урушуунун себеби болгон проблема тууралуу гана сүйлөөгө аракет кылыңыз.

Эмнеден баштоо керек?
Ичиңизден эмнени ойлоп аткан болсоңуз ошону айтыңыз. Мисалы, "менин урушкум келбей жатат" же "экөөбүздүн сүйлөшпөгөнүбүздөн мен кыйналып кетип атам, кел жарашалы" деген сыяктуу. Жакын адамыңызды бул жолу жемелебей, өзүңүздүн сезимдериңизди, эмнени каалап атканыңызды гана айтыңыз. Сиздин алдыңызга койгон тапшырмаңыз өнөктөшүңүздү жеңүү эмес, аны менен мамилени түздөө экени эсиңизде болсун.

Ал жарашкысы келбей атсачы?
Ар ким өзүнүн маанайына өзү кожоюн эмеспи. Мисалы, сиз жарашкыңыз келип атканы менен, жакын адамыңыз ага даяр эмес болушу мүмкүн. Сиз буга таарынып, сизди басынтып аткандай кабыл албай, ага убакыт бериңиз.

Урушту кантип токтотобуз?
"Кезек-кезеги менен сүйлөгүлө!" деп кеңеш берет психолог. Бирөөнүн сүйлөп атканын бузуп атканда, сүйлөөнүн градусу жогорулап, кыйкырышууга өтүп кетиши мүмкүн. Кезек менен сүйлөгөндө бири-бириңиздердин нааразычылыктарыңыздарды дагы угууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Эгер урушуу адатка айланып бараткан болсо, анда жакын адамыңыз менен сүйлөшүп алып, кайсы бир сөздү белги катары кабыл алып алыңыздар. Мисалы, "пил" деген сөз болсун. Эгер кимдир бирөөңүздөр үндүн тонун көтөрүп сүйлөп баштасаңыздар, экинчиңиздер "пил!" деп эскертип коюңуздар. Ошондо албууттанып баштаган адам өзүн кармоого аракет кылыш керек. Психологдордун айтымында, урушту болтурбай коюунун дагы бир жолу, проблема экөөңүздөрдүн сыртыңыздарда турат деп элестетиңиздер да, ортоңуздарга кирүүсүнө жол бербей, токтоолук менен сүйлөшүүгө аракет кылыңыздар.

Бат-бат эле уруша берсеңиздер...
Анда уруш эмне себептен чыгып атканын аныктап алган туура. Себептер ар кандай болушу мүмкүн: таарынычты ачык билдире албай калуу, ишенимдин жоголушу, бири-бириңиздердеги жакпаган сапаттарды оңдоого болгон аракет ж.б. Психологдордун пикиринде, көптөгөн проблемалардын булагы жубайлардын позициялары бири-бири менен дал келбегени болуп саналат. Бул учурда кээ бирлер сүйлөшпөй калса, айрымдар катуу талашка кабылышат, көпчүлүк учурда эч кандай пайдасы жок катуу уруш чыгат. Жыйынтыгында, экөө маселени талкуулабай коюшат, анткени, ал тууралуу сөз чыгар менен эле уруш башталарын билишет. Бирок, унчукпай жүрө берген маселени чечпейт, анткени, жараны козгогусу келбей, жубайлардын ар бири өз билгенин жасай бериши мүмкүн.

Уруш - нормалдуу эле көрүнүш
Ынтымактуу үйбүлөдө уруш, талаш-тартыш болбойт деген жөн гана миф. Анткени, ар бир адамдын өзүнүн көз карашы болот. Үйбүлөдө, мамиледе, ар бир мүчө өзүнүн ой-пикирин айтып, бири-бирин уккандан кийин, бир пикирге келүү зарыл. Мырзалардын түшүнүктүүлүгү менен, аялзатынын сезимталдыгы көйгөйлүү маселени жаңы көз караш менен кароого, эң башкысы, аны чечүүчү жолду табууга күч берет.





Съездбек Искеналиев, ырчы:
"Урушуп атканда мен сыртка чыгып кетем"
- Албетте, ар бир үйбүлөдө казан-аяк кагышат да. Таарыныша кеткенде, аны жазуу үчүн дайыма мен биринчи аракет кылам. Себеби, аял кишини аёо керек да. Кечирим сурап, жүзүнөн өөп коем. Анча-мынча урушуп турган, тескерисинче, үйбүлөнү бекемдеп турат деп ойлойм. "Чырдын башы - атаңдын башы" дегендей, кээде болбогон нерсенин артынан таарыныша кетесиң. Урушуп атканда негизи, мен сүйлөбөй сыртка чыгып кетем. Келгенче, бир аз ачуусу басылып калат. Анан эркелетип, жакшы сөздөрдү арнап, "кел эми, бир ачууңду мага бер" деп атып кайра эле жазып алам.

Роза Шакирова, ырчы:
"Акча сурап баштайм"
- Негизи урушту, албетте, мен баштайм. Анан ал таарынат. Меники туура болсо да, туура эмес болсо да ар дайым мен кечирим сурайм. Ал эч качан сурабайт. Жарашуунун эң биринчи кадамы - мен акча сурай баштайм. "Акча бер, тигини алышым керек, муну алышым керек" деп. Анан ал дагы ошону эле күтүп турган болот да "Канча керек?" деп сурайт. Бир жолу ага катуу таарындым. Он күнгө айылга кетип калгам. Такыр телефон дагы чалбай койсом, ошондо өзү биринчи жолу чалып, баласын сурап, "эмнеге кетип калдың? Жаман аял "кетем" деп коркутат" деген эле.

Гүлнара Калдарова:
"Кечки тамактанууга чакырат"
- Урушканда кимден кеткени дароо эле байкалып калат. Анан кимден кемчилик кетсе, ошол биринчи кадам жасайт. Менден кеткен учурда күлүп-жайнап, тамашага салып, жакшы сөз менен эле жазганга аракеттенем. Негизи, ага караганда да мен көбүрөөк таарынам да. Мурда бир-эки күн сүйлөбөй жүрө берчүмүн. Азыр болсо бат эле жазылып калам. Эгерде мени таарынтып алса, жолдошум ошол күнү сөзсүз кечки тамактанууга чакырат. Анан эле эч нерсе болбогондой жазылып калам.

Назми, ырчы:
"Кызганычтын артынан урушабыз"
- Бардык үйдө уруш-талаштар болот да. Боюмда бар кезде үйдө отуруп, мен аны көбүрөөк кызганып, ошонун артынан урушчубуз. Меники туура эмес экенин билип турсам дагы, көк беттигиме салып 2-3 күн созо берчүмүн. Же боюмда бар болгон үчүн ошондой болгонмунбу. Азыр болсо, тескерисинче, кызым чоңоюп, мен көчөгө көбүрөөк чыга баштадым. Эми азыр ал кызганып баштады. "Үйдө отурбай, жүрө бересиң" деп урушат. Ушинтип, кызганышып эле урушуп турабыз. Жолдошум бат таарынат, кайра бат эле жазылып калат. Мени таарынтып койсо, чуркап барып гүл, же зергер алып келип калат. Азыр болсо, урушканыбыз балага терс таасирин тийгизет деп, бири-бирибизге түшүнүү менен мамиле жасап калдык.






кыргыз тилиндеги гезит "Учур"









??.??