Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/1014_14.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/1014_14.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/1014_14.htm on line 2


п»ї
  Мужиктөр

Аскат Сулайманов, актер:
"Эркек сүйсө баарынан кечип кетет"
- Сиздин үйдө ким кожоюн?
- Өзүм. Үйдө сөзүмдү эч ким эки кылбайт. Бул биздин үйбүлөлүк мыйзамыбыз. Жубайым бир нерсе аларда сөзсүз мага кеңешет. Бирок, акчаны ал кармайт. Мен тыйын үнөмдөгөндү билбейм. Колума тийсе чачып, бат эле жок кылам.
- Жубайыңыз менен кантип тааныштыңыз эле?
- Экөөбүз чогуу окуганбыз. Башта аябай өч элек. Бири-бирибизди көргөндө куйка курушчу. Кээде айтыша кетчүбүз. "Сүйүүнүн көзү сокур" деген чын экен. Кийин ортобузда сезим жаралып, үйлөнүп алдык. Анда 19 жашта болчумун. Мадыра баш кез. Азыр ошол курактагы балдарды көргөндө "кантип коркпой үйлөндүм эле?" деп өзүмө таң калып кетем.
- Кыз алакачууга катыштыңыз беле?
- Эми мындай окуялар башымдан көп эле өттү. Далай достун багын ачып, ак жоолук кийрип бергем. Бир жолу "Демдин" балдары паркта сүйлөшүп олтурганбыз. Аңгыча кесиптешим Жеңиш Кангелдиев "Дамира аттуу студент кыз менен 1 айдан бери сүйлөшүп жүрөм" деп калды. Аны укканда жөн турабызбы? Ой-боюна койбой жаалап, үйлөнтүүнү чечтик. Каатчылык убак эле. "Акчаң барбы?" десек, "үйдө 400 сом турат" деп атпайбы. Ага эки такси жалдап, кызды алакачтык. "Куданыкын Кудай камдайт" дейт эмеспи. Тыяктан-быяктан тууган, коңшулар бат эле чогулуп, бапыраган той болгон.
- Үйүңүздө казан-аяк бат-бат кагышабы?
- Биздин уруш көбүнчө балдардын айынан болот. Үч уулум чоңоюп калды. Бирөөсү жакшы окуйт, экөөсү тентек. Алар чектен чыгып кеткенде, "көз салбайсыңбы, тарбиялабайсыңбы?" деп кер-мур айтышып калабыз.
- Айтышуунун аягы кол көтөрүү менен бүтпөйбү?
- Жаш кезде чаап жиберген учурлар болгон. Азыр эми токтолдук. Балдардан да тартынат экенсиң да. "Ушу атамдыкы өттү" дебесин дейм. Бала энеге жакын болот эмеспи. Көңүлдөрүн ооруткум келбейт.
- Мал сойгонду билесизби?
- Көбүнчө коңшуларды, туугандарды жардамга чакырам. Андайда шыйрак кармап бергенге жарайм. Кээде мал базардагы касапчыга 500 сом карматып, сойгузуп алам. Жамбаш, уча, кашка жилик, жото жилик дегендерди тааныйм. Бирок, эт тартканга жокмун.
- Өз колуңуз менен там салдыңыз беле?
- Азыр эки жерде там салып атам. Бирөө Учкунда, экинчиси Маевкада. Уста жалдагам. Бош болгондо суу ташыйм, ылай чылайм, кирпич алып берем. Колумдан келгени ошол. Чынын айтыш керек, шыбак шыбап, шыйпыр жапканды билбейм.
- Артистин маянасы чеке жылытпайт эмеспи. Дегеним, эки үйдү кайсы каражатка тургузуп жатасыз?
- Каражатты уурдап алды дейсиңби? Кудай берген талант менен ак эмгектин үзүрүн көрүп жатам. Эл бай болсо, биз да байыйбыз. Күмөндөр байке айтмакчы, "чөнтөктөгү акчаны концерт коюмуш болуп эле тартып алабыз".
- Мектепте канчанчы атаман элеңиз?
- Менден башка деле атамандар жетиштүү болчу. Бирок, жемимди жегизчү эмесмин. Мен Балыкчыда өскөм. Аны билесиңер, криминалдуу шаар. Тың болбосоң басып салышат. Далай эле мушташтым го.
- Кызуу кандуу турбайсызбы?
- Студент кезим Алматыда өттү. Группада 7 кыргыз бала бар эле. Башка улуттагылар менен араздаша кеткенде, катыгын берчүбүз. Азыр чыр-чатакты тынч, сүйлөшүү жолу менен чечким келет. Анүстүнө актер өзүнө караш керек. Бетиң тырык, мурдуң сынык болсо сахнага кантип чыгасың?
- Ичимдикке кандайсыз?
- "Молдомун" деп айта албайм. Той-топурга барганда уурттап-татып жүрөм. Бирок, кууп ичкендердин катарына кирбейм.
- Бирөөлөр мас болгондо ыйлайт экен, бирөөлөр ырдайт экен...
- Мен өзүм көп сүйлөгөн жанмын. Бирок, мас болгондо дымым чыкпай калат. Бирөө тийишпесе, момоюп олтура берем. Ойго батып...
- Тамекини буркуратасызбы?
- Ооба. Өтө ачуу эмес, орточо даамдагы тамеки чегем. Бир күнгө бир куту алсам жетет.
- Көзү ачыктарга каттап, бал ачтырдыңыз беле?
-. 6-класста окуп жүргөндө апам молдого ээрчитип барып, дем салдырган. Көзүмө бирдемелер көрүнүп, кулагыма үндөр жаңыра берчү. Кудайга шүгүр, андан кийин аруулаган жокмун. Азыр бүбү-бакшы дегенге таптакыр барбайм. Келечекти алдын-ала билүүгө ынтызар деле эмесмин.
- Актерлор өз өлүмүн ойногондон качат дешет?
- Сахнада күндө эле өлүп, тирилип жатабыз. Анын эмнеси бар? Эң башкысы, кепинге оролуп, табытка жатпасаң болду да.
- Ырымчылсызбы?
- Жаңы спекталди коерго бир жума калганда жуунбайм, сакал албайм. "Терим менен жуксун" деп боргулданып иштейм. Бирок, жанагы 13 саны, кара мышык дегендерге ишенбейм.
- Мончонун буусун жакшы көрөсүзбү?
- Илгери "пары жакшы" деп саунага барчубуз. Азыр эми мончолордун абалы оңолду. Дем алыш күндөрү чогулуп алып, аябай жышынып, эс алып келебиз.
- Кумар оюндарына кандайсыз?
- Казиного жологум да келбейт. Кумардын азабынан үйүн, машинасын уттуруп жибергендерди көп эле көргөм. Анүстүнө ойногонду да жакшы билбейм. Мен бильярдга кызыгам. Бош болсом эле тарсылдатып шар атам.
- "Эркекке сүйүү бир нече жолу келет" дешет. Кечиккен сүйүүгө кабылсаңыз эмне кылат элеңиз?
- Эркек сүйсө баарынан кечип кетет. Анын жүзүн ары кылсын. 5 баламдын амандыгын тилеп, соо эле жүрөйүн.
- Сулуу кыздарга тийишесизби?
- Ат болбогондон кийин сулуу кызга кызыгасың. Жаныман өтүп кетсе, көзүм менен атып коем. Бирок, аркасынан кубалап, "атың ким, телефонуңду бер" дебейм.
- Көпчүлүк мырзалар "алажипти аттабаган эркек-эркек эмес" деген сөздү бетке кармап, солго кеткенди өөн көрбөйт экен...
- Бул туура эле сөз. Периштемин, сүттөн акмын деген эркекти көрө элекмин.
- Стресстен кантип чыгасыз?
- Футбол ойнойм. Маанай чөксө дароо эле талаага жөнөйм. Бир топ убакыт балдар менен топ кубалаган соң, көңүлүм ачылып калат.
- Эркектер эч кимге көргөзбөй ыйлап алат экен, сизчи?
- Андай учурлар көп эле болгон. Бурчка туруп алып үңүлдөбөсөм да, көзүмдү нымдап коймоюм бар. Бук болуп турганда жакшы санаалаш жолукса, сырдашып жеңилдеп алам.
- Кандай кемчилигиңиз бар?
- Нервим жука. Беймазамын. Мага тиешеси жок нерселерге деле кыжырым кайнай берет. Сабырдуу болгонго такыр үйрөнө албай койдум.
- "Айыл өкмөтү" тасмасында милийсанын ролун жаратканыңыз белгилүү. Ошол каарманга окшоштук жайыңыз барбы?
- Шыпылдап, адамдын көңүлүн алган жагыбыз кичине окшошуп кетет. Бирок, ал айылды куруткан катынпоз болуп жатпайбы. Бул жагынан айырмабыз асман менен жердей. Менин андай жүрөнөөктүк жайым жок.
- Айтмакчы, азыр өнөр адамдарынын көбү чоң саясатка аттанды. Сиз кайсы партияга мүчө болдуңуз?
- Эч кайсы. Саясатка кызыкпайм. Кудай ушул актерлугумду эле кут кылсын. Буга чейин эле булгаары кресло сунуштагандар болгон. Баарынан баш тарткам. Билбейм, балким 40-50гө чыкканда кызматка кызыгып калармын. Ага чейин жашай туралычы.
- Сиз үчүн комедия жанры жеңилби же трагедиябы?
- Мен комедияны жакшы көрөм. Бул өтө татаал жанр. Элди күлдүрүү оңой эмес.






Санжи Туйтунова








кыргыз тилиндеги гезит "Учур"









??.??