Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/1014_13.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/1014_13.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/1014_13.htm on line 2


п»ї
  Амалдуу айым

Гүланданын алты амалы
"Аялдан амал качып кутулбайт" дегендей, айымдар кырдаалдан камырдан кыл сууругандай чыгып кетет эмеспи. Турмуштан көп кездешчү кырдаалдардан кантип чыгууну кеңеш берүү максатында амалдуу айымдарга суроо узатып, жооп алып берүүгө аракет кылабыз. Эгерде сиз биздин рубрикадагыдай кырдаалга кабылып, андан кантип чыгуунун жолун таппай жүрсөңүз, амалдуу айымдын кеңешин пайдаланыңыз.

- Жолдошуңуз ак жерден күйдүрүп жатса...
- Күйөөмө болушунча актанып, жөн гана ак жерден күйгүзүп жатканын далилдейм. Такыр эле болбосо, ачуусу тараганча сүйлөбөй коем. Акыры менде күнөө жок экенин өзү сезет да.
- Кимдир-бирөөдөн карыз акчаңызды алалбай жүрсөңүз...
- Эгерде ала турган акчам аз болсо, кечип эле коем. А көп суммадагы аласа акчамды алыш үчүн, ал адамды алдап жолугушууга чакырмакмын. Мага акча керек болуп жатканын түшүндүрүп айтмакмын. Ага дагы көнбөсө "милицияга берем, жакшылык менен бүткөнүн каалабасаң, соттошобуз" деп коркутмакмын.
- Курсагыңыз ачка, акчаңыз жок...
- Курсагым ачка жүрө албайм. Ошондуктан, уялбай эле жакын досторума телефон чалып, "мени кафеге киргизчи, курсагым ачып жатат" деп ачыгын айтмакмын. Себеби, жакын достор бири-бирин түшүнөт да.
- Сумкаңызды колуңуздан жулуп кетсе...
- Жанымдагы адамдардан жардам сурап кыйкырып, аркасынан кууп жеткенге аракет кылмакмын. Милицияга кайрылбайт болчумун. Себеби, алар деле таап бере алышмак эмес.
- Көчөдөн ит капса...
- Негизи өзүм иттен аябай корком. Ити бар үйгө да кирбей тура берем. Апамдан "ит капса отура кал" деп көп уккам. Коркконумду билдирбей отура калмакмын же ордумдан жылбай тура бермекмин.
- Курбуңуз сизди ушактаса...
- Андай учурда жаман болосуң. Бирок, мен айтылган ушактын калп-чынын билиш үчүн курбумдун өзүнөн сурамакмын. Эгер "айтканым чын, ушундай болуп калды, кечирип койчу" деп, мойнуна алса, курбумду кечирем.




  Айчырай

Кыргызстандын Жолиси
Бакырайган көздөрү менен далай жигиттердин жүрөгүнө чок салган модель кыз Яна Числованы "Кыргызстандын Анжелина Жолиси" деп айтып келишет. Кыялында Германияга барып иштегиси келген Яна бош убактысында моделдик кесип менен алектенет.

- Яна, балалыгың кайсы жерде өттү эле?
- Балалыгым Токмок шаарында өттү. Кийин үйбүлөбүз менен Бишкекке көчүп келгенбиз. Менин көп досторум башка өлкөлөрдө окуп, иштеп жүрүшөт. Алар менен интернет аркылуу кабарлашып турам.
- Азыр окуйсуңбу же иштейсиңби?
- Кыргыз-Орус-Славян университетинин немис тили факультетинде 4-курста окуйм. Германияга барып, билимимди улантып, иштегим келет. Анткени, кичинемден бери эле немис улутунун маданиятына кызыгам. Окуумдан сырткары, бош убактымда модель болуп иштейм.
- Модель болууга кызыкчу белең?
- 15 жашымда "EastModels" моделдик агенттиги кастинг жүргүзүп, мен дагы катышып калдым. Кастингден өтүп, бир жыл окугандан кийин, ал жерден мага жумуш сунушташты. Алты жылдан бери модель болуп иштеп жатам.
- Кандай ийгиликтерге жетише алдың?
- 2007-жылы профессионалдуу моделдердин арасында "Miss XO" деген сынак өтүп, Гран-прини жеңип алгам. 2009-жылы Алматы шаарында "Miss FTV Central Asia" сынагында, "Miss FTV Kyrgyzstan" наамына ээ болгом. Мага моделдик кесип жагат. Өкүнүчтүүсү, биздин өлкөдө моделдик кесипти баалабай келишет.
- Демек, "Колдо бар алтындын баркы жок" дегенге кошулат экенсиң да?
- Албетте, кошулам. Кыргызстандын сулуулугун, кооздугун башка өлкөлөргө салыштыргым келбейт. Бирок, адамдар жакшы баалуулуктарыбызды, жакшы сапаттарыбызды барктабай келебиз. "Бакыт" деп өтүп кеткен кечээки күнүбүздү эмес, бүгүнкү жашап жаткан күнүбүздү түшүнөм. Ошондуктан, ар бир көз ирмемдин баркына жете билсек.
- Кандай айымдар өздөрүн сулуу көрсөтө алышат?
- Дайыма жылмайып жүргөн айымдар, бардык адамдарга сулуу көрүнөт деп ойлойм. Себеби, жылмаюу кимдир-бирөөгө жылуулук тартуулап, кимдир-бирөөнүн жүрөгүнө чок салат.
- Бир көрүп сүйүп калууну кандай түшүнөсүң?
- Бир көрүп сүйүп калуу десе эле мага жаңы төрөгөн эненин кичинекей наристесин көрүп, элжиреп атканы элестейт.
- А кыз-жигиттин ортосундагы сүйүүнүчү?
- Албетте, сүйүүнүн бар экенине ишенем. "Сүйүү акылсызга акыл кошот" дегендей, бул сезим адамга күч-кубат берет. Мен дагы ушундай чоң сүйүүгө кабылганыма кубанам. Жигитим экөөбүздүн ортобузда түбөлүктүү сүйүү бар деп ойлойм. Сүйгөн адамым менен түнкү Бишкекте сейилдеп жүргөндү жактырам.
- Кайсы мезгилди жактырасың?
- Жайдын ысык саратаны жагат. Жаратылыш көркүнө чыгып, жер-жемиштердин гүлдөп турган маалы кандай сонун. Мындай учурда мен дароо эле Ысык-Көлдү көздөй бет алам.

Айсалкын Самсалиева








кыргыз тилиндеги гезит "Учур"









??.??