Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/1014_12.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/1014_12.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/1014_12.htm on line 2


п»ї
  Жансоолук

Ой дүйнөнүн апааты стресс
Профессионалдык стресс - адамды өз милдетин нормалдуу аткарууга тоскоол боло турган өзгөрүш. Ага мойнуна өтө көп милдет алып, көп убакыт бою эс алууга убакыт таппай жүргөн адамдар тушугат.


Белгилери
Бул дартка чалдыккандар болбогон нерсеге тынчсызданып, көңүлү суз тартат. Өзүнө болгон ишеним жоголуп, өзүн өзгөлөрдөн төмөн коюп, чукул жинденип, эч ким менен сүйлөшкүсү келбей калат.

Кесепеттери
Профессионалдык стресс өөрчүп келсе, адамдын андан аркы жашоосуна катуу зыянын келтириши мүмкүн. Анткени, дарыгердин жардамысыз жашай албай калат. Ар кандай күчтүү дарыларды кабыл алуу (көбүнчө дозасынан ашыра), аша чапкан эмоционалдуулукка, олдоксон кыймыл-аракетке, ар нерсени тобокелчиликке салууга, агрессияга, оройлукка, уурулукка, бардык жакындар менен мамиленин бузулушуна, акырында өз өмүрүнө кол салууга чейин алып барат.

Булактары
Канчалык окшош кырдаалга туш келбесин, ар кайсы адам өз кыялына жараша аны ар түрдүү кабыл алат. Профессионалдык стресстин келип чыгыш булактарын үчкө бөлүп кароого болот. Алар: а) кызматынын өзүнө жакпоосу; б) эмгек шарты жана кесиптештери менен болгон пикир келишпестик; в) жетекчиликтин аша чапкан көзөмөлү.

Көзөмөл
Ишиңизге тиешелүү бардык окуяларды жеңил кабылдап, ар нерседен кабардар болуп турууга аракет кылуу шарт. Өз милдетиңизди так аткарып, кесиптештер менен мамилени дайыма көзөмөлдөп турганыңыз жакшы. Эч качан бир нече ишти өз мойнуңузга албаңыз. Аларды убагында аткарам деген ой менен сапатсыз аткарып коюшуңуз ыктымал. Дал ошондо шашып, өз мезгилинде бүтө абай жатканыңыз үчүн жетекчиликтен жазганып атып, чүнчүп кетесиз.

Позитив
Иш жана жетекчилик канчалык талап кылбасын эч убакта ишке 100% убакыт жана энергияны арноонун зарылдыгы жок. Тескерисинче, ошол ишти сапаттуу аткарыш үчүн адамдын "курсагы ток" болуусу зарыл. Дегеним, көңүлдүү эс алууга, үйбүлө менен болууга, досторго деген сыяктуу күч бере турган нерселерге убакыт табуу керек.

Нормадан ашыра…
Негизи жетекчиликке сиз аткара ала турган иштин минимумун убада кылышыңыз керек. Ал эми иш жүзүндө пландан көп нерсе кылуу менен упай топтойсуз. Ишенип коюңуз, бул нерсе алтын тоону убада кылып, жыйынтыгында уят болгонго караганда алда канча жакшы.


Турдукан КУЛАМБАЕВА,
"Жал" үйбүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык директору:
"Аялдар стресске көп тушугат"
-Профессионалдык стресске көбүнчө аялдар тушугабы, же эркектерби?
-Аялзаты салыштырмалуу көбүрөк тушугат. Анткени, эркектерден айырмаланып аял жашоодо бир нече роль ойноого милдеттүү. Алар бир эле убакта апа, жар, үй кызматкери, ашпозчу, бала багуучу жана мыкты кызматкер болууга аргасыз. Мунун бардыгына жетишүү үчүн аялзаты ар тарапка "чачырайт". Ошентип жүрүп кантип стресске түшкөнүн билбей да калат.
-Адам стресс аркылуу кандай ооруларга кабылышы мүмкүн?
- Мисалы, тез чарчоо, кыжалаттык, шалдыроо, жүрөк, ашказан, ичеги карын, ашказан, баш оорулары, рак, артрит, остеохондроз жана башкалар стресстин айынан болору аныкталган.
-Көбүнчө кайсы кесиптегилер жабыркашат?
-Ар кандай болот. Бул же тигил кесип деп айтууга болбойт. Мында өтө жоопкерчиликтүү адамдар азап тартышат. Алгач бул жөн гана чарчоодой сезилиши мүмкүн. Акырындап отуруп уйку качат, баш ооруп, далы сыздайт.


Чыгармачыл адамдар чыгармачылык депрессияга кептелгенде спирт ичимдиктерине берилип кетет дегенге кошуласызбы

Алтынбек АЛЫМОВ, ырчы:
"Ичпей деле стресстен чыкса болот"
-Балким. Бирок мен буга толугу менен кошула албайм. Мисалы, мен көп эле жолу чыгармачылык стресске туш болдум. Кээде эч кандай идея жок, өзүңдү бопбош, эч кимге керексиз сезип калган учурлар болот. Бирок ичимдикке алдырып, аркасынан кууган күнүм боло элек. Бул дагы адамдын ыйманына, жашоо-шартына көз каранды нерсе окшойт. Анткени, чыгармачылык кризистен жабыр тартып, ичимдик, чылым, наркотикке берилип кеткен жылдыздарды көбүнчө Батыштан көрүп жүрбөйбүзбү. Ал эми мусулман өлкөлөрүндө ал нерсе жокко эсе.

Нэна, ырчы:
"Мен кафеге барып, кыйкырып ырдайм"
-Ар ким кесиптик стрессти ар кандай кабылдап, андан ар кандай жол менен чыгат окшойт. Анткени, депрессияга түшкөндөрдүн айрымдары чынында эле ичип кетип, өтө көп чылым чегип, өзү жабыркап жүргөнү аз келгенсип тегерегиндегилерге залака тийгизип, үйбүлөсүнө зыян келтирип жүргөндөрүн байкоого болот. Менде деле катуу жабыркап, эч нерсеге көңүлүм келбей, өзүмдү дүйнөдө жалгыз сезген учурлар болот. Бул эми чыгармачыл адамдарда боло берчү нерсе тура. Бирок эч качан спирт ичимдиктерине берилип кеткен эмесмин. Мен стресстен чыгуунун жакшы жолун таап алгам. Өзүмдү начар сезе баштаганда достор менен кафеге барып, бугумду чыгара кыйкырып ырдап алам.


Бегимай БАКАШЕВА





кыргыз тилиндеги гезит "Учур"









??.??