Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/1014_11.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/1014_11.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/1014_11.htm on line 2


п»ї
  Биринчи жээк

"Оштуксуң" деп бөлүп салышты...
Кыргыз Республикасынын
Президенти
Р.И.Отунбаевага
Кыргыз Республикасынын
Башкы прокурору
К.К.Байболовго
Кыргыз Республикасынын
Адилет Министри
А.Саляновага
Кыргыз Республикасынын
Ички Иштер Министри
З.Рысалиевге
Бишкек шаарынын мэри
И.Өмүркуловго
Массалык-маалымат
Каражаттарына

А Р Ы З
Мен Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук мамлекеттик капиталдык курулуш Башкармалыгында 1993-жылдан баштап башкы бухгалтер болуп эмгектенип келе жатам. Ушул мезгилге чейин мекеме, мэрия тарабынан сыйлыктарга гана ээ болуп, сөгүш тургай эскертүү да алган эмесмин. Ошондой эле эч кандай мыйзам бузууларга жол бербестен, ак эмгегим менен кызмат кылып келдим. 2009-жылдын апрель айында мурдагы Бишкек шаарынын жеке турак-жай курулуш Башкармалыгынын директору Ж.Рысбеков бизге КМККБсына жетекчилик кызматка келди. Ж.Рысбеков мурдагы иштеген Башкармалыктын таш-талканын чыгарып, тагыраак айтканда, мамлекеттик бюджеттин 1834104 сомун сол чөнтөгүнө салганы үчүн, бүгүнкү күнгө чейин мурдагы бухгалтери Ч.Канетова экөөнүн ортосундагы чыр бүтө элек. Ж.Рысбеков өзүнүн жетекчилик кызмат ишин билбегени аз келгенсип, өзүнүн кызмат абалынын аша чаап иштегендиги тууралуу арыздарды бүгүнкү күнү гезит бетинен окуп келүүдөбүз. "Кылгылыкты кылып коюп, кыл жип менен бууп коюп", азыркы күнү мэрден жетекчилик кызмат сурап, кабылдамасын сагалап жүрөт.
Ж.Рысбеков "көнгөн адат калабы",- дегендей эле биринчи күнү КМККБсына келгенде эле, өзүнүн мурдагы Башкармалыктагы референт болуп иштеген А.Исакованы кошо жетелеп келип, КМККБсынын штаттык расписаниесинде жок кызмат ордуна өзү буйрук берип кабыл алат. Ж.Рысбеков кызмат ордуна кабыл алыш үчүн кадр бөлүм башчыдан жана башкы бухгалтерден сурабастан кабыл алганы аз келгенсип, А.Исаковага мыйзамсыз "материалдык жардам бер" деген буйругун аткарган жокмун. Себеби, штаттык расписаниеде каралган эмес. Ж.Рысбеков мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамды одоно бузуп, жеке ишканада иштеп жаткан тааныш адвокатын башкармалыкка 2009-жылдын 2-февралында мыйзамсыз 3-буйруктун негизинде А.Исакованы референт жана М.Балтабаеваны юрист кызмат ордуна кабыл алат. Ж.Рысбековдон кийинки жетекчи болуп келген А.Бакаев билсе да билмексен болуп, М.Балтабаеваны уюштуруу укуктук секторунун алып баруучу адиси кылып даярдаган. Ж.Рысбеков жана А.Бакаев өз кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланып, өз укуктарынан аша чаап, М.Балтабаева менен А.Исакованы жумушка мыйзамсыз кабыл алгандыгынын негизинде Мамлекеттик бюджетке болжолу менен 140,0 миң сом, социалдык фондго -27,0 миң сомдун тегерегинде зыян келтиришкен. Ж.Рысбеков 2009-жылы айлык акынын эсебинен 351600 сом, социалдык фондго -66800 сом жана кассадан подотчетко 110,0 миң сом мыйзамсыз бергени тууралуу Эсеп Палатасынын актысы далилдеп турат. Мындан тышкары, "Эне-Сай" жаңы конушундагы мектеп бүттү" деп отчет берилген. Чындыгында мектеп бүткөн эмес. Мамлекет тарбынан кабыл алынган жок. Ага бюджеттен бөлүнгөн 6 млн. 56 миң 700 сомдун дайыны жок. "Ак-Ордо", "Ак-Өргө", конуштарын суу менен камсыз кылууга бюджеттен бөлүнгөн 16 млн. сом кайда кеткени белгисиз. Бул акча "Сатанг" ЖЧКсына берилген. Ушул мыйзам бузууларды ачык-айткандыгым үчүн мени мыйзамсыз кызматтан кетиришкен.
Буга чейин мен 16 жылдын ичинде 4 жетекчи менен кынтыксыз иштеп келгем. Өз кызыкчылыктары үчүн мени кызматтан кетиришип, С.Калыкованы менин ордума жылдырып, Ж.Рысбеков ээрчитип келген А.Исакованы бухгалтерлик кызматка кабыл алышты. Ж.Рысбеков менен А.Бакаев жердешчилик менен, башкача айтканда, ага-ини, дагы бир жердеши Бишкек шаарынын мурунку мэри М.Түлеевдин колдоосуна ээ болушуп, бүгүнкү күнгө чейин өз билгенин жасап келишүүдө. Ж.Рысбековдун эмгек жолуна кызыксаңыз, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу жеке турак-жай курулуш башкармалыгына келгенге чейин эч бир жетекчилик кызматта иштеген эмес. Эки жетекчилик кызматка тең мамлекеттик кызмат жөнүдөгү талаптарды бузуп, конкурстарга катышпастан келген. А.Бакаев адистиги юрист болуп туруп, курулуш башкармалыгына кандайча келген? Бул дагы Ж.Рысбековдой эле конкурска катышпастан кызматка турган. Алардан айырмаланып менин бул башкармалыкка 16 жыл эмгегим сиңген. Ошондуктан, мен өзүмдүн укугумду коргоп, өз актыгымды Ленин районунун, Бишкек шаарынын, Жогорку Соттун чечимдери менен далилдеп, өз кызмат ордума келгем. Ж.Рысбековдун, А.Бакаевдин, М.Балтабаеванын болуп көрбөгөн тоскоолдуктарына карабастан. Бирок, А.Бакаев, М.Балтабаева биригип алышып, соттун чечимин толугу менен аткарышкан жок. Менин жеке адамдык жана кесиптик баркыма доо кетиришти. Иш бөлмөнү жана ачкычты беришпей басмырлап, бир жума мазакташты. Элдин баары бүтүмдүккө умтулушуп жатканда мени "оштуксуң" деп бөлүп салышты. Ачыктан-ачык куугунтуктоо иштерин уюштурушту. Соттун чечиминде жана аткаруу баракчасында көрсөтүлгөн мага тиешелүү акчамды бүгүнкү күнгө чейин төлөшө элек. Ленин районунун сот аткаруучусу Миңбай уулу Бексултан өз милдетин так аткарбастан, ишине шалаакылык кылды. А.Бакаевдин соттун чечимин жана аткаруу баракчасын аткарбагандыгы жөнүндө Ленин районунун сот аткаруучусу Б.Миңбай уулунан, Ленин районунун прокуроруна Бишкек шаарынын мэриясына караштуу КМККБсынын жетекчисин кылмыш жообуна тартуу жөнүндө сунуш келтирилген. Бирок, прокурор тарабынан мыйзамдуу чара көрүлгөн эмес.
Мунусу аз келгенсип, А.Бакаевдин жакын адамы уюштуруу укуктук секторунун башчысы Э.Досумбетов, Ж.Рысбековдун ээрчитип келген референти А.Исакова жана өзүнүн тааныш жактоочусу М.Балтабаевалар тарабынан 2010-жылдын 15-апрелинде мени "жумушта жок" деп бурмаланган жалган акт түзүшкөн. Бул акт чындыкка коошпой турганы Ж.Рысбеков менен А.Бакаевдин жакын адамдары кол коюп турганы эле аныктап жатат. 2010-жылдын 15-апрелиндеги түзүлгөн жалган акт мага 19-апрель күнү гана көрсөтүлдү. Эмне үчүн 15-16-апрель күнү тааныштырган жок. Мен 15-16-апрелде ооруганыма карабастан жумушта болгом. Булардын кыянаттыгын билип, сезип, ачкычым жоктугуна жана кабинеттин жабылуусуна карабай ошол башкармалыктын имаратынын ичинде жүргөм. Мындан мурда мага бир нече жолу оозеки түрүндө өз ыктыярың менен кетип кал, болбосо баары бир кетиребиз дешкен. Акт түзүлгөн күнү мен жумушта жүргөнүмдү 2 күбөм далилдеп бере алат. Экинчи жолу мени жумуштан мыйзамсыз кетирди. Себеби, 2010-жылдын 19-апрелиндеги А.Бакаевдин 24-буйругу мыйзамсыз. Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 83-беренесинин бардык 12 бөлүмчөсүн бир убакта бузууга мүмкүн эмес. Мен кайсы бөлүмчөсүн бузганым так көрсөтүлгөн эмес. Ошондой эле Эмгек Кодексинин 147-беренесине ылайык ар бир тартип бузуу фактысына бир эле жаза көрүлөт. Ошол эле кодекстин 146-беренеси бузулган. Себеби, ушунча жылдан бери кынтыксыз иштегениме карабастан, мен жасабаган тартип бузуу үчүн эскертүү же болбосо сөгүш берилбестен, жумуштан кетирүү боюнча мыйзамсыз буйрук кабыл алынган.
Мындан тышкары биздин мекемеде профсоюздук уюм бар. Мен ага мүчөмүн. КРнын ЭКнин 84-беренесине ылайык 83-беренесинин 5-бөлүмчөсүнө ылайык, мени жумуштан кетирерде сөзсүз профсоюздук уюмдун макулдугу жок кызматтан кетиргендиги мыйзамсыз. Жогоруда жазылгандардын негизинде Сизден көптөн-көп өтүнөм:
1. Соттун чечимин аткарбагандыгы үчүн, эмгек акымды төлөбөгөнү үчүн, күнөөлүүлөрдү КРнын КЖКсынын 338-беренесине ылайык жоопко тартууну;
2. Ж.Рысбеков, А.Бакаев, М.Балтабаева, А.Исаковаларды мамлекеттик бюджетке 167 миң сом болжолу менен зыян келтиргендиги үчүн кылмыш жообуна тартууну;
3. Уюштуруу укуктук секторунун башчысы Э.Досумбетовду, адистер А.Исакова, М.Балтабаеваларды бурмалоо жол менен жалган актыны түзгөндүгү үчүн жоопко тартууну;
4. А.Бакаевдин 2010-жылдын 19-апрелиндеги 24-буйругун мыйзамга туура келеби же келбестигин текшерүүнү;
5. Өз кызмат ордума кайрадан келүүгө жардам берүүңүздөрдү;
6. Ленин районунун сот аткаруучусу Миңбай уулу Бексултанга да өз милдетин аткарбагандыгы боюнча чара көрүүнү.

Сизди терең урматтоо менен
Кудайберди Султанбаев
Бишкек шаарынын
Үсөнбаев көчөсүнүн
194/1 үйүнүн тургуну
Тел: 0543-91-09-01, 38-01-15
11-октябрь 2010-жыл.





кыргыз тилиндеги гезит "Учур"









??.??