Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/1014_10.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/1014_10.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/1014_10.htm on line 2


п»ї

  Арышты кенен таштап

MegaCom жаңы бийиктиктерди багындырууда
"12 каминов" жана "Теплые ключи" эс алуу жайларында дагы эми уюлдук телефон байланышы иштеп баштады. Анткени, MegaCom компаниясы 2365 метр бийиктикте жайгашкан Узун-Кыр тоосунун башына жаңы станциясын орноштурду. Бул станциянын жардамы менен эми Чуңкурчак, Татыр, Кой-Таш айылдарынын жашоочулары, Аламүдүн капчыгайына бараткан жолдогуларуюлдук оператордун бардык кызматтарынан пайдалана алышат.


Тик учакта чимирилип
MegaCom компаниясы кандайдыр бир иш чара өткөрүүсүн айтып, журналисттерди чогулткан. Жазмакерлер бул компания аларга сюрприз даярдап койгонун күткөн эмес. Он төрт массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн чогултуп, тик учак конгон жайга алып барышты. Биз, журналисттер, ошондо гана вертолет менен кайсы бир жакка учуп барарыбызды билдик. Көрсө аталган компания ММК өкүлдөрүн Узун-Кыр тоосунуну чокусуна жаңы базалык станциясынын ачылыш аземине чакырган экен. 20 мүнөттөй убакыт учуп, акыры бир тоонун башына барып кондук. Тоонун так чокусуна орноштурулган MegaCom уюлдук операторунун жаңы курулган базасын байкабай коюуга мүмкүн эмес. MegaCom компаниясынын генералдык директорунун орун басары Александр Бороздин журналисттердин катышуусу менен лента кескенден кийин шампан атылды.

Базанын маанилүүлүгү
Чуңкурчак, Татыр, Кой-Таш айылдарынын тургундары, "12 каминов" жана "Теплые ключи" эс алуу жайларындагылар эми MegaComдун бардык кызматтарынан кеңири пайдалана башташты. Бул аймактарда калктын аз болгонуна карабай, бул жерге станция орноштурганы, аталган компаниянын Кыргызстандын бардык аймагын байланыш менен камтууга аракет жасап атканы катары түшүнүүгө болот. Александр Бороздиндин айтымында, учурда MegaCom уюлдук оператору Кыргызстандын аймагынын 90%ын камтыйт. Болгондо дагы байланыш жетпеген аймактарды камтууга аракеттенет. Мисалы, Сузак, Тоң, Алай, Жылуу-Суу жана Кара-Суу райондордо MegaCom уюлдук байланышынан тышкары башка оператор жете элек. Учурда бул оператордун абоненттери 2 миллионго чукулдап калды.

Базаны куруу оңойго турган жок
Узун-Кырдын башына станция орноштуруу оңойго турган эмес. Компаниянын радиопландаштыруу боюнча алдынкы инженери Нурлан Курманбаевдин айтымында, вертолеттон башка унаа жете албагандыгы себеп. Станцияга керек болгон ар бир тетикти журналисттер келген жол менен вертолетко жүктөп алып келүүгө туура келген. Анан дагы Узун-Кырдын башына электр линиясын тартып баруу дагы бир топ машакаттарды жараткан. Ошого карабай, MegaCom компаниясы абоненттери үчүн бардык аракеттерди жасаган. Нурлан Курманбаевдин сөзүнө караганда, бул базаны атайын бригада бир жылда бир жолу келип, көзөмөлгө алып кетет. Эгерде бир тетиги иштебей калса, дароо борбордук базага сигнал берет. Бригада 2-3 сааттын ичинде келип оңдоп кетет.

Бул дагы чек эмес
Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча MegaCom компаниясы базалык станцияларды орнотуу боюнча лидерлердин бири. Азыркы учурда станцияларынын саны 1065ти түзөт жана күндөн-күнгө көбөйүүдө. Жакында компания өлкөнүн бардык областтарында 80 базалык станцияны ишке киргизүүнү пландап жатат. MegaCom компаниясынын генералдык директорунун орун басары Александр Бороздиндин айтымында, бул базалардын ден-соолукка эч кандай зыяны жок. Анткени, компания эл аралык стандарттарга ылайык иш алып барары далилденген.

Шаарга кайтуу
Ачылыш азем аяктаган соң кайрадан вертолетко түшүп алып шаарга кайттык. Учкучтар бирде жолго аябай жакындатып айдаса, бирде асманга карай тик учуп, айтор, журналисттер аябай жакшы маанайда кайтышты. Дал ушундай саякат уюштуруп берген MegaCom компаниясына ыраазычылык билдиришти.








кыргыз тилиндеги гезит "Учур"









??.??