кыргыз тилиндеги гезит "Учур"

п»ї

  Ой тоба-а!..

Кубулма жүздөр...
Кечээ кечинде "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" долбоорунан "Ата-Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев менен "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Равшан Жээнбеков көрүнүп, тим эле экөө бири-бирин колдогондой сүйлөгөндөрү эмнеси? Өзгөчө Равшан мырза "Ата-Журттун" жеңишин тааныгандай пикирин билдирип, аларга карата сын пикири жок экенин каңкуулады. "Шайлоо таза өттү" деп шерденип да алды. Кайдагы тазалыкты айтты? Түшүнбөдүк. Кайран Равшанчик "өңдү көрсө жүз таят" болуп, Камчынын астында ой-да жалпактап алды, армансыз... Ал эми К.Ташиев президент Роза Отунбаеваны колдой турганын ачык айтып, өзүнүн эки жүздүүлүгүн дагы ашкереледи. Жакында эле Түштүктү кыдырып жүргөндө Камчы мырза ай асмандан түйүлүп, Р.Отунбаевага каршы сөзүн айтып, "кан төккөн адамдардын бийлигин алып коебуз!" маанисинде күпүлдөгөн. Эми парламентке эрмешкени Роза айымды колдоп калыптыр. Ой тоба-а, мансап үчүн ушундай да кубулабы? Баса, К.Ташиев ошого катар Ө.Текебаевдин телефон чалганын, сүйлөшүүгө кызыкдар болгонун да жашырбады. Эгер анысы чын болсо, Өмүрбек мырза да өзгөргөн го. Кызык, булар кресло үчүн болгон принциптерин сатып кете беришеби?.. Кечээ эле душмандашкандарычы?..

Сабыр Муканбетов





PDF формат







??.??