Чабыт

Таалайбек Бапанов, "Акыйкат" партиясынан депутаттыкка талапкер:
"Эл акчаны эмес, акыйкатты тандайт"
Шайлоо шарданына багышталган үгүт иштеринин да сапары карыды. Таза жана акыйкат коом түзө турган, керемет руханий баалуулуктарга, нарк-насилге негизделген, дүйнөнүн алдыңкы сабында турган, гүлдөгөн өлкөнү курууну максат кылган "Акыйкат" партиясынын мүчөсү, белгилүү меценат, Кыргыз кинематография союзун эки мөөнөт жетектеген, Испания өлкөсүндөгү Кыргызстандын ардактуу консулу Таалайбек Бапанов бул ирет эл жаңылбайт деген ниетте.


- Коомдо чыгармачыл адамдын саясатта жүргөнү сейрек кездешет эмеспи. Сенин бул жаатта белсенгениң бекер эместир?
- Өнүккөн Европа жана Батыш мамлекеттеринде искусствонун адамдары саясатка сейрек аралашат. Карапайым элдин дагы саясатка болгон активдүүлүгү азырак болот. Себеби, ал мамлекеттерде адамдын жашоосу үчүн бүт шарттар түзүлгөн. Буюруса, бизде дагы бир топ жылдардан кийин бүт шарттар түзүлүп, турмуш-абалыбыз жакшылап оңолсо, саясатка биздин адамдарыбыз ошондой эле искусство, спорт чеберлери өтө эле аз санда баш багып калышар. 20 жылдын ичинде калайык калк эки президентке чоң ишеним артты. Өлкөнү өнүктүрөт ниетинде. А кишилер тескерисинче, элди жакырчылыктын түбүнө жеткиришти. Акыры тезек да терип калбадыкпы. "Жыргаганыбыздан жылкы багып", эки жолу революция жасадыкпы? Өзгөчө 7-апрелдеги окуя бүткүл дүйнөнү бир силкинтип, андагы саясат таануучулар, эл кыргыздарга таң калып атышат. "Бу кандай эл? 5 жылдын ичинде эки жолу революция жасады" деп. Анткени элибиздин чыдамы чекке жетип, кыйналып кетти. Ушу жерден суроо туулат. "Кайсы убакта, кайсы өлкөнүн эли жапа тырмак саясый активдүүлүккө барат?" деген. Качан гана өлкө каатчылыкка туш болуп, оор абалда турганында. Бүгүнкү күндө Кыргызстан ушундай абалда. Муну баарыбыз көрүп жатабыз. Азыркы учурда саясатка аралашпаган адам калган жок. Мейли догдур, мейли спортчу, мейли чыгармачыл адам болбосун. Жада калса айыл жергесинде жашаган карапайым элдин баары саясатчы болуп кеткен. Бул бүгүнкү күндүн талабына жооп берген табыгий көрүнүш деп айтсак болот.
- Алдыда өтө турган парламенттик шайлоого 29 партия аламанга аттанды. Анын ичинде "Акыйкат" да бар. Бул партияны тандап алганыңдын себеби бардыр?
- Мен "Таза коом" партиясынан келдим. Бул партия мындан 4 жыл мурун түптөлгөн. Жетекчиси Мухамед Ибрагимов деген аксакал эле. Убагында 14 ири ишкананы бутуна тургузган. Анын ичинде "Бакай" банкы, "Бакай" фабрикасы ж.б. бар. Партиянын катарына 20 миң киши кирген. Ал адам мындан 3 жыл мурун көзү өтүп кетти. Анан "Таза коом" партиясынан мага келишип, "сиз биздин партияны жетектөөгө ылайыктуу адам экенсиз" деп калышты. Ошо кезде мен кинематография союзун башкарып жүргөндүктөн, ал адамдарга рахматымды айтып, жөн гана партиянын саясый кеңешине кирип, партияга мындай эле жардам берип турарымды айттым. 2007-жылы Бакиев "Таза коом" партиясын жойгула. "Ак жол" партиясы менен биригип, Жогорку Кеңешке барасыңар, силерге 5 орун беребиз" дешкен. Биз бул сунуштарын четке кагып, караманча болбой койгонбуз. Анткени, биздин партияны түптөгөн Мухамед Ибрагимовдун керээзи бар эле. "Биздин партияда жалаң таза, мекенчил адамдар болуш керек" деген. Ошону менен аксакалдын жаркын элесин саткыбыз, бузгубуз келген жок. Атуулдук милдетибизден тайбай, "керт башыбыз менен барабыз, "Ак жолго" кошулбайбыз" дедик. Кийин каттоодон Бакиевдин адамдары кыянатчылык кылып, бизди өткөрбөй коюшкан. Бу жолу көз карашыбыз, программабыз, максатыбыз төп келген, акыйкаттуу эң негизгиси лидери таза партия менен чогуу шайлоого барууну туура көрдүк. Июль, август айлары издедик. Теңме-тең сүйлөшүүлөрдүн негизинде "Акыйкат" партиясын тандап, шайлоого бирге аттанганыбыздын себеби да Аликбек Жекшенкуловго байланыштуу болду. Анткени бардык нерсе лидер аркылуу аныкталат эмеспи.
- Лидер деп калдың, Аликбек Жекшенкуловду канчалык жакшы билесиң?
- Аликбек мырза белгилүү саясатчы. Ири эл аралык дипломат. Иштин көзүн билген адис. Турмушта тажрыйбасы мол, дасыккан лидер. Өзүңүздөр билесиздер, 2008-жылы азыркы оппозициянын ана башында турган. Уюштуруучулардын башында болгон десем жаңылбайм. 7-апрелден кийин Убактылуу өкмөткө жанталашып жумуш сурап кирген жок. Себеби, "таза бойдон турайын. Бийлик талашпайм" деп барбай койду. Ачык-айкын, чечкиндүү адам. Партиялаштардан да ушуну суранып атат. Ошондуктан, Аликбекти эл жакшы көрөт. Бүгүнкү күндө "Акыйкат" партиясын тандап, жактырып, кирип аткан калктын аягы түгөнө элек. Жеке өзүм мурунтан эле билчүмүн. 2002-жылы Прагадан таанышкам. Аликбек мырза Австрия, Чехия, Словакия, Венгрия сыяктуу төрт мамлекетке элчи болчу. Кыргызстан менен Чехиянын парламенттик тыгыз кызматташтыгын бекемдеп, алака түзүп жүргөнүн көрүп, баа бергем. Аба-ырайынын катаал шартына карабай, бизден барган делегация үчүн кам көрүп, далбас уруп жүрдү. Дагы бир Аликбек мырзанын жакшы сапаты, тууган, дос, улут дегенге карабайт. Муну биз мурдагы жылдары өкмөттүн ишине аралашып калганда байкадык. Анын ою боюнча, иштин көзүн билген таза адам болсо болгону. Азыр да айтып атат. "Ошо тууган, тааныш биздин өлкөнү ушу абалга апкелди" деп. Анан эң негизгиси жаштарга көңүл бөлүп, анын далили катары "Акыйкат" партиясынын тизмесинин биринчи тепкичине Бээжинди чаап келген грек-рим күрөшүнүн балбаны Канатбек Бегалиевди койду. Бул эмнеден кабар берип турганын эл өзү таразалап атса керек.
- Үгүт иштеринин амалдары көп экен. Анын ичинде акчасы көп партиялар курулай акчага добушту сатып алуу жагына басым кылып аткандай. Буга эмне дейт элең?
- Карап көрүп, баягы эле Акаев менен Бакиевдин доору жүрүп атабы(?) деп кетем. Себеби, баягы эле саясатчылар жүрүшөт. Өңү-түсүн өзгөртүп, боёнуп алып, ат салышып атат. Буга чейинки акчага сатылып келген добуштардын жана ошонун аркасы менен келген саясатчы сөрөйлөрдүн кылган иштеринин натыйжасын 7-апрелде көрдүк. Албетте, Акаев менен Бакиевдин тушундагы акчага элди алдаган талапкерлер, дале болсо көнүп калган ошо ыкманы колдонуп атышат. Кээ бир партиялар акчаларын сапырып атышат. Кээ бир партиялар акча менен шылдыңдап өтүп кеткиси бар. Кээ бир партиянын адамдары "Бакиевди, Баланчаевди, Түкүнчеевди апкелебиз" деп атышат. Эл анын баарын байкап, көрүп аткандыр. Канчалаган жолугушуулар болду. Теледебат, гезит-журналды окуп атышкандыр. Эл гана баалап, таразалап чечет. Акчаны эмес, акыйкатты тандайт...
- Ошентсе да шайлоочуларга каалоо-тилек иретинде, кыскача айта турган сөзүң бардыр?
- Шайлоочуларга айтайын дегеним бул. Бүгүн бир жумалык оокатка жете турган акчага алдансаңар, келечегиңерди жоготуп аласыңар. Балдарыңарды, неберелериңерди ойлогула. Жыйырма жыл бою адашканыбыз жетиштүү болду го. Ошон үчүн келечекке кенен көз чаптырып, туура тандоо керек. Азыр да убакыт бар. Бүгүн-эртең эл, айыл-апа менен кеңешип, жер-жерлерге чогулуп, бир чечимге келгиле. Саясатчылардын жүзүн көрүп атасыңар, кимдин кандай экенин, кимдер менен жүргөнүн, кантип байлыкты кимдер аркылуу топтогондорун билесиңер дээр элем. Андан сырткары 10-октябрда шайлоону тынч өткөрүп алалы. Ар кандай ушактарга, чагымчылдык иштерге алдырбай, ынтымактуу бололу. Баары тынч өтсө, Кыргызстанды таза, керемет руханий баалуулуктарга бай, нарк-насилге негизделген, дүйнөнүн алдыңкы сабына чыгара турган күндөр күтүп турат.
- Эгерде "Акыйкат" партиясы шайлоодон өтүп, парламентке депутат болуп калсаң, кино жаатындагы адам катары кандай маселелерди биринчи иретте көтөрүп чыгат элең?
- "Акыйкат" партиясы жеке эле кино жааты эмес, жалпы кыргыз элинин маданият тармагына тиешелүү кенен мазмунда программа түзгөн. Буга чейин 1990-жылдардын башында "Кино тармагын өнүктүрүү" боюнча мыйзам кабыл алынган. Ушу кезге чейин иштебей келет. Ошонун негизинде мамлекеттик бюджеттин эсебинен 0,05% каражат бөлүнүп турмак. Ал бир да жылы аткарылган жок. Буга чейин мындан башка да мыйзамдар жазылып, бекитилген. Алардын баары кумга сиңген суудай жок болуп кеткен. Мен барып калсам, ошол мыйзамдарды иштеткенге көтөрүп чыгам. Эки мөөнөт Кыргызстандын кинематографисттер союзун жетектеп жүргөн чакта башка чыгармачыл союздар менен тыгыз байланышта болуп, чогуу-чаран иш алып барып аттык. Ошо жагын күчөтөт элем. Мисалы, сүрөтчүлөр, жазуучулар, архитекторлор, композиторлор ж.б. Канча жолугушууга барбайын эл менден "бизде бир кездерде "Кыргыз керемети" чыккан эле. Качан ушундай "керемет"кайра жаралат?" деп сурашат. Мен буга мындайча жооп берер элем. Ошол "Кыргыз керемети" жөн эле жерден пайда боло калган эмес. Аны жарата, уюштура билген кыйын могикандар болушкан. Алардын аты-жөндөрүн калайык калк жатка билет. Азыркы чыгып келаткандардын арасында андайлар жок эмес. Аларга тез аранын ичинде колдоо көрсөтүп, шарттарын жасап бериш керек. Ошондо гана "Кыргыз керемети" кайра жаралат.

Сурат Жылкычиев