"Ата Жутка" бир кайрык

Бийликке жулунган реваншисттер
Эмне үчүн Бакиев кулатылды? Себеби, бул адам өз элин көз көрүнөө алдады. Эң жогорку кызматты ээлеп алып, "авторитардык системаны сындырам" деп берген убадасын унутуп, өзүнүн үйбүлөлүк бийлигин күндөн-күнгө бекемдеди. Анын биртуугандары, туугандары жер-жерлерде өздөрүнүн бийлигин толугу менен орнотушту. Алар өлкөнүн экономикасын болушунча мыкчып алышты. Аларга губернаторлор, акимдер, бардык рангдагы чиновниктер отчет бергени келишчү. Ошондо гана кыргызстандыктардын сөздүгүнө "офис" деген түшүнүк кирди. Бул сөз же Максим Бакиев, же Жаныш Бакиев, же Акмат жана башка бир туугандарын түшүндүрчү.


Узурпатордун "ляппайчыларынын" кайтып келиши
Бакиевдердин кланы өзү менен кошо мамлекетти дагы өзгөртүп салууну каалаган. Экинчи президент өзүн монарх элестетип, өлкөнү кенже уулу Максимге өткөрүп берүүнү пландаганы баарына маалым болду. Бакиевдин убагы мыйзамсыздыктын, башаламандыктын доору катары баарыбыздын эсибизде калды. Камап, уруп-тоноп, өлтүрүп... Саясатчылар, журналисттер, карапайым адамдар кылмыштуу режимдин курмандыктары болуп кала беришти. Курмандыкка чабылгандардын баары - чындыкты айткандан тайманбагандар, алданган элге чындыкты жеткирүүнү каалагандар эле.
Бакиевдин бийлиги улуттук байлыктарды текейден арзан баага сатканы менен эсте калды. Өлкөдөгү эң чоң бөлүштүргүч "Түндүкэлектро" компаниясы болгону 3 миллионго кетти! Кимге? Албетте, Бакиевдин жакын адамдарына. Мамлекеттик активдер Максим Бакиев алып келген эл аралык шылуундардын колуна түштү. Качып кеткен президенттин үйбүлөсү биздин өлкөнү өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн иштеткен ишканага айлантты. Бул клан өз элинин тарыхый жерин коңшу өлкөлөргө берип, саткынчылык саясатын жүргүздү. Бул адамдар өз элин жек көргөн, биздин өлкөнү түп-тамырынан талкалап, элди кулга айлантууну көздөгөн.
Бакиевдин кылмыштуу, авторитардык бийлиги кадыр-баркка эмес, криминалитетке таянганы айдан ачык. Расмий түрдө бул бийликти чагылгандай тездикте түзүлүп, бирок өмүрү кыска болгон "Акжол" жасалма партиясы калкалаган. Бул партияны элдик кылып көрсөтүү максатында мугалимдерди, врачтарды, бизнесмендерди жана жумушчу, фермерлерди партиянын катарына кирүүгө мажбурлашкан. Бирок, бул партияга өз каалоосу менен мүчө болгондор дагы жок эмес. "Акжолдун" партбилетин албаса дагы узурпатордун кланына жардам бергендер да болгон. Алардын аттары эсиңиздердеби?
Ал кездерди эстегенде үрөйүң учат. Бирок, азыркы күндө эмнени көрүп турабыз? Ошол кезде бакиевдерге элди уурдап-тоноого, өлкөнү талкалап-тепселөөгө жардам бергендер кайрадан бийликке келүүгө жулунуп жатышат! Бакиев кетип, партиясы чилдей тарагандай сезилди эле. Тилекке каршы, андай эмес экен. Бул күчтөр реванш жасоону көздөп, ар кайсы партияларга бөлүнүп алышып, шайлоого аттанып турушат. Булар кимдер?

Саясый баскынчылар
Кылмыштуу режимдин тарапкерлери негизинен "Ата-Журт" партиясынын желегинин астында биригишти. Бул жерде алардын курамы толук. Кепти бул партиянын лидерлеринен баштасак. "Ата-Журттун" оркестриндеги биринчи скрипкачылар - Камчыбек Ташиев менен Акматбек Келдибеков. Экөө тең Бакиевдин учурунда жаман эмес карьера жасашты. Бирөө - мурунку өзгөчө кырдаалдар министри. Экинчиси - салык кызматынын башчысы. Мурунку бийликтин тушунда мындай кызматтарга капысынан келип калган адамдарды койчу эмес. Азыр эми өздөрүн алардан өткөн патриот жоктой көрсөтүп атканы таң калычтуу. Кызыгы, алар Бакиевден үйрөнгөн адаттарын апрель революциясынан кийин дагы ташташпаптыр.
Себеби, "Ата-Журтту" алар жөн гана тартып алышкан. Бул уюмдун чыныгы ээсин саясый партиянын башкармалыгынан күч менен эле сүрүп чыгарып коюшту. Баскынчылар аларды коркутуу менен үстөмдүк жасап, эч кандай укугу жок болсо дагы партиянын съезддерин, жолугушууларын, конференцияларын өткөрүп жатышат. Бул сизге тааныш учурап жатабы? Бакиевдин беш жылдык башкаруусунун учурунда дал ушундай көрүнүштөргө күбө болуп жүрбөдүк беле...
Камчыбек Ташиев бүгүнкү күндө өзүн бакиевдик режимдин курмандыгы катары көрсөтүүгө аракет кылып жатат. Максим Бакиев байкеси Жаныш менен болгон телефондук сүйлөшүүсүндө Ташиевди "кеңкелес" дегени менен аны өздөрүнүн адамы экенин, ага өлкөдөн бийлик берүү керектигин айтканы калппы?
Бул шаңдуу компанияга Мыктыбек Абдылдаев дагы акырын келип кошулуп алды. Ал Акаевдин учурунда эле кызматтан кызматка көтөрүлүп жүргөн чуулуу фигура экени маалым. Кала берсе, биринчи президенттин тушунда генералдык прокурорлукка чейин жетпеди беле? Ал эми Акаевдин бийлиги кулаары менен Бакиевдин колтугуна кире качып, дароо анын "Акжол" партиясына мүчө боло калганына таң каласың. Эми эле адилеттик үчүн күрөшкөн адам болуп чыга келди. Эгер Мыктыбек Абдылдаев чынында эле акыйкаттуулукту туу тутса, бийликтен өз каалоосу менен кетип, кылмыштуу бийликтин абийирин элге ачмак эле да. Бирок, бул генерал "окопто" революция болор күндү күтүп жатты.

Кубулма жүздөр
Мыктыбек Абдылдаевдин "окопто" тынч күтүп жатканынын дагы себеби бар. Бул туугандык байланыштар. Анткени, президенттин администрациянын экс-жетекчисинин кызы Азимбек Бекназаровдун карачечекей келини. Айтмакчы, бул киши дагы кудасы Абдылдаевге окшоп, бир кезде генералдык проркурор болгон. Бирок, Бакиевдин тушунда.
Азимбек Бекназаровду интеллектуалдык деңгээли төмөн саясый оюнчу катары санагандар жаңылышат. Анын жүрүштөрү Гарри Каспаровдукунан дагы кызыктуураак. Азыркы учурда Бекназаровдун үч партиядан кулагы чыгып турат - "Ата-Журт" (канкудасы Мыктыбек Абдылдаев аркылуу), "Республика", "БЭК". "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов анын өкүл баласы. Ал эми "БЭКти" болсо анын уулу башкарып турат. Вице-премьер Азикеңе суктанганга неге болбосун? Кандай болгон күндө да ал сүймөнчүк бойдон калары турулуу иш болуп турбайбы?
Бирок, азыр кепти кайрадан "Ата-Журтка" жана анын каармандарына бурсак. Алардын дагы бирөөсү - басып өткөн жолу криминал менен байланышкан, келечеги бүдөмүк, айтылуу Нариман Түлеев. Шайлоо аламанына кылмыш иши жана мамлекеттик төңкөрүшкө катыштыгы бар деген шектелүү менен келип түштү. Ал учурунда түстүү жана кара металл сатуу боюнча мамлекеттик монополияны жетектеп байыганы, 2005-жылы Акүйдүн жанындагы демонстранттарга каршы ак кепкачандарды уюштурганы менен белгилүү. Дал ошол Түлеев "Ала Тоо" аянтына Манастын душмандарынын эстелигин койдурбады беле? Бакиевдин тушунда дагы майлуу-сүттүү кызматтарды ээлеп келди. Ошон үчүн анын эң жакын тарапкери болуп, өз ата-энеси тирүү туруп, Бакиевди "атам" деп атады. Бирок, бүгүн ал бир кезде Акаевден кандай баш тарткан болсо, Бакиевди дагы ошондой танып кетти. Бул талапкердин адамдык принциптери ушундай.
Мурдагы жогорку кызматта турган "Ата-Журттун" дагы бир мүчөсү Наримандыкына окшогон принциптер менен жашап келет. Ал биринчи президенттин да, экинчи президенттин да сүймөнчүгү болуп келген Марат Султанов. Эки президент тең буга өлкөнүн финансылык тармагын ишенип тапшырган. Бул үчүн өзгөчө эмгек сиңирсе керек да... Ошондой эмгектери үчүн Марат Султанов парламенттин спикери болуп калган, болбосо башкалардан эч айырмаланчу эмес. Кубулма жүздүү үчүн бул башкы нерсе эмес да.
Ошол эле топто дагы эки каарман бар - Жаныш Кудайбергенов менен Азиз Суракматов. Бул экөө тең чириген бай. Олигарх деп койсо да болот. Бул экөө бир кезде Айдар Акаевдин жакындары болчу. Бийлик алмашканда дагы булар президенттин уулу менен жакшы мамиледе болуп кала бергени таң калычтуу. Бирок, эми жаңы президенттин уулу Максим Бакиевдин айланасына үймөлөктөштү. Эң кызыктуусу, буларды туугандык байланыш дагы бириктирип турат... Айтмакчы, Азиз Суракматов бир нече убакыт бою курулуш жана жер аянттарын бөлүү чөйрөсүн көзөмөлдөп келген. Жер мафияларынын башында тургандардын бири десек болот.

Талапкерлик криминалитет
Мафия тууралуу сөз болуп кеткенден кийин "Ата-Журт" партиясынын дагы бир мүчөсүн айтып кетпесек болбостур. Кеп аталган партиянын талапкерлеринин тизмесиндеги онунчу орунда турган Улан Чолпонбаев тууралуу жүрүп жатат.
"Ата-Журттун" тизмесине ал капысынан келип калган эмес. Чолпонбаев - айтылуу Камчы Көлбаевдин оң колу. Ал криминалдык авторитеттин финансы маселелерин башкарат. Анда ал парламентте кандай маселени чечиши мүмкүн?
Уурулар менен иштешүүгө Чолпонбаев көнө албай жатса керек. Чынында, бул жолу ага бир кезде жогорку кызматта турган уурулар менен иштешүүгө туура келип жатат. Алардын арасында кызматынын арты менен өлкөдөгү беш байдын ичине кирген мурдагы транспорт министри Нурлан Сулайманов бар. Ошол эле талаадагы мөмөлөрдүн бири - Садыр Жапаров. Бул "жемиш" Каркыранын казактарга берилишине каршы чыккан оппозиционерлерге чабуул жасаганы менен эсте калды.
"Ата-Журтка" мурунку бийликтин дагы бир тарапкери, "Акжол" партиясынын мүчөсү, Данияр Үсөновдун жубайы Динара Исаева дагы келип, кошулду. Өлкөнү ал кайсы жакка алып барууну көздөп жатат? Жолдошу алып барган жаккабы? Же "Акжолбу"?

Акыл БАКТЫБЕКОВ