Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0930_3.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0930_3.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0930_3.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0930_3.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0930_3.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0930_3.htm on line 2
  Кандан-бектен тартпаган...

"Атамбаев десе,
биз - КСДПны түшүнөбүз"
Өлкөбүз эгемендүүлүккө жетишкен 19 жылдын аралыгындагы өз тарыхында бешинчи парламентти шайлап алуунун астанасына улам жакындап баратат. Бир гана Борбордук Азия аймагында эмес, бүтүндөй советтен кийинки мейкиндикте алгачкы сапар партиялык тизмелер боюнча өткөрүлө турган бул маанилүү иш-чарага чейин болгону он гана күн калды. Ушул жүйөдөн улам, ага катышуу укугуна жетишкен партиялардын ар бири шайлоо алдындагы жарыштын корутунду тилкесине чыгып, колдо болгон бардык мүмкүнчүлүктөр жана ыкмаларды пайдалануу менен, күн дебей, түн дебей үгүт-насыят өнөктүгүн, айыгышкан атаандаштыктын кырдаалында жайылтып жатышат. Мунун түпкү максаты - өздөрүнүн жактоочуларын акыр- аягына чейин багыттоо аркылуу электораттын добуштарына татып, шайлоонун жыйынтыгы боюнча болочок Жогорку Кеңештен азбы, көппү орун ээлеп калуу.

Алдыдагы шайлоо мурдагылардан айырмаланып, биринчи жолу ачык, таза жана акыйкат маанайда өтөт деп күткөн элдин үмүтү күч. Дал ушул кыйырдан алып караганда, калкыбыздын саясый таймаштарда такшалган чыгаан уулу - Алмаз Атамбаев башында турган Социал-демократиялык партиянын: "Биз демократиялык таза шайлоого жол ачтык",- деген ураанынын мыйзамдуу да, орундуу да, ишенимдүү да, жана, эң негизгиси - ынанымдуу да чыкканын талашуу кыйын.
Күтүлүп жаткан шайлоого өзүбүздүн гана тургай, ирегелеш коңшуларыбыздын, Орусиянын, ошондой эле, дүйнөлүк коомчулуктун да көңүлү чоң кызыкдарлык менен бурулуп жатканы - бекеринен эмес. Не дегенде, бул шайлоо баштагыдай бийлик тарабынан жүр-нарылап чампалай салган - "Алга, Кыргызстан!", "Ак жол" өңдүү үстөмчүл, зордукчул партия сөрөйлөрсүз өткөрүлгөнү жатпайбы.
Шайлоого көтөрүңкү көңүл бөлүүнүн купуя сыры - республикабыздын КМШ өлкөлөрдүн сабынан эң биринчи болуп, жаңы парламенттик шайлоого баратканы. Биздин күтүлбөгөн бул кадамыбыз эң алды коңшуларыбызды, бөтөнчө Орусия президенти Дмитрий Медведевди бушайман кылганы белгилүү. Анын биздин тандап алган жолубузга карата тескери кайрык баа бергени түшүнүктүү эмеспи. Анткени ал, баягы орустардын - "дурной пример заразителен" ("жаман адат жабышкак") демекчи, биздин өрнөгүбүз башка республикаларда, ириде Орусияда колдоого арзып кетпесин деп чочулап жаткан шекилдүү. Антпегенде ал "парламентаризм-Орусия үчүн (биз үчүн да) кыйроо болот",-деп айтпайт эле. Эсибизде, биздин республика эң биринчи болуп улуттук валютаны киргизип, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кошулганда да ушундай жактырбаган пикир билдиришпеди беле?
Бирок, мурдагы бийлик жүргүзүү, рулду башкаруунун сормо сазына белчесине чейин батып келген бийликчилердин жоон топ "жоокерлеринин" ар кандай амал-айлалар менен куралып, ара төрөлгөн "партияларга" чапталышып, кайра эле "жортуулга" аттанып чыгышканы - биздин ак ниет, мекенчил атуулдарыбызды тынчсыздандырбай койбойт. Бирок, эмки шайлоо элибиз үчүн тагдыр чечүүчү тарыхый мааниге ээ боло тургандыгын жон териси менен эле эмес, бүтүндөй жүрөгү менен сезген, өлкөбүздүн жаркын келечеги үчүн оттой жанып күйгөн ар бир мекендешибиз өз добушун кайсы партия үчүн берерин күн мурунтан эле аныктап алган деп ырастоого толук негиз бар.
Эпадам, биз ушул түшүнүккө таяна турган болсок, анда электораттын анык колдоосуна татый ала турган саясый партиялардын алкагы өтө эле тар экендигине көзүбүз жетет. Мурдагы бийликтер менен тартынбай кармашып, эл кызыкчылыгын туу тутуп, нечендеген кысымдарга, куугунтуктарга, тебелеп-тепсөөлөргө, кемсинтүүгө дуушар болуп, саясый күрөштө такшалган партиялардын намыстуу тобуна Социал-демократия, "Ата-Мекен" ж. б. бир-эки партия кошулары анык.
Антсе да, акыйкаттык үчүн айтып коюу абзел - алардын көч башында Социал-демократтык партия турары күмөн туудурбайт, себеби, ал жалпы эле дүйнөдөгү ушул аталыштагы саясый кыймыл кандай эски болсо, ал дагы (албетте, тек гана салыштыруу иретинде) биздин республикабызда эң алгачкылардан болуп түзүлгөн "карыя" партия экендиги белгилүү.
Баса, мындан бир нече күн мурда троллейбуста келатып, мен улгайып калган эки адамдын пикирлешүүсүнө күбө болуп калдым. Алардын бирөө: "Сиз кайсы партия үчүн добуш бергени жатасыз?" - деп сураса, экинчиси: "Ишенсеңиз, мен эмдигиче бир да партияга токтоло элекмин. Кечээ телекөрсөтүүдөн айтышпадыбы - добуш берүү бюллетени 29 партиянын тизмеси келтирилген, узундугу жетимиш сантиметрден ашык кагаздан турат деп. Ээ, айланайын, ушуга чейин мен канча шайлоого катыштым, бирок өмүрүмдө мындайды көргөн эмесмин. "Бечелге жөтөлдүн пайдасы жок", - дегендей, бизге мынча партиянын кандай зарылчылыгы бар эле? Карасаңыз, көчөлөрдүн баары алардын ар кандай плакат, сүрөт, чакырык, баракчаларына толуп кеткен. Төрөбөгөн аялдар мазар дарактарга дуба чүпүрөк илгенсип, ар бир бутак, жол боюндагы тосмолорго да кызыл тасмалар байланган. Менин үйбүлөмдүн мүчөлөрү да кимисине колдоо көрсөтөрүн билбей, баштары маң болуп жатат. Эмнеси болсо да, 10-октябрга чейин бир жыйынтыкка келем го", - деп, жанындагысына: "А, өзүңүзчү?" - деген суроо узатса, тиги: "Мен, уул-кыздарым, келиндерим, неберелер менен жакын туугандарым болуп, баштайынан эле социал-демократтар үчүн добуш берип келатабыз, анткени бул партия калкыбыз бел байлап, бекем ишене турган, артынан эл ээрчий турган бирден-бир күчтүү, таанымал жана ишенимдүү партия деп санаймын.
Ал 2005-жылдагы жана кечээки эле апрель революциясынын негизги кыймылдаткыч күчтөрүнүн бири болбодубу. Анын кадыр-баркы менен зоболосу Атамбаевдин аты менен ажырагыс байланышта. Ал эми Алмаздын ким экендигин акыл-эстүү ар бир кыргыз баласы гана эмес, биздин өлкөдө жашаган башка улуттун өкүлдөрү да абдан жакшы билишет.
Анын партиясы үмүтүбүздү актап, экономиканы көтөрүү менен жашоо-турмушубузду оңдоп кете алат деп ишенем. Кыскасы, Атамбаев десе, биз-Социал-демократиялык партияны түшүнөбүз", - деп жооп кайтарды.
Эки карыянын алды-артында отургандар менен туруп бараткандардын бир тобу: "Туура, туура", - деп анын сөзүн кубаттап кетишти эле, бирок олбурлуусунан келген кара-тору толмоч жигит: "Эмне, аксакал, сиз Атамбаевдин ишенимдүү кишисизби, анын партиясын ушунча эле мактап-жактап жатасыз?", - деди добушун көтөрө, жактырбаган түр менен. "Ооба, уулум, абдан туура айтасың, мен ага ишенем, ошондуктан ал үчүн бардык жерде үгүт жүргүзүп, ишенимдүү адамы болуп келатам", - деп кескин жооп кайтарды. Мен өз аялдамама жеткенде түшүп кала бердим, бирок троллейбустагы талаш-тартыш андан ары да уланганын бөркүмдөй көрөм.
Бүгүн мындай сөздөр эки кишинин башы кошулган жерде эле эмес, бүткүл кыргыз аймагы боюнча жүрүп жатпайбы. Буга окшогон "көчө" талкуулардын башкы каарманы ошол эле Атамбаев экендиги туурасында да өтө көп кеп жүрүп жатат.
Эми, ушул жерден: Эмне үчүн коомчулуктун көңүлү көбүнчө социал-демократтарга ооп жатат? - деген собол туулат. Биз мунун бир канча олуттуу да, орундуу да себеби бар деген ойдобуз.
Биринчиден, КСДПнын калк арасындагы кадыр-баркы, бедели жана алган баасы (рейтинги) өтө бийик. Муну коомчулуктун көптөгөн өкүлдөрү, саясат таануучулар, социологдор, коомдук ишмерлер, журналисттер, калайыкты маалымдоо каражаттары үзбөй белгилөөдө.
Экинчиден, электораттын арасында байма-бай жүргүзүлүп жаткан анкеттөө, сурамжылоо, коомдук пикирди көз карандысыз эксперттердин (калыстардын) аныктоолору да негизинен А. Атамбаевдин пайдасында экендигин мезгилдүү басма сөздөн үзбөй окуп жатпайбызбы.
Үчүнчүдөн, социал-демократтардын узак жылдардан бери жүргүзүп келе жаткан саясатынын тактыгы, ачыктыгы, өтүмдүүлүгү жана таасирдүүлүгү. Партия тандап алган жолунан эч тайбай, алдына койгон максатына жетиш үчүн эрктүүлүк, туруктуулук жана чыдамкайлык менен күрөшүп келаткандыгы. Муну-жексурлар- Акаев менен Бакиевдин үйбүлөлүк, авторитардык, жеккөрүмдү бийлиги менен жүргүзүп келген келишпес кармашы айгинелейт. Анын натыйжасы кандай болгонун биз ар бирибиз жакшы билебиз. Партиянын саясаты карапайым калктын мүдөөсү менен көз карашын, анын түпкү кызыкчылыгын ачык-айкын чагылыштырып турат. "Саясат - бул коомдун күрөө тамырынын согуп турушу", - деп америкалык саясатчы У. Филлипс акыйкат белгилегендей, КСДП дайыма ошол тамырды колдон чыгарбай, кармап келүүдө.
Төртүнчүдөн, ал өзүн башкаларга окшоп, коньюктуралык кырдаалдарга ылайык, улам бир партияга "күйөөгө" чыгып, же кайра ажырашып, же бир заматта атын өзгөртө салбастан, бир калыпта келаткан туруктуу, салмактуу күжүрмөн партия экенин көрсөтө алды.
Саясый партияларга үгүт-насыят иштерин жүргүзүүгө старт берген учурда тарта алар өздөрүнүн курултайларын өткөрүп, шайлоо алдындагы саясый программалары менен платформаларын жарыя кылышты. Бир көз карашка алар ар кандай түрдө болгону менен, бирок барып-келип эле алардын ички өзөгү түспөлдөш, себеби, бүгүнкү күндө өлкөбүздүн алдында турган негизги көйгөйлөр бирдей. Ошентсе да, программанын программасы болот эмеспи. Эгерим ушул өңүттөн алып карасак, социал-демократтардын саясый платформасы өзүнүн тарткылыктуулугу, тактыгы, дааналыгы жана далилдүүлүгү менен өзгөчөлөнүп турат. Кандайча дегенде, анда "ач айкырык, куу сүрөөн" таризиндеги курулай, кургак, суу кечпеген, күмөндүү убадалар жок. Анда бардыгы алдын-ала ойлонулуп, таразаланып, электен өткөрүлгөн, эң башкысы - аларды жүзөгө ашырууга партиянын эрки, мүмкүнчүлүгү толук жете турган реалдуу маселелер коюлган.
Муну А. Атамбаевдин: "Биз чуулгандуу убадаларды бербейбиз, биз колубуздан канча келсе, ошончону жасоого убада беребиз, анткени элибиз курулай сөздөрдөн жедеп жадап бүттү. Биз мындай жалганчы саясатты токтотууну каалайбыз, антпесек Кыргызстан эч качан туруктуулуктун, гүлдөп өнүгүү жана руханий жактан кайра жаралуунун жолуна эч качан түшө албайт", - деген сөзү айкын айгинелеп турат.
Ырасында эле, кээ бир партиялардын жетекчилери алды-артын карабастан жомоктогудай убадаларды урдуртуу менен элдин добушуна жетишүүгө жан үрөп жатышат. Ушул жерден илгерки немис канцлери Отто фон Бисмарктын: "Согуш учурунда, аңчылыктан кийин жана шайлоого чейин ушунчалык көп калп айтылбайт", - деген сөзү эрксизден эске түшөт экен.
КСДПнын Аракеттенүү программасына талдоо жүргүзүү - узун сабак баян, ошондуктан анын эң маанилүүлөрүнө гана көз жүгүртүп өтөлү: Экономиканы өнүктүрүү, жарандардын коопсуздугу, коомдо туруктуулук орнотуу, жаңы жумушчу орундарды түзүү, калктын анык кирешелерин жогорулатуу, материалдык байлыктарды акыйкат бөлүштүрүү. Өлкөнүн бюджетинин кирешелик бөлүгүн 1,5-2 эсеге чейин көтөрүү (А. Атамбаевдин 2007-жылы өкмөт башчысы болуп турганда 8 айдын ичинде эле кирешеге салымдарды бир жарым эсеге көтөрүүгө жетишкенин эске салалычы); Кыргызстанды сырткы инвесторлор менен бизнесчилер үчүн жагымдуу болгон өлкөгө айландыруу, өнөр жайын өнүктүрүп, ууру-кесектер, алдым-жуттум коррупционерлерди ооздуктоо, эмгек акы менен пенсиялардын өлчөмүн көбөйтүү, ипотеканын алгылыктуу шарттарын камсыз кылуу, мугалим, дарыгер, айыл-чарба, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүү, пенсиянын жаңы топтолмо тутумун уюштуруу, өлкөбүздүн түштүк аймагынын чиеленген көйгөйлөрүн чечүүгө эң негизги көңүлдү бөлүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын кеңейтип, аларга чыныгы бийликти ишенип берүү.
Социал-демократтар мына, ушул ж.б. стратегиялык милдеттерди ишке ашыруу аркылуу өлкөнү кайра жаралуу жолуна түшүрүп, аны Борбордук Азиядагы гана тургай, дүйнөлүк деңгээлдеги жогору өнүккөн мамлекеттердин бирине айландыруу милдетин өз алдына коюп отурушат. Бул убадалар орундалат, - деп чечкиндүүлүк менен айтууга болот. Анткени партиянын сөзү менен иши эч качан ажырымда болгон эмес.
Минтип ырастоого анын шайлоо алдындагы ураан-чакырыктары да мүмкүнчүлүк берет. Бөлөк атаандаштарыныкындай өлкө, республика, маданият үчүн, тынчтык, келечек, достук, ар-намыс, боорукердик, адилеттүүлүк, жашоо керек, жаратмандык, үмүт, ишеним, жаңылануу, мыйзам, тартип, ыймандуулук же жагалданып-жалбаруу иретиндеги - "силердин аркаңар менен - мен бул жердемин" (айтмакчы, аны ким чакырды экен?), "күч жана келечек" (кайсы күч, же күч менен келечекти түзөбүз дегениби?) сыяктуу, кечирип коесуздар эч нерсеге милдеттендирбеген, супсак, кунарсыз же "Время профессионаловду" жөндөп которо алышпай, "Кесипкөйлөрдүн мезгили" дегендин ордуна "Адистердин мезгили" (эксковаторчу, токарь, айдоочу, жыгач усталардынбы?) деп беришкенине жол болсун. Баарыдан да "Ата-Журт" Түлеевди Бишкекке кайра алып келет", "Ата-Журт үчүн, Түлеев үчүн добуш бергиле!" - деген кекирейме, менменсиген, буйрук сымал чакырык күйбөгөн жериңди күл кылат экен.
Ошол эле учурда социал-демократтардын ураандарына назар салып көрөлүчү. "Баш аламандыкпы же туруктуулукпу? Тандаңыз", "Коркуп отура беребизби же тартип орнотобузбу? Тандаңыз". "Жумушсуз жүрө беребизби же оңолобузбу? Тандаңыз" же жөн эле - "Тандаңыз". Өтө терең ойлонулуп, ташка тамга баскандай жазылган бул чакырыктар кимдин да болсун, купулуна толуп, аны кайдыгер калтырбайт. Биз мындан "Меринин саясый мыйзамдарында - "Жакшы ураан - жакшы чечимге караганда жүз мертебе жакшыраак болот", - деген аныктаманын калетсиз экендигин көрүп турабыз?
КСДПнын өңгөлөргө окшоп, мал союп, тамак берип, акча, арак, ун ж.б. таратуу аркылуу добуштарды сатып алууга жүткүнбөстөн, үгүт-насыят өнөктүгүн оюн-шоок, шоуга, кавалериялык парадга, театрлаштырылган спектаклдерге айлантпай, таза, салабаттуу, жупуну, бирок элестүү жана ишенимдүү вазийпада өткөрүп жатканын көпчүлүк туура деп эсептөөдө.
Эми, Алмазбек Атамбаевдин жеке өзү жөнүндө алты ооз сөз айта кетпесек болбочудай. Биринчи иретте, ал өз жергебизде эле эмес, эл аралык деңгээлде да таанымал болгон мамлекеттик, коомдук-саясый ири ишмер. Ал иштегенди да, башкарууну да, жетектегенди да беш колундай билет, шайлоочулардын ага карт-бланш (таза бланк) эмес, мандат берээрин эсине бекем түйөт. Ал коомдун ишенимине татыган ар бир саясатчы дал ошол коомдун жеке менчиги болуп саналаарын жазбай түшүнөт. Ал саясый ишмерлер да кемчиликтер менен жаңылыштардан кепилденбегендигин билет, эгер ошондой болуп калса, аларды башкалардын мойнуна иле салбайт.
Ар кандай саясый бирикме, кошуун же партиянын бедели менен зоболосу анын жетекчисинин жекече сапатына, кадыр-баркына көз каранды болот, - деген аныктама чын болсо, анда ал дал ушул Алмазбек Шаршеновичтин дарегине карата айтылган деп кабыл алмакпыз. Не дегенде, анын харизмасы (ички күч-кубаты, өзүнө инсандык тарттыруу жөндөмдүүлүгү) өтө күчтүү. Буга кошумча, ал саясат, экономика, социалдык, өндүрүштүк жана каржылык көйгөйлөрдү жадыбалдай жатка билген, энциклопедиялык билим-жууратка ээ болгон ишмер, ал ар дайым кыска, нуска сүйлөгөн, сөзгө сараң, ойго терең инсан. Биз анын улуттук интеллигенциябыздын ичинен чыккан белгилүү жазуучу, котормочу экенин, адабият ишмерлерин, айрыкча ардагер-карыяларды көптөн бери канатына калкалап келаткан демөөрчү, колдоочу меценат, чет тилдерди жакшы билген мыкты өндүрүшчү менеджер экенин да эске түйөлү.
Арийне, аны төрт тарабы төп келген, эч кандай "минусу" жок, талтөөндөй болгон адам деп айтуудан алыспыз. А.Атамбаевдин да ар бир эле тирүү пенде сыяктуу айрым оокумдарда эмоция, кызуу кандуулук, ички сезимге жетелетип кетмей адаты бар экендиги жашыруун эмес. Бирок алар атайлап өңгөлөрдүн көңүлүн өзүнө тартуу же пиар үчүн эмес, кемчиликке, акыйкатсыздыкка, түшүнбөстүккө кабылганда, жедеп жан кашайгандыктан, аргасыздан келип чыккан көрүнүштөр деп түшүнгөнүбүз эп. Көпчүлүктүн көз карашы боюнча ал - айтканынан кайтпаган, кандан-бектен тартпаган, баштаганын таштабаган, көк жал адам.
Өлкөбүз менен элибиздин эртеңки тагдыры үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна көтөрүүгө даяр турушкан социал-демократтар менен анын лидерине биз өз добушубузду тартынбай да, аянбай да берсек - эч кандай жаңылыштык кетирбейбиз.

Тилектеш Ишемкулов,
КРнын маданиятына
эмгек сиңирген ишмер,
БГУнун профессору








кыргыз тилиндеги гезит "Учур"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0930_3.htm on line 59

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0930_3.htm on line 59

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0930_3.htm on line 59


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0930_3.htm on line 59

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0930_3.htm on line 59

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0930_3.htm on line 59


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0930_3.htm on line 59

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0930_3.htm on line 59

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0930_3.htm on line 59