Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0930_2.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0930_2.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0930_2.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0930_2.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0930_2.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0930_2.htm on line 2
  Ала кушту атынан...

Мамлекетти башкаруу чоң кесип!
Саясатка кызыгуу, ага аралашуу бүгүнкү күнү чектен тыш саясатташып кеткен көрүнүш. Бул кыргыз коомчулугу үчүн мүнөздүү болуп калды. Биздин коомдо жүрүп жаткан мындай процессти зарылдык, аргасыздык же жөн гана өткөөл мезгилдин мыйзам ченемдүүлүгү катары карасак да болот.

Себеби, өлкө тагдырын ишенип табыштаган мурдагы эки лидер тең өздөрүн терс жагынан көргөзүп, напсисин, аялын, кыз-уулун тыя албай элди аябай кыйнады. Бул иштери акыр-аягында өз беттерине чиркөө болуп, дүйнө коомчулугунун алдында шерменде болушту. Алардын ордунда намысы бар башка бирөө болсо, атынып өлмөк.
Элдин басымдуу бөлүгү жакырчылыкка кептелгенде, өз көмөчүнө күл тарткан чиновниктер армиясынан көңүлү калып, ишенич, үмүтү таш капты. Мындай учурда коом сөзсүз түрдө өзүнүн саясатка аралашуусун зарылдык деп түшүнөт жана саясаттагы терс көрүнүштөргө, атка минерлердин өзүм билемдигине бөгөт коюууга таасир эте баштайт. Мындай учурда өлкөнүн өнүгүшү, анын лидеринин дареметине көз каранды экенин тана албайбыз.
Учурда парламенттик шайлоо жакындаганы популист лидерлер жана лидер мутанттардан баш адашып, бирок, алар өздөрүнүн түпкү максаттарын ийгиликтүү шөкөттөп, жымсалдап, көбүрөөк добуш алууга жан үрөп атканы белгилүү. Бу да болсо "Кыргызстанда саясат (мейли советтик коомдо болсун, мейли азыркы коомдо болсун) эч качан кесип болгон эмес" деген караңгы түшүнүктүн натыйжасы. Ушундан улам Кыргызстанда дилентантизм менен элементардык саясый сабатсыздык өкүм сүрүп, анын кесепетинен саясый каталыктар менен жаңжалдар көбөйүүдө. Саясат деген, өндүрүш керектебеген инженерлердин, курулушчулардын, жумушчулардын, артисттердин эмес, атайын билими бар, дасыккан адистин энчиси болушу керектигин мезгил өзү көрсөтүп жатат. Андыктан бизге атайын окуу жайларда жаңы демократиялык генерациянын саясый лидерлерин даярдоо зарыл. Бирок, ага чейин да өлкөнүн, элдин тагдырын кайсы бир лидерге берүү керек да. Бирок, кимге? Мен бул суроого ойлонбостон туруп Аликбек Жекшенкулов демекмин.
Дипломат саясатчы, саясат таануу илимдеринин доктору Аликбек Жекшенкулов заманга шайкеш лидер катары көбүнөн өзгөчөлөнүп турарын тана албайбыз.
Ал мамлекеттик иш менен саясатты айкалыштыра билген, кесипкөй, акыл-парасаты бийик, ошол эле маалда дүйнө коомчулугуна таанымал саясатчы. Адатта, тажрыйба көргөзгөндөй бардык эле саясатчылар мамлекеттик ишмер, ал эми бардык эле ишмерлер мыкты саясатчы боло албайт.
Ал эми Аликбек мырза, мамлекеттик ишмер катары КРнын Тышкы иштер министрлигинен кеткенге чейин бардык тепкичтерди басып өтүп, өз карьерасынын экинчи этабына катары кадам таштап турган убагы.
Бир кезде президент Бакиев өзү баш, премьер-министр Ф.Кулов төш болуп, Кыргызстанды айласыз өлкөлөр кирген ХИПИК программасына айдап кирмек болгондо, дал ушул А. Жекшенкулов принципиалдуу түрдө каршы туруп, өлкөнү "Экинчи Африка" болуудан сактап калган.
Эгер ал программаны өлкөгө кийиргенде кыргыздын "ички-тышкы" душмандары чоң утушка ээ болмок. Ал эми "сырткы карызыбыз жоюлат" деген ар-намысы жок жетекчилердин аракети мамлекетти туңгуюкка кептемек.
Дал ушул аракети менен жогорку жетекчиликке жакпай калган Аликбек Жекшенкулов кийинки ишмердүүлүгүн оппозициялык фронтто улады. "Эл аралык өнүгүү жана саясат боюнча" агенттигин түздү. Баш-оту менен илимге, эл аралык долбоорлорго кирип кетпестен, ошол учурда чачырап, асты атылып, арты сатылып, айдыңы суюлуп, алсырап калган оппозиция лидерлеинин башын кошуп, дем берип "Акыйкат үчүн" кыймылын түздү. Туу көтөрөгөн лидердин бул жигердүү иши бийликти сестентип, аны каматканын баарыбыз жакшы билебиз. Алар Аликбек Жекшенкуловду сындырганга, чөгөлөткөнгө аракет кылды. Бирок, ал арам ойлору ишке ашкан жок.
Каргашалуу 7-апрель күнү жоон топ оппозиция лидерлери УКМК жер төлөсүндө "бактылуу сааттын" келишин чыдамсыздык менен күтүп жатканда, ал эл менен кошо жүрдү. Оппозицияны күчтөндүрүп, "оборот" алдырып, октоп берген Аликбек Жекшенкулов апрель окуясынан кийин үзөңгүлөштөрүнүн кызганчына, көр пенделиктерине кастык менен жооп бербей, алардан бийик турду. Бийликти көздөй жабырап чуркап, кызматтарын ээлеп олтуруп калган санаалаштарынан кескин айырмаланып, бийликке чакырса да барбай, Убактылуу Өкмөттүн алгачкы башаламандыгынан, айталы, "кимди ким көрдү" ишмердигинен өзүн окчун кармады.
Чын-чынына келгенде быйылкы парламенттик шайлоо, эмки жылдагы президенттик шайлоонун репетициясы. Эмки жылы эле "журт атасы ким болот?" деп баш айлантчу мезгил келет. Парламенттик шайлоо да өтөт. А. Жекшенкулов чын-чынына келгенде ошол шайлоонун фаворити болчу күчтүү инсан.
Каармандын басып өткөн жолу, иш-тажрыйбасы күчтүү экенине "мамлекетти башкаруу искусствосу" деп аталган илимий эмгеги далил. Өлкөгө азыр ушундай кесипкөй адис, чебер дипломат, чечкиндүү саясатчы, патриот жана интелектуал инсандар керек экенин мезгил көрсөтүүдө.


Чолпонбек Сыдыкбаев,
саясат таануу илимдеринин
кандидаты, Кыргыз-Россия
Академиясынын доценти.

Материал "Акыйкат"
партиясынын шайлоо
фондунан каржыланды




  Чекесинен кырабы?

"Бала баатыр" таскагы....
Кытайдан эс алуудан кайткан Оштун мэри М.Мырзакматов миңдеген адамдарды чакырып, "Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык" кылып, атасына аш бериптир. Анан ошо ашка келген "Ата-Журт" партиясы менен "Республика" партиясынын өкүлдөрү сөздөн-сөз чыгып отуруп, жөөлөшө кетишет. Натыйжада, "атажуртчулар" көптүк кылып, "бабановчулардарды" басмырлап, (кримчөйрөдө "Челюсть" деген каймана аты бар "Республика" партиясынын талапкерин) ыза кылган имиш.
Буга өздөрүн шер ойлогон "республикачылар" катуу туталанып, Ноокаттын 150дөй куралчан, белдүү жигиттерин иргеп, жообун бериш үчүн түз эле "Ата-Журт" партиясынын Оштогу штабына басып киришиптир. Мындайды күтпөгөн "атажурчулар" элеңдеп, Камчыбек Ташиев "келатат!" дегенди укканда, "черный ход" менен зуу коюп кутулуптур. "Бала баатырдын" камчы чабарлары адегенде эле астынан чыга калган "атажуртчу" Нурлан Сулаймановду жаткыза чаап, төпөштөп, андан соң үстүңкү кабаттардан Акматбек Келдибековду табышат. Келмеси оозунан түшкөн Келдибеков жалынып-жалбарып, "экинчи астыңардан чыкпайм" деп ыйламсырап, жан соогалап атып, токмок жебей калыптыр. Айтор, "Ош биздики, Ошко эч кимди жолотпойбуз" деп ооз көптүрүп жүргөн "атажуртчуларды", "республикачылар" экинчи ооз ачкыс кылган экен.
Учурда "бала баатыр Бабановдун" таскагы катуу чыгып, Кыргызстандын булуң-бурчуна ээлик кылгысы келгендей түрү бар. Кечээ эле телефондон А. Атамбаевди демитип, Жекшенкуловдун үгүт кербенине кол сала турган болуп, аз жерден чыр чыкпай калганы айтылса, бүгүн минтип "Ата-Журтту" өчүргөнү кандай? Эми мындай жоруктардын арты кандай болор экен? "Республиканын" минтип чоң муштумдар менен криминалдарды курамына кошуп алып, зөөкүрчүлүк кылып жатышы абийирге сыябы?...

Сакен Бөрүбаев




кыргыз тилиндеги гезит "Учур"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0930_2.htm on line 52

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0930_2.htm on line 52

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0930_2.htm on line 52


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0930_2.htm on line 52

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0930_2.htm on line 52

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0930_2.htm on line 52


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0930_2.htm on line 52

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0930_2.htm on line 52

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0930_2.htm on line 52