Күч берен

Кыргыз Шумахери
Владимир Андреев 1991-жылы 15 Союздук Республикалардын мыкты атлеттери катышкан картинг спорту боюнча СССРдин биринчилигин жеңип, чемпион аталган. Андан кийин Союз ыдырап, өлкөбүз эгемендик алды. Бирок, картинг спорту аны менен жоголуп кетпеди. Владимирге окшогон спортту катуу сүйгөн фанаттардын демилгеси менен бул спорт дале болсо күчүндө экен. Кырктын кырынан өтсө да, жыл сайын жаштарга насаатын айтып жана таймашка катышып турарына ынандык. Бу жолу да "Алтын күз Ала-Тоо" аттуу турнирде "интер-а" көнүгүүсүнүн жеңүүчүсү болду.


- Владимир, картинг спорту Кыргызстанга качан келген?
- Бала болуп башыма түк чыкканы эле бар болчу. Болжол менен 1968-жылдары келиптир.
- Бул спортко кантип келип калдың?
- Чоң атам ДОСААФта иштечү. Бир жолу жумушуна чогуу келдик. Ал жерде картинг машиналары тизилип турганын көрүп калдым. Короосу чоң болгондуктан бирөөсүн айдап көргөнгө ынтызар болдум. Чоң атам отургузуп, бир аз айдатып көрдү. Аябай жагып калды. Ал күнү картингдин майы түгөнгүчө айдап, кумарым жазылды. 5-классты аяктагыча ДОСААФтын коросуна келе калып, колума тийген картингди чаң ызгытып ары-бери айдап, кыялданып жүрдүм. Кийин мектебибизге машыктыруучу келип, "ким картинг айдагысы келет? Кружокко жазылгыла" деп калды. Асмандан тилегеним жерден табылгансып, биринчилерден болуп катталдым. Биздин ийримге 300 бала катталып, анын ичинен 6 бала картинг спортун улантып кеттик. Калганы чыдабай, чыгып кетишти. Мектептеги сабактарды жакшылап окубай, машине менен алпурушуп калдым.
- Мелдешке канча жашыңда чыктың?
- Биринчи мелдешим эсимден кетпейт. Анда 13тө болсом керек. Кара-Балта шаарында СССРдин биринчилиги өтүп калды. 7-ноябрь майрамына туш келип, кар жаап, күн суук болчу. Жарыша турган группада 35тей бала болуп, анын экөөсү гана Кыргызстандык элек. Берки баланын картинги бузулуп, эки жолу тегеренип келгенден кийин мелдешке чыкпай калды. Жалгыз өзүм калдым. Финалдык жарышта бардык күчүмдү жумшадым. Акыркы айлампада менин машинемдин тетиктери чачыраганына карабай, марага байгелүү үчүнчү болуп келдим.
- Картинг машинеси тууралуу айтып бербейсиңби?
- Картинг машинасын көбүнчө Италияда жасашат. Атайын заводу бар. Моторунун кубаттуулугуна, көлөмүнө жараша бөлүнөт. Дүйнөлүк калыпта 3 түрү бар. "Пионер-мини", "Интер-а" жана "Интер-с". "Пионер-мининин" моторунун кубаттуулугу 50 см. кубду, "Интер-а" машинесиники 80 см. куб, "Интер-с" картингдики 100-120 см. кубду түзөт. Акыркы үлгүдөгү картингдердин кыймылдаткычтары бир мүнөттө 20 миң жолу айланат. Мындайча айтканда, 200 аттын күчүнө барабар деген кеп. Бир цилиндрлүү болгону менен ылдамдыгы 220 км. саат.
- Жеке рекордуң барбы?
- Мындан 5 жыл мурун эски аэропортто өткөн мелдеште радардын жардамы менен 180 км. саатына айдаганымды аныкташкан.
- Сени "Кыргыз Шумахери" дешпейби?
- Өз убагында досторумдун мындай кептерине кабылгам. Бизде жакшы шарт болгондо мен деле Шумахер болбосом да, Андреев болмокмун.
- Машиненин тетиктери кайдан келет?
- Баары сырттан келет. Заказ менен. Мисалы, бир жолку мелдеште төрт дөңгөлөк иштен чыгат. Анын орточо баасы 250 доллар турат.
- Картингдин баасы канча?
- Эң арзаны 1000 доллар. Заманбаптары 5 миң еврого чейин. Бирок, жакшы чуркайт. Көп бузула бербейт.
- Мелдештин өтүшү жөнүндө да айта кетсең?
- Биз жыл сайын 5-6 мелдеш өткөрөбүз. Кыргызстанда атайын федерация бар. Алар графиктерин коюшат. Ар бир мелдеш 3 бөлүктөн турат. Жаш-курагы боюнча 6 жаштан 10 жашка чейин, 10 жаштан 16 жашка чейин, 16 жаштан жогору болуп бөлүнөт. Ар бир курак боюнча жарышка чыккандар 3 жолудан күчтөрүн сынап көрүшөт. Эң мыкты көрсөткүчү эсепке алынат. Картинг жарыша турган жол абдан тегиз болуусу шарт. Машине жерге 3 сантиметр гана тийбейт. Бизде мындай шарттагы атайын жолубуз жок.
- Мурун кайда өтчү эле?
- Мурун эски аэропортто машыгып, мелдешин өткөрүп турчубуз. Ал жер сатылып кеткенге байланыштуу, куржалак калдык. Өткөндө негизги демөөрчүбүз Токмок шаарынын четине атайын стадионун куруп баштаган эле. Өлкөдөгү акыркы кырдаалдар бир аз тоскоол болуп калды. Мүмкүн мамлекетибиз турукташып калса, ал иш ордунан жылып кеткиси бардыр.
- Картингде спорт наамы берилеби?
- Берилет. Бардык даражасы ыгы менен.
- Сеники бар да?
- Мен 1991-жылы СССРдин биринчилигинде Кыргызстандын атынан мелдешке чыгып, чемпион болгом. Ошондо СССР спорт чебери наамына татыгам.
- Кесибиңди улаган уулдардан барбы?
- Бир уулум бар. Азыр 20 жашка толду. Анда-санда мелдешке чыга коет. Жакшы көрсөткүчтөргө жетишип калат. Окуусуна байланыштуу бул спорттон алыстап баратат.