Көздүү мончок

Жигиттердин көңүлүн сындырбаган Дарина
Кичинесинен идиреги бар Дарина Сайдазимова чоңойгондо минтип, супсулуу модель болуп чыга келди. Моделдикке бир тууган эжесинин аркасы менен келген сулуу, бир топ компаниялардын жүзү аталып, а тургай чет өлкөлүк агентстволор менен келишим түзүүгө да жетишти. "Жакында Токио шаарына учам" деген Даринаны маекке тартып, жаңылыктары жана жеке жашоосу тууралуу кабар алдык.


- Дарина, өзүңдү тааныштырып кетсең?
- Атамдын улуту казак, апамдыкы орус, корей аралашкан. Экөөнүн кесиби тең инженер. Апам жеке бизнес менен алектенет. Үч бир тууганмын. Агам экономист, эжем сүрөтчү, дизайнер. Үйдүн кичүүсүмүн. Аябай эле эрке, уялчаак болчумун. Кичинекей кезимден бери сүрөт тартып, "чоңойгондо дизайнер болом" деп тиленчүмүн. Орто жерден балетке дагы барган учурларым болгон. Мектепти аяктагандан кийин КРСУнун дизайнерлик факултетине тапшырдым.
- А модель болушуңа сырткы келбетиңдин сулуулугу себеп болдубу?
- Башында айткандай, "модель болом" деп ойлогон эмесмин. Менин шыгымды эжем байкаган окшойт, он беш жашымда эле, ой-боюма койбой, моделдер мектебине алып барган. Бир нече комплекстерим болсо дагы, өзүмө ишенчү эмесмин. "EastModels" агентствосуна барып, өтүп жаткан актерлук чеберчилик, дефиле, бий, фотосессия сыяктуу сабактарын көрүп, жүрөгүм түшүп, качып кеткем. Анткени, ал сабактардын баары мен үчүн оордой сезилген. Бирок, эртеси эжекем "толук бир курска акча төлөп койдум, барасың, окуйсуң" деп катуу талап койду. Ал агенствону аяктагандан кийин ошол эле жерге жумуш сунуштаган. Бирок, мода көрсөтүүгө мени аз чакырышчу. Болгондо да келбей калган модель кыздардын ордуна чыкчумун. Менин дагы башка модель кыздардай болуп, гезит-журналдарга чыккым келчү. Бирок, мага бут тоскондор, мени көрө албагандар чекеден чыга баштаганда, "өзүмчө иштейм" деп агентстводон чыгып кеткем.
- Андан кийинки кадамдарың кандай болду?
- Тааныш фотографтар менен жума сайын фотосессия уюштуруп, бир топ сүрөттөрдү чогулттум. Ал сүрөттөрүмдү "Лимон" интернет-гезитинин "Мисс интернет-2007", "Мисс Жаз-2008" сынактарына жөнөтүп, экөөнөн тең жеңүүчү аталдым. Ошондон кийин мага даңгыр жол ачылды окшойт. 2009-жылы клиптерге тартылып, календарларга чыгып, "Кыргызстандын Сулуусу" аттуу долбоорго катышып, "Тусовка KG" көрсөтүүсүнүн алып баруучусу болдум. Андан кийин дүйнөгө белгилүү фотограф Херш Чадханын мектебинен тажрыйба алуу үчүн атайын кастингден өтүп, Дубайга учуп кеттим. Ал жактан "профессионалдуу модель" деген диплом алдым. Анан Катмандуга (Непал) жана Мальдива аралдарына фотосессияга чакырышты. Өзүмдү-өзүм баалап, жумушумду жакшы көрө баштадым. Эл аралык деңгээлге чыккым келип, белгилүү скаут жана моделдик агентстволорго портфолиомду жибердим. Европадан, Азиядан көп сунуштар түштү. Буга өзүм да таң калдым. Аягында Кытайды тандап, "Modellin" деген эң жакшы агентство менен келишим түзүп, ушул жайда алар менен жолугуп келдим.
- Азыр эмне менен алектенип жатасың?
- Моделдик ишке баш-отум менен киришип жаткандан кийин, жакшы долбоорлордун үстүндө иштеп жатам. Жакында эле Токиодогу белгилүү агентство менен жаңы келишим түздүм. Буюрса, бир-эки жумадан кийин Японияга сапар алам.
- Белгилүү моделдерден кимди баалайсын?
-Тайра Бэнкс жана Женис Диккинсонду жактырам. Бул эки айым абдан сулуу жана өз ишин мыкты билген профессионалдар. Мен дагы алардай болуп, чоң ийгиликтерди багынткым келет.
- "Моделдик кесиптин эң кыйын жактары" деп кайсыларды айта аласың?
- Өзүң сыймыктана турган жакшы жактары көп. Бирок, кыйынчылыктары да жок эмес. Ар кайсы өлкөгө учуп-конуп, чарчайсың. Мисалы, Кытайга барганда, алгач автобуска, андан түшүп поездге, анан учакка отурдук. Чарчап, түн ичинде жетсек дагы, эртең менен таңкы саат 7.00дө супсулуу болуп, жаркылдаган маанайың менен фотосессияга келишиң керек. Модель болгондон кийин, ар дайым күлүп, татынакай болуп жүрүү, биздин жумушубуздун биринчи талабы.
- Мырзалардын арасында "модель кыздын жигити болууну кааласаң, акчасы көп олигарх болушуң керек" деген сөз бар. Сен буга кошуласыңбы?
- Мырзалар ошентип ойлошу мүмкүн. Бирок, мен бул ойго кошулбайм. Жакшы сөздөрүн арнап, сүйүүсүн билдирген мырзалар көп эле. Мен алардын бирөөсүнө дагы катуу сөз айткан эмесмин. Менимче, кыздардын көбүнө эле мырзалар тараптан айтылган жылуу сөздөр, аруу сезимдер жагымдуу болсо керек. Өз түйшүгүмдү өзүм тартып, карьера менен үйбүлөнү бирдей алып кетериме, ата-энеме сый-урмат көрсөтөрүмө ишенем. Алар мени эч нерседен кем кылбай, бөпөлөп өстүрүштү. Ошондуктан, бирөөгө көз каранды болгум келбейт. Акчанын артынан чуркаган эмесмин, чуркабайм дагы. Бул сөз менен мага олигарх мырзалардын кереги жок экендигин айткым келет. Мен үчүн баарынан сүйүү бийик турат.
- Сүйлөшкөн жигитиң барбы?
- Ооба бар. Кудай буюрса, жигитиме турмушка чыгып, сүйүктүү жар, мээримдүү эне болгум келет.
- Бакытты кандай түшүнөсүң?
- Эгер сен артыңды карап, жашооңдо көп нерсени өзгөрткүң келбесе, анда сен бактылуусуң. Анткени, сен туура жолду тандап алганың үчүн өзгөрүүнү, жаңы жашоону каалаган жоксуң. Ошон үчүн менин ар бир күнүм бакыт. Менин негизги тилегим, ата-энемди өзүмдүн каражатым менен чет өлкөгө эс алууга жиберүү.
- "Жашоодо кандай мүнөздөгү адамдар көп болсо" деп кыялданасың?
- Туруктуу, жөнөкөй, болгонун болгондой бетке айткан, адамдардын саны көп болсо деп тиленем. Тескерисинче, жашоодо эки жүздүүлөр, бетиңе жакшы сүйлөп, аркаңан жамандаган адамдар жана калп айткандар көп болуп жатпайбы. Мен мындай адамдарды жактырбайм.

Айнура Касымова