Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0930_11.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0930_11.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0930_11.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0930_11.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0930_11.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0930_11.htm on line 2
  Шайлоо шары

Кубатбек БАЙБОЛОВ, КР Башкы прокурору:
"Шайлоону бурмалагандар жаза алат"
Алдыда парламенттик шайлоо. Алгач ирет Кыргызстанда ачык, таза, адилет шайлоо өткөрүү мүмкүнчүлүгү турат. Биз муну кармай алабызбы же дагы да шайлоонун шайтан оюндарына жол беребизби? Буга бөгөт болуу ар бир шайлоочунун колунда, ал эми жалпы жоопкерчилик мамлекеттин жоопкерчилигинде. Шайлоонун таза өтүшүнө мамлекет кандай кам көрөт, бул туурасындагы соболдорду жолдой өлкөнүн жаңы дайындалган Башкы прокуроруна кайрылдык.


- 2007-жылкы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү. Анын жүрүшү кандай?
- Ошол жылы шайлоо жыйынтыгын тарыхта болуп көрбөгөндөй бурмалоолор болгону жалпы элге дайын. Эгерде мурун жер-жерлерде, шайлоо участокторунда административдик ресурс пайдаланылышы менен таасир көрсөтүлүп келсе, эл менен эсептешпеген бийлик 2007-жылы шайлоону өзгөчө жырткычтык менен бурмалаган. БШКдан акыркы документке асмандан алынган цифра жазылып, элге жарыяланган. Ошол кездеги сот процесстерине өзүм катышкам. Маселен, "Ата Мекен" партиясынын арызын соттор да канааттандырбай, жогортон берилген көрсөтмөлөрдүн негизинде чечимдерди чыгарышкан. Агезде акыйкат табуу мүмкүн эмес эле. Ошондой эле өзүм билемдик менен президенттик шайлоону да бурмалашкан. Артка кылчайсак, Кыргызстанда бир да шайлоо акыйкат өткөн эмес. Бирок, алгачкы жылдары жымсалдалып жасалса, акыркы жылдары өздөрү каалаган жыйынтыкты асмандан алып жазып, жарыялай беришкен. Ошондон улам, бизге түшкөн арыздардын негизинде, 2007-жылы парламенттик жана 2009-жылкы президенттик шайлоонун жыйынтыгын изилдеп, кеч да болсо тебеленген укуктарды калыбына келтирүү, байдын дөбөтүндөй лакылдап, шайлоону бурмалап келгендерди жоопко тартуу, элге чындыкты, акыйкаттыкты жеткирүү ниетин көздөп, кылмыш иштери козголду. Суракка чакырылгандар болгонун болгондой - кимден, кандай команда келгенин, протоколдорду кайра кантип жазып чыгышкандыктары туурасында ачык айтып берип жатышат. Биз көпкө создуктурбай, өзгөчө ашынган "көз боочулардын" атын атап, мыйзамдын чегинде жазалайбыз.
- Аткаруучулар гана жоопко тартылып калабы же жогортон команда бергендер да тузакка илинеби?
- Аткаруучуларды алсак, алардын саны өлкө боюнча он миңдеп саналат. Заказчиктери, жооптуу кызматкерлер, бурмалоого команда бергендер, таасир эткендер сөзсүз түрдө жоопко тартылат. Алардын арасында ашынып, кызылдай шымаланып киришкен аткаруучулар да жоопко тартылаары турган иш.
- 2007-жылы кайсы партия чындап канча пайыз добушка жетишкенин тактай алдыңызбы?
- Кылмыш иши жаңы ачылды, азыр баары такталууда. Так саны дагы белгилүү болот. Ошол кездеги эсеп менен, болжолу "Ата Мекен" партиясы 50-60 пайыздын ортосундагы өлчөмдө добуш алган.
- Өмүрбек Текебаевге маркум Садыркулов кайрылып, сиз тизмеден чыгарылсаңыз, ал жетектеген партия "парламенттен орун алат" деген президенттин каалоосун жеткирген дешет...
- Алгач азыркы омбудсмен аркылуу "Эгер Байболовду тизмеден чыгарсанар, 2 млн. доллар беребиз" деп айттырышкан. Кийин Садыркулов аркылуу дагы эле менин атым аталып, тизмеден чыгарылышымды өтүнүп, ал үчүн парламенттен экинчи орунду убада кылышкан. Ошондо Текебаев жана башка жетекчилер намысты, абийирди артык көрүп, андай сунуштардан баш тартышкан. Ушуга окшогон эбегейсиз жүзү каралык болгон. Мамлекеттик саясатты өзүнүн симпатия, антипатиясына аралаштырып, чүкөдөй калчагандар бийликте, Бакиевдин тегерегинде отурган.
- Кылмыш иши козголгон азыркы талапкерлер тагдыры кандай болот?
- Шайлоо кодексинин талабы боюнча, кылмыш иштери убактылуу токтоп турат. Шайлоодон уткан күндө да аларга тергөө аяктамайынча мандат берилбейт. Айрымдарга шайлоо жыйынтыгы жарыяланары менен айыбы угузулат. Кээ биринин эбегейсиз акча уурдаганы толугу менен далилденген. Азыр элдин таламын талашымыш болуп жүргөндөрдүн уурдаган акчасынын көлөмү - миңдеген, жүздөгөн миллион доллар. Иштин чоо-жайын билбеген карапайым адамдар алданып жүрүшпөйбү. Алардын элдин, балдардын ырыскысын уурдаганы ачык билинсе, эбак өлкөдөн качышмак. Азыр кой терисин жамынгандарга алдангандар көп болуп атат. Маселен, бир орусиялык компания салыкты төлөбөй отуруп, карызы 30 млн. долларга чыгат. Ошону төлөтүштүн ордуна Биринчи май салык инспекциясы ал компанияны береселердин тизмесинен чийип салат. Ал анчалык кимге тийиштүү ишкана болду экен?! Аны жарыяласак, өтө кызыктуу бир фамилия чыгат. Бишкек шаарын эле мисалга алалы, уурулук абдан кеңири орун алып, баскан-тургандын баары уурдаган. Таштанды чыгарчу машинелер күнүнө 800 литрден бензин алышчу, ал эми шаардыктарга таштанды күнүгө чыгарылбагандыгы белгилүү да. Ушуга окшогон майда нерселерден тарта чоң-чоң тендерлерге чейин кымтылган каражаттардын көлөмү жүздөгөн миллион доллар менен өлчөнөт. Биздин эле ТЭЦте көмүрдү кымбат баада сатып алышып, тендер тартибин бузушкан. Бул боюнча да кылмыш иши козголду. 5-10 жылбы, баары бир баарын изилдеп, аягына чыгарабыз.
- Жаңы шайлоодо кайрадан мыйзам бузуулар болбойт деген кепилдик барбы?
- Кайра шымаланып, административдик ресурсту пайдалануу менен жеңишке жетебиз, айрым партияга жан тартабыз деген жаңы "көз боочуларга" эскертүү: азыркы шайлоо калыс, таза жана акыйкат шайлоонун үлгүсү болушу кажет. Азыртан эле бизге белгилүү айрым учурлар - административдик ресурсту колдонуу да бар, шайлоочулардын добушун алдын-ала сатып алуу да жок эмес. Буларга кескин чара көрүү тууралуу каттарды жолдоп, талапты катуу коюп жатам. Канткен күндө да, бул шайлоо мурдагыларга салыштырмалуу таза жана акыйкат өтөт. Бирок, ал үчүн мамлекеттик бардык кызматкерлер таза, калыс болушу шарт. Мыйзамды көзөмөлдөөгө багытталган бирден бир орган болгондуктан, Башкы прокуратура талапты катуу койгон.
- Добуш берчү күнгө жетелекте эле көп нерсе тымызын жасалып атканы эл арасында анык. Буга параламай, же партиялык билет менен бирге акча кошуп бермей, ж.б. мисал. Ушундай нерселерди токтото албайбызбы?
- Андай нерселерди мен да угуп атам. Жер-жерлерде ушундай фактыларды тактап, чара көргүлө деген талаптарды катуу коюудабыз. Бирок, акча алып добуш берип көнгөн элди, акчага мандат сатып алган аткаминерлерди алеки саатта токтотуш кыйын экен. Колунан кармап алыш кыйын нерсе. Бул да кедейчиликтин бир запкысы. Эл биринчи кезекте өз тагдырын, балдарынын-неберелеринин тагдырын арзыбаган акчага сатып, баягы эле алдым-жуттумдарды бийликке алып келебиз (!) деген ойлору болсо, анда кайра эле элдин өзүнүн жана мамлекеттин шору. Канткен менен "жаңы заманды, жаңы талапты, акыйкаттыкты орнотобуз" деген күчтөргө добуш берсек, анда биздин келечегибиз бар. Эгер кой терисин жамынгандарды кайра эле бийликке алып келип алсак, анда биздин тагдыр кейиштүү...
- Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнүн колу ошол эле улутташтырылган же мамлекет карамагына өткөн мүлк же ишканаларга тийген жок деп айта аласызбы элге?
- Айрым фактылар бар. Менчиктештирилген объекттердин тизмеси алдымда. Анын баарын кайра карап чыгабыз. Албетте, көбү мамлекеттин колунда. Өкмөт белгиленген тартипте кайра сатып, бюджетке каражат салат. Бирок, ушул эле менчиктердин арасынан бармак басты, көз кысты болуп кеткендери бар. Бул, албетте, изилденип, кайрадан мамлекеттин карамагына өткөрүлөт.
- Баш прокуратурада сиз келгенден бери кандай иштер каралууда?
- Өткөн режимдин Башпрокуратурасы жана укук коргоо органдары саясатташып, саясый маселелер менен алектенип, бийликтин камчысын чапкан мекемелерге айланып кеткен болсо, жаңы прокуратура байлыкты, мүлктү кайра бөлүштүрүүдөгү чоң күчтөрдүн арасына кирип, бир топ алагды болуп кеткени байкалат. Ошол себептен, биз азыр мыйзамдуулукту калыбына келтирип, өзгөчө мүлк маселелеринде өтө дыкаттык менен иштөө талабын коюп жаткан кезибиз.
- Бакиев убагында сиздин да мүлк белгилүү күчтөр тарабынан тартылып алынган эле. Аны кайрый алдыңызбы?
- Мыйзамдуулук үчүн ошол мүлкүмдү кайтарууга сотко кайрылгам, алигүнчө соттун кароосунда. Башкаларга окшоп барып, тартып алууга деле мүмкүнчүлүк түзүлгөн апрель окуясынан соң. Бирок, мыйзамдуу болсун, "Байболов келип, күчкө салып атат" дебесин дедим, күнү бүгүнкүгө чейин соттор улам созуп келишет. Криминалдык топко байланышкан бакиевдик айрым күчтөр эптеп шайлоого жетип алсак, илинип калсак, тартып алган мүлктөрдү сиңирип алабыз деген ниеттери бар го сыягы, сотторду паралап, улам артка жылдырып жатышат. Менин мүлкүмдү! Ал эми карапайым адамдардын мүлкүн бөлүштүрүүгө прокуратура, сот органдары кызыкдар боло турган болсо, анда жаңы толкундоолор чыгышы мүмкүн. Мыйзамдуулуктун негизинде акыйкаттыкты орнотууга, мүлк ээлерин, бизнес чөйрөсүн коргоого алууга чараларды көрөбүз.
- Кубатбек мырза, 2005-жылы деле дал ушундай кылмыш иштери козголуп, далай иштер ачылып атканы жар салынып эле, кайра баары дымып калган. Азыр деле коомчулуктун ишеними күч эмес...
- Бул эбегейсиз күрөш. Күрөш да эмес, бул кансыз согуш. Айрым учурда кандуу да болушу мүмкүн. Ушул иштин баары оңой-олтоң ишке ашат десек, жаңылышабыз. Бизге каршылык көрсөткөндөрдүн күчү, таасири айрым учурда мамлекеттин күчүнөн да күчтүүрөөк болуп кетиши мүмкүн. Эртең эле мага каршы, мени каралоо кампаниясы массалык түрдө башталышы ыктымал. Анын айынан алеки саатта бул жерден алынып калышым да толук мүмкүн. Бир жарым ай милийсада иштеп, эмне үчүн которулдум? Себептери бар да. Себеп дегенде милийсанын административдик ресурсу эбегейсиз. Ал эми мен андайга караманча каршымын. Демек, ал ресурс бир тарапка керек. Ошондой эле бир себептер менен бул жактан да которулуп кетишим мүмкүн экендиги жашыруун эмес. Ошондой болуп кала турган болсо, айла жок. Бирок, бул жерде мен эле жалгыз күрөшүп атам дебейм. Менден да күчтүү, менден да ишбилги, эбегейсиз чоң чечимдерди кабыл алчу адам келип да калаар. Бирок, бармак басты, көз кысты адамдар да келип калышынан да кепилдигибиз жок. Бул күрөштө абдан уюшкандык зарыл. Бизге каршы күчтөр өтө уюшкандуу болгондуктан, мамлекеттин саясаты да андан көп эсе уюшкандыкта жана бирдиктүү ишке ашуусу абзел. Ал эми арабызда туура эмес ниеттегилер турганда, "ичтен чыккан жат жаман" болуп, күрөш ырааттуу болбой жатышы ошондон. Анткени, жаңы бийликтин арасында да ар кандай максатты көздөгөндөр жок эмес. Бирок, КР саясый жетекчилигинин акыйкат, иштиктүү, таза коом курууга ниети бекем жана түз.
- ИИМди башкарып турган маалда бүткүл укуктук-соттук реформа жүргүзүү ниетин билдирдиңиз эле. Ал иш ортодо калбайбы?
- Чалгычы чөп чабыкка чыгаарда чалгысын бүлө менен кайрайт, чалгысы мокок болсо, ишти арбыта албайт. Анын сыңары, мамлекеттин да кылмыштуулук менен күрөшүү ыкмасын, куралын кайрадан карап чыгалбасак, иш жүрбөйт. Буга чет жерден тийиштүү, ушул маселеде иш билгилерди, илимпоздорду чакырып, комиссия түзөлү деп президентке кат киргизип, ага ОБСЕден каражат да бөлдүргөнбүз. Бул милдетти мага эч ким жүктөгөн эмес, болгону бир аз да болсо ушул чөйрөдө билим-тажрыйбам бар, ошол комиссиянын башында туруп, реформаны жүргүзөйүн дегем. Буга каршы күчтөрдүн таасириби, айтор, бир айдан бери бул маселеге жооп кечиктирилип жатат.

Айнагүл САПАРБЕК кызы
"Ата Мекен" интернет гезити
www.atamekenkg.com








кыргыз тилиндеги гезит "Учур"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0930_11.htm on line 53

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0930_11.htm on line 53

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0930_11.htm on line 53


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0930_11.htm on line 53

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0930_11.htm on line 53

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0930_11.htm on line 53


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0930_11.htm on line 53

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0930_11.htm on line 53

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0930_11.htm on line 53