Күлүк

"Замандаш" келечекке жол чабат!
(Уландысы. Башы 5-бетте)

Ал эми "Замандаш" партиясынын бир бутагы "Замандаш" журналы - жыл сайын "Жыл мыктылары" сынагын уюштуруп, улутубуздун сыймыктуу уул-кыздарын элге таанытууда жүк көтөрүп келет. Белгилеп коюш керек, бул ушул иш-чаралардын бардыгын бир жолку "кожокөрсүн" үчүн жасабай, дайыма ырааттуулук, туруктуулук менен ишке ашырып келе жатат. Мунун өзү "Замандаштын" баштаган ишти ара жолго таштабаган жоопкерчиликтүү партия экенинен кабар берип турбайбы. "Замандаш" партиясы маданиятта, социалдык тармакта, экономикада, коомдук турмушта буга чейин эле из калтырган. Мамлекеттик кызматка аралашпай туруп, опол тоодой эмгек кылган партияны тандаган кыргыз жаңылбасы анык.

Бешинчи зарылчылык - тазалык
"Замандаш" партиясынын дагы бир артыкчылыгы - тазалыгында. Таза дегенибиз, анын тизмесинде мамлекетти уурдап-тоногондор, коррупцияга колу малынгандар, арам оокат менен байыгандар, иши кылып партиядан партия издеп, азган-тозгондор жок. Бул жагынан алганда "Замандаштын" эл алдында жүзү жарык. Артында калбырың шалдыраган атак-даңктуу болгучакты, өз эмгегиң менен баар таап, жупуну жүрүү алда канча өйдө эмеспи. Таза жерде саясый интрига да болбосу белгилүү. Ушуга чейин "Замандашта" интрига болуп атыптыр" деген сөздү эшите элекпиз. Мына ушул "тазалык" деген утуш "Замандашка" жакшы упай алып келсин деп тилейли!

Алтынчы зарылчылык - жаңы муун келатат
"Баа, баягынын бейнеси" дегендей, теледе деле, гезитте деле баягы ашмалтайы чыккан саясый элита жүрөт. Тимеле, убадалары укмуш. Алар кечээ бийликте турганда ошол иштерди эмнеге жасашпады десең? "Замандаштын" тизмесинде, албетте, элге төбөсү көрүнгөндөр аз. Бул анын өзгөчөлүгү. Анткени, эл кубулма саясый жүздөрдөн чарчап, жаңы муунга суусап турат. Демек, саясый айдыңга жаңы күч, жаңы дүбүрт, жаңы ысымдар келиши керек. Жаңы генерациядагы жаш муундун ынтымагынын куралган "Замандаш" партиясы - чачыранды болуп көнгөн кыргызга үлгү болчу жөрөлгө экенин моюнга алуубуз кажет.

Жетинчи зарылчылык - өз күчү менен ирденгендер
Өз таман акы, маңдай тер менен табылган оокат сиңимдүү, берекелүү болот эмеспи. Анын сыңары "замандашчылардын" көбү өз күчтөрү менен бутка тургандар. Лидери Мухтарбек Өмүракунов чаар баштык көтөрүп, бөтөн эл, бөтөн жерди кезип жүрүп, ак эмгек менен байыган соң, бозгон кыргыздарды бириктирейин деп чуркап, "Замандашты" уюштурган. Айрым аткаминерлер даяр министрликти жөндөп иштете абай талкалап атса, бу киши тигүүчүлөрдүн башын бириктирип, мыйзам токуп, иштерин жеңилдетип, өндүргөн продукцияларын сатып берип, жеңил өнөр-жайчылардын формалдуу эмес министрлигин түзгөн. Эми болсо, "шаардын чекесинен чоң жер алып, жеңил өнөр-жайчыларды дагы кеңейтип, өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй ири технополис курам, Россиядан тышкары, чет өлкөлөргө да экспорт ташыйм, кыргыздын экономикасын көтөрөм" деп буту-бутуна тийбей чуркап жүрү. Азыр башкалар жасай элек иштери үчүн байма-бай убада берип, бүтө албай атса, ал эми "Замандаш" канчадан бери жасаган масштабдуу ишин элге дүүлдөтүп, мактанган деле жок. Орустар "скромность украшает человека" дешет эмеспи, анын сыңарындай, "Замандаштын" "мына биз талкалап салдык" деп айкырып-кыйкырбаган жөнөкөйлүгү мактоого арзыйт.

Адилет Самсаков




  Эскирген барактан

"Көгүлтүр" Ленин...
Мариэтта Шагинян бүткүл пролетариат атасы В. И. Лениндин өмүр таржымалы тууралуу китеп жазганы белгилүү. Ал бардык эле калемгерлердей бул эмгекти жаратар астында, архивди казып жатып, жашыруун документти кокусунан таап алган. Бирок, андагы сырларды ачыкка чыгарууга жазуучу батынган эмес. Эгер ал кадамга барса, коммунисттик режимдин курмандыгы болору анык эле. Бирок, "шибеге капка катылбайт" эмеспи. СССР кыйраган соң, М.Шагиняндын китебине кирбей калган айрым көмүскө фактылар коомчулукка жарыя болгон.


Аягы суюк Мария...
Мария Александрова кыз күнүндө, падыша сарайында фрейлина болгон. Ошол жерден Александр III менен ойноп, уул төрөп алган. Агезде мындай окуялар көп эле учурагандыктан, Марияны эч ким кодулаган эмес. Ымыркай атасынын урматына Александр деп аталып, камкордукка бөлөнгөн.
Орус тарыхына кайрылсак, М. Ломоносовдун чыныгы атасы Петр I болгон. Белгилүү ханышалар Екатерина II, Елизавета да бейнике балдарды жарыкка алып келген. Атактуулардын бул жоруктары жабылуу аяк астында калып, алардын чүрпөлөрү эң мыкты карьера жасаган. Эгер энеси шайкелеңдик кылбаса, Лениндин агасы Александрды да ушундай жаркын келечек күтүп турмак.
Бирок, Мария уулунан кийин жөн жүрбөй, аты-жыты белгисиз бирөөдөн кыз тууп алган. Ал убакта эки балалуу, жалгыз бой аялды аксарайда кармоо өтө уят болгондуктан, падыша тез арада Мариядан кутулууну чечкен. Ага күйөө издетип, акыры петербургдук бачабаз Илья Уляновго башын байлаган. Көп узабай аларга дворяндык макам берип, Симбирскиге көчүрүп жиберген. Аягы суюк Мария ал жакка баргандан кийин аталары ар башка төрт бала төрөгөн...
Ульяновдордун үйбүлөсүнө байланыштуу бул сырлар Симбирскиге бат эле жайылган. Теги тууралуу ар кандай шылдыңды угуп чоңойгон Александр өтө ызакор болуп калыптанган. Эр жеткенде ал "чыныгы атасынан" өч алууну көздөп, Петербургга сапар алган. Ошол жерден элдик революция уюмуна кошулуп, падышага кол салуу уюштурганы үчүн камакка алынган.
Мария Александрова бул тууралуу угар замат Петербургга жөнөп, түз эле падышанын өзүнө кирген. Александр III бир кездеги көңүлдөшүн жылуу кабыл алган. Ал турмак, уулун кечирип, аны гвардияга жазып, жакшы кызмат ыйгарарын убада кылган. Бирок, кежир Саша мындай сунушка көнбөгөн. Кайра ата-энесине атырылып, боштондукка чыкса, экөөнүн тең абийирин аштай төгөрүн билдирген. Уулунун мындай жаалынан сестенген падыша аны эркиндикке коё берүү оюнан кайткан. Ошол эле маалда канынан бүткөн баланы түрмөгө ыраа көрбөй, шарты дурус жиндиканага которткон. Советтик система 70 жыл бою "Александр Ульяновду ак падыша өлүмгө буйруган" деп окутканы маалым. А иш жүзүндө Лениндин агасы эч кандай жазага кириптер болбогон. Ал 1901-жылы өз ажалынан көз жумган.

Ленин бачабаз болгонбу?
Карт бачабаз Илья Ульянов падышадан коркуп, Сашага сүйлөгөн эмес. Ал эми Мариянын башка балдарынын жашоосун тозокко айланткан. Айрыкча, кичинекей Володияны каалашынча зордуктап, запкы көргөзгөн. Мындай мамиле жаш баланын аң-сезимине бычактай тийип, адамдарга болгон жек көрүүсүн ойготкон. Ленин кийин университетти бүтүп, диплом алып жатканда, "Ильич" дегендин ордуна "Иванов" деп жаздырган. Айтымы, Лениндин өз атасы Симбирскиге белгилүү дарыгер Николай Иванов болгон.
Тарыхчылардын маалыматына таянсак, Н.Крупская менен В.Ленин формалдуу түрдө гана үйлөнүшкөн. Экөөнүн ортосунда революциялык идеядан башка сезим жашаган эмес. Ленин көбүнесе эркектер менен көңүл ачкан. Айтымы, анын төшөктөгү өнөктөрү атактуу революционерлер Григорий Зиноньев жана Лев Троцкий болгон.
Григорий Зиноньевдин өз ысымы Герш Радомышыльский экени белгилүү. Ленин аны Гершель деп чакырган. Экөөнүн махабаты узакка созулган. Ленин чет өлкөгө эс алууга кетерде жанына сөзсүз Зиноньевди ала жүргөн. Бул тууралуу, Надежда Крупская билсе да, баарына көз жуумп, чыдаган. Күйгөн... Зиноньев менен Ленин кызганычтын айынан кол үзүшкөн. Буга Лев Троцкий себепчи эле. Жыныстык жашоодогу мындай баш аламандык Ленинге кайгы алып келген. Бир кезде жугузуп алган котон жарасы өтүшүп, мээсин талкалаган. Натыйжада улуу жол башчы акылдан айнып өлгөн.
Ильичтин бул үйбүлөлүк сырлары узак жылдар бою бекем жерде катылып, чаң басып турган. 1970-жылы Мариэтта Шагинян Ленин тууралуу көлөмдүү чыгарма жаратууга белсенип, архивге кирүүгө уруксат алган. Ал үстүртө биз жазган жашыруун маалыматтарды окуган соң, төбө чачы тик туруп, Л. Брежневдин наамына кат жазган. Брежнев болсо бул тууралуу кол астындагыларга билдирген. Ленинди Кудайындай көргөн бир топ компартия өкүлдөрүнүн кан басымы көтөрүлүп, "Шагинянды атууга кетириш керек" деп чыгышкан. Бирок, Брежнев куулук кылып, жазуучунун оозун квартира, машина, д.у.с. бир топ белектер менен баскан. Кийинчирек "Лениндин төрт сабагы" деген эмгеги үчүн ага Лениндик сыйлык тапшырган.

Таалайгүл Жаныбекова