Н.Омаровду кимдер сабады?
Бишкекте белгилүү саясат таануучу Нур Омаровду белгисиз адамдар сабап кетишти. Бул тууралуу Нур Омаров өзү "Vesti.kg" cайтына билдирген. Анын айтымында, кол салуу өзүнүн үйүнүн жанында болгон жана атайын эле жасалган. "Биринчи кезекте бетке урушуп, андан кийин денемди ургулашты. "Сен өзбек болгондуктан, сени уруп жатабыз" дешти. Бирок мен өзбек эмесмин. Кол салуу бул менин профессионалдык ишмердүүлүгүмө байланыштуу болуш керек", - деди ал. Ошондой эле, белгисиз адамдар Н.Омаровдун 7000 сом акчасын жана уюлдук телефонун тартып алышкан.

Токтогулда суу толо
Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 19,5 млрд. куб метрден ашты. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 19 млрд. 535 млн. куб. Ушул тапта суунун агып кириши секундуна 472, агып чыгышы - 538 куб метр болууда. Өткөн жылы ушул күнү суу сактагычтагы суунун көлөмү 12 миллиард 580 миллион куб метр болгон.


Черный Айбек өзбек аксакалдарын сабаган
"Черный Айбек" деген ысым менен белгилүү кримчөйрөнүн өкүлү Айбек Мирсидиков Тейиттеги Бакиевдердин үйлөрү өрттөнгөндөн кийин өзбек аксакалдарын "эмне үчүн Кадыржан Батыровдун чогулуштарына барасыңар?" деп сакалынан сүйрөп сабаган видеотасма интернет барактарына жарыяланды. Тасмада маркум Айбек: "Эй, эшектер, силерде намыс деген барбы? Бириңдин кызыңды зордуктады, бириңдин карындашыңды зордуктап отурса, кайра ошол Кадыржанды бийик тутуп барасыңарбы? Башыңарга иш түшкөндө эмнеге Кадыржанга барган жок элеңер? Сени атамдын досу деп жүрсөм, сен жеткен акмак, эшек турбайсыңбы", - деп жана башка ушул сыяктуу сөздөр менен өзбектерди өчөйтө урган.


Шайлоо бюллетендери 0,6 метр болот
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо бюллетенинин формасын бекитти. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бюллетень А-4 форматындагы узартылган формада болот. БШКнын мурда күнкү отурумунда бюллетендин эки варианты каралган. Биринчиси - А-3 форматындагы квадрат түрүндөгү бюллетень баракчасы жана экинчиси - А-4 форматындагы узартылган формадагы барак. БШК мүчөлөрү экинчи вариантты жактырышкан, себеби, алардын айтымында, экинчиси "шайлоочуларга ыңгайлуу экен". Анын узундугу 60 см болот. Эскерте кетсек, шайлоодо 29 партия катышып, шайлоо бюллетенинде партиялардын биринчи 5 талапкерлеринин аттары жазылат.


Казак чек арачысы кыргыз кызын зордуктаган
Бишкек-Москва каттамындагы поездде бараткан кыргыз кызды казак чек арачысы зордуктаган. Чек арачы кыздын документтерин "туура эмес" деген шылтоо менен поездден түшүрүп, чек ара терминалынын имаратына киргизип алып, зөөкүрлүк көрсөткөн. Жүргүнчүлөр поездден түшүп, күнөөлүүнү таап берүүнү талап кылып, поезд 9 саатка кармалган. Казакстандын прокуратура, укук коргоо кызматкерлери келип, окуянын чоо-жайын иликтегенде күнөөлүү "Жайсаң" бажы пунктунун кызматкери Анвар Бейсенбаев болуп чыккан. Кыргызстандын Тышкы иштер министринин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Казакстандын "Жайсаң" бекетинде катталган окуя боюнча ыкчам иликтөө иштери, медициналык экспертиза жүргүзүлүүдө. Маалыматка караганда, далил катары жабырлануучу кыргыз кыздын шектелип жаткан чек арачынын бөлмөсүндө кармалган убактысын көрсөткөн видео көрсөтүлүп жатат. Кылмышка шектүү делип жаткан Казакстан чек ара кызматынын өкүлү учурда убактылуу кармоо жайында кармалууда. Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги бул окуя боюнча көзөмөл жүргүзүп, тиешелүү иштерди аткарууда.


Эки экс-чиновникке мунапыс жок
Экс-чиновниктер Турсун Турдумамбетов менен Бакыт Калыевге мунапыс жарыялоо четке кагылды. Бул тууралуу Аскар Акаев жана Курманбек Бакиевдин үйбүлөсүнүн айланасындагылар төлөп бере турган материалдык жана финансылык зыяндарды аныктоо боюнча комиссиянын мүчөсү Жусупбек Акматов билдирди. Анын айтымында, "Азия Универсал Банкта" тергөө органдары тарабынан Б.Калыевге тиешелүү 5 миллион 800 миң доллар табылган. Ушундан улам ал келтирген зыянды калыбына келтирүү боюнча эч кандай аракет көргөн эмес. Ал эми Т.Турдумамбетовдун мамлекетке келтирген зыянынын көлөмү аныктала элек болгонуна байланыштуу ага карата да мунапыс жарыялоо четке кагылды. Эскерте кетсек, буга чейин президент Роза Отунбаева "Экономикалык кылмыш жасаган адамдарга карата мунапыс тууралуу" буйрукка кол койгон.


Мышык майга жетпей, "сасык" деди беле?
Буга чейин "Акжолдо" экс-президенттин иниси Марат Бакиевдин тыңчысы катары кызмат кылган Турдукан Жумабекованы "кайрадан Мараттын акчасын көтөрүп алып, партиядан партияга чуркап жүрүптүр" дегендей жазганбыз. Бул маалымат чыккандан кийин Турдукан апчебиз жанталашып, "мен эч кайсы партияга барбаймын, саясаттан эс алайын деп чечтим" деп, кайра-кайра актанып жиберген. Андай эмес эле араң эле турган экен. Кечээ жакында тизмелер аяктап калганда "банкрот" болгон саясатчы Кубанычбек Исабеков аты-жыты белгисиз бир партиясынын тизмесин толуктай албай, дагы бир "банкрот" Турдуканга телефон чалып, чакырып калат. Таппай турган неме таң атпай жетип келиптир. Эми эки "банкрот" саясатчы биригип алып, эмнеден үмүт кылып жатышат болду экен?


Дербишеванын деми суудубу?
Кыргыз тарыхында бир эле учурда алты партияга мүчө болуу жагынан рекорд койгон экс-депутат Гүлнара Дербишева өзүнүн кичи мекени Лейлек районуна барып, "Акшумкар" партиясына үгүт жүргүзө баштаган. Анан биринчи эле чогулушта лейлектиктер "сен саткын экенсиң, бир партиядан бир партияга сатылып, бизди уят кылдың, экинчи жүзүңдү бизге көрсөтпө, Күлчөтай" деп кууп жиберишкени боюнча кептер тарады. Ошентип, Баткен областын бүт "Акшумкарга" оодарам деп оолугуп барган Дербишеванын деми сууп, "соодасы бүткөн сарттай саргая" отуруп калыптыр.


Туристтердин саны кыскарып
Кыргызстанга келген туристтердин саны быйыл 50%га кыскарган. Бул тууралуу Экономиканы тескөө министринин орун басары Санжар Муканбетов билдирди. Анын айтымында, 2010-жылдын биринчи жарымында Кыргызстанга 600 миңге жакын турист келген. Ал эми өткөн жылы бул көрсөткүч бир миллионго жакын адамды түзгөн. Адистер чет өлкөдөн эс алуучулардын жана туристтердин аз келишин өлкөдөгү апрель жана кандуу июнь окуяларына байланыштырууда.