Жеңишке жет, "Акшумкар"!

Темир Сариев:
"Бир дененин жаны болуп, бүтүн болгун, Кыргызстан!"
Кыргызстандагы эң белгилүү "Акшумкар" партиясынын лидери, көрүнүктүү саясатчы жана мамлекеттик ишмер Темир Сариев менен публицист Кален Сыдыкованын маегин беребиз.

- "Акшумкар" партиясынын мүчөлөрүнүн саны 200 000ден ашык болуптур. Партиянын программалык максаттары коомдун бардык катмарларынан колдоо табууда. Реалдуу ишке ашпай сөз жүзүндө калып келаткан бирдей социалдык мүмкүнчүлүктөргө планыңыздар кандай?
- Биз бардык жарандарды социалдык жактан коргоонун бирдей шарттарын түзүүгө, билим алууга, саламаттыкты сактоого, маданиятка бирдей жетүүнү камсыз кылабыз. Партия: даректүү социалдык колдоо көрсөтөт. Адилеттүү гендердик саясат жүргүзөт. Партиянын аймактык саясатынын негизинде жер-жерлерде жаңы жумуш орундарын түзөт. Айыл инфраструктурасын колдойт. Бардык адамдардын маданиятка, көркөм өнөргө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат. "Айылдын жаңы маданиятын өнүктүрүү" долбоорун, буюрса, ишке ашырат.
- "Жабышып аска таштарга, жашаган элбиз асманда. Булуттар кирген коюнга, боз үйдө уктап жатканда" деп Кубанычбек Маликов жазгандай, кыргыздар табият менен коюндаш өскөн эл. XX кылым жаратылышты кыйсыпыр кылгандай эч бир доордо адамдар мынчалык экологиялык мыкаачылык кылган эмес. Акын Рамис Рыскулов "Жер - бала көтөргөн энеге окшош, жердин күчүн топтош керек" деп айтыптыр...
- Түшүндүм. Экологиялык алааматтар жок болгон учурда гана өлкө туруктуу өнүгөт. Көптөгөн адамдар азыр сейсмикалык кооптуу жерлерде, радиоактивдүү булганган жерлерде жашайт. Коом табият менен эриш-аркак жашоону көңүлдөн чыгарып коюшту. Курчап турган чөйрөнү булгагандыгы, токойлорду "токой - элдин дөөлөтү, жердин - сөөлөтү" дегенди унутуп, бак - дарактарды өлчөөсүз кыйгандыгы, шаарларда парктарды талкалагандыгы үчүн эч ким жоопко тартылган эмес. Эртедир - кечтир "жерин кордогон, жерине сыйбайт. Элин кордогон элине сыйбайт". Партия жарандардын экологиялык коопсуздук укуктарын сактайт. Жаратылышты коргоонун мамлекеттик программасын кабыл алып, ишке ашырат. Экономикага жаратылышты коргоо технологияларын киргизет. Экологиялык кырдаалды жакшыртуу үчүн эл аралык ресурстарды тартат. Булар бүгүнкү турмуштун зарылдыгы.
- Мамлекеттик тышкы саясатта улуттун кызыкчылыгын коргогон ырааттуу стратегиялык принцип жок. Ойлонулбаган ой келди, элдин мүдөөсүнө каршы, чыккынчылык менен кол коюлган келишимдер, кабыл алынган мыйзамдар көп. "Башчы акылман болбосо, башка журт менен тең болбойт" деп Карга бий айткандай, тышкы саясат жаатындагы пикириңизди бөлүшө кетсеңиз?
- Глобалдык байланыштар системасында өтө кылдат, аяр, кыраакы болбосок болбойт. Тышкы саясатта реалдуулукту, улуттук кызыкчылыктарды коргоодо бекемдүүлүктү, иреттүүлүктү сактайбыз. Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу негизги милдетибиз. Өлкөнүн улуттук коопсуздугун, эл аралык туруктуулукту, тынчтыктын сакталышын камсыз кылабыз. Жалпы эл аралык долбоорлорду иштеп чыгууда жигердүүлүктү, демилгелүүлүктү колдойбуз. Позициялардын ачыктыгын, алдын алуучулугун жактырабыз. Эл аралык укуктардын ченемдерин сактоо зарыл.
Өлкөнүн чегинен тышкары жерлерде мамлекеттин улуттук мүдөлөөрүн, Кыргызстандын граждандарынын укуктарын коргойбуз. Кыргызстандын эл аралык кадыр-баркын көтөрөбүз. Тышкы рынокторго Ата Мекендик товарларды чыгаруу үчүн зарыл болгон укуктук, маалыматтык шарттарды түзөбүз. Саясаттагы прагматизм, жоопкерчилик, чынчылдык биздин негизги принцибибиз.
"Бир камчынын сабы болуп,
Бир сабактын даны болуп,
Бир тамырдын каны болуп,
Бир дененин жаны болуп,
Бүтүн болгун, Кыргызстан" дегендей, ыйык Мекенибиз Кыргызстандын аброюн көтөрүү, аны көздүн карегиндей сактоо негизги милдетибиз.
- Талас облусу Казакстан менен чектеш болгондуктан, кыргыздар чек араны эки жолу кесип өтүп, бажычылардан "ит көрбөгөн кордукту көрүп" өтүшөт. Биягынан "Өтмөк" ашуусу аркылуу жол жүрүү кооптуу. Инфраструктурасы начар. Облустарды өнүктүрүүнүн планында Таласта кандай жакшылыктар болушу күтүлөт?
- Чет өлкөлүк аба кемелерин кабыл алуу үчүн заманбап аэроавиациялык жабдуулар менен жабдууну камсыз кылып, Талас аэропортун реконструкциялоону ишке ашырабыз. Аэропорттун имаратында "One stop shop" пункту ачылыш керек. Талас - Тараз - Суусамыр автожолу реконструкцияланат. Мейманканаларды куруп, улуттук конок үйлөрүн ачабыз.
"Манас Ордо" борбору, музей сыяктуу маданий мурастар жөнүндө атайын заманбап жарнактарды, видеолорду иштеп чыгып, аларды чет өлкөлүк туристтик агенттиктерге жайылтабыз. Тарыхый изилдөөлөрдү өнүктүрүш үчүн биргелешкен фонддорду түзөбүз. Тарыхчы адистерди, манасчыларды, гиддерди даярдашыбыз керек. Ал кызматкерлерге фонддордон акы төлөнөт.
Сугат тармактарын, суу сордургуч станцияларды, дренаждык түйүндөрдү реконструкциялап, куруш керек. Ар бир айыл өкмөттөрүндө ири кооперативдерди түзүп, айдоо аянттарын кеңейтүү зарыл. Лизингдик бөлүмдөрдү, техникалык тейлөө станцияларын, айыл-чарба техникаларын өндүрүүчүлөрдүн өкүлчүлүктөрүн түзөбүз.
Сапаты жогору төө буурчакты, картошка, жашылчаларды, сүттү кайра иштетүү боюнча жогорку технологиялык цехтерди ачабыз. Балык чарбасын түзөбүз. Киров мал чарба селекциялык станциясынын ишин калыбына келтиребиз.
Россияда, Казакстанда соода үйлөрүн, алардын өкүлчүлүктөрүн ачабыз. Азык-түлүк көргөзмөлөрүнө катышабыз. Мамлекет айыл-чарба продукциясын элден сатып алат. Коммерциялык банктардын филиалдарын ачып, "Кыргыз почтасы" аркылуу акча которуу системасын пайдаланабыз.
- "Булак көрсөң көзүн ач" дегендей, кен, энергетика тармагы кантет?
- Кен чыккан жерлерди иштетүү боюнча келишимдерди Өкмөттүн деңгээлинде кайра карап чыгабыз. Келишим Кыргызстандын кызыкчылыгынан чыгыш керек. Кен чыккан жердин пайдасынан облустун фондун түзүү зарыл. "Жерүй", "Андаш" алтын кени, "Өзгөрүш" айылындагы "уучтаса ундан майда, уютса таштан катуу" цемент өндүрүшү пайдаланууга бериле элек.
Чакан энергетиканы өндүрүү боюнча дирекциянын, "Энергия" КИТБ алкагында иштеген станцияларды оңдойбуз. "Суу бүткүл табияттын сыймыгы". Бизде суу мол. Мисалы, көп жыл мурун Израиль Түркиядан ичкенге таза суунун 1 кубун 4-5 центке сатып алчу экен. "Булактуу жер, турактуу жер", Киров суу сактагычына жаңы кубаттуулуктарды киргизебиз.
- Маегиңизге рахмат. "Акшумкар" партиясынын шайлоодо жеңишке жетишине тилектешбиз.

Маектешкен
Кален Сыдыкова
"Акшумкар" партиясынын шайлоо фондунан каржыланды