Бата менен эр көгөрөт

"Ата-Журтта" атадан артык уулдар...
"Ата-Журт" партиясынын жети дубандагы жолугушуулары соңуна чыкты. Ар бир дубанда алды 60 миң болсо, арты 6 миңден кем эмес эл топтолуп, эл менен партия лидерлерлеринин кызуу жолугушуулары болуп өттү. Бардык жерде кыргыздын улуттук каада-салттары, нарк-насили эске алынып, эл менен шоу маанисинде эмес, улуттук сезимдин ыргагындагы жолугушуулар болду. Ар бир дубандан жүзгө чыккан жетиден адам топтолуп, "атажуртчуларга" ак баталар берилди. "Ата-Журт" партиясындагы лидерлерди көрүп, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунан 100 жаштагы карыя Алымбай Касымбек уулу чын жүрөгүнөн бата берип, өз тилегин мындайча жыйынтыктады: "силер атадан артык уулсуңар, ошон үчүн Ата-Журт деп эл алдына чыгып, кыргыз элинин эртеңки келчеги үчүн аракет жасап жатасыңар. Силердин тилегиңерди Кудай жалгасын" деп "Ата-Журт" партиясынын лидерлери Садыр Жапаров, Камчы Ташиев, Ахматбек Келдибеков, Мыктыбек Абдылдаевдердин ар биринин колун кысып, ак жол каалады.
Ал эми 17-сентябрда Ош облусунун Ош шаарында болгон жолугушууга 50 миңден ашуун эл топтолуп, алардын катарында жүзгө чыккан жети карыя катышты. Ахматбек Келдибековду, Камчыбек Ташиевди карыялар жүзүнөн өөп, жүз жаштагы жети карыянын батасы деп ырымдап ак бата беришти. Жолугушууга чыккан "Ата-Журттун" лидерлерин Ош эли бир нече мүнөткө кол чаап кетирбей, аларды кайсыл бир партиянын лидеринен да элдик баатыр катары баалап турушту.
Дал ушундай эле жолугушуу 17-сентябрда Жалал-Абад шаарында болуп көрбөгөндөй шаң менен өттү. 30 миңден ашуун топтолгон эл "Ата-Журттун" лидерлери Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков, Мыктыбек Абдылдаев жана башкаларды дүңгүрөтө кол чаап тосуп алышты. Өзбек улутунан чыккан бир нече жарандар Камчыбек Ташиевге түштүк трагедиясындагы улуттар аралык мамилени калыбына келтирген баатырдыгы үчүн чексиз ыраазы экендигин айтышты. Нооманжан Махмудов: "Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков, Садыр Жапаров сыяктуу эл уулдары болбосо, түштүктө эмне болот эле?" деген суроонун айланасында терең ыраазычылык ойлорун айтты. "Ош, Жалал-Абад шаарларында биринчи жолу болуп көрбөгөндөй эл топтолуп, кыргыз-өзбек бирдей шаңданып, бири-бирине бир тууганча мамиле жасап жүрүштү. Эки улут тең биринчи жолу бул мааракелерди биздин жакшылыгыбыз" деп айтып жатышты.
Баткен жергесинде да 10 миңден ашуун адам "атажуртчуларды" кучак жайып тосушту. "Ата-Журт" партиясынан талапкер болгон экс-министр Нурлан Сулаймановдун дарегине ондогон ыраазычылыктар айтылды. Анткени дал ушул Нурлан Сулаймановдун аракети менен Баткен жеринде кыргыз мамлекетинин жарандарынын транспорттук жана маалыматтык көз карандысыздыгы жаралган. Баткендеги жүзгө чыккан карыя Адахан Жусуп уулу өктөм үн менен: "Балдарым, максатыңарга жеткиле, Ата-Журт деген тилегиңер кабыл болуп, "Ата-Журтта" атадан артык балдардан болгула" деп бата берди.
19-сентябрда Талас шаарындагы жолугушууга 5 миңден ашуун эл топтолуп, "атажуртчулардын" жолугушуусу апрель жана июнь айында каза болгон балдарга куран окуу менен башталды. Куранды "Ата-Журт" партиясынын төрагасы Садыр Жапаров өзү окуганда, бүтүндөй Талас эли ыраазы болду. Көлдүк атактуу Нургожо ажынын уулу Садыр саясатта гана эмес, шариятта да өзүн бирдей алып жүргөн инсан экендигин айгинеледи. Таластык Нургазы Үсөнов: "Мен буга чейин башка партияга чуркап жүргөм, бүгүн Садырдын сөзүн, куран окуганын угуп, бүгүнтөн баштап "Ата-Журт" партиясына өттүм" деди. Ал "мен үчүн баарынан бийик ыйман, ким ыйманды бааласа, ал куран окуганды, намазды билет. "Ата-Журт" партиясында саясат гана эмес, ыйман-ариет да бийик тура" деп сүйлөдү. Мыктыбек Абдылдаев, Садыр Жапаров, Дастан Жумабеков сыяктуу "Ата-Журттун" лидерлерине Таластан да жүзгө чыккан жети карыя катар туруп бата беришти.
"Ата-Журт" демекчи, "Ата-Журт" партиясынын бүгүнкү лидерлерин ар ким, ар кандай баалап жатышат. Кайсыл бир оозуна ээ болбогон, түшүнүгү тайкылар жарашса да, жарашпаса да аларды ушактап, жамандоо менен убара. Кудай аларга да кубат берсин. Мактагандан көрө жамандасаң, адамдын кадыры азыркы заманда бат көтөрүлөт, демек, "атажуртчуларды" жамандап, оозу чарчагандарды Кудай атайын кыйнап жатса керек деп ойлоносуң. Ал эми айрым гезиттер жарашса да, жарашпаса да буларды тынымсыз жамандайт. Кудай аларга да кубат берип, ыймандан кем кылбасын. Тилегибиз ак.
Эмне болсо да "Ата-Журт" партиясындагыларга жети дубандан жүзгө чыккан жетимиш адам бата берди. Эмне үчүн жүзгө чыккан? Көрүнгөн адам эле жүзгө чыкпаса керек. Бүгүнкү жүзгө чыккан карыялар кыргыз элинин жүз жылдык тарыхын көзүнөн кечиришип, акылы менен таанылып келишти. Кудай аларга жүз жылдык өмүр берди. Ал өмүрдө не деген касиеттер тагдырга оролуп турат.
"Ата-Журт" партиясынын бүгүнкү лидерлери Мыктыбек Абдылдаев, Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков, Азамат Кангелдиев, Дастан Жумабеков, Нурлан Сулайманов жана башкаларын айтсак, чын эле жүзгө чыккан карыялар айткандай, атадан артык уулдар. Демек кыргыз элин нарк коштогон "Ата-Журттун" уулдары баштап бара жатат. Ылайым, жолуңар түз болуп, жолдошуңар кыдыр болсун (!) дегенден башка тилек жок.
Анара Дыйканова
Материал "Ата-Журт" партиясынын шайлоо фондунан каржыланды