Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0923_5.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0923_5.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0923_5.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0923_5.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0923_5.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0923_5.htm on line 2
  Итиң о-ой

"Мен чөгөлөбөйм, Америкага качам.."
А.Токтомушев жазмакчы, 7-апрелден кийин "шампандын тыгынындай атылып", Америкадан келе калгандардын ана башында Равшан Жээнбеков деген кайран турат. Ал убагында А.Акаевдин "оту менен кирип, күлү менен чыгып" жүрүп, кыйла кызматтын башын жеген. Айрыкча, айтылуу Майрам апчесинин этегине эрмешип, жакасына жармашып, Айдар, Бермет дегенде ичкен ашын жерге коюп жүрүп, оңбогондой эле оокат-аш топтоп алган. "Ап" демей жагынан бу кургур алдына киши салбасы анык. Анын Маммүлк комитетин жетектеп тургандагы "ишмердүүлүгү" туурасында түркүн-түркүн уламыштар айтылып, узун сабак кептер уланып келет. Башкалар аз-аздан, колун чыканагына чейин салса, бул ийнине чейин, атүгүл башын кошо салып алганы эч кимге жашыруун эмес. Эч качан кол жоорутуп, мээ оорутуп тыйын таппаган, даярга тап неме Акаев мезгилинде кудай ургандай эле жыргаган...
Адегенде, кызматта жүрүп, жеп-жутуп атып, бай-бачага айланып, андан соң "кул кутурса кудукка кайрымак салат" болуп, талаада жүргөн жеринен таап келип, адам катарына кошкон апчеси менен жездесине акаарат айтып, саткынчылыктын "супер" үлгүсүн көрсөттү. Турган жерден Бакиевдин балта чабарына айланып, чабагандап, түндүк-түштүктү түрө кыдырып, заматтын ортосунда ашынган оппозиционер боло калды. Анын баары жашабай жатып, амбициясы ашынган неменин депутаттыкка болгон жанталашуусу эле. Ошондогу парламенттик шайлоодо Талас эли тамтаңдаган саткынчыны талаада калтырды. "Жыгылган күрөшкө тойбойт" болуп, арадай жерге чарадай чыр салып, бир топко чейин жердештеринин эсин оодарды. Ал эми атаандашы болсо, "Чоңдугуңа чокоюм, байлагыңа байпагым" деди дагы, Жогорку Кеңешке келип олтуруп алды.
Анан эле 24-марттагы революция болуп, кызмат дегенде көзү кызарган неме түз эле "Бишкек шаарына мэр боло калам" деп, анысынан балакет да чыккан жок. Шаардык кеңештин депутаттары шампаңдаган неменин шагын сындырып, алыс айдап салды. Анын үстүнө, Бакиев деле Акаевди саткан, мени аямак беле десе керек, айтор, ырыстуу кызмат ыроолобой койду. Ошондон кийин Равшанчик Бакиевди мактаган-жактаган жагынан алдына адам салбай жүрүп, акыры алыскы Малайзияга элчи болуп тынды. Элчи катары эмне иш бүтүрүп, тоо томкоруп, ой омкоргонун өзү эле билбесе, биздин маалыматыбыз жок экен. Арадан бир топ убакыт өткөндөн кийин, андагы оппозиция Бакиевдик бийликти алка-жакадан алып, аттан түшүрчүдөй болуп калган маалда кайдан -жайдан пайда боло калып, өзүн оппозиционер көрсөтүүгө кылган аракетинен балакет да чыккан жок. Анткени, ал Бакиевдин кол баласы болумуш этип, көзүнүн агы менен тең айланганы жалпыга маалым эле. Ошентип, бу бала эки-үч жылдын ичинде эки президентти катары менен сатты да, баса берди. Бир сөз менен айтканда, ал "мен чөгөлөбөйм, баш ийбейм, мен Америкада качып кетем" деди. Анан жылуу-жумшак Америкага жатып алып, бышык болуп, акыл үйрөткүдөй болсо, жаныңан түңүлөсүң. Бул жакты кыйратып койгонсуп, АКШ саясаты тууралуу саймедиреп кирди. Анан да "эгер эле кыргыздар АКШ авиабазасын кетирсеңер, көргүлүктү көрөсүңөр" таризинде бизге муштум кезеп, адатынча АКШ президентине кошомат кылып кирди. Ал эми АКШ үчүн өзү катардагы бир "гастарбайтер" экендиги эсине келген жок. Же бир Америка мунун колдоосуна зар болуп жатсачы?
Ошол мезгилден тарта бийликтин ур-токмогу күч алып, аны менен ишенимдүү жигиттер гана кармашып калды, акыр-аягына чейин. Алардын айрымдары аркы дүйнөгө узап, арты бир топ куугун-сүргүн көрдү. Ал эми жылуу орунда отуруп, жумшак турмушка көнө калган Равшанчик болсо, "жылт" коюп, океандын ары жагындагы алыскы Американы көздөй качып кетти. "Эл эмне болсо, ошол болсун, кайран башым соо болсун" дегендей ойдо жоголду. Бир туруп "окуп атам" дейт, бир туруп "иштеп атам" дейт, кайсы бирине ишенериңди билбейсиң.
Баарынан да ошол жакка жатып алып, кыргыздын жаш кыздары менен кыйшаңдап сүйлөшүп, мейманканадан акчасын аяп, "түз эле сенин үйүңө барайын" дегени элге угулуп кетип, кызык болду.
Анан эле "кайда болсоң айда бол, аш бышканда пайда бол" болуп, жүзгө чукул азаматтын каны-жаны менен келген жаңы заманга, эски замандын эмблемасындай аралашкысы келгени таң калтырат. Киши түгөнүп калгансып, "атамекенчилердин" аны аралаштырып алганына баракелде! Же бир туулуп-өскөн Таласында таруудай кадыры болсочу. Андагылар Равшандын атын укканда кадимкидей жийиркенүү менен жерге түкүрөт дешет. Баса, "атамекенчилер" партиялык тизме түзүп жатканда, келген 500дөй өкүлдүн 196сы Равшанга каршы чыгып, "мындай эл безер, жер безердин бизге кереги жок" деп чыгышкан дейт. Туура да. Алар үшүп-шишип, камалып, сабалып, бийлик кордугун көрүп жүрсө, анан эле тобурчактай топ этип түшө калган бирөө депутатыкка баратса, жандары кашаят да. Бир чети Текебаев деле мындан кантип кутуларын билбей жүргөндөй элес калтырат. Башынан бир жабышса уйгактай тырмышып, чырмооктой чырмалып көнүп алган немеден кутулуш оңой эмес. Анын үстүнө айдакталган иттей болгон гезити да бар...
Эми ошол Равшан мамлекетти жарылганча "ап" этип, эки президентти катары менен сатып, эл башына оор күн түшкөндө океанды аттай качып жүрүп, "мени шайласаңар кыйратам" дегенин угуп, итатайың тутулат экен. Эгер биздин ишенген кожолорубуз ушундай адамдар болсо, анда эле ишибиз бүтүптүр. Элдин, өлкөнүн куруганы ушул.
Мунун "ап" демей жагынан Бакиевден айрымасы барбы? Буудайга түшүп, көнүп алган букадай болуп эле, жеген жакка жутунуп турат экен.
Кыскасы, улам келген бийликтин койнуна кирип, жакпай калса жамандап чыга калып жүргөн "хамелеон" немеге эл өз баасын алдыдагы шайлоодо берет. Анткени, эл билет, кимдин ким экенин...

Гаухар ДЕРБИШЕВА



  Эл тиреги

Улуу инсандар "Замандаш" менен!
16-октябрда "Замандаш" саясый партиясынын лидерлери Токтогул районунун тургундары менен бир катар жолугушууларды өткөрүштү. Райондун борбору Токтогул шаарчасынын борбордук аянтында уюштурулган жолугушууга 3000 миңдей райондун тургундары менен меймандары катышты. Партиянын лидери Муктарбек Өмүракунов өз сөзүндө партиянын максаттары, буга чейинки жасаган иштери тууралуу кеп салып, негизинен "Замандаш" партиясы уюшулгандан тартып эле мигранттарды колдоп келгенин айтты. Эмгек мигранттарынын улам өсүп, кеңейип бара жаткан көйгөйлөрүнүн масштабы мамлекеттик деңгээлде аракеттерди көрүү зарылдыгына алып келгендигин, шайлоого катышуу ниети ошондон улам чыккандыгын билдирди. Жолугушууга келген шайлоочулардын көпчүлүгүнүн жакындары да, каражат табуунун айынан мамлекеттен сырт жүргөндөрүн эл арасынан сөз алгандар билдиришти. Жолугушуу учурунда Россиянын Магнитогорск, Казань, Екатеринбург шаарлары менен атайын он-лайн сүйлөшүүлөр уюштурулуп, келген эл алыстагы уул-келини, кыз-күйөөсү менен кабарлашуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Жолугушуу кыргыз эстрада чеберлеринин концерти менен аяктап, келген эл жылуу маанайда тарады.
Талас аймагына болгон жолугушуу "Манас Ордо" тарыхый комплексинде ата-бабалардын, апрель жана июнь айларында шейит кеткендердин арбагына багышталып куран окутуу менен башталды. Талас шаарынын борбордук аянтында өткөрүлгөн жолугушууга беш миңден ашык аймактын тургундары партиянын лидерлеринин сөздөрүнө назар салып, республикадагы азыркы саясый, экономикалык кырдаал, өлкөнүн келечеги тууралуу өз пикирлерин билдиришти.
Жолугушуу учурунда Улуу Атамекендик согуштун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин жакындары сөз алып, Россиянын Воронеж шаарына баатырдын эстелигин орнотуп берген "Замандашка" ыраазычылыгын билдирип, иштерине ийгилик каалашты.
"Замандашчылардын" кийинки сапары Теңир-Тоого багытталды. Шатырап төккөн жаанга карабай, 2 миңден ашуун теңиртоолуктар жылуу маанайда тосуп алышты. Чаек, Кызыл-Жылга, Байзак айылдарында өткөн жолугушууларда аймактын көйгөйлөрү айтылып, айрыкча жол, отун-суу, чек ара маселелери талкууга алынды. Баарынан кызыктуусу - чаектиктер Россиянын Воронеж шаарындагы жердештери менен ошол эле замат түз байланышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Таза, туруктуу позицияда бара жаткан, реалдуу иштерди жарата алган "Замандаш" саясый партиясын Манас Атанын, Теңир-Тоонун урпактары ак батасы менен узатышты.
Бекбол Айдаров












кыргыз тилиндеги гезит "Учур"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0923_5.htm on line 47

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0923_5.htm on line 47

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0923_5.htm on line 47


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0923_5.htm on line 47

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0923_5.htm on line 47

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0923_5.htm on line 47


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0923_5.htm on line 47

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0923_5.htm on line 47

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0923_5.htm on line 47