Акыйкат - бул сенин жолуң!

Аликбек Жекшенкулов, "Акыйкат" партиясынын төрагасы:
"Куру убадачыл болуудан кудай сактасын!"
-Аликбек мырза, шайлоо жакындаган сайын саясый партиялардын элге берген убадалары чоңоюп баратат. Айрымдары, "биз кылабыз" дегенден ашып түшүп, "кепилдик беребиз" дегенге чейин барышууда. Бул багытта сиздердин позиция?
- "Акыйкат" Республикалык партиясы аты айтып тургандай эле бардык жерде акыйкаттыктын болушун жактаган саясый топ. Биз ар нерсеге сабырдуулук менен мамиле жасап, айтар сөзүбүз менен аткара турган ишибизди алдын-ала ойлонуп алганбыз. Андыктан биз шайлоого үгүт жүргүзүп жаткан мезгилде да ашыкча кетип, "аны-муну жасап жиберебиз" деп айткан жерибиз жок. Биздин бир гана чоң максатыбыз бар. Ал - акыйкаттуу жана ыймандуу коомду куруу. Эгер биз ошол мүдөөбүзгө жеттик дегиче, биздин атаандаштар убада кылып жаткан нерсенин баары өзүнөн-өзү ишке ашарын айтып коелу. Болбосо коом ушул бойдон алдыга жылып, жарандардын ыйманы ыдырай берсе, жетекчилер калыстыкты, акыйкаттыкты карманбай, мамлекеттик саясат ачык-айкын эмес, жабык-жашыруун кете берсе, жанагы айтылып жаткан сөздөр ооз жүзүндө же кагаз бетинде гана кала берет. Дегеле бир кезде мамлекеттик чоң кызматтарда иштеп, паракорчулуктун казанында кайнап, ар кандай мыйзамсыз жолдор менен акча, байлык топтоп алган, анан ошол арам акчалар менен дагы да бийликке барууга умтулган талапкерлерге менин бир гана айтар сөзүм бар. Ал "силердин арам амалдарыңар эми ишке ашпайт!". Азыр коомчулук, эл кимдин-ким экенин жакшы билет. Кечээкидей эт менен ичкиликке, 50 сом менен беш күндүк азык-түлүккө келечегин алмаштырбайт! Андыктан куру убада берип, шайлоодо акча чачкандан кудай сактасын. Бул акыреттеги суракта кечирилгис күнөө, ал эми бул жалганда барып турган кыянатчылык экенин мен жакшы билем.
- Кечиресиз, шайлоо кампаниясы сиз айткандай кимдин-ким экенин иргеп жатат. Мисалы, сиздин партиянын өкүлдөрү эки-үч унаа менен эл кыдырып жатса, айрымдар 15 жолтандабас менен сапарга аттанып, вертолет менен кыдырып, парашют менен элге түшүп жатпайбы дегендей...
- Ушул жерден мен так кесе айтып коеюн. Антип элге мактанып, жеңил пиар кылганга ашыкпайм. Жана да ошол жеке учактарды жалдаганга кеткен каражат кайдан келгенин баарыбыз жакшы билебиз. Ал ошол беш-он жыл мурун элдин чөнтөгүнөн сууруп алган ырыскысы болчу. Жок дегенде ошону кайра карапайым, кембагал, жакыр жарандарыбызга, жаңыдан бирге түтүн булаталы деп, каражаттан каржалып турган жаштарга жумшап коюшса кандай жакшы болмок. Экинчиден, биздин партиядагылар башынан эле арзан киреше, арам пулга алданбаган, бирөөнүн эсебинен дүнүйө топтоп, байлыкка умтулган адамдардан эмес. Кудайга шүгүр, өз турмушубузду тың жүргүзүп, акыйкат эмгек кылып, мамлекеттин алдыга жылышына өз салымыбызды кошкондордонбуз ошого катар эл жүгүн көтөрүүгө аттанган жаштардан турабыз. Мына, сен айтып жаткандар вертолет менен асманды айланып жүргөн кезде алардын алдында жүздөгөн элдер жакырчылыктан жапа чегип, ачка жүргөнүн кантип танабыз? Кечээки Ош менен Жалал-Абаддагы окуянын кесепетинен, канчалаган мекендештерибиз үй-жайынан ажырап, жакындарынан айрылып, жаздагы маңдай тер төккөн жерлеринен түшүм жыйнай албай жатышса, кандай адамдын абийири жол берип, асмандап учат?
- Шайлоо алдында сиз Убактылуу өкмөттүн ар кайсы тараптардан акча сурап жатканын сынга алган элеңиз. Мунун себеби эмнеде?
- Ооба, Убактылуу өкмөттү сындаганым чын. Анткени, ошол убакта бийликке келген адамдар ар кандай катачылыктарды кетирип алышты. Бири Кыргызстанды абалдан чыгарып кетүүгө каражат жетерин айтып жатса, экинчиси коңшу же чет мамлекеттерди кыдырып, каражат сурап жатты. 20 жылдык тажрыйба көрсөткөндөй, ошол башка мамлекеттерден келип жаткан акчалардын артында эмне турат? Алар олчойгон каражатты эч сурагы жок эле берип коюшабы? Анан да келген каражатка ким жоопкер болуп, ар бир тыйындын элге, мамлекетти көтөрүүгө жумшалганын айтып бере алат? Кыскасы, мындай толгон токой суроолорго ачык жооп айтпай турушуп, тилемчилик кылгандары бизди ынандырган жок. Мисалы, биздин мамлекеттин учурдагы энергетика министри электр энергиясынын өздүк наркын 1 сомдун ары жагында деп жарыялап жатат. Ошол эле убакта "Акыйкат" Республикалык партиясынын мүчөсү, профессор, экономист Айылчы Сарыбаев Кыргызстанда өндүрүлүп жаткан электр энергиясынын өздүк наркы 3-7 тыйын аралыгында экенин, аны экспортко 30-40 тыйындан, элге 20-25 тыйындан сатууга боло тургандыгын аныктап, какшап келе жатат. Эгер биз ошол баа саясатын ишке киргизсек, анда энергосистемадагы техникалык жоготуулар, уурдоолор өзүнөн-өзү токтой турганы чындык.
Экинчи маселе, мына Кыргызстандын тышкы карызы 2 миллиарддан ашып кеткен. Аны жабуу үчүн сырттан олчойгон инвестиция тартып, аны менен өнөр жай, соода тармактарын өнүктүрүп, ошондон кийин тышкы карызды жабабыз деген саясатка биз кошулбас элек. Биз адегенде ички ресурстарыбызды колдонуп, чакан жана орто бизнести, чийки продукцияны кайра иштетүүчү тармактарды жолго коюп, салык саясатын жөндөп, экспортко кенен жол ачышыбыз зарыл. Эң башкысы, бюджеттин ачык-айкын болушу, көмүскө казынанын жок болушу маанилүү. Ошондон кийин гана бизди четте карап турган инвесторлор эч коопсузданбастан каражатын Кыргызстанга салышат. Бир сөз менен айтканда, өнүгүүнү биз, өзүбүз жасай алабыз.
- Партиянын үгүт баракчаларында Кыргызстанга ислам принциптери аркылуу экономикалык өнүгүү тууралуу айтылыптыр?
- Ал болсо мындай. Баарыбыз кабардар болгондой, акыркы жылдардагы дүйнөлүк экономикалык кризис майда өлкөлөрдү мындай кой, өнүккөн өлкөлөргө өз таасирин тийгизди. Экономикалык кризистен бир тобу алсызданууга дуушар болушту. Экономисттер, экономика тармагынын адистери, эксперттери эртеңкисин болжой албай калды. Ошол эле учурда бул экономикалык кризис өнүгүүнүн ислам прициптерин тандап алган мамлекеттерди айланып өтүптүр. Мунун сыры эмнеде? Анткени, ислам дининде бирөөдөн бир нерсе алсаң, ошол алган нерсени гана кайрып берүү шартка ылайык. Пайгамбарыбыз Мухаммед (сав): "Ким үстөк пайыз аркылуу киреше тапса, ким үстөк төлөсө, ким үстөктүү келишимдерди каттаса жана ким аларга күбө болгон болсо алар каргышка калат", - деп эскерткен. Андыктан азыр дүйнө мамлекеттеринде каржылоонун эң эле башкысы болгон үстөк пайызы менен насыя берүү - арам жол менен пайда табуу болуп саналып калат. Ошондуктан биздин партия Кыргызстанга каржылоонун ислам прициптеринде жүргүзүлүшүн киргизүү учур талабы деп түшүнүп, колдоп жатабыз. Ислам принциптери боюнча каржылоодо бардык эсеп-кысаптар ачык жүргүзүлүп, кирешеден үстөк алуу же каржыны кайрып бергенде үстүнөн көбөйтүп төлөө деген болбойт. Мындай нерсе, албетте, паракорчулуктун жолун бууп, бүгүнкүдөй бийликтегилердин "шапке" алып, иш чечүүсүн жокко чыгарат. Кыскасы, ислам принциптери аркылуу каржылоо, адал жол менен киреше табуунун ачкычы. Айтарым ушул, азыр айрым күчтөр "баланча пайыз менен насыя беребиз. Ага кепилдик беребиз" деп убада берип жатканы бул да элдин добушун алуунун амалы. 7-9 пайыз деген бул оңбогон олжо. Бирок, ислам жолунда бул күнөө, алган адам да, берген адам да күнөөгө батат.
- Азыр коомчулукта тандоо кыйын болуп турат. Сиздер өнүгүүнү коомчулуктан, ар бир жарандын руханий, моралдык калыптануусунан, көз караштардын бир багытка бурулушунан баштайбыз деп жатасыздар. Айрымдар болсо шар эле экономикадан, бирөө социалдык турмушту көтөрүүдөн баштайбыз дешет. Карап келгенде элге экономикалык реформа реалдуу сезилбес бекен?
- Албетте, акыйкаттыктын жолу - чыркыраган чындыктын жолу. А чындык болсо ар дайым ачуу болот. Ошондуктан, коомдо акыйкаттык, адилеттүүлүк оңой менен орногон эмес, абдан татаал жол. Бирок, биз ушул жолду туура багыт катары тандап алдык. Мен жана сөз башында эле айттым, учурдагыдай "арзан энергия, чакан бизнести өнүктүрүү, азык-түлүк менен камсыздоо, түшүмдү экспорттоо, жогорку эмгек акы, көлөмдүү пенсия, пособие, арзан кызмат көрсөтүү" деген убадалар, платформалар 20 жыл бою айтылып, бирок, качан ишке ашты? Эгер ошол ар төрт-беш жылда айтылган убадалар ишке ашканда, азыр Кыргызстанды таанып болот беле?
Демек, коомду жаңылап, коомчулуктун көз карашын ачыктыкка, тазалык менен ыймандуулукка бурмайын, жаштарды акылы менен билимине, ыйманы менен тажрыйбасына карай мамлекеттин жүгүн көтөрүүгө тандап алмайын, коомчулуктан жашырып-жаппай иш кылып, таза шайлоолорду өткөрмөйүн Кыргызстанды өнүктүрүп кетүү мүмкүн эмес экен. Жогорку бийликтеги адамдардын бирин эмес, миңин алмаштырбайлы, коомчулук көзөмөл салууга жарабаса, ачыктык өкүм сүрбөсө, бийлик менен байлыкка ошол адамдар азгырыла берерине толук ишендик.
Ошондуктан, "Акыйкат" партиясы Жогорку Кеңешке келген күнү да, келбеген күнү да акыйкаттык үчүн аягына чейин күрөшө берет. Мейли, бүгүн болбосун, эртең болбосун, бирок баары бир Кыргызстандын эли акыйкаттык аркылуу гана алдыга жыларын, коомдон артта калбай, өнүгүүгө бет аларына көзүбүз жетет.

Маектешкен Сакен БӨРҮБАЕВ

Материал "Акыйкат" партиясынын шайлоо фондунан каржыланды