Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0923_2.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0923_2.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0923_2.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0923_2.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0923_2.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0923_2.htm on line 2
  "Балык башынан сасыйт"

Алмазбек АТАМБАЕВ, СДПК лидери:
"Бийлик күчү элдин ишениминде"
Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаев жана аталган партиянын айрым талапкерлери "Хаятт" мейманканасынын конференция залына журналисттерди чогултуп, шайлоо алдындагы партиянын негизги жоболору айтылган жыйынын өткөрдү. Анда партия төрагасы КСДПнын программасы менен тааныштыруу менен бирге журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Жыйынга аталган партиянын талапкерлери Чыныбай Турсунбеков, Шамил Атаханов, Алла Измалкова, Асылбек Жээнбеков жана Сабир Атажановдор катышып, алар да өз ой-пикирлерин билдиришти. Сөз башында Алмазбек Атамбаев программа куру убадаларды эмес, иш жүзүнө аша турган күчтүү маселелер жана чоң максаттар камтылганын баса белгиледи. Алмаз Шаршеновичтин сөзүндө программа боюнча беш жылдын ичинде ИДПны көтөрүү планы каралууда. Ардагерлердин, мугалимдердин, медицина кызматкерлеринин, мамлекеттик жумушчулардын маяналарын көбөйтүп берүү планы да бар. Программаны жазып атканда "көйгөйлөрдү чечүүдө каражатты кайдан табабыз, мамлекетти кантип көтөрөбүз? Эртең өкмөттү түзүүнү бизге тапшырса, өкмөт ушул программаны кантип аткарат?" деген ойлор камтылып, реалдуу программа түзүлгөн. Айрымдардын "бюджетти эмдиги жылы эле бир жарым, эки пайызга көбөйтөлү деп атыпсыңар, бул калп го" деп күмөн саноосуна Алмазбек мырза "2007-жылы Бакиев президент кезинде болгону сегиз ай премьер-министр болуп иштеп, ушул аз убакыттын ичинде уурулукту кыскартуунун гана эсебинен бюджетти 1,5 эсеге көбөйткөм. Буга бир мисал айтсам, ошол кездеги менден мурунку премьер-министрлердин бири Талды-Булак кенинин лицензиясын 300 сомго берип коюптур. Мен баргандан кийин инвесторго дагы 20 миллион доллар төлөткөм. Ушундай уурулукту колго чапканда бюджет көбөйөт. Албетте, мага Бакиевдин бир туугандары, балдары кире алчу эмес, бирок уурулук жүрүп аткан. Азыр Акаев да, Бакиев да жок, уурулукту тизгиндесек, ушунун эсебинен эле кийинки жылга бюджетти 1,5-2 эсеге көбөйтүп беребиз" деп жооп берди. Андан сырткары, бул программаны жалаң гана партиянын лидерлери иштетпестен атайын адистер чакырылганын да сөз кылды. "Кыргызстанды кантип көтөрүүнү, кризистен алып чыгып кетүүнүн жолун билебиз. Азыркы өкмөттүн антикризистик программасынан биздикинин бир айырмасы бар. Ал жакта "тышкы донорлорду карап эле жүрүү керек" дегендей жазылып калганы айтылууда. Ал эми биздин пикирде албетте, быйыл кыйын болот, бирок тышкы донорлор жардам берген күндө да аларды карап олтура бербестен, өзүбүздүн күчүбүзгө, Кыргызстандын потенциалына ишенүүбүз керек" деген Атамбаев Кыргызстан үчүнчү революцияны көтөрө албасын айтты. Быйыл КСДПнын түзүлгөнүнө 17 жыл толгонун билдирип, бул партия ушул убакка чейин оппозициянын кыймыл-аракетин уюштуруп келгенин баса белгиледи. Алмаз мырзанын пикиринде, бийликтин күчү элдин ишениминде. Эгер эл жаңы бийликке ишеним артпаса, анда бийлик кетүүгө аргасыз болот.
Аталган партия дайыма демократиялык Кыргызстандын жаралуусуна жан үрөп, таза шайлоо өтүүсү үчүн алпурушуп келгени жалпыга маалым. Албетте, эл өз келечегин өзү тандайт дечи, бирок, "тандаган тазга жолугат" болбой, ар бир атуул Кыргызстандын келечеги үчүн иштеген лидерлерди тандап алса экен деген тилек күч.
Айтмакчы, Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын шайлоо алдындагы программасынын 36 беттен турган толук варианты партиянын интернет-сайтына чыгарылмакчы. Андыктан партиянын программасы менен таанышууну каалагандар КСДПнын сайтына кирип, кенен маалымат ала алат. Бул программага дагы жаңы идеялар, жаңы ойлор кошулуп турмакчы.
Жыйындын өзөгү аяктаган соң партиянын төрагасы Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берди. Анда билим берүү жаатына кенен кайрылып, айрыкча мектеп окуучулары үчүн жетишсиз болуп келген китептерди чыгарууга, дегеле кыргыз адабиятына көңүл буруу керектигин айтып, "бир гана китеп чыгаруу эмес, билим берүү тармагына текши көңүл буруу абзел экенин айтты. Ага кошумчалай "Мисалы, Түштүк Корея билим берүү жаатын түп тамырынан башкача кылып, мектептен баштап иш орундарына чейин алып барыптыр. Бул системаны жасаган адам азыр Гарвард университетинде иштейт. Аны менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тажрыйба алмашып, иш пландары менен таанышуунун аракетин кылып атабыз. Албетте бул жерде реформа керек, бирок акыры келип каражатка такалат. Ошол эле китеп чыгарганга каражат таап беребиз. Учурда балдарга китепти алганыңар үчүн төлөйсүңөр деген сөздөр чыгып атыптыр. Андай болбошу керек. Мына түштүктө өзбек мектептеринде китеп жетишсиз деп китептерди Өзбекстандан алып келишчү. Өзбекстандан чыккан китептерди окуган балдар кантип өздөрүн Кыргызстандын жараны катары сезет. Ошондуктан китеп тарабына өзгөчө көңүл буруп, бул руханий маселени чечүү зарыл. Жалаң эле мектеп үчүн китептерди эмес, кыргыз адабиятын өнүктүрүү керек" деген оюн ачыкка чыгарды. Ал эми өлкөдөгү кылмыштуулук маселесине кайрылганда, Медет Садыркуловдун өлүмү сыяктуу айрым кылмыштардын бети ачылганын жана ачыла элек кылмыштардын жыйынтыгы чыгуусуна убакыт талап кылынарын белгиледи. Алмаз Атамбаев "ачыгын айтсак коррупция экономикага гана эмес күч органдарына да терс таасирин тийгизүүдө. Алсак, ИИМ, каржы полициясы, сот, прокуратурага ким ишенет? Мисалы чөнтөгүндө куралы бар милиционер адамдардын укугун коргогону үчүн үч миң сом айлык акы алып, үйбүлөсүн бага албайт да. Чек ара кызматкерлери деле эки миң сомго жансактай албайт. Болбогон маяна берип, "эми иште" деп мамиле жасоого болбойт. Адамдар жетиштүү айлык акы алууга тийиш. Ошондуктан алдыдагы шайлоодо шайлоочулар алданбоосу зарыл. Мисалы Рыспек Акматбаевдин өлүмүнө ким тиешелүү? Ооба, бул криминалдык топ болгону анык. Кылмыштын бети ачылуусу керек. Эгер биз милиция кызматкерлерине жетиштүү айлык төлөп, ар бирине машине берсек, атуулдарыбыз коопсуздугу камсыз болот. А 2000 сом айлык алган укук коргоо органдарынан кандай нерсе күтүүгө болот? Кыскасы бардык жерде реформа болуусу керек. Мына Бакиевдин үйлөрү камакка алынганы менен Жаныш Бакиев качып кетти. Бул да болсо күч структураларынын сатылганынан келип чыккан нерсе. Мамлекет күч органдарына кепилдик болуп, айлык акысын жогорулатып, иштегенге мыкты шарт түзүп бергенде гана күч структуралары мурдагыдай аброй алып, элдин коопсуздугу да камсыз болот. Кылмыш иштеринин бети ачылып, кылмышкерлер тиешелүү жазасын алат" деди.
Партиянын төрагасы Алмазбек Атамбаев журналисттердин "он жылдан кийин Кыргызстанды кандай элестетесиз?" деген суроосуна "он жылдан кийин Кыргызстан мамлекети Орто Азиядагы эң бай өлкөлөрдүн катарына кирүүгө милдеттүүбүз. Андай нерсеге жетүүгө бизде кен-байлыктар, тажрыйба жетиштүү. Алтын кендерибиз, электр энергиябыз, суубуз толуп атат. Мына өткөн бийлик "суу жок, электр энергиясы жетишсиз" деп келген. Уурулардын колун кескенде сууну кайда батырарыбызды билбей атабыз. Эгер бийликке уурулар, жеп-ичкендер эмес, эл үчүн таза иштеген адамдар келсе ушул нерселерге эле мамлекетти гүлдөтүп салууга болот. Менин бир гана тилегим өзүм жашап аткан өлкөмдү өнүктүрүү" деген жообун берди. Ал эми "шайлоодон кийин жеңилген партиялар ар кандай нааразычылык акцияларын уюштуруп, пикет, митинг өткөрүп, элдин тынчтыгын бузуу коркунучу күтүлбөйбү?" деген суроого, "андай көрүнүштөргө жол бербөө үчүн шайлоого ат салышып аткан ири партиялардын лидерлери менен жолугушуп, кандай натыйжа болбосун кабыл алалы, элдин тынчтыгын бузууга жол бербейли деп сүйлөшүп атабыз" деп, элдин тынчтыгын бузуп, өлкөдө кырдаалды курчута турган жагдайларга жол берилбестигин, алдыдагы шайлоо таза өтөөрүн баса белгиледи. "КСДП шайлоону жасап, бийликке келүүгө умтулуп атат" сыяктуу айың-кептерди четке кагып, "бийликти алгыбыз келсе, Бакиевге окшоп басып алмакпыз. Биз андайды каалабайбыз. Эл таза шайлоонун аркасы менен өз каалаган адамдарын шайлап алуусу зарыл. ошондуктан биз таза шайлоо өткөрүп атабыз" деген оюн бөлүштү. Эгерде болбой эле эл тынчтыгын бузуп, ар кандай саясый оюндарды уюштургусу келген топтор чыкпасы үчүн элдик кошуундарды калыбына келтирип, жер-жерлерге тартипти сактоого аракеттенип аткандарын жашырган жок. Эскерте кетсек, Кыргызстан боюнча бир топ элдик кошуундар түзүлгөн. Ош окуясы көргөзгөндөй, Кыргызстанды жок кылгысы келген күчтөр көп, ошондуктан, сабырдуу болуп, оюндарга жол берилбесине өбөлгө түзүү ар бир атуулдун милдети.
"Балык башынан сасыйт" демекчи, өлкөнүн биринчи адамдары болгон президент, премьер-министр мамлекеттин байлыгын уурдабаса, башкалар да элдин мүлкүнө кол салбайт. Андыктан азыр эл бир партияны гана эмес, өзүнүн келечегин тандоо алдында турат. Эгер мамлекет башына кечээги Жаныштын, Максимдин кабинетинде отургандар келсе, өлкө келечеги коркунучтуу абалга тушугаары анык" деген оюн билдирүү менен бирге, өткөн жумада Нарын, Ысык-Көл аймактарын кыдырып кайтканын, шайлоонун үгүт иштери менен жүргөндөр элге акча таратканынан да, арак таратып аткандарын айтып кейип, "бүгүн элдин добушун сатып алгандар, эртең мамлекетти сатат" деген пикирин жашырган жок. Азыр өлкөнүн тагдыры чечилип аткан кезеңде акчага да, аракка да сатылбаңыздар.

Бурул МУСАБЕКОВА
Материал КСДПнын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
Заказ берүүчү - КСДП. Каржылык маселелер боюнча ишенимдүү өкүл - Сатыгул кызы Надира. Регистрациялык күбөлүк №090 15.08.2010-ж.





кыргыз тилиндеги гезит "Учур"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0923_2.htm on line 31

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0923_2.htm on line 31

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0923_2.htm on line 31


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0923_2.htm on line 31

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0923_2.htm on line 31

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0923_2.htm on line 31


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0923_2.htm on line 31

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0923_2.htm on line 31

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0923_2.htm on line 31