Миң бир түн

Казак кыздын
махабат дастаны
(Уландысы. Башы өткөн санда)

Чынын айтсам, Карлыгаш менен болгон маекти газетанын өткөн санына жарыялангандан тартып, менде тынчтык жок. Газетанын редактору Асланбек Сартбаевге улам телефон чалып, "эмне жаңылыктар бар?" деп сурап коем. "Азырынча баары тынч" деп Асланбек да кооптонгонсуп жооп берет. Мелис байке бул интервьюну окуду бекен? Окуса эмне ойдо болду экен? Ушул суроолор мени санаага салды. Мүнөзү курч, сырдуу, бир кубаттуу күчкө ээ болгон адам жөнүндө жазыш чын эле коркунучтуу экен. Бирок биздин оюбуз ак, дилибиз таза. Биздин журналисттик кесипти Мелис байке түшүнсө керек. Өзү да чыгармачыл адам эмеспи.

- Карлыгаш, эртеси эле Францияга учуп кеткениңе эмне себеп болду? Мындай тез чечимди кабыл алганыңа Мелис байке себепкерби?
- Билбейм, азыр ойлосом, эмне себеп болгонун деле түшүнө албайм. Лорандын алгачкы сүрөт көргөзмөсү Парижде өтмөк, мага ошол сүрөт көргөзмө шылтоо болду го...
- Кечиресиз, Лоран дегениңиз ким?
- Сөз башында айтпадымбы, мен оорукчан болгондуктан, дайым жалгыздыкта болгом, менин жалгыз курбум Лоран болчу. Ал француз кызы, таланттуу сүрөтчү. Лоран менин тирүү калганыма кубанычта болуп, Париждеги сүрөт көргөзмөсүн өткөзүп, Алматыга учуп келмек. Курбум мен үчүн санаа - кайгы тарткан жакындарымдын бири. Башында айткандай, Мелис ага коштошпостон Кыргызстанга кетип калгандан кийин, менин жалгыздыгымды бөлүшө турган бир гана Лоран эле.
- Карлыгаш, Мелис байке менен андан кийин байланыштыңбы?
- Сиздин бул сурооңузга кандай деп жооп берерди билбейм... - Карлыгаш жер карап, бир аз ойлонуп калды. Эгерде мен сүрөтчү болсом, Карлыгаштын ушул көрүнүшүн сөзсүз портрет кылып тартмакмын. Карлыгаштын бул көрүнүшүндө бети тамылжып, назик бир уяңдык пайда болуп, көздөрү күйүп-жанды. Ичимден периште го (!) деп суктанып коем. Ал андан ары сөзүн улады: - Мелис ага мени менен Парижде бирге болду, Париждин көчөлөрүндө чогуу сейилдеп бастык, эзилишип сүйлөштүк, сырдаштык, каткырып күлдүк, кубалашып ойнодук. Бир жаздыкка башыбызды коюп, бактылуу узун түндөрдө бирге болуп, таң атырдык.
- Карлыгаш, сенин жообуңду мен толук түшүнгөн жокмун. Мелис байке сенин артыңдан Парижге бардыбы? (Карлыгаш назик үнү менен жылмайып, бактылуу күлүп алды да....)
- Жок, Парижге аны мен жүрөгүм менен ала кеттим, ал дайым менин кыялымда, оюмда, мени менен бирге жашады. Күндө уктасам түшүмдө, менин сүйгөн жарым болуп, ак төшөктө эзилишкен бактылуу түндөрдү өткөзүп жаттык. Таңда ойгонсом, денемди тер басып, бүткүл боюм жанчылып ооруп, акыркы күндөрү көкүрөктөрүмдөн сүт агып калат... Мен көп жылдан бери дарыланып жүргөн француз дарыгериме кайрылып, болгон чындыкты айттым. Ал дарыгеримдин айтуусунда, мен оорукчан болгондуктан, убагында аял катары өсүп жетилбей, артта калыпмын, жана менин балалуу болушум мүмкүн эмес эле. Француз дарыгерим менин укмуштай тездик менен калыптанып, аялзаты болуп баратканыма таң калды. Мен өзүм да таң калам, мени калыптандырган Мелис аганын касиетиби, же махабаттын күчүбү билбейм. Азыркы убакытта мен деле башка аялзатындай эле сүйүктүү жар, бактылуу эне болгум келет.
- Карлыгаш, сени менен маектешип жатып, эмне суроо береримди да билбейм, угуп гана отура бергим келет. Мынчалык ачык сырын айткан чанда болот. Кулагым сенде...
- Мен абдан Кудайга ишенем, мен жашырган сырды Жараткан деле көрүп турат. Мынчалык ачык сырымды айтканымдын себеби, мага башка тагдыр, башка жашоо буюрбаса керек. Мен өз махабатым үчүн ачык эле күрөшүүнү чечтим. Анткени, менин махабатым таза жана тунук...
Карлыгаштын мындай сөздөрүн угуп, мен өзүмдү бир аз жоготуп койдум. Карлыгаш кабылган туңгуюкка мен да кабылгансыдым... Карлыгашты алаксытып кетүү максатында суроо узаттым.
- Карлыгаш, француз кызы Лоран жөнүндө айтсаң. Анын сүрөт көргөзмөсү кандай өттү?
- Мен Парижге кайтып барганда, Лоран курбум чоң кубанычта болду. Аэропорттон тосуп алып, "мен ишенгем, мен ишенгем сенин сакайып кетериңе!" деп мени кучактап, кубанычтуу каткырып күлүп, алаканын чапкылап так секирди. Лорандын "кантип айыгып кеттиң?" деген суроосуна мен эч жооп айталган жокмун, мындай суроонун жообу мага да али белгисиз. Психологиясы башка француз кызына, биздин касиеттүү адамдар жөнүндө түшүндүрүп айтып бериш өтө кыйын. Жакын курбум болгондуктан, мен алгачкы сырымды, махабатым жөнүндө Лоран менен бөлүшкүм келди, муну да айта албадым. Менин ашыгымдын, же ким экенин толук билбейм, мурунку тарыхын, тегин, фамилиясын, үйбүлөсүн. Мындай көрүнүш француз психологиясында жеңил ойлуулук катары бааланат. Ушул белгисиздик мени кайра жалгыздыктын кучагында калтырды. Мен чыгыштын кызымын, менин жүрөгүмдө чыгыштын махабаты байырлаган, муну Лоран түшүнмөк эмес. Убактымды Лорандын сүрөт көргөзмөсүндө өткөзүп жүрдүм, сүрөт көргөзмөсү ийгиликтүү болду.
- Карлыгаш, Мелис байкеге издөө салдыңбы?
- Албетте, мен Парижге баргандан бир жума өткөндөн кийин, атама "Мелис аганы таап бериңиз" деп кайрылууну чечтим. Ушундай ой менен атама телефон чалсам, баягы Мелис ага менен чырдашкан досу автокырсыктан жаңы гана кайтыш болгонун уктум. Ушул жаңылыктан кийин атам менен ашыгым туралуу сөз кылгандан ыңгайсыздандым. Ал адамдын автокырсыктан кайтыш болгону, мүмкүн, Мелис агага байланыштуудур, билбейм. Менин дарыгеримдин Алматыда, биздин үйдө, кантип пайда болгонун мен ал кезде билчү эмесмин. Убакыт өтүп жатты, а менин ички дүйнөмдө, жүрөгүмдө ашыгыма болгон кусалык, сагыныч эзилип баратты. Акыры Париждеги Казак элчилигине барып, элчиликте кызмат кылган атамдын жакын тааныштарына кайрылып, кыргызстандык бир белгилүү адамга байланышка чыктым. Ошол адам аркылуу Мелис аганын телефон дарегин алдым.
- Карлыгаш, бул сенин купуя сырың болгондуктан, ал адамдарга кантип кайрылдың? (Менин суроомо Карлыгаш сырдуу жылмайып...)
- Мен бай адамдын кызымын. Мен үчүн бул аракетим кымбатка деле турган жок.
- Карлыгаш, Кыргызстандык белгилүү адамдын аты-жөнүн билсек болобу? (Карлыгаш бир аз ойлоно калды да, кол телефонун алып...)
- Мен ал адамдан алгач уруксат сурайын, ал адам мага жардам кылган, мен аны сыйлайм.
Ушул арада телефон аркылуу биздин бир атуул менен байланышты. Бирок, эмне себептен анын атын журналист кызга айтууга уруксат сураганын түшүндүрүп айтып бере албады, кыргызстандык белгилүү адам жөнүндө сөздү кийинкиге калтырдык. Мени шаштырган ой, Карлыгаштын ашыгы менен кантип байланышкандыгы жөнүндө болуп жатты.
- Карлыгаш, Мелис байке менен телефон аркылуу кантип байланыштың? Ошону айтып берсең...
- Чынын айтсам, алгачкы телефон байланышы кандай болгонун билбейм. Мелис аганын үнүн угуп, "кандайсыз, кандайсыз, кандайсыз?" деп эле сүйлөй бердим. Анан телефон байланышы үзүлүп калды. Ошол кезде мен кандай акыбалда болгонумду элестетип көрсөңүз. Экинчи жолку телефон байланышым эсимде калды. Биз телефон аркылуу байланышканда эле Мелис ага сөздү "Кандайсың, карындашым?" деп, ага катары сүйлөп туруп алды. Мен Парижде экенимди айтып, Лоран деген курбумдун сүрөт көргөзмөсү жөнүндө айттым. Лорандын фото сүрөтүн Мелис ага Алматыдагы менин фотоальбомумдан көргөнүн айтып, сөзүбүздүн аягында Лорандын менден жашырган портрети бар экенин, жана ал портретти сүрөт көргөзмөсүнө коюп, менин келеримди билип, алып салганын кабарлады. Эртеси мен Лорандын сүрөт көргөзмөсүнө барып, Лоранга "эмне үчүн бир портретиңди менин келатканымды угуп, көргөзмөдөн алып салдың?" дедим. Лоран мени таң калычтуу карап, башка бөлмөгө барып, ал портретти көтөрүп келди. Лоран тарткан сүрөт кызык экен, эки канаттуу периште менин өлүп жаткан денемден жанымды алып, бейишке учуп баратканы чагылдырылыптыр. Таң калдым. Ал күнү Лорандын сүрөт көргөзмөсүнөн чыгып, Париждин көчөсүндө жөө сейилдеп, көңүлсүз, ойлуу бараттым. Оюмда бир гана суроо турду. "Менин махабатыма айланган эмне болгон адам?" ушул ойдун айланасында уйгу-туйгуга батканымчы? Жагымдуу, жылуу жооп табамбы (?) дегендей кыялга чөмүлүп. Аңгыча телефонум шыңгырады. Сүйүнүп кеттим...

(Уландысы бар)

Маектешкен
Жаркынай Таабалдиева