Карышкыр сай!

Эл элегиндеги партиялар
Шайлоонун шарапаты менен Кыргызстандын булуң-бурчтары кыймылга келип, калктын калың катмары саясатташа баштады. Партиялардын үгүт кербендери элетти аралап, Кудай бетин салбасын, "Алатоодой эт, ала көлдөй чык" демекчи, арак суудай агып, алды жакалашуу менен мушташканга чейин жетип, айтор, кокту-колоттун ичи шаңга бөлөнө баштаган кез. Аламанга аттанган саясый партиялардын аяна турган түрлөрү байкалбайт. Марага озуп келиш үчүн бардык аракеттер көрүлүп, оппоненттер эле эмес, өнөктөштөрдүн ортосунда да жарака кеткени байкалууда. Максатка жетиш үчүн бардык айла-амалдар колдонулуп, баалуулуктар алмаштырылып, идеологиялык каршылаштарга карай достошуу, тилектеш-санаалаштар менен коштошуу катардагы иш болуп бара жаткандай...

Ошентип, үгүт ишин алгачкылардан баштаган "Ата Мекен" партиясы Түштүккө карай бет алып, Токтогул, Кочкор-Ата, Жалал-Абад, Баткен, Ошту кыдырып, андан бери Таласка ашып түшүп, эл менен жолугушууларын өткөзүүгө үлгүрдү. Бардык жолугушууларда 5 миңден 20 миңге чейин эл чогулуп, калктын калың катмарынын колдоосунда өтүп, эгемендик менен жашташ партиянын аброю эл ичинде жогору экендиги байкалды. Буга чейинки айтылып келген кептерди эске алсак, маселен, "атажуртчулар" Түштүктү түгөл алып койду, атамекенчилерди жолотпойт, кууп чыгат" деген сөздөр чындыкка коошпой калды. Түштүктүн карапайым калкы Өмүрбек Текебаевди кош колдоп тосуп алды. Эл менен жолугушууда "Ата Мекен" партиясынын лидери улут аралык араздашууга, айрым курч маселелерге ачык, түз жоопторду берип, буга чейин болуп келген ар кандай ушактарды, түшүнбөстүктөрдү төгүндөдү. Партиянын программасы, адилет заман орнотуу боюнча алдыга койгон максаттар, алардын аткарылышынын жолдору тууралуу кеңири түшүндүрмө берип, көпчүлүктүн көңүлүн буруп кетти. Айрыкча, 4-5 саат бою нөшөрлөгөн жамгыр астында тарабаган 5 миңдей жалалабаддык туугандар тикесинен тик туруп, лидер менен баарлашуусу өзгөчө таасир калтырды. Мына ушул көрүнүштөн алганда, элибиз кайдыгерликтен арылып, өз тагдырын чечүүгө бел байлаганын айтсак болот. Ал эми Ош жергесиндеги 20 миңге чукул шайлоочулардын стадионго батпай котолошу нени каңкуулайт? Мунун өзү "атамекенчилердин" Түштүктөгү абалга кескин бурулуш жасаганын билдиреби?..
Ошого катар жолугушууларды кичи мекени болгон Сары-Өзөн Чүйдөн баштаган Темир Сариев дагы Сокулук, Кайыңды, Кара-Балтага чейин 5 миңден 10 миңге чейин адамдарды жыйнап, "Акшумкар" партиясы үчүн болуп көрбөгөндөй "жарылуу" жаратып койду. Дал ушул ийгиликке шерденген Темике Чүйдөн Таласка каалгый барып, Манастын жергесинен да жетиштүү колдоочуларын таба алды. Эгерде "Акшумкар" партиясы бардык региондордо ушул ыргакта сабалай учса, анда көңүлгө толорлук упай алары шексиз. Андан ары Теңир-Тоо тарапка сапары уланат, ал жактагы ишенимдүү өкүлү, ишкер Урмат Кадыркуловдун (бала кезден спорт интернатта чогуу чоңойгон досу) опурулганына караганда, Нарындан алган добуштары 40%дан кем болбойбу? Айтор, "Акшумкар" "Долондон канатымды кайрып алдым" деп калбаса экен дейсиң. Баса, Урмат мырза 2007-жылы өткөн парламенттик шайлоодо да Кочкор району боюнча жоопкер болуп, 70%га жакын добуш топтогону белгилүү (бирок, ал кезде "акшумкарчылар" "Ата Мекендин" аркасы менен канат кага күүлөнгөнү чындык да).
Мындан сырткары, Манас атанын арбагына таазим этүү менен үгүт ишин кичи мекенинен баштаган Өмүрбек Бабановдун таскагы катуу чыкты. Айланайын, Кудай бетин салбасын, Кең-Колдун ичи чуулдап эле жатып калды. "Республика" партиясынын той-топуруна миңдеген адамдар тамшана келип жатышты. Жаш олигарх акчаны самандай сапырып, убадаларды оңду-солду урдуруп, жердештеринин көңүлүн "карк" кылгандай. Түшүнбөгөндөр аң-таң болуп, "мынча акчаны кайдан алган, кантип байыган (?), кечээ кимдин астында жөргөлөп жүрдү эле?" дегендер андан көп, а баш ооруткусу келбей курсагы тойгонуна курсант болгондор мындан көп. Айтор, элибиз эсине келбей, "кой-ай" деген кожо жок болуп, элире эс-мас болгондор арбып, акыр түбү кайрадан эле кайдыгерлик өкүм сүрөбү? Себеби, ал көрүнүштө ичкилик суудай агып, күнү-түнү майрам болуп, тайраңдамайга башка партиялар дагы кошул-ташыл аралашып, Таластын чоң жолунан кичи айылдарга бурулган бурулуштун баарына (остановкасы жок, эл жол тосчу жерлерге) дасторкон жайылып, ары-бери өткөндөрдү тосуп алып, сыйлоо, кыйнап алдыруу өнөкөткө айланганы эмнеси? "Мындайды Кудай бербеспи" деп, чен-өлчөмүн көзөмөлдөй албай калгандары удургушуп, "сен "Республика", "мен СДПК", "бул "Ата Мекен" деген кыйкырыктар угулуп, кызыл-чеке мушташканы маалым болду. Бирок, Кудай сактап, өлүм-житим жок. Деги кыкеңдерди Жараткан өзү колдоп, кан төгүлүүдөн сактаса экен. "Кырсыктын баары ушундай майда-чүйдө ит-тартыш менен чыгып кетсин" дегенден башка арга жок.
Ошентип, жогоруда аты аталган партиялар калың элди дүрбөтүп, үгүттү катуу дуулдата баштады. Аларга салыштырмалуу "Акыйкат", "Содружество", СДПК, "Замандаш", "Ар-намыс", "Ата-Журт", "Бүтүн Кыргызстан", "Айкөл эл" партияларынын үгүт иштери жай маанайда өтүүдө. Маселен, "Акыйкат" партиясы Нарын менен Ысык-Көл тараптан элдин жылуу колдоосуна ээ болсо, ал эми СДПК менен "атажуртчулар" көл кылаасын айланышты. Булардан өзгөчөлөнгөн "Замандаштын" лидери Москвага учуп, ал жактагы мигранттарга жолугуп, Кыргызстандагы тууган-туушкандарын өз партиясына бурууга жетишкендей. Ал эми "Ар-намыс" партиясы Талас-Чүй облустарын кыдырып, бардык райондордо жолугушууларды өткөрүүдө. Ошондой эле "Айкөл эл" да жөн жатпастан, пиар жүрүштөр менен шугулданууда. Мындан сырткары, "Бүтүн Кыргызстан", "Содружество" партияларында ич-ара олку-солкулук бар экени эшитилүүдө. Байкашыбызча, ушундай эле маанай башка майда-чүйдө бир топ партияларда да байкалып, аламан марасына жетпей эле мүргүп жыгылчудай... Чындыгында мындайлар "курулай каражат короткондо эмне?" деп, шайлоонун жүрүшүнөн чыга берип, өз структураларын башкаларга сунуштап, соодалашууга өтүшү толук мүмкүн.
Баса, жогоруда кеп кылгандай, Өмүрбек Текебаевдин Түштүккө болгон ийгиликтүү сапарынан кийин, "атажуртчулар" менен "бүтүнкыргызстанчылардын" ооздорунан келмелери түшүп, шайы оогондой. Жалаң регионализм, бөлүп-жаруу, оппоненттерге ар кандай жарлык тагуу, жамандоо таризинде гана шугулдануу вазийпасы ийгилик алып келбесин булар түшүнүштү бекен? Анын үстүнө "Ата-Журтка" бириккендердин көпчүлүгү жеке кызыкчылыктары үчүн гана жүгүрүп, кыйын кезеңде эл үчүн үн чыгарганга жарабаганы жумурай журтка белгилүү эмеспи. Авторитардык, тоталитардык режимдер убагында "жат" десе жатып, "тур" десе туруп жүрүшкөнүн кантип танышат? Кызыгы, булардын капчыктары кандай жол менен кампайганы айтпасак деле түшүнүктүү го. Азыр болсо керт баштарындагы жоопкерчиликтен кутулуу, байлыктарын сактап калуу, о.э. кайрадан казынага жакындоо аракеттери үчүн жандалбасташууда. Бирок, мунун баарын эл көрүп тургандыктан, коомчулуктун ишенимине ээ болуу - булар үчүн кыйынга турчудай. Кантсе да карапайым калк кечээги "акжолчулардан" түңүлгөнү факт да, эй! Ошого карабай бакиевчилердин бийлик креслосуна тырмышып жатышы - аргасыз оокат, утопия сыяктуудай көрүнүүдө...
Дагы бир кызык жагдай. Ой, тоба-аа! Шайлоо апогейине чыккан маалда фавориттеринин бири СДПК беймаралдыкка батып, пассивдүү жүрүшү кандай? Мындай көрүнүш далайлар үчүн түшүнүксүз болуп турганын да айтпай коюга болбойт. Же булардын "жең-ичинде катылган туз көзүрү барбы"? Же, баягы "Букарда пулу бардын көңүлү ток" демекчи, Орусиядан колдоо тапканына, ошого катар очойгон чоң чиновник партиялаштары барына манчыркаган СДПК кам санабай, "маданияттуулукту" көрсөтүп атабы? Кыскасы, суроолор көп. Айтор, Алмаз Атамбаев чакан-чакан жолугушууларды гана өткөрүп, бейгам жүргөндөй. Ал эми былтыркы президенттик шайлоодо Алмаз мырзаны колдогон көпчүлүктүн суюлганын эмнеден түшүнөбүз? Көрсө, ал колдоо СДПК менен "Ата Мекендин" биримдигине арналган тура.
Натыйжада, СДПК менен "Ата Мекен" партиясынын ортосу сууп, маселе татаалдаша баштагандай. Мындай карама-каршылык туурасындагы сөздөр башталып-башталбай жатканда, "Ата Мекендин" дагы бир мүчөсү Кубатбек Байболовдун кызматынан которулушу ортого ого бетер ажырым жаратып, дээрлик партиялаштардын кыжырларын кайнатып, ачык нааразычылыктар айтыла баштады. А кечээ эле эл алдында калыс, таза шайлоо талабын коюп жаткан Роза Отунбаеванын кадрдык жүрүшүн орустар айтмакчы, "только ленивые не обсуждают". Кеп чынында, шайлоо бурмалоолоруна бөгөт кое турган адамдын алмаштырылышы логикага сыйбай калгандай. Серепчилер болсо, "бул "Ата Мекенге каршы аракет, ИИМдин жаңы министри СДПКнын адамы" деп божурашууда.
Ошентип, "союздаштардын" ыркы кете баштаганы дагы кандай сюрприздерди тартуулайт (?) деген суроо жоопсуз турат. Шайлоодон жетиштүү жыйынтык чыкпасына эртелеп көзү жеткен тараптар ызы-чуу салып, Роза эжекебиздин колун толгосо, а киши өзү айткандай, шайлоону токтотууга барса не болот? Эгерде маселе дал ушундай кыязда өнүгө турган болсо, анда эле Болот Шер менен Турат Мадылбеков "атамекенчилерди" түп көтөрүп, "бийликти колго албайт" деп ким кепилдик бере алат?..

Сабыр
МУКАНБЕТОВ