Бу да өнөр

Кабинет жасагандын устасы
Айна Бакасова 1958-жылы 18-ноябрда Нарын облусуна караштуу Нарын шаарында туулган. Улуту кыргыз, техникалык илимдердин кандидаты, доцент.
1981-жылы Фрунзедеги политехникалык институтунун энергетикалык факультетин аяктаган. Бул окуу жайды бүткөн соң, билим берүү министрлигинин жолдомосу менен жаш адис катары Кара-Көл шаарындагы Токтогул ГЭСинин алдындагы политехникалык институтта электротехниканын негиздери боюнча сабак берип эмгек жолун баштаган.
1995-жылдан азыркы тапка чейин И.Разаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин Кара-Көл филиалында "Электроэнергетика" кафедрасын жетектеп келет.
Бул кафедраны түзүүнүн башында туруу менен ал окуу-методикалык материалдар менен камсыз кылууда, лабораторияларды, кабинеттерди жасалгалоодо, окуу пландарын иштеп чыгууда, кафедрага профессионал адистерди чогултууда бир катар алгылыктуу иштерди жасап келди.
1998-жылдан 2002-жылга чейин аспирантураны сырттан окуган. 2004-жылы кандидаттык диссертациясын жактаган.
КМШнын жана Кыргызстандын периодикалык басмаларына жарыяланган 50дөн ашык макалалардын автору. Бул макалаларда Бакасова электротехниканын бир топ көйгөлүү маселелерин көтөрүп чыккан.
Филиалдын жана шаардын студенттеринин, жаштарынын арасында коомдук-тарбиялоо иштерин жүргүзүп келет. Жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодо чын дили менен берилип иштегени бааланып, бир нече жолу филиалдын, ЖАМУнун, Токтогул ГЭСинин каскадынын, Жалал-Абад облустук администрациясынын, облустук кеңештин ардак грамоталары менен сыйланган.
2005-жылы "Билим берүүнүн отличниги" төш белгисин алган. 2007-жылдан 2008-жылга чейин Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты болуп, укук жана социалдык маселелер боюнча комиссияны жетектеп жүрдү. Эмгек стажы 29 жыл. Үйбүлөлүү, үч баланын энеси.




  Эр бекен?

Менин изим-менин күзгүм...
Момбеков Рыскелди Чыныбекович 1968-жылдын 13-октябрында Талас облусуна караштуу Шекер айылында төрөлгөн. 1976-жылдан 1986-жылга чейин Шекер орто мектебинде окуп, орто билимди ошол мекетептен алып чыккан. 1986-жылы Орусиянын Бологое шаарындагы айыл-чарба колледжинин зооветеринария факультетинде окуусун уланткан. 1986-жылдан 1989-жылга чейин СССР Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер-Деңиз-Флотунда милдеттүү аскердик кызматын аркалаган. 1990-1992 жылдар аралыгында Жамбыл жана Талас областтык ички иштер башкармалыгында иштеген. 1992-жылдан 2000-жылга чейин жеке ишкерлик менен жүргөн. Кыргыз Улуттук Университетинин юридикалык факультетин сырттан окуп бүтүргөндөн кийин, Адам Укугун Коргоо Кыргыз Комитетинде иштеген. Алгач Талас облусу боюнча координаторлук кызматта болсо, кийин комитеттин төрага орунбасарлыгына чейин көтөрүлгөн. 2000-жылдан бери журналисттик кесипте тынымсыз иштеп келген. Алгач "Республика", "Аалам" коомдук саясый гезиттеринде саясый баяндамачы болуп иштесе, акыркы жылдары оппозициялык маанайдагы "Алиби", "Ачык саясат", "Эл сөзү", "Форум" гезиттеринде башкы редактордун милдетин аткарып келген. 2008-жылдан бери Кыргызстан социал-демократтар партиясынын мүчөсү болуп келсе, 2010-жылдын 24-августундагы 10-сьездде саясый кеңеш мүчөлүгүнө шайланган. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 12-апрелдеги декрети менен Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри болуп дайындалган. Алдыдагы шайлоолорго катышуу ниетинде министрлик кызматын тапшырып берген. Бир уул, бир кыздын атасы. Келинчеги педогог кесибинде.






  Чиркиндики десе!

Чыныбайдын өмүр жолу
Фамилия: Турсунбеков
Аты: Чыныбай
Атасынын аты: Акун
Улуту: Кыргыз
Туулган жылы: 1960-жыл, 15-октябрь.
Туулган жери: Нарын облусу, Нарын району, Жан-Булак айылы.

Билими:
o 1983-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.
o 1985-1988-жж. Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясынын аспиранты болгон.
o 1988-жылы кандидаттык диссертациясын жактап, филология илимдеринин кандидаты деген илимий наам алган.
o 2004-жылы КР ТИМинин Дипломатиялык Академиясын артыкчылык диплому менен аяктаган.
Эмгек жолу:
o 1983-1985-жж. Редактор. "Кыргызстан" басмаканасынын саясый адабият боюнча редакциясынын башкы редактору.
o 1989-1992-жж. Окутуучу. Ага окутуучу. КМУУнун филология жана журналистика факультетинин деканынын орун басары.
o 1993-1994-жж. Кыргыз Республикасынын Түркиядагы өкүлү.
o 1995-1997-жж. Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин астындагы ТИКА уюмунун Кыргызстандагы адиси, "Манас 1000" Мамкомитетинин алдындагы "Манас дастаны" филиалынын директору, Түркиядагы "Азаттык" радиосунун кабарчысы.
o 1997-жылдан тарта:
- "Акун" ЖАКнын башкы директору;
- "Бишкек ун комбинаты" ААКнын башкы директору;
- "Кереге" АКнын директорлор кеңешинин өкүлү;
- КР ишкерлер уюмунун президенти;
- ДЕИК кыргыз-түрк ишкерлер кеңешинин теңтөрагасы

Мамлекеттик наамдары:
1999-жылы "Жылдын мыкты бизнесмени" деген наамга татыган.
2000-жылы КР Президентинин буйругу менен Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
2000-жылы Ч. Турсунбаевге Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан "Биринчи ачык көргөзмө сынагынын "Ишкер 2000" медалы ыйгарылган.
2003-жылы Кыргызстандын экономикасына кошкон өзгөчө салымы үчүн КР Президентинин буйругу менен "Даңк" медалы менен сыйланган.

Материал
"СДПКнын"
шайлоо партиясынын
фондусунан каржыланды.