А.Жекшенкулов той берет
17-сентябрь күнү "Акыйкат" партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов кичүү уулу Бекназарды үйлөп, Бишкектин ресторандарынын биринде той берет. Кызыгы, бул учурда Аликбек мырза Ысык-Көл облусунда үгүт иштери менен алектенип жүргөн чагы болот. Кечинде гана тойго жетип келет сыягы. Ал эми үлпөткө 400дөн ашык адам чакырылып, даярдыктар күч экенин айтышат жакындан билгендер. Бул күнү СДПК лидери Алмазбек Атамбаевдин үйүндө да той болот экен. Кандай той (?) деп кызыгып көрсөк, Алмаз мырза бул күнү 54кө чыгат экен.


Түштүк тополоңуна
өкүм угузулду
Базар-Коргон райондук соту тарабынан 13-июнь күнү милиция кызматкерин мыкаачылык менен өлтүргөн, баш-аламандык уюштурган деп айыпталып жаткан сегиз кишинин ичинен бешөө үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратылды. Алар укук коргоочу Азимжан Аскаров, Элмурат Расулов, Дилшатбек Розибаев, Исраилбек Абдураимов, Магамадзакир Кучкаров. Булардан тышкары айыпталуучулардын экөө: Шүкүржан Мырзалимов менен Минура Мамадалиева 20 жылга эркинен ажыратылды. Ал эми Санжарбек Муллахунов 9 жылга кесилди. Соттун дагы бир чечими менен Минура Мамадалиеванын үч баласы Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын карамагына өткөрүлдү. Айыпталуучу соттун бул чечимине макул эместигин билдирип, балдарын өзүнүн ата-энесинин кароосуна калтырууну өтүндү.


"Атамекенчилер" чабылып, СДПКчы көтөрүлгөндө
7-апрелден кийин өзгөчө Бишкек оор кырдаалга туш болуп, адам өлүп, шаар күйүп аткан учурда Турат Мадылбеков Бишкек шаарынын коменданты, ШИИБинин жетекчиси болуп кырдаалды катуу көзөмөлгө алып турган. Элим деп күйүп, күнү-түнү иштеп аткан учурда ордуна Зарыл Ырсалиевди алып келип, Турат мырзаны себепсиз кызматтан алып салганы коомчулукта түшүнүксүз жагдайды жараткан. Ошондой эле көрүнүш кайрадан кайталанып, Зарыл Ырсалиев Кубатбек Байболовдун ордуна министрликке көтөрүлдү. З.Ырсалиевдин эмгек тажрыйбасын карап көрүп, райондук деңгээлдеги опер, милициянын начальниги экенин түшүнүүгө болот. Анан мындай адамдын министр болууга билим деңгээли, көрөңгөсү жетишпей турганы да турулуу болсо керек. Анан неге эле бул кадр тепкичтен-тепкичке көтөрүлүп атат (?) деп таң калып иликтеп көрсөк, көрсө, СДПКнын мүчөсү экен. Профессионал "атамекенчилер" Мадылбеков, Байболовдун кызматтан чабылып, ордуна СДПКчынын көтөрүлүшү шайлоодо камчы салдырбай СДПК үчүн иштеп берет деген үмүттө жүргүзүлүп атабы?


Бозулан эркин адам экен...
Өткөн саныбызда олигарх Бозулан Мамазаиров менен Ассоль Молдокматова баш коштубу (?) деген мааниде маалымат тараган. Тилекке каршы, экөөнүн эч кандай тааныштыгы жок экен. Мындай болгон соң, эки атактуунун үйлөнүп, түтүн булатуусу да жалган тура... Ошого катар Бозуланды эски режимге байлап, Жаныштын жакыны катары да жазылган, бирок, Б.Мамазаиров Аскар Акаевдин доорунда эле бизнесин баштап, бүгүнкү ийгиликтерине эртелеп жеткени маалымдалды. Кыскасы, Бозулан акең эч бир бийликтин кулу болбой эле бизнес жүгүртүп, кыргыз элине кызмат кылууну көздөптүр. Бул жагынан бизге маалыматтуу адамдар кабарлады...


И.Өмүркулов Бакиевдин кыянатчылыгын улап
Былтыр президенттик шайлоонун учурунда талапкер Алмазбек Атамбаевдин үгүт иштерине тоскоолдук жасап, Бишкек шаардык мэриясы 2009-жылдын 30-июнь күнү №77 токтомуна таянып, бактарга, дубал, мамыларга үгүт баракчаларын илүүгө тыюу салган. Ал кезде Нариман Түлеев мэр болчу. Анан эми Бакиевдин бийлиги кулап, жаңы бийлик келгени менен бул ыкма дагы эле колдонулуп атканы элдин кыжырын кайнатууда. Айта кетсек, ушул эле ыкманы Иса Өмүркулов да колдонуп, бүгүнкү күндө өзгөчө "Айкөл эл" партиясына кысым жасап, шаар мамыларына илинген үгүт баракчалары боюнча эскертүү бергени аз келгенсип, айып да салган. Мэрдин Бакиевдин кыянатчыл эрежеси менен жаш партияларга бут тосуп атканы акылга сыйбаган көрүнүш. Бирок, "Айкөл элдин" лидери Эдил Байсалов буга моюн бербей, өзүнүн ишмердүүлүгүн улантууда.


Азике калп эле ууланганбы?
Өткөндө Азимбек Бекназаров ичкиликтен ууланып, ооруканада жатканда кадрдык жүрүштөргө күбө болдук. Акыбалы оор катары ооруканада жаткан Азикең өзү дайындаган Башпрокурору Байтемир Ибраевдин кызматтан алынганын угар менен ууланганын да унутуп, ооруканадан чыга келип, оңду-солду кеп айтып, бул кадрдык алмашууларга президенттик администрациянын жетекчиси Эмилбек Каптагаев күнөөлүү экенин айтты. Айтып эле жөн калбастан, кабинетине да жетип барып, бушайман болуп жарылып алыптыр. Таңкаласың, Эмил мырза алдыдагы шайлоонун мыйзамдуу өткөрүү, элдин ынтымагын сактоо деген бийик баалуулуктар менен алпурушуп жүрсө, бу Азикең болсо жарма таарыныч менен алек. Мына ушундай көрүнүштөн кийин кимдин ким экенин билет экенсиң да...


СДПКнын аброюн көтөргөн Б.Иманалиев
Ысык-Көл облусу боюнча Бакыт Иманалиев аттуу-баштуу адамдарды чогултуп, СДПК лидери Алмаз Атамбаевди колдоо жагынан үлкөн саамалыкты баштап койду. Маселен, мурда Алмазга тетири карап кеткен бир канча көлдүк аксакалдарды Бакыт мырза ийге келтирип, СДПКнын шайлоо үгүтүндө үлкөн салымын кошкону таңгалдырууда. Атап айтсак, Дүйшөн Маматканов, Казат Акматов, Жыпар Жекшеев, Сыртбай Мусаев, Турсунбек Чынгышев, Раимбек Бердибаев, Турдукожо Муканбетов, Садырбек Дубанаев, Анвар Оморканов ж. б. бир канча аксакалдар Алмаз Атамбаевдин саясый кызыкчылыгына бурулганы, кыргыз элинин келечеги үчүн бекем турары айкын болду. Дал ушундай аттуу-баштуу адамдар Ысык-Көлдөн тирек болуп, кыргыз элинин биримдиги, улуттун сакталышы үчүн салым кошконуна алкыш гана айтуу керек. Эң негизгиси, бул шайлоо да өтөт, бирок, кимдин-ким экенин аңдап, баа берүү жагынан адашпайлы деген гана тилек. Эгерде Бакыт Иманалиев көлдүк аксакалдарды сөзгө келтирип, дал ушул колдоо ишин баштабаса, анда кыйын эле болмок. Түшүнүктүү да...